Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:44

Исаевди четке сүргөн чечим


Канат Исаев
Канат Исаев

Парламенттеги “Кыргызстан” фракциясында бийлик алмашты. Референдум боюнча мыйзамга каршы добуш берген Канатбек Исаев фракция лидерлигинен кетип, анын ордуна Алмазбек Батырбеков шайланды. Исаев фракция башчылыгынан өз каалоосу менен кеткенин айтканы менен, мындай кадам парламенттеги коалиция куроого байланыштуу экенин саясий эксперттер белгилешүүдө.

Парламенттеги “Кыргызстан” фракциясы жума күнү расмий жыйынга чогулуп, Канатбек Исаевдин ордуна Алмазбек Батырбековду лидерликке шайлады. Исаев фракция башчылыгын өз каалоосу менен тапшырганын билдирип, кадамын мындайча түшүндүрдү:

- Мен өз ыктыярым менен фракция жетекчилигинен баш тарттым. Бул эки жагдайга байланыштуу. Биринчиси - жакында жергиликтүү кеңештерге шайлоо өтөт. Ага даярдык көрүшүбүз керек. 22 шаарда болгон шайлоодо жакшы жыйынтыкка ээ болушубуз керек. Экинчиден, партиянын иши фракция менен эле чектелбейт. Буга байланыштуу кеңешип отуруп, лидерликти Алмазбек Батырбековго өткөрүп бердим.

Канатбек Исаев апта башында жаңы коалицияны куроодо “Республика-Ата Журт” менен бир альянста болууга каршы чыкканы айтылган эле. Буга кошумча ал референдум боюнча мыйзам долбооруна каршы добуш берген.

Канатбек Исаев референдум боюнча көз карашы “Кыргызстан” фракциясынын коалициясына залакасын тийгизиши мүмкүн экенин четке каккан жок:

- “Референдум жөнүндө” мыйзамга “Кыргызстан” фракциясынын бир бөлүгү каршы добуш берди. Алардын ичинде мен да бармын. Буга чейин социал-демократтардын лидери Иса Өмүркулов референдумга каршы чыккан “Ата Мекен” менен “Өнүгүүнү” коалиция куроо боюнча сүйлөшүү болбойт деп айтты. Ошондуктан, референдумга каршы чыккандан кийин менин фракцияны жетектегеним коалицияга кирүүгө тоскоол болмок.

Канатбек Исаевдин ордуна фракция лидерлигине келген 46 жаштагы Алмазбек Батырбеков буга чейин парламенттеги Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетти жетектеген. Ал “Кыргызстан” партиясынын негиздөөчүсү жана демөөрчүсү болгон ири ишкер Шаршенбек Абдыкеримовдун ишенимдүү адамдарынын бири.

Саясий эксперт Марс Сариев бийликке моюн толгой баштаган Канатбек Исаевди лидерликтен кетирип, анын ордуна Батырбековду дайындоого Абдыкеримовдун салымы чоң болду деген ойдо:

- Муну эки себеп менен түшүндүрүүгө болот. Биринчиден, Канатбек Исаев президенттик шайлоого даярданып жаткан. Анан Атамбаевдин колдоосуна ээ боломбу деген үмүтү бар болчу. Азыр Социал-демократтар “Республика-Ата Журт” менен альянска бириккен соң Канатбек Исаевдин салмагы Өмүрбек Бабановго караганда төмөндөдү. Буга протест кылып, жаңы альянска каршы чыкты. Экинчиден, “Кыргызстандын” негиздөөчүсү болгон Шаршенбек Абдыкеримов бийлик менен мамилесин бузгусу келбейт. Ага бийликке лоялдуу болгон лидер керек.

Жогорку Кеңештеги Социал-демократтар, “Ата Мекен”, “Кыргызстан” жана "Өнүгүү-Прогресс” фракциялары кирген парламенттик коалиция 24-октябрда тараган. Анда Социал-демократчылар Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы чыккан “Ата Мекен” жана “Өнүгүү-Прогресс” менен бир альянста болбой турганын айтып, коалициядан чыкканын жарыялаган. Мындан соң президент Алмазбек Атамбаев коалицияны куроо мандатын бийликчил Социал-демократтарга тапшырган.

Азырынча КСДПнын лидери Иса Өмүркулов “Республика-Ата Журт” менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөнү белгилүү болду.

Аталган фракциянын лидер орун басары Төрөбай Зулпукаров сүйлөшүүлөр уланып жатканын “Азаттыкка” билдирди:

- “Кыргызстандын" лидерин алмаштыруу өздөрүнүн чечими болду. Ал эми биз сүйлөшүүлөрдү улантып жатабыз. 17-ноябрга чейин убактыбыз бар. Мандатты аларыбыз менен эле сүйлөшүүлөрдү баштадык. Негизги шарт өлкөдөгү туруктуулукту сактоого болгон аракет.

Жаңы коалицияда кимдер болот?

Жаңы коалицияда кимдер болот?

Жогорку Кеңештеги башкаруучу коалиция тарап, учурда жаңы курамга кирчү фракциялар, парламенттик оппозиция, өкмөт, премьер-министр боюнча түрдүү жоромолдор айтылууда.

Лидери алмашкан “Кыргызстан” фракциясы да коалицияга кирүү үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө атайын топ түзөрү белгилүү болду. Лидер Алмазбек Батырбеков бул багытта сүйлөшүүгө даярдыгын билдирди:

- Алты фракция тең эле коалицияга кирүүгө даяр болуп турат. Анын ичинде “Кыргызстан” да бар. Азырынча сүйлөшүү кандай болорун айта албайбыз. Бирок сүйлөшүүлөрдү өткөрөбүз.

Маалыматтар боюнча, келечектеги коалицияны үч фракция - Социал-демократтар, “Республика-Ата Журт” жана “Кыргызстандан” куроо күтүлүүдө. Бул үч фракциянын депутаттарынын саны 84 болуп, парламентте көпчүлүктү түзө алат.

Ал эми Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча бийлик менен мамилеси бузулган “Ата Мекен”, “Өнүгүү-Прогресс” жана “Бир Бол” фракциялары оппозицияда калууга даярдыгын билдирүүдө.

Жогорку Кеңештеги "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын мүчөсү Исхак Масалиев башкаруучу коалицияны түзүүнүн айланасында жүрүп жаткан талкууларга байланыштуу "Азаттыктын" суроолоруна жооп берди

Масалиев: Саясий элита жараланды
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:59 0:00
Түз линк

"Кыргызстанда" лидер алмашты
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:49 0:00

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG