Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:45

Жогорку Кеңеш 25-майда террорчулук менен экстремизмдин идеяларын тараткан сайттарды жабуу тууралуу мыйзам долбоорун үчүнчү окууда жактырды.

Жарандык-процессуалдык кодекске жана “Экстремисттик ишмердүүлүккө каршы күрөшүү жөнүндө” мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр экстремисттик маалымат таратты деп айыпталган сайттарды сот өкүмү чыкканга чейин эле жабууга мүмкүнчүлүк берет. Ушул темада коопсуздук боюнча эксперт, атайын кызматтын мурдагы өкүлү Артур Медетбеков “Азаттыкка” маек курду.

“Азаттык”: Кыргыз өкмөтү сунуштаган документке ылайык, экстремисттик материалды камтыган сайттарга сотко чейин эле прокуратуранын көрсөтмөсү менен үч-беш күн ичинде чектөө киргизилет. Бул мыйзам бүгүнкү күндө канчалык зарыл болуп турат?

Артур Медетбеков: Дүйнө жүзү боюнча террорчулук, экстремисттик идеялар катуу жүрүп, анын ичинде Кыргызстанга да чоң таасир этип жатат. Биздин көптөгөн жарандар экстремисттерге ишенип алып, Сирия, Ирак, Ооганстанга алар менен кошо согушуп жүрбөйбү. Ошондуктан, экстремизм, террорчулукка элди азгырган сайттарды жабууга мүмкүнчүлүк түзүлүүдө. Абдан зарыл мыйзам деген ойдомун.

“Азаттык”: ИИМдин маалыматы боюнча, өлкөдө жыл сайын радикалдык, экстремисттик үгүт иштерин жүргүзгөн 20га жакын сайт жабылат экен. Бирок алар атын жана IP дарегин өзгөртүп, ишмердигин улантып жатышыптыр. Аларга кантип бөгөт койсо болот? Мындай абал мыйзам күчүнө киргенден кийин деле кайталана бербейби?

Артур Медетбеков: Акыркы убакта өзгөчө Борбор Азияга террордук, экстремисттик идеяларды жайылткан 500-600дөн ашык ар кандай интернет сайттар бар экенине күбө болуп жатабыз. Ал эми атын алмаштырып, элди адаштырган сайттар көп. Бирок эч нерсе кылбай, кайдыгер карабай отура бербеш керек.

Атын алмаштырабы, өзгөртөбү экстремисттик маалыматтарды жарыяласа, аларды жоопко тартуу үчүн тиешелүү шарттарды түзгөн оң. Экинчи тарабынан интернет сайттардан туура эмес маалымат алып, экстремисттик уюмдардын катарында болбосо да, адашып калгандар да бар да. Аларга кылдаттык менен мамиле жасоо керек. Жарыяланган маалыматтарга каршы иштөөдө, аныктоодо чоң өкмөттүк, эксперттик топ түзүлүшү керек. Алар экстремисттик делген маалыматтарды талдап чыгышы керек. Антпесе көп катачылык кетиши ыктымал.

“Азаттык”: Укук коргоочулар арасында бул мыйзам сөз эркиндигине коркунуч жаратат деген пикир да айтылган эле. Алар айрым сайттарга мыйзамсыз чектөө киргизилген учур буга чейин болгонун жүйө келтиришкен. Экстремисттик мазмундагы материал таратты деген шылтоо менен кайсы бир сайттар жабылышы мүмкүнбү?

Артур Медетбеков: Менимче, мыйзам сөз эркиндигине анчалык чоң деңгээлде коркунуч туудурбайт. Анткени экстремисттик, террордук уюмдар аша чаап кетти. Сайттар, жалпыга маалымдоо каражаттары мамлекет, эл үчүн иштейбиз десе, мындай маалыматтарды таратпайт. Эгерде көмүскө кандайдыр бир деңгээлде алар менен аралашып, тымызын иштегендер болсо, аларды мамлекеттик тиешелүү топтор талдап, аныктап чыгышы керек.

XS
SM
MD
LG