Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:52

Тамакка жашынган өлүм


Иллюстрация
Иллюстрация

Кочкор жана Тогуз-Торо районунда 24 адам консервага ууланган. Экөө борбордогу Республикалык жугуштуу оорулар бейтапканасына жетпей жан берген.

Уулангандардын үчөө Кочкор райондук ооруканасында жатат, калган 14ү Бишкектеги жугуштуу оорулар бейтапканасына жеткирилген. Тогуз-Тородо консервага ууланган беш киши Нарындагы аймактык ооруканага жаткырылган, алардын бири эки жаштагы бала.

Мээрман айым Роза Маматкулова жолу катаал, алыскы Казарман айылынан Бишкекке чейин ууланган төрт адамды коштоп келген. Ал Тогуз-Торо райондук ооруканасында ууланууга каршы дарынын жоктугунан улам жол ката бейтаптарга алмак-салмак ооруну басаңдатчу дары берип келгенин айтууда. Бирок ага да карабастан Карагөө ашуусунан бир бейтап каза болсо, Долонго жеткенде экинчиси үзүлүп кеткен.

- Башкы дарыгерибиз бизди эки таксиге салды. Жол ката "Преднизалон" баштаган дарыларды ичирип, сайып келаттым. Бир жаш келиндин улам-улам жүрөгү токтоп калып, кайра согуп келатты. Дагы бир эженин веналары жарылып, акырында дарыны кабыл албай калды. Башкы дарыгер "Бишкекке алып баргыла" дегендиктен Нарын шаарындагы облустук ооруканага бир тийип эле өтүп кеттик.

Маалыматтарга караганда, Кочкордон келгендер козу карын консервасы кошулган салаттан ууланышкан. Жабыркагандардын айтымында, консерва дүкөндөн сатылып алынган.

- Элдин баары эле коноктор үчүн салат жасайт да. Андан биз да жегенбиз. Козу карын кошулганын билбептирмин. Иши кылса сонун салат болчу, - деди атын атагысы келбеген бейтаптардын бири.

Кочкордо жана Тогуз-Тородо уулангандардын бардыгы ууланганга чейин конокко барышкан экен. Айрымдары бир күндө бир нече үйдөн тамак ичкен.

Талантбек Батыралиев
Талантбек Батыралиев

Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев бул иш боюнча министрлик да иликтөө баштаганын, эгерде дарыгерлердин шалаакылыгы аныкталса, алар жоопко тартыларын билдирди.

- Вакциналар бардык район, шаарлардын ооруканаларында болушу керек. Кантип алар таппай калганын азыр иликтеп жатабыз. Эмне себептен Бишкекке жөнөткөнүн да такталууда.

Батыралиев үй шартында даярдалган консерва азыктарынан уулануу көп болуп жаткандыгын белгилеп, мындай тамактан баш тартуу керектигин эскертип өттү.

- Дагы бир жолу элге кайрылат элем. Колдо жасалган тамак-ашка этият болушса. Ууланууга каршы дарылар бардык ооруканаларда бар. Эгер врачтын кабыл алуусу шек жаратаса, түз эле мага кайрылышса болот.

Кочкордо текшерүү жүрүүдө

Учурда Кочкор районундагы 24 дүкөндө текшерүү иши жүрүүдө. Санитардык-эпидемиологиялык департаменттин санитардык көзөмөл бөлүмүнүн башчысы Алтын Ураимованын “Азаттыкка” билдиришинче, текшерүү учурунда 1 литрлик 134, 700 граммдык 124 банка консерваланган азыктар сатыктан алынды. Учурда алар атайын экспертизадан өткөрүлүп жатат жана ууланууга алып келген азык боюнча толугураак маалымат үч күндөн кийин белгилүү болот.

Адистер үй шартында консерваланган азыктардан этият болуу керектигин эскертишет
Адистер үй шартында консерваланган азыктардан этият болуу керектигин эскертишет

Кыргызстанда буга чейин тамакка уулануу фактылары катталып келген. Өткөн 2015-жылдын 8-декабрында Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон райондук ооруканасына тамак-аштан ууланган беш адам жаткырылган. 9-декабрда оорусу күчөп кеткен 14 жаштагы Диана Уланбек кызы бейтапканада көз жумган. Дарыгерлер бул үй-бүлө туздалган бадыраң жеп, анын айынан ботулизм дартына чалдыкканын аныкташкан.

Адистердин айтымында, ботулизм жылчыксыз жабылган идиште таза жуулбаган жана жетишерлик кайнатылбаган өсүмдүктөр аркылуу козголот. Бул тамак-ашты жеген адам ууланат. Уулуу зат организмдеги ичегиге тез сиңет, андан кан менен бүт денеге тарап, түрдүү органдарды, өзгөчө нерв системасын жабыркатат.

"Ошол себептүү үй шартында даярдалган азыктарды колдонууда сак болуу керек" дейт санитардык дарыгер Салимбек Самартканов:

- Ботулизм оорусун чакыруучу микробу өзүнөн өзү ууланууга алып келбейт. Ал бир гана абасыз, чыпталган идиштерге токсин бөлүп чыгарып, аны колдонууда ууланууга алып келет. Салат, кыямдарды жайында жапканда микроб кошо пайда болуп, кийинчерээк уулануу билинет. Биринчи баш мээси, анан ашказан ооруп баштайт. Оорулуунун көзү тумандайт. Бир буюм эки болуп көрүнөт, тамак ичүүдө кыйынчылык жаралат, табити жоголот. Оорунун алгачкы белгилери ушундайча башталат. Ошол себептүү кандайдыр бир жыт пайда болгон консерваланган тамак-аштарды колдонбоо керек.

Өткөн жылы Кыргызстанда ботулизм боюнча 140 учур катталган. Андан 349 адам жабыркап, алты киши набыт болгон.

  • 16x9 Image

    Сабыр Абдумомунов

    "Данисте" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Бир нече радионун түптөлүшүнө салым кошкон. Мульти-медиалык журналистика боюнча тренер.

XS
SM
MD
LG