Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:43

Оппозицияда жүргөн саясатчылар, журналисттер жана жарандык коомдун өкүлдөрү Кыргызстанда сөз эркиндиги коркунучка кептелгенин айтып чыгышты.

5-майда Бишкекте өткөн “Сөз эркиндиги” аттуу форумга чогулгандар Кыргызстанда сөз эркиндигинин оор абалда экенин үч мисал менен негиздешти. Биринчиси - учурда Кыргызстанда оппозициячыл саясатчылардын үнү буулуп, куугунтукка алынышы. Экинчиси - жарандык коомдун өкүлдөрү бат-баттан текшерилип, кысымга дуушар болгону. Үчүнчүсү - журналисттер басмырлоого кабылып, маалымат каражаттарындагы берүүлөрдүн цензурага кабылышы.

“Ушул үч жагдайдан алганда сөз эркиндиги кыйын абалда”,- деди Сөз эркиндигин коргоо комитетинин мүчөсү, оппозициялык саясатчы Равшан Жээнбеков:​

- Сөз эркиндиги бул журналисттер менен массалык маалымат каражаттары эле эмес, бул кенен түшүнүк. Сөз эркиндиги бул сүйлөй эле берүү эмес, бул мамлекетти эффективдүү башкаруу, бул адам укуктары, бул жаңы маданият, коррупция менен күрөшүү. Кээ бирөөлөр “мен каалаганымды айтып, билгенимди жазам” деп жатышат. Мамлекеттеги сөз эркиндиги адамдардын сүйлөөсүнө уруксат берүү менен ченелбейт. Сөз эркиндиги эркин сүйлөп жаткан адамдардын канчасы камалды, канчасына айыппул тагылды, канчасы мамлекеттен качып кетти, канчасы коркуп калды мына ошол көрсөткүч менен ченелет. Эгерде ошол статистиканы ала турган болсок, анда Кыргызстандагы бүгүнкү сөз эркиндиги аябагандай коркунучтуу абалда.

Бишкектеги “Сөз эркиндиги” аттуу форумга бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, оппозициячыл саясатчылар, журналисттер катышты.

Бишкектеги “Сөз эркиндиги” аттуу форумга бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, оппозициячыл саясатчылар, журналисттер катышты.

Акыркы жылдары бийликке жакпаган саясатчылардын ой-пикирлери мамлекеттик телеканалардан такыр берилбей, ал тургай эркин маалымат каражаттарынан да угузулбай калганы жыйында белгиленди.

Журналисттерге кысымдар да азыр мурдагыдай коркутуу-үркүтүү жолу менен эмес, жетекчилик кысымы аркылуу жасалууда.

Саясий талдоочу Табылды Акеров форумда буларга токтолду:​

- Азыркы кыргыз коомундагы сөз эркиндиги авторитардык коомдогу көрүнүшкө туура келет. Себеп дегенде өлкөдөгү бардык маалымат каражаттары толугу менен бийлик көзөмөлүндө. Бийлик журналисттердин өзүн коркутпай, уруп-сабабай эле, жетекчилигине “бул теманы чыгарба, тигиге көз жуумп кой” дейт.Телеканалдан, радиодон же басылмадан кайсы бир темалар эч кандай чагылдырылбай калат. Мындай көзөмөл жадагалса көз карандысыз маалымат каражаттарына да жүргүзүлүп жатат. Аларды коркутпаганы менен, башка рычагдар аркылуу таасир этет.

Форумдагылар айрым пикирлер боюнча бири-бирин колдошсо, кээ бир ойлордо орток пикир таба алышкан жок.

Форумдагылар айрым пикирлер боюнча бири-бирин колдошсо, кээ бир ойлордо орток пикир таба алышкан жок.

Ал эми бейөкмөт уюмдарынын сүйлөө эркиндигине жасалып жаткан кысым аларды тынымсыз текшерүүгө алуу менен байланыштырылды. “Бир дүйнө” укуктук кыймылынын Оштогу жана Таластагы кеңселери тинтүүгө алынып, уюмдун мүчөлөрүнүн улам суракка чакырылышы ага эң башкы мисал. “Чет элдик тыңчылар” тууралуу мыйзамдын сунушталышы да жарандык коомдун оозун басуунун бир жолу дешет алар.

“Бир дүйнө” укук коргоо кыймылынын жетекчиси Төлөкан Исмаилова буларга токтолду:​

- “Конституциялык түзүлүшкө шек келтирүү, экстремизм” деген 299-берене бар. Ушул берене боюнча УКМК өздөрү биздин аймактардагы кеңселерге кирип, аңтарып-теңтерип кетип жатышат. Кыйноодо калган 100гө жакын адамдын иштеринин баарын конфикация кылып алышкан. Биз мунун туура эмес экенин айтып, үч ай бою аларды соттон утуп алдык. Бирок ушул мыйзамсыз ишти жасаган бир дагы чекист жоопко тартылбады. Аларга прокуратура эч кандай айып кое алган жок. Ошолорго чара көрө албаганына карабай башкы прокурор Индира Жолдубаева кызматында отурат. Андан мурдараак бизден башка уюм “Эдвокаси” бирикмесинин кеңсесине чабуул коюлган. Ал дагы туура эмес экени аныкталса да, эч ким “кечирип койгула, туура кылдык” деп жоопкерчилик ала элек. УКМК негизи сырткы коопсуздукту карашы керек, алар болсо азыр саясатчылардын, журналисттердин жана бейөкмөтчүлөрдүн артынан аңдып, чуркап жүрөт. “Агент, магент” деген мыйзамын кабыл алышса, булар бизге кысымды дагы күчөтөт.

Кыргызстандагы адам укуктарынын чектелиши жана сөз эркиндигине карата кысымдын күчөшүнө сот адилеттигинин жоктугу себеп болууда дешти жыйынга келгендер. Экс-депутат Жылдыз Жолдошева бул бийликтин бир ууч топтун колуна топтолушу менен байланыштуу деген пикирде:​

- Президент Алмазбек Атамбаев башында балансты жакшы эле кармап жаткан. Оппозициялык “Ата-Журт” партиясынан Акматбек Келдибеков Жогорку Кеңеште төрага, өкмөт башчылыкта “Республика-Ата-Журттан” Өмүрбек Бабанов, президенттик кызмат КСДПда болчу. Азыр эми президенттен баштап, пол жуугучка чейин КСДП партиясынын мүчөлөрү ээлеп алды. Күчтүү кадрлар болсо да унчукпайт элек, мекемелер бүт тууган-урук, таяке-жээн, күйөө бала, келин-кызын ишке алып жатат. Эгер биз сөз эркиндигин камсыздайбыз, адам укуктары үчүн күрөшөбүз десек, анда биринчи кезекте бийликти узурпациялоого каршы күрөшүүбүз кажет.

Кыргызстанда сөз эркиндигине кысым болуп жатат деген пикирлер буга чейин да айтылып келген. Бирок айрым адистер ага макул эмес. Буга чейин "Азаттыкка" саясий серепчи, журналист Кубан Абдымен Кыргызстанда Бакиевдин учурунан кийинки убакыттар аралыгына көз чаптыра турган болсок, өлкөдө сөз эркиндигинин калыптануу процесси өз нугунда бара жатканын, журналисттердин эркин иштөөсү үчүн жетиштүү шарттар түзүлгөнүн четке кагуу мүмкүн эместигин белгилеген эле.

- Соңку беш жылда сөз эркиндиги буга чейинки өзгөчө Бакиевдин учурундагы шартка караганда бир топ эле жакшы деңгээлге чыкты. Акыркы төрт-беш жыл ичинде сөз эркиндиги артка кетпегидей бир нукка түшүп, алдыга өнүгө тургандай түзүп, коомчулуктун дагы аң-сезимин бир жакка буруп койду. Ошондуктан мен ойлойм, келечекте сөз эркиндиги азыркы нугунан бурулбайт. Мамлекет тараптан, саясий шарттан эч кандай кысым тоскоолдуктар жаралат деп айтууга болбойт. Демократиясы, сөз эркиндиги бийик деңгээлге чыккан өлкөлөрдүн үлгүсүн көргөндөн кийин бизде дагы бул жакшы деңгээлге чыкканга толук мүмкүнчүлүк бар.

Бишкектеги “Сөз эркиндиги” аттуу форумга бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, оппозициячыл саясатчылар, журналисттер катышты. Соңунда “Атамбаевдин бийлигинен кийинки саясий жана социалдык-экономикалык саясаттын болочогу” деп аталган резолюция кабыл алынды. Анда сот реформасын ишке ашыруу, жарандардын конституциялык укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылуу, маалымат каражаттары жана жарандык коомго карата басымды токтотуу, Коомдук каналда ар тараптуу маалыматтарды чагылдыруу талаптары жазылган.

Форумдун уюштуруучулары аталган иш-чараны көз карандысыз жана оппозициячыл уюмдардын аянтчасына айландырууну максат кылууда. Кийинки форумду эми алар Ошто өткөрүүнү мерчемдешүүдө.

Апрелде АКШнын Мамлекеттик департаменти 2015-жылдагы дүйнөдөгү адам укуктарынын абалы тууралуу баяндамасын жарыялап, анда Кыргызстанда да сөз эркиндигинин абалы начарлап баратканы сынга алынган эле. Жакында эле “Чек арасыз кабарчылар” уюму Кыргызстан соңку бир жыл ичинде сөз эркиндиги боюнча мурдагы көрсөткүчтөн үч тепкичке жогорулаганын жарыялаган. Натыйжада Кыргызстан 180 мамлекеттин ичинен 85-орунду ээлеген.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Ош облусундагы кабарчысы. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG