Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:52

“Өңүт”: Сөз эркиндиги vs Kоопсуздук


“Викиликс” сайтынын негиздөөчүсү Жулиан Ассанж Russia Today телеканалындагы автордук берүүсүндө "Хизбалла" тобунун лидери Хассан Нассрала менен маек курууда. 17-апрель, 2012-жыл

“Викиликс” сайтынын негиздөөчүсү Жулиан Ассанж Russia Today телеканалындагы автордук берүүсүндө "Хизбалла" тобунун лидери Хассан Нассрала менен маек курууда. 17-апрель, 2012-жыл

Кыргызстандын атайын кызматы маалымат коопсуздугун бекемдөөгө киришти. Аналитиктер бул маселе эбак эле бышып жеткенин айтып, ошол эле маалда сөз эркиндигин урматтоо керектигин белгилешет. “Өңүт” программасында маалымат коопсуздугу жана сөз эркиндигин талданат.

Улуттук коопсуздук кызматынын жетекчиси Шамил Атахановдун айтымында, атайын компьютердик программа иштелип чыгып, азыр сыноодон өткөрүлүүдө. Өлкөнүн башкы чекисти мындай программа интернет сайттардагы улуттар аралык кастыкты козуткан жана аймактык ажырымга түрткөн маалыматтардын булагын аныктап, аларга укуктук баа берүүгө шарт түзөөрүн түшүндүрүдү:

- Биз маалымат коопсуздугун көзөмөлдөп, ага шек келтирген маалыматтарга укуктук баа бермекчибиз. Маалыматтарды иликтеп, аларды текшерүү үчүн атайын жабдуу керек. Ошол үчүн биз атайын долбоор кабыл алып, интернет сайттардагы козутуучу маалыматтарды таап чыгуучу изилдөө программасын иштеп чыктык. Бул боюнча келишимге кол коюлуп, аталган программа 3-4 айдан кийин ишке киришмекчи. Азыр ал сыноодон өткөрүлүп жатат.



Биз сөзгө тарткан аналитиктер Кыргызстан маалымат коопсуздугун камсыздоо багытында, албетте, иш алып барууга тийиш, бул маселе өлкө үчүн эбак эле актуалдуу экенин айтышат. Кыргызстан жөнүндө же ага байланышкан окуялар атайылап бурмаланып чагылдырылган, ар кандай чагымчыл материалдарды жарыялоо кеңири жайылган.

“Полис-Азия” аналитикалык борборунун жетекчиси Элмира Ногойбаеванын айтымында, айрым маалымат каражаттары Кыргызстанды биринчи ыңкылап болгон, тээ 2005-жылдан бери эле “мокочо” кылып көргөзүп келатышат:

- Эки революция жана 2010-жылкы кайгылуу окуялардан кийин өзгөчө пост-советтик аймакта Кыргызстандагы бардык окуяларды апыртып, көбүртүп-жабыртып чагылдырышууда. Пост-советтик модел үстөмдүк кылган айланабыздагы коңшуларды алсак, алардын өкмөттөрү кыргыздардын түшүнүгүндөгү “эркиндикке умтулуудан” өздөрүн коргогулары келет. Ыңкылап, нааразылык акциялары, саясий өзгөрүүлөр, жадакалса башка саясий моделди тандап алганыбыз терс боектор менен боелуп чечмеленет. 2010-жылкы окуялар отко май тамызгандай болду.

Кыргызстандын ошондой өңүттө чагылдырылышы “карапайым адамдардын тагдырына, өзгөчө бөтөн жерде жүргөн эмгек мигранттарына кесепетин тийгизбей койбойт”, деп сөзүн улантат эксперт Ногойбаева:

- Бул тенденция күнүмдүк турмушка таасир тийгизбей койбойт. Анын социалдык, экономикалык, саясий залкасы болушу мүмкүн. Себеби Кыргызстандын медиадагы андай терс образынан өлкөнүн аброю гана эмес эмгек мигранттар - жогорку кесиптүү же кара жумуштагылар болобу, бардыгы жапа чегишүүдө. Кыргыздарды жаалданган революционерлер кылып көргөзүшөт. Эсиңиздерде болсо керек, виртуалдык мейкиндикте Москвадагы митингде “Кычыгыма тийсең – кыргыздай кылам” деген ураан тартылган сүрөт тарап кеткен.

Алыска кетпей эле, кечээ жакында Ош шаарындагы кайгылуу окуяны мисал келтирсек. Оштогу орус офицердин аялынын өз уулуна көрсөткөн мыкаачылыгын айрым интернет сайттар орусиялыктардын үй-бүлөсүнө кол салуу катары жазышты. Кыргызстандын ички иштер органдары аны төгүндөгөнүнө карабастан, орусиялык сайттардагы ал маалымат эки күн бою өзгөрүүсүз туруп, кеңири талкууланып, Кыргызстанга каршы маанайды күчөттү.

Медиа талдоочу Бакыт Орунбеков мына ушундай жагдайга жол берген мамлекеттин маалымат саясатынын бошоңдугун сынга алды:

- Кыргызстандагы маалымат коопсуздугуна байланыштуу коркунуч буга чейин деле болгон. Азыркы учурда деле ар кандай саясий абалдан же мамлекеттер аралык мамилеге байланыштуу ал нерсе улантылып жатат. Бул жерде мамлекет өзүнүн маалымат айдыңын бекемдөө боюнча саясатын ишке ашыра албай жатат. Мисалы, Кыргызстанда 80% жакын маалымат чет элдик маалымат каражаттары аркылуу таралат. Эң көбүн Орусиянын телеберүүлөрү, анан Казакстандын жана Өзбекстандыкы түзөт. Бул алардын маалымат аркылуу таасир этүүсүнө шарт түзүп отурат. Ал эми кошуна мамлекеттер бул көйгөйдү мурда эле чечип алышкан. Биздин бийликте саясий эрк жокпу, же башкача ойлонушабы - негедир ушул маселеге чекит коюлбай жатат.

“Маалымат коопсуздугу жөнүндө сөз кылганда, адегенде бул чаралар кандай максатта кабыл алынып жатканын тактап алуу керек”, дейт Улуттук коопсуздук боюнча эксперт, АКШдагы Виржиния университетинин укук мектебинин изилдөөчүсү, адвокат Кристофер Свифт:

- Эгер мамлекеттик институттарды чет элдик чабуулдан коргоо деген максат турса – маселен, кайсы бир адамдар мамлекеттик уюмдардан маалымат уурдап, же компьютердик системасын жарактан чыгаруу деген сыяктуу коркунучтар туулса – анда кыргыз өкмөтүнүн мындай чараларга баруусу туура жана ага укуктуу. Анткени бул өкмөттүн кыргыз элине кызмат кылуу милдетинин бири. Эгер мындай чаралар мамлекеттик саясатты сындаган топторду алсыратуу үчүн колдонулса - анда кыргыз бийлиги тескери жолго түшүп баратканын агийнелейт. Соңку жылдары Кыргызстанда бир канча жолу өкмөт бийликтен кулады – буга кээде чет жактан болгон күчтөрдүн кызыгуусу, кийлигишүүсү, кээде Бишкектеги Ай үйгө элдин нааразылыгы себеп болду. Азырку учурда Кыргызстан башкаруунун республикалык формасына өтүп жатканда, эффективдүү гана кадамдарга баруусу - эң маанилүү.

Норвегиядагы “11-сентябрь”

Бирок сырткы маалымат чабуулунан тышкары ички коркунучтар да толтура. Ксенофобия, башка улуттардагыларды жек көрүү, дискриминация өңдүү тенденциялар, тилекке каршы, Кыргызстанда да жат көрүнүш эмес.

Байкоочулардын айтымында, радикалдашуу процессинде интернет ашынган, жек көрүүчүлүккө жем таштаган идеяларды жайылтууда, айрым бир карасанатай күчтөрдүн иштерин координациялап турууда эбак эле өзүнчө бир куралга айланган.

Андай идеялардын жайылышы канчалык кооптуу экенин былтыр Норвегияда 77 кишинин өмүрүн кыйган Андерс Брейвиктин мисалынан айкын көрсө болот. 16-апрелде анын соту Ослодо башталды.


Норвегиялыктар “11-сентябрь” деп атаган кандуу окуя өткөн жылы жайында болгон. Ашынган оңчулдардын идеяларына сугарылган 33 жаштагы Брейвик адегенде баш калаада өкмөттүн имаратын жардырып, анда 8 киши өлгөн. Кийин полициянын формасын кийип алып, башкаруудагы партиянын жаштар канатынын Утойя аралчасындагы жайкы лагеринде 69 кишини атып салган.

Брейвик муну менен Норвегиянын либералдуу иммиграциялык саясатына макул эместигин билдирүүнү, келгиндер көбөйө берсе өлкө мусулмандардын колуна өтүп кетет деген эскертүү жасоону көздөгүнүн айтууда. Полициянын болжолунда ал радикал оңчулдардын, Скандинавия, башка өлкөлөрдөгү неонацисттердин интернеттеги сайттарын активдүү колдонуп, пикирлештери менен байланыш түзгөн. Кээ бир ошол ашынган улутчулдар кылмышкердин тезистерин жактаганга аракеттенишкени менен, жалпысынан Европанын оңчулдары Брейвиктин идеологиялык комментарийлеринен оолак экенин билдирүүгө шашылышты.

Бул жерден сөздү кайрадан Кристофер Свифтке берсек:

- Интернет тигил же бул коомдо мурда болбогон радикалдашуунун түрүн жайылтууга канчалык көмөк берет? Исламчыл, исламчыл-радикал, салафи-жихад топторду алсак, алар толгон-токой түрдүү ураан-чакырыктарды, идеологияларды таркатышат. Бирок бул айтылгандардын баары эле ишке ашат дегенди туютпайт. Түндүк Америка, Батыш Европадагы радикалык укуктук топтор деле ошондой. Брейвикти алсак, эми ал радикалдык идеологияга сугарылгандардын бирөөнүн айкын мисалы.

Ал эми радикалдык топтордун башкаларды өзүнө имерүүсү тууралуу айтсам, өзүң билгендей, былтыр Кыргызстандын түштүгүндө атайын иликтөө жүргүздүм. Мына ошол маалда түрдүү адамдар менен жолуктум, алардын арасында кыргыз бийлиги радикалдар деп аныктаган категорияга киргендер дагы бар болчу. Алар интернети жок эле адамдары мобилизациялоо, өз окуусун таратуу, чабуулдарга даярдоо мүмкүнчүлүгүнө ээ. Алар бул иштерди үйлөрдө, базарда, мечит-медресе, адамдар топтолгон жерлерде жасашат. Адамдардын ортосундагы алака-байланыштар аркылуу ишке ашат, ага интернетти курал катары колдонуунун зарылчылыгы деле жок.

Брейвик кызыл кыргын салаардын алдында UTube сайтына өз агрессиясын түшүндүргөн 12 мүнөттүк тасма жайгаштырыптыр. Анда “маданий марксизм” жана исалмдын коркунучу жөнүндө эскертилет. Брейвиктин келгиндер душман деген маанидеги мындай кулак кагышын канча жаштар угуп-көрдү экен?

Баса, Норвегиядагы теракттан кийинки алгачкы сааттарда, кээ бир маалымат каражаттары аны исламчыл радикалдар уюштурушкан деп шардана кылып жиберишкен. Айрымдар атүгүл шымаланып, мусулмандарга “аң улоого” киришкен. Кол салуунун автору чоочун жерден келген исламчыл мигрант эмес эле, өздөрүнөн чыккан жаш жигит экени ачыкка чыкканда норвегиялыктар үчүн бул экинчи дендароо болду окшойт.

Маалымат коопсуздугун камсыздоо зарыл чара экенинен кажет жок. Ошол эле маалда, айрым талдоочулар экстремизм, бөлүп-жаруучулук, башка терс көрүнүштөр менен күрөш сөз эркиндигинин чектелишине алып келбейби деген кооптонууларын ортого салышат. Эксперт Элмира Ногойбаева:

- Кыргызстанда башка постсоветтик өлкөлөрдөн айырмаланып, саясий дискуссиялар өтө актвидүү жүргүзүлүп келет. Андай талкуулар саясий чөйрөдө гана эмес жаштар арасында, виртуалдык чөйрөдө абдан популярдуу. Мунун коркунучтуу эч нерсеси жок. Бул агымды кантип электен өткөрүп, тырмакчада айтканда, кантип алдын алып турушаары чоң суроо туудурат. Андай көзөмөлдөн цензурага чейин бир эле кадам бар.

Сөз эркиндиги менен коопсуздуктун чеги

- Жалаң тыюу салган же чектеген чаралар болсо, алар менимче, күтүлгөндөй жыйынтыкка алып келбейт. Парламент “Фергана. Ру” сайтын жабууга аракеттенгенин мисал келтирсек болот. Бүгүнкү күндө бул дээрлик мүмкүн эмес. Себеби өзгөчө ушундай дэңгээлдеги кайсы болбосун сайт өзүнө башка сайтта мейкиндик ээн-эркин эле таап алат. Натыйжада ошол сайт мурункудан да көп рекламаланып калат.

Реклама демекчи, дал ушул күндөрү “Викиликс” сайтынын негиздөөчүсү Жулиан Ассанж Russia Today телеканалында автордук ток-шоусун эфирге алып чыкты. 2010-жылдын этегинде “Викиликс” АКШнын чет мамлекеттердеги дипломаттары Мамлекеттик департамент менен жүргүзгөн жеке кат-алмашуулары, өздөрү иштеген өлкөлөрдөгү лидерлер, саясий ал-акыбал тууралуу отчетторун жарыялап, аны айрымдар “дүйнөлүк дипломатияга каршы теракт” деп аташкан.

Сайттын жашыруун материалдарын шардана кылып жибергенин АКШ өкмөтү кескин сынга алып, "жоопкерчиликсиз" кадам деп атады. Ал документтер "америкалыктардын, өнөктөштөрдүн өмүрүнө", жалпы эле өлкөнүн коопсуздугуна коркунуч түзөөрү айтылган.

Кээ бир өлкөлөрдө, мисалы Кытайда сайттын материалдарын тосуу аракеттери да көрүлгөн. Мындай чараларга карабай, чуулгандуу материалдарды жарыялап жиберген "Викиликс" да, Жулиан Ассанждын да популярдуулугу артып, ал атүгүл эми ушинтип, бир нече тилде чыгуучу каналдын алып баруучусуна айланды.

Америкалык адвокат Кристофер Свифт маалыматтын сапатын көзөмөлдөөдө медиа каражаттары өздөрү чоң роль ойношу керек деген оюн ортого салат. Маалымат коопсуздугун камсыздоого багытталган чаралар биринчи кезекте ошол өлкөнүн, эл аралык универсалдуу мыйзамдарга таянышы керектигин белгилейт. Кыргызстан БУУнун “Жарандык жана саясий укуктар жөнүндөгү” конвенциясына кошулган жана ар бир адамдын сөз эркиндигине укугун урматоо милдеттенмесин алган.

Интернет доорунда мамлекеттин коопсуздугу менен сөз эркиндигинин ортосундагы чекти кантип аныктап, алардын бири-бирине залака тийгизбөөсүн кантип камсыздоого болот? Бул суроого Кристофер Свифттин жообу:

- Адамдарды чукул, өтө чукул арада зордук-зомбулук аркылуу ишке ашкан аракеттерге чакырган, андайга шыктандырган сөз – бул саясий эмес, согуштук мааниге ээ. Бул мамлекеттик түзүлүштү тынч жол менен эмес, күч менен кулатуу, адамдардын тобун атайын бутага алуу дегенди түшүндүрөт. Бул жерде коопсуздук чаралары көрүлүшү керек. Бул универсалдык шарт, ал тургай АКШнын конституциялык контексинде – эгер сөз зордук-зомдулукка түртсө коопсуздук чаралары алдыга чыгат. Эгер сөз саясий процесстерге багытталса, бул сөз эркиндиги болуп саналат.
  • 16x9 Image

    Айнура Жекше кызы

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, котормочу. Кыргыз улуттук университетинин чет тилдер факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG