Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:13

Атамбаев Грузияда Орусияны мактай алмак эмес


Эмил Жураев
Эмил Жураев

Президент Алмазбек Атамбаев Грузиянын биримдиги үчүн Орусияга каршы согушта курман болгондордун эстелигине гүл коюп, анын мамлекеттик бүтүндүгүн колдорун билдирди.

Атамбаев Грузиянын суверендүүлүгүн жана мамлекеттик бүтүндүгүн колдорун айтып, ошондой эле тынчыбай жаткан Украинаны сынга алып, Кыргызстанда туруктуулукту орнотууда өз ордун баса белгиледи.

Президенттин Грузияда айткан сөздөрү коомчулукта бир катар талкуу жаратты. Саясат талдоочу Эмил Жураев Кыргызстан менен Грузиянын кызматташтыгы жана Атамбаевдин билдирүүлөрү боюнча “Азаттыктын” суроолоруна жооп берди.

“Азаттык”: Эмил мырза айтсаңыз, Кыргызстан менен Грузия кайсы тармакта кызматташтыкты арттыра алат?

Андыктан Грузиянын аймактык бүтүндүгү тууралуу маселени президентибиз өзү көтөрүп же атайын билдирүүсүнүн текстине даярдап барган эмес. Тбилисиде туруп ушундай суроо берилгенде “аймактык биримдигин колдобойбуз” деп айтса да туура эмес болуп калмак.

Жураев: Грузия менен акыркы жылдары көп деле тыгыз байланыш жок. Көбүнесе биз алардан белгилүү болгон шараптарын, минералдык сууларын алат экенбиз. Айтор, эки өлкөнүн ортосунда чоң соода деле жок. Бирок, экономикалык жана саясий жааттагы реформалар боюнча өтө тыгыз барыш-келиш, пикир алмашуулар болуп келген. Болгондо да бул сүйлөшүүлөр расмий деңгээлге чыккан эмес.

“Азаттык”: Атамбаев Кыргызстан Грузиянын аймактык биримдигин колдорун билдирди. Муну менен эмнени айткысы келди?

Жураев: Бул сөзгө менимчө өтө чоң деле маани бербешибиз керек. Бир жагынан ооба, Атамбаев бул сөздү коркпой айтты, бирок экинчи тарабынан бул журналисттин берген суроосу болчу. Андыктан Грузиянын аймактык бүтүндүгү тууралуу маселени президентибиз өзү көтөрүп же атайын билдирүүсүнүн текстине даярдап барган эмес.

Бирок Тбилисиде туруп ушундай суроо берилгенде “аймактык биримдигин колдобойбуз” деп айтса туура эмес болуп калмак. Ошол эле кезде Атамбаев сөзүн улап бул маселе сүйлөшүү жолу менен чечилиши керек деп кошумчалады.

Албетте, жума аягында Грузияда парламенттик шайлоо болуп өттү. Ал жакта кандай гана партия болбосун бардыгы Орусияга каршы чыгып, ал жакты сындап чыкканы бардык партияларды бириктирип турду. Андыктан Атамбаев Грузияга бара калып Орусияны мактап, “Орусия туура саясатты жүргүзүп жатат”, - деп айткан ал жакта болбойт болчу.

“Азаттык”: Президент Алмазбек Атамбаев Грузия сапарынын жыйынтыгына арналган маалымат жыйынында Украина кризисине токтолуп, Украинадагы революциянын кесепетин сынга алды. Кыргызстан менен Украинадагы революциянын айырмачылыгы эмнеде?

Алексиевич: Украинада бир туугандар согушуп жатат

Алексиевич: Украинада бир туугандар согушуп жатат

Адабият боюнча Нобел сыйлыгынын лауреаты, беларус жазуучусу Светлана Алексиевич “Эркин Европа/Азаттык” үналгысына маек куруп, ал орус аскерлеринин Сирияга жиберилгенин түшүнүү кыйын экенин, Украинадагы окуяларды кайра куруу жылдарындагы нес кылуучу жагдайларга салыштырса болорун белгилеген.

Жураев: Эки мамлекеттин айырмасы чоң. Украинанын маселеси жана кыйынчылыктары биздикине караганда курч турат. Албетте, бизде деле революция оңой болгон жок, атүгүл июнь окуясынын трагедиясы дагы революциянын кесепетинен чыкты.

Ал эми Украинада көрүп атпайбызбы дүйнө толугу менен экиге бөлүнүп калды. Анда Орусия жана аны колдогондор бир тарап, батыш жана АКШ бир тарап болуп Украинаны экиге тартып атпайбы. Эгерде Кыргызстанда да революция глобалдашып кеткенде маселени чечүү оңойго турмак эмес.

“Азаттык”: Президенттин Грузиядагы билдирүүсүнөн улам Кыргызстан тышкы саясатта эки фронтто бир ойноп жаткандай сезилген жокпу?

Жураев: Кыргызстандын тышкы саясатында туруксуздук пайда болуп жүрөт. Бирок такай бир багыттан жазбай кете берүү дагы туура эмес. Биз эң негизги шеригибиз Орусия деп айтып эле келатабыз, бирок тышкы саясатта кайсы бир деңгээлде өзүбүзгө эркиндик берип, кээде Орусияны сынга алып да жүрөбүз. Балким ушундай түшүнүксүз саясат жүргүзүү менен кайсы бир деңгээлде эркиндигибизди сактап калып жатабыз.

XS
SM
MD
LG