Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:59

Ишкерлерде ишеним азайды


Оштогу телевизор чыгарган завод
Оштогу телевизор чыгарган завод

Кыргызстанда ишкерлердин мамлекеттик органдарга ишеними төмөн. Бул тууралуу Бизнес ассоциациялардын улуттук альянсы жүргүзгөн иликтөөдө белгилүү болду. Ага ылайык, мамлекеттик органдардагы коррупция ишкерлердин ишенемин төмөндөтүп жатат. Ал эми бийлик өкүлдөрү бизнес үчүн өлкөнү бейиш жайга айлантууга байма-бай убада берип келет.

Бизнес ассоциациялардын улуттук альянсынын төрайымы Элвира Боромбаеванын маалыматында, изилдөө Кыргызстандын ири шаарларында жүргүзүлгөн. Анда ишкерлер мамлекеттик органдарга ишенеби жана алар менен канчалык тыгыз карым-катнаш түзө алат деген суроолор берилген.

Иликтөө жыйынтыгында бизнес чөйрөнүн дээрлик көпчүлүгү өкмөттүк органдарга ишенбей турганы белгилүү болгон:

- Биздин ишкер чөйрөнүн, ишкерлердин 90 пайыздан ашыгынын өкмөт жүргүзүп жаткан реформалардан кабары жок. Алардын мамлекеттик органдарга ишеними абдан төмөн. Себебин сурасак, жообу жөнөкөй эле. Ишкерлер өз маселелерин мамлекеттик органдарга айтышат, жазышат, бирок андан эч кандай майнап чыкпайт.

Бийлик калкалаган ишкерлик

Бийлик калкалаган ишкерлик

Максим Бакиевдин өнөктөштөрү азыркы бийлик менен кызматташканы тууралуу материалдар жарыяланды.

Боромбаева кошумчалагандай, мындай ишенимсиз мамиленин негизги себеби мамлекеттик органдардагы коррупциянын жайылганы болууда. Буга байланыштуу өкмөт ишкерлердин маселелерине көңүл бурууну күчөтүп, теңата мамилени камсыз кылышы зарыл экенин Бизнес ассоциациялар альянсынан сунушташты.

Ишкерлер арасында өкмөттүк органдарга ишеними төмөндөп жатканын Жаш ишкерлер ассоциациясынан да билдиришет.

Аталган бирикменин аткаруучу директору Руслан Акматбектин айтымында, быйыл жыл башынан тарта ишкерлер өкмөттүн алдына 110 маселени коюшкан. Бирок учурда бул маселелердин 10 пайызы гана аткарылган:

- Ишкерлер өз ишмердигине тиешелүү 110 маселени өкмөттүн алдына койгон. Учурда анын 10 пайызы же 10 маселе гана чечилди. Калгандары эмне себептен чечилбей жатканы белгисиз, бул боюнча эч түшүндүрмө бербейт. Бул бийликтин кайдыгерлиги же компетентсиздигиби, айтор жооп табылбай жатат. Ишкерлер да бул маселелерди улам көтөрүп, бирок эч кандай чечим чыкпаган соң мамлекеттик органдар менен кызматашууга стимулу азайып жатат.

Экономика министрлиги ишкерлерге шарттарды жакшыртуу боюнча аракеттер көрүлүп жатканын айтууда.

Экономика министринин орун басары Алмаз Сазбаковдун айтымында, мамлекеттик органдар арасында бизнеске шарт түзүү жааттында маселелер бар. Бирок ал маселелерди жоюу үчүн аракеттер көрүлүп жатканын кошумчалады:

- Эми биз Экономика министрлиги катары ишкерлерге ачык болуп, бардык маселелерин чечүүгө аракетибизди жумшап келатабыз. Ал эми доомат жалпы мамлекеттик органдарга болуп жатат. Чынында эле айрым мамлекеттик органдар ишкерлерге жабык болуп, шарт түзбөгөн учурлар бар. Аларды жок кылуу боюнча реформалар жүргүзүлүп жатат.

Кыргызстанда ишкерлерге жакшы шарт түзүп, бизнестин бейишине айлантуу убадасы узактан бери эле айтылып келет. Бул жаатта фискалдык реформа ишке ашырылып, текшерүүлөр азайтылары айтылган.

Ишкерлер өз маселелерин мамлекеттик органдарга айтышат, жазышат, бирок андан эч кандай майнап чыкпайт.
Эльвира Боромбаева

Быйыл жай айында укук коргоо органдарын реформа кылуу чечимин Коргоо кеңеши кабыл алган эле. Анда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети менен Ички иштер министрлигинен экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү функцияларын Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматына өткөрүү чечими кабыл алынган.

“Биз эксперт” аналитикалык борборунун директору Улук Кыдырбаевдин айтымында, президент, өкмөт кабыл алган чечимдер көп учурда ишке ашпай жатат.

- Эгер министр, жетекчилер менен сүйлөшө келсек, бардык шарт түзүлөт, өнөр жай өнүгөт деп убада берет. Бирок бул сөздөр орто чиновниктерге жетпейт окшойт. Алардын бир эле максаты бизнеске көзөмөлдү күчөтүп, муунтуу болуп жаткансыйт.

Бизнеске шарт түзүү начарлап кеткенин буга чейин эл аралык институттар да жарыялаган. Кыргызстанда Дүйнөлүк банктын соңку Doing Business-2017 рейтингинде 189 өлкө арасында Кыргызстан 75-орунга ээ болду. Бизнес жүргүзүүгө жагымдуу шарттары боюнча ѳлкѳнүн кѳрсѳткүчү ѳткѳн жылга караганда сегиз позицияга начарлаган. Негизинен жеке мүлктү каттоо боюнча эки тепкичке жана курулушка уруксат кагаздарын берүү критерийинде 15 баскычка ылдыйлап кеткен.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG