Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:24

Өкмөт түзүмү өзгөргөндөн жылыш болобу?


Ак үй
Ак үй

Кыргыз өкмөтү түзүлгөнүнө эки ай толбой жатып өз түзүмүн өзгөртүүнү чечти. Парламент жактырган түзүмгө ылайык, айрым бир министрликтерди, агенттиктерди бириктирип, эки жаңы комитет жана эки жаңы министрлик түзүлдү.

Мурда түзүлүп, кайра жоюлган коопсуздук боюнча вице-премьер-министрдин кызматы калыбына келтирилди. Бүгүн, 30-июнда жаңы өкмөт мүчөлөрү парламентке ант берип, расмий ишке кирди. Бирок өкмөт түзүмү өзгөргөнү менен анын сапаты жакшырбайт деп нааразы болгондор арбын.

Өкмөттүн өзгөргөн курамында Транспорт жана коммуникация министрлиги менен Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги өзгөртүлүп түзүлдү. Бул органдарды буга чейин жетектеп келген Турдуназир Бекбоев менен Замирбек Айдаров өз ордунда калды.

Ал эми мурдагы Геология жана минералдык ресурстар агенттигине энергетика жана өнөр жай тармагы өткөрүлүп, Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитети негизделди. Геология агенттигинин мурдагы башчысы Дүйшөнбек Зилалиевдин ыйгарым укуктары кеңейтилди.

Байланыш агенттигине коммуникация тармагы кошулуп, Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитети уюштурулду. Бул органдын башчылыгына буга чейин “Кыргызтелеком” ишканасын жетектеп келген Бакыт Шаршембиев дайындалды.

Жаңы келген өкмөт башка жаңы нерселерди ойлоп таап, мурдагы иштер аткарылбай, ресурстар ысырап болуп жатат. Алдын алып иштөө, өнүгүү планын аткаруу деген ырааттуу иш жокко эсе.
Азамат Акелеев

Ал эми буга чейин бир нече жолу жоюлуп, кайра түзүлгөн коопсуздук боюнча вице-премьерликке төрт жылдан бери Баткен облусун башкарып келген Жеңиш Раззаков дайындалды.

Өкмөттүн жаңы түзүмү боюнча парламентте сүйлөгөн премьер-министр Сооронбай Жээнбеков өзгөртүүлөр өкмөттүн ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу жана учурдагы чакырыктарга жооп берүү үчүн киргизилди деп негиздеди.

Премьер-министрдин айтымында, айрыкча коопсуздук жана чек ара маселелерине көңүл буруу зарыл болгондуктан бул жаатта вице-премьердин кызматы кайра түзүлгөнүн билдирди:

- Бардык күч органдарын өкмөт башчынын орун басары деңгээлинде координациялай турган адам керек болуп жатат. Мындай кадам укук коргоо органдарынын өз ара аракетинин натыйжалуулугун жогорулатат. Ошондой эле коопсуздукту, тартип, коррупция менен күрөштү, чек ара маселелерин чечүү кошумча дем бериши үчүн ушундай кызматты ордуна келтирдик.

Жээнбеков өкмөттүн түзүмү өзгөрсө, кошумча чыгаша болбойт, штат ошол эле бойдон калат деп ишендирүүдө.

Кадрлар начар болсо, кандай түзүм болбосун, канча министрлик түзүлбөсүн, эч бир иш жылбайт. Чындыгын айтканда, азыркы өкмөттүн курамында билим деңгээли төмөн, тажрыйбасыз, компетенттүүлүгү боюнча төп келбеген кадрлар бар.
Амангелди Муралиев

Өкмөттүн жаңы курамын парламент жактырып, бекитип берсе да коомчулукта аны жактырбагандар арбын. Жаңы түзүм жана курамга ичи чыкпагандар "бул өкмөттүн эл көзүнө гана өзгөрүүлөргө даярбыз деген кожокөрсүн саясаты, анын иштин натыйжалуулугуна таасири болбойт" деген жүйөнү келтирүүдө.

Маселен, тоо кен, энергетика жана өнөр жайды бир органга топтоонун маңызына түшүнө албагандар көп. Мындай пикирди кармангандардын бири мурдагы премьер-министр Амангелди Муралиев. Муралиевдин айтымында, өкмөттүн кандай гана өкмөттүн курамы болбосун, татыктуу жетекчилер дайындалбаса, эч кандай жылышты күтүүгө болбойт:

- Мен билишимче, тажрыйба да көрсөткөндөй, туура жетекчи инструменттерди табышы керек. Кадрлар начар болсо, кандай түзүм болбосун, канча министрлик түзүлбөсүн, эч бир иш жылбайт. Чындыгын айтканда, азыркы өкмөттүн курамында билим деңгээли төмөн, тажрыйбасыз, компетенттүүлүгү боюнча төп келбеген кадрлар бар.

Амангелди Муралиевдин пикирин экономика боюнча эксперт Азамат Акелеев да колдойт. Ал ар бир келген өкмөт мурда башталган ишти улантпай, өз ыңгайына жараша өзгөрткөнүн түшүнө албайт:

- Биздин өкмөттө ишти улантуучулук, бир программаны кармануу деген болбой калды. Жаңы келген өкмөт башка жаңы нерселерди ойлоп таап, мурдагы иштер аткарылбай, ресурстар ысырап болуп жатат. Алдын алып иштөө, өнүгүү планын аткаруу деген ырааттуу иш жокко эсе. Ошондуктан, ички сапаты өзгөртмөйүнчө, сыртка курамдык өзгөртүүлөр эч кандай пайда алып келбейт жана ресурстарды текке кетирүү болуп калат.

Акыркы жылдары Кыргызстанда ар жыл сайын жаңыдан өкмөт алмашып келет. Эксперттер өкмөттүн курамы жана түзүмүндөгү туруксуздук экономикага терс таасирин тийгизерин белгилешет.

Сооронбай Жээнбеков жетектеген өкмөт апрель айында түзүлгөн. Азыр өкмөт 12 министрлик, эки комитет, сегиз агенттик, 11 кызмат жана төрт фонд жана эки инспекциядан куралган.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG