Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:54

Тарыхый табылгалар аздектелбей калды


Ысык-Көл. Кан-Дөбөдөгү археологиялык табылга. (Сүрөт тарыхчы Кубатбек Табалдиевден алынды)

Ысык-Көл. Кан-Дөбөдөгү археологиялык табылга. (Сүрөт тарыхчы Кубатбек Табалдиевден алынды)

Өткөн айда Кыргызстандын Ысык-Көл облусунун аймагында мамонттун сөөгү табылып, аны борборго тез алып келип текшерүүгө каражат менен адистердин жетишсиздиги тарых жана археология тармагында көйгөйлөр көп экендигин дагы бир жолу эске салды.

Байыркы Навекат шаарынын калдыгы калган жер азыр атканага айланып, анын тарыхын ошол жерде турган эл да билбейт. Байыртан калган тарыхый жана археологиялык эстеликтерди сактоо аракети кандай? Бул жаатта быйылкы Тарых жана маданият жылында кандай иш-чаралар өткөрүлөт?

“Азаттыктын” “Арай көз чарай” талкуусуна Маданият жана маалымат министрлигине караштуу Тарыхый эстеликтерди коргоо боюнча республикалык инспекциянын директору Айсын Дүйшөналиева жана Улуттук илимдер академиясынын археология бөлүмүнүн башчысы Кадича Ташбаева катышты.

“Азаттык”: Айсын айым, президент быйылкы жылды Тарых жана маданият жылы деп жарыялангандан кийин мурда изилдене элек тарыхый кандай жайларды, жерлерди иликтөө милдети алдыга коюлду? Ушул күнгө карата алардын канчасы жасалды?

Айсын Дүйшөналиева: Кыргызстанда тарыхый маанилүү 2000ден ашык эстелик бар, анын ичинде республикалык деңгээлдеги эстеликтердин саны 583. Мындан башка да изилдене элек, табыла элек эстеликтердин саны көп.

Ак-Сууда табылган мамонттун сөөгү

Ак-Сууда табылган мамонттун сөөгү

Тарыхый жана маданий маанилүү мурастарды сактоо боюнча 2015-жылы атайын концепция кабыл алынган. Азыркы иш-чаралардын бардыгы ошол концепциянын алкагында жүргүзүлүп жатат. Азыр каржылык камсыздоо документтери макулдашуу деңгээлинде турат, ал кабыл алынгандан кийин өкмөттүн кароосуна жиберилет.

Ар кандай мекеме, уюмдардын кайрылуусунун негизинде былтыр тарыхый жана маданий 70 мурасты коргоо тизмеси түзүлгөн. Алардын баарын ар тармактагы көп адистерден түзүлгөн комиссиялар иликтеп чыгыш керек.

Угармандын суроосу: Менин атым Бүбүсара, Бишкектен чалып жатам. Мен Лейлек районунан болом. Ал жерде Пайгамбар үңкүр деген эки бөлмөлүү үңкүр жер бар, андан тышкары ат, төө байлаган мамылары да бар абдан баалуу жер. Ошондой тарыхый маанилүү жерлерди иликтеп, тарыхый бирдиктүү базага киргизүүгө мүмкүнбү?

Айсын Дүйшөналиева: Ар бир райондо маданият тармагын тейлеген кызматкерлер бар. Алар республикалык, эл аралык жана жергиликтүү деңгээлдеги эстеликтердин тизмесин түзүшөт. Сиз айткан жерде экспертиза жүргүзүлүп, анын жыйынтыгы менен ошол тизмеге киргизилиш керек.

“Азаттык”: Кадича айым, мен жакында ЮНЕСКОнун тарыхый баалуу эстелик деген тизмесине кирген Краснореченск шаарына же байыркы Навекат шаары болгон жерге барып келдим. Ал жер азыр кичинекей эле дөбөгө айланып, аткана курулуп, ал жердеги балдар шаар жөнүндө такыр билишпейт экен. Ал жерди азыр тарыхый жер катары сактоонун зарылдыгы жок болуп калдыбы? Тарыхый эң баалуу жерге эмне үчүн ушундай мамиле жасалып жатат?

Кадича Ташбаева: Бул орто кылымдагы аябай баалуу шаар, ал Чүй өрөөнүндөгү тарыхый баалуу 18 шаардын бири. Ал жерде абдан баалуу эстеликтер бар.

Тилекке каршы, бизде археологиялык изилдөөлөргө атайын акча эч качан бөлүнгөн эмес. Мисалы, совет доорунда 70-жылдары эле Казакстандын Отрар шаарын изилдөөгө 250 миң рубль бөлүнгөн. Бир эле шаарды 30-40 жылдан бери изилдеп келе жатышат. Тажикстан да Санкт-Петербургдагы Эрмитаж менен бирге Кенжекент шаарын изилдөөгө көп акча бөлүп, 60 жылдан бери бир жай калтырбай изилдеп келе атышат. Өзбекстан дагы Арфиарап шаарын 100 жылдан бери иликтеп келатат. Бизде гана эч качан каражат бөлүнгөн эмес.

Бир гана 80-жылдары казакстандык окумуштуулар менен бирге ошол Краснореченск шаарын Горячева Валентина Дмитриевна беш-алты жыл гана изилдешти. Бирок, мындай чоң шаарды иликтегенге беш-алты жыл аябай аздык кылат. Азыр деле изилдөө улантылып жатат.

Орусиянын мамлекеттик Эрмитажынын кызматкерлери менен бирге Кульченко деген окумуштуу жүргүзүп жатат. Бирок ал жерди коргоо жана музеификациялоо иши тыкыр жүргүзүлүшү керек. Андай болбой ал жерге тооккана, аткана курулуп, кээ бир жылдары кирпич жасоого археологиялык эстеликтердин топурагын казып алган учурлар болду.

“Азаттык”: Айсын айым, археологиялык жана тарыхый баалуу буюмдарды, эстеликтерди жана жайларды жок кылган, бузган же казып жок кылган адамдар Кылмыш-жаза кодексине ылайык жазаланат эмеспи. Акыркы үч жылдын ичинде ушундай жаза менен кылмыш иши ачылдыбы? Жазаланган адамдар болдубу?

Айсын Дүйшөналиева: Краснореченск шаары боюнча айтсак, ал жерди коргоо чөлкөмү аныкталган. Айыл өкмөтү инфраструктурасын жакшырткан жана Маданият үйүнүн базасында маалымат борбору түзүлгөн. Ал жер облустун, райондун жана министрликтин көзөмөлүндө. Жакында эле Парижге ал жердин абалы жөнүндө маалымат бердик. Иш жүрүп жатат, бирок жакшы жүргүзүү үчүн жетиштүү каражат керек. Былтыр бир гана Шахфазиль музейин жакшыртуу үчүн 7000 сом бөлгөн. Ал эми жазага тартуу боюнча фактылар болду, аны комиссиялар иликтеп, тартип коргоо органдарына берилген.

Биз тапкан эстеликтердин эмне болору бизге да белгисиз бойдон калып жатат. Ошонун айынан аябай баалуу эстеликтерибиз жок болуп кетүүдө.

“Азаттык”: Кадича айым, азыр Кочкор районунун аймагындагы илгерки бир шаарды шылуун казгычтар казып талап кетип жатат деп ошол жердеги айрым адамдар кайра-кайра жазышып, бийликке кайрылып жатат. Эмне үчүн ал жерде комплекстүү археологиялык изилдөө иштерин жүргүзбөй жатасыздар? Себеби эмне?

Кадича Ташбаева: Ал жерде изилдөө такыр жүргүзүлө элек. Манас университетинин профессору Кубат Табалдиев менен Улуттук университеттин окумуштуусу Ороз Солтобаев Кочкор районунда иштеп жүрүшүп, 1987-1988-жылдары жер астында күмбөз сыяктуу аябай баалуу тарыхый эстелик бар экендигин табышкан. Аны дагы жергиликтүү эл ошол жерден топурак менен кыштарды казып алып жатышканда табышкан. Дагы эле каражаттын жоктугунан ал жерде эмдигиче бир да иликтөө боло элек. Себеби, археологиялык изилдөө жүргүзүү көп каражатты талап кылат. Аны бир археолог жөн эле барып каза албайт. Анан ушундай баалуу жерлерди жергиликтүү бийлик коргоого алып, элге түшүндүрүп туруп аларды тыйып коюш керек.

“Азаттык”: Айсын айым, ушундай иштерге бюджеттен каражат бөлүү аракети барбы?

Айсын Дүйшөналиева: Мындай иштерге 2016-2020-жылдар аралыгында 600 миллион сом каражат бөлүү планы бар. Азыр ал каралып жатат.

“Азаттык”: Кадича айым, Кыргызстанда археологиялык казууларды ыкчам жүргүзө турган атайын кызматты түзүү зарыл деген сунуштар айтылып жатат. Зарылбы?

Кадича Ташбаева: Кыргызстанда болгону онго жакын гана археолог бар. Ошон үчүн абдан ыкчам иштейбиз. Биз ири долбоорлор башталардан мурун иликтөөлөрдү жүргүзөбүз. Мисалы, Нарын каскадында ГЭС курула турган жерлерди мындан эки жыл мурун мына өзүм иликтеп 60тан ашык жаңы эстеликти таптык. Бардык курулуш болордун алдында иликтөөлөрдү жүргүзүп, жыйынтыкты колдоруна беребиз. Бирок, биз берген жыйынтыктардын тагдыры кийин кандай болгону белгисиз бойдон калып жатат.

Эгер өтө баалуу эстелик болсо аны башка жерге алып кетүүгө болбойт, демек долбоорду өзгөртүү керек. Ал эми биз тапкан эстеликтердин эмне болору бизге да белгисиз бойдон калып жатат. Ошонун айынан аябай баалуу эстеликтерибиз жок болуп кетүүдө. Мисалы, Нарын каскадында курулуш башталганда Орусиянын өкүлүнө да "эстеликтерге эмне үчүн ушундай мамиле жасап жатасыңар?" деп айттым.

“Азаттык”: Жыйынтыктап айтканда, быйылкы тарых жылында гана эмес, бардык учурда өз элибиздин жана жерибиздин тарыхына өтө астейдил мамиле жасап, аны көздүн карегиндей сактоо мамилесин калыптандырышыбыз керек экендиги бүгүнкү талкуудан белгилүү болду окшойт. Ар кимибиз өз көмөчүбүзгө гана күл тартпай, жалпы элдин байлыгы болгон тарыхый баалуулуктарды сактай билсек келечек муунду мекенчил кылып тарбиялоого жол ачабыз деген ойдомун.

  • 16x9 Image

    Бүбүкан Досалиева

    "Азаттыктын" кызматкери, журналист. Маданиятка эмгек сиңирген ишмер, саясий илимдердин кандидаты. Кыргыз Мамлекеттик университетинин журналистика жана юридика бөлүмдөрүн бүтүргөн. 

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG