Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:03

Тарых тактыкты сүйөт


Бишкекте Улуу Кыргыз каганаты тууралуу илимий конференция өттү. Эки күнгө созулган иш-чара азыр жаңыдан жазылып жаткан кыргыз тарыхына жаңы барактарды ачканын окумуштуулар белгилешти. Ошол эле учурда ар кайсы өлкөдөн келген окумуштуулар Борбор Азияда кайсы бир улут артыкчылык кылган деген ойдон алыс болууга үндөштү.

Колдо бар маалыматка таянсак, VII кылымдын орто ченинде, VIII кылымдын башында Эне-Сайда кыргыздардын күчтүү мамлекети түзүлгөн. Анын башында Барсбек кан турган. Бирок Улуу кыргыз каганаты Барсбек өлгөндөн кийин, Х кылымдын 840-жылы пайда болгон. Бул мезгилде кыргыздар Уйгур каганатынын курамынан чыгып, өз алдынча кубаттуу державаны негиздеген.

Кыргыз тарыхын изилдеп келаткан орусиялык окумуштуу, Новосибирск мамлекеттик университетинин археология жана этнография кафедрасынын жетекчиси Юлий Худяков ушу тапта IХ-Х кылымдагы кыргыз каганатынын борборун издөө иштери жүрүп жатканын кабарлады:

- Кыргыз каганатынын тарыхы азыркы Кыргызстан эле эмес, Борбордук Азиядан Монголияга чейинки мейкиндикти кучагына алып жатат. Ушунча аймакка археологиялык казуу жүргүзүүгө бир мамлекеттин кудурети жетери арсар. Эл аралык келишим негизинде мен кыргызстандык Күнболот Акматов менен казакстандык үч тарыхчыны аспирантурага кабыл алгам. Жакынкы үч жылда түштүк Сибир менен Кыргызстанда археологиялык иштерди жүргүзгөнү турабыз. Учурда Сергей Скобелев башында турган университет отряды түштүк Сибирде кыргыз каганатынын борборун издеп жатышат.

Юрий Худяков жана Газиз Телебаев
Юрий Худяков жана Газиз Телебаев

Учурда Борбор Азия элдери тарыхты өздөрүнө ылайыктап жазып атканы маалым. Баары эле өзүн бул аймакка жер каймактаганда байырлап, баарын кармап турган эл катары, ал эми башка улуттарды конок катары көргөзүүгө аракеттенүүдө. Интернет булактарында мунун айынан бөлүнүп урушкандар жетиштүү. Ал эми багы Юлий Худяковдун ою кандай?

- Эл канча жаш болсо, өмүрү ошончо узак болот. Ал эми кыргыздардын байыркы эл болгонун кытай жазууларынан билсек болот. Бул булактар таасын, аларды эч ким четке кага албайт. Окумуштуулар арасында байыркы кыргыздардын жашаган жери боюнча талаш-тартыш жүрүп келет. Кээ бир окумуштуулар Монголиядагы Кыргыз-нур көлүнүн түндүк-батышында жашаган деп айтышат. Биз ал жактан кыргыздардын изин издеп көргөнбүз. Ал эми Москвадагы чыгыш таануу институтунун кызматкери, кытай таануучу Людмила Боровкова кыргыздар биздин замандын IV кылымына чейин Чыгыш Түркстан аймагын байырлаганын аныктаган.

Акыркы убакта кыргыз-казак ортосунда ким биринчи пайда болгон деген суроо талаш жаратууда. Интернет баракчаларга бул аймак бизге таандык болгон, кыргыздар кийин келген деген казак туугандар бар. Мунун чындыгы канчалык? Бул суроону илимий конференцияга келген казак окумуштуусу, “Көчмөндөр маданий мурасы” институтунун жетекчиси Газиз Телебаевге узаттык:

Тарыхчы Тынчтыкбек Чоротегин
Тарыхчы Тынчтыкбек Чоротегин

- Орто Азияда бул калк улуу, бул калк кичүү деп айтканга болбойт. Бардыгы бирдей. Ушул жерден бирөө “Улуу кыргыз каганаты орток мурасыбыз болсун” деп айтты. Бул деген бүткүл түрк тилдүү калктардын тарыхы. Баарыбыздын орток байлыгыбыз. Түрк элдери бир кезде бир мамлекеттин курамында, бир кезде башка мамлекет курамында болушту. Ары-бери көчүп жүрүштү. Буга ушундай кароо керек. Азыр Казакстанда 20 томдук тарых жазылып атат. Ал дагы ушундай көз карашта жазылат деп ойлойм. Биздин жер болгон, алардын жери болгон деп илимден алыс кишилер жазышы мүмкүн. Илимий эмгектерде андай көз караштар кездешпейт.

Ал эми тарых профессору Жаныбек Жакыпбеков конференция кыргыз тарыхына чоң жаңылыктарды киргизди деп эсептейт.

- Конференциянын илимий дагы, идеологиялык дагы мааниси чоң. Себеби, бүгүнкү мезгилге чейин кыргыз каганаты болгонбу же болбогону деген маселе суроо болуп келген. Совет доорунда бул маселе каралган дагы эмес. Батышта кыргыз каганаты болгон эмес деген окумуштуулар бар. Бүгүнкү конференцияны окуу китептерине киргизүү менен биз анын болгонун далилдеп атабыз.

Улуу кыргыз каганатына арналган илимий конференция азыр жаңыдан жазыла баштаган кыргыз тарыхына, албетте, жаңы барактарды ачты көрүнөт. Тарыхчы окумуштуулар тобу азыр жаңы тарых китепти жазып жатканын эске сала кетели.

XS
SM
MD
LG