Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:53

"Жалгыз уулум ВИЧке кабылып..."


Балдары ВИЧке чалдыккан энелердин акциясы. Ош шаары, 14-ноябрь, 2011-жыл
Балдары ВИЧке чалдыккан энелердин акциясы. Ош шаары, 14-ноябрь, 2011-жыл

Ооруканада баласына айыккыс илдетти жуктуруп алган эне акыйкаттык издеп, барбаган жери калбады.

Кыргызстанда ВИЧке чалдыкккан балдардын 64 пайызына бул вирус медициналык мекемелерде жуккан.

ВИЧ ооруканада жукканы далилденген

Кызыл-Кыя шаарынын тургуну, атын Гуля деп атоону өтүнгөн айым 3 жыл мурда бир жаштагы баласына кан куюу учурунда ВИЧ жукканын айтат. Бул боюнча 2011-жылы тергөө башталып, 2012-жылдан бери соттун чечими чыкпай келет. Жалгыз уулу айыккыс илдетке кабылган эне акыйкаттык издеп “Азаттыкка” кайрылды.

- Дарыгерлер мага тукумсуздук диагнозун коюп, көп убакыттан бери төрөй албай жүргөм. 2009-жылы 30 жашымда уулдуу болдум. Анан бардык окуя 2010-жылдын августунда башталды. Бир жаштагы баламды апам короодо көтөрүп жүрүп жыгытып алды. Дароо Кызыл-Кыя шаардык ооруканасынын реанимациясына алып бардым. Мээси чайкалып, ар кандай жаракаттарды алып, эс-учу жок жатты. Эки күндөн кийин менден сурабай эле башына операция жасашты. Бир нече жолу кан куюшту. Мен түшүнөм, ал учурда дарыгерлер колунан келгенин да, келбегенин да жасаганга аракет кылышты. Бирок операция туура эмес жасалгандыктан баламдын оң ыптасы кыймылдабай калды.

Башы да сакайбаган баланы энеси Бишкекке алып келип дарылаткан. Борбордогу ооруканада бир жаштагы наристеден ВИЧ табышты. Аймактагы прокуратура жана башка органдар арызына көңүл бурбаган Гуля 2011-жылдын аягында акыры Башкы прокуратурага жетти.

Башкы прокуратуранын тергөөчүсү ВИЧ Кызыл-Кыядагы ооруканада кан куюу учурунда жукканын далилдегенин билдирген.

Сөз кайрадан баланын энесинде:

- Дарыгерлер “плазма куялы, бул бардык антибиотиктерден жакшы” деп 11 жолу плазма куюшкан. Ошонун биринчисинде ВИЧ бар болуп жатат. Тергөө учурунда кан алган лабораториянын лаборанттары абдан көп каталарды кетирери билинди. Ал бөлүмдүн жумуш ордунда отурбаган башчысы кагаздарды карабай туруп, кол коюп берери такталган. Алар кийин күнөөнү улгайып калган дарыгерге оодарганга аракет кылышты. Ал өзү да онкологиялык дарттан кыйналып, күнү бүтүп бараткан киши болчу.

Созулган сот

Тергөө жыйынтыкталып, иш 2012-жылы июнда Кызыл-Кыя шаардык сотуна өткөн. Ошентип бир жарым жылдан бери соттук териштирүү уланууда. Гулянын айтымында, ага шаардык соттун кызматкери 400 миң сомдон ашык акча алып келип, ишти токтотууга аракет кылган. Ал бул акчаны шаардык оорукананын дарыгерлери чогултуп, жардам катары берип жиберишкенин билдирген. Жабырланган баланын энеси ошол акча судьянын чөнтөгүнө түшүп, дарыгерлер менен бир иш кылып атат деп ойлойт.

Кызыл-Кыя шаардык ооруканасынын Трансфузиология бөлүмүнүн башчысы Кеңеш Абдымомунов анын баарын четке кагып, балага ВИЧ жуктурууда да күнөөбүз жок деп эсептейт:

- Биз күнөөнү мойнубузга албайбыз. Ага себептерди айтып берейин. Биринчиден, экспертизада балага ВИЧ биздин ооруканада жукканы толук далилденген жок. Экинчиден, ал бала бизде жатты, кийин ар кайсы жерлерде дарыланды, Бишкекке да барып жүрүштү. Балким ошол жактан жуктургандыр. Тергөө ошону так аныктган жок. Үчүнчүдөн, ВИЧ оорусу бар делип жаткан донор соттук-медициналык экспертизада каталар менен текшерилген. Ал биринчисинде таза болуп чыгып, экинчисинде илдети бар болуп чыгып калды. Эки текшерүүнүн ортосунда Орусияга барып жуктуруп келгендир. Азыр Орусияда жүргөндүктөн кайра текшерүүгө мүмкүнчүлүк жок болуп жатат. Мен өзүм хирургмун. Ошол донордон кан алган күнү операция кылыш керек болуп, ордума терапевт дарыгерди калтырып кеткем. Ал кишини бир да сурашкан жок. Терапевт тергөө жүрүп жатканда тың эле болчу, жакында каза болду.

Тергөөнү алты ай Башкы прокуратуранын маанилүү иштер боюнча тергөөчүсү Мухаммед Карашев жүргүзгөн. “Азаттыкка” анын атынан жооп берген Башкы прокуратуранын маалымат кызматы 2010-жылы Кызыл-Кыядагы шаардык ооруканага бала түшкөн учурда трансфузиология бөлүмүнө кан тапшырган 11 донор текшерилгенин билдирди. Алардын бири - Орусиядан келген жарандан ВИЧ табылган. Ар бир донордун каны дыкат текшерүүдөн өтүш керектигин айтпаганда да эрежеге ылайык, чет өлкөдө болуп келген адам бир нече айга чейин донор боло албайт.

Башкы прокуратуранын өкүлү Санжар Абжалов трансфузиология бөлүмүнүн башчысы Кеңеш Абдымомунов менен лаборанттын күнөөсү толугу менен далилденгенин билдирди:

- Тергөө учурунда врачтар мындай жүйөө келтиришти: ВИЧ жана гепатит жуктурган адамдын организми ага каршы заттарды иштеп чыккандыктан жуктурган алгачкы үч айда илдети 95 пайыз аныкталбайт. Алар текшерген учурда билинбей калышы мүмкүн экен. Бирок Орусияга барып келген адамдан үч айдан кийин гана кан алыш керек болчу. Булар болсо кагазга “чет жакка чыккан эмес” деген белги коюп, донор кылышкан. Тергөө учурунда айыпкерлер ошол донордун канын балага куйганын өздөрү тастыкташты, бизде справка бар.

Ага карабай айыпталуучулардын адвокаты иш кемчиликтер менен тергелген деп ишти кайра тергөөгө жөнөтүүгө аракет кылган. Анын өтүнүчүн Кызыл-Кыя шаардык соту да, андан кийин Баткен облустук соту да канааттандырган. Иш Жогорку Сотко жеткенде гана "соттун чечими чыгыш керек" деп кайра шаардык сотко ишти кайтарып берди. Кайсы бир жумушту аткарууда чектелген мөөнөт болот. Мамлекеттик органдар ошол убакыт толук өтүп кетмейин аягына чейин жүрүү акысын колдонуп келишет. Мисалы иш Жогорку Сотто ушул жылы 27-февралда каралса, шаардык сотко 27-апрелде гана келген. Шаардык сот аны 24-майда карап баштаган. Бир нече жолку отурумдан кийин донордун справкага койгон колун текшерүү үчүн кол тамга экспертизасына жөнөтүлдү.

Эптеп убакыт созуу амалыбы?

Ошентип ушул жылы июндун ортосунда кеткен кол жазманы Юстиция министрлигиндеги экспертиза борбору 1-октябрда алганын тастыктаган. Юстиция министрлиги “Азаттыкка” кол жазманы текшерүүгө эки ай убактысы бар экенин билдирди. Бирок июндун ортосунда жиберилген документ октябрда жеткенине ишенсек, дагы эки ай мөөнөт 1-декабрда бүтүп жатат. Экспертиза борбору эки гана адиси бар экенин, баласы ВИЧ жуктуруп алган Гулянын ишине тиешелүү кагазды караганга кезек жетпей жатканын билдирди.

Орусияга барып келген адамдан үч айдан кийин гана кан алыш керек болчу. Булар болсо кагазга “чет жакка чыккан эмес” деген белги коюп, донор кылышкан. Тергөө учурунда айыпкерлер ошол донордун канын балага куйганын өздөрү тастыкташты, бизде справка бар.
Санжар Абжалов
Кан берерде “чет өлкөгө чыккан жокмун” деп коюп берген колду текшерүүгө кезек жеткенче кылмыш жообуна тартуу мөөнөтү өтүп кетти. Бул багыттагы укуктук тартиптерин Башкы прокуратуранын ага прокурору Санжар Абжалов түшүндүрүп берди.

- Бул нерсени кыргызча кылмыш жазасына тартуунун эскириши деп коёт. Кылмыш-жаза кодексинин 67-беренесине ылайык, оор эмес кылмыш жасагандан бир жылдан кийин аны жазага тартуунун күчү жоголот. Ал эми анча оор эмес кылмыштыкы 3 жыл, оор кылмыштыкы андан көп. Дарыгерлердин айынан ВИЧ жуктуруу боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 117-беренеси боюнча козголгон иш анча оор эмес кылмыштын түрүнө кирет. Ошондо айтылып жаткан кылмыштын мөөнөтү өтүп кетиптир.

Жалгыз уулу бар жалгыз бой эне "сот ишти атайын создуктурду",- дейт. Айтымында, Кызыл-Кыя шаардык ооруканасынын башкы дарыгери менен ишти карап жаткан шаардык соттун төрагасы жакын кошуна жана мамилелери жакшы.

Шаардык соттун төрагасы Жаныш Аширов болсо бул жүйөөлөрдү жокко чыгарды. Ал укуктук негизде зарыл болгон териштирүүлөрдү жасаганга туура келүүдө дейт. Анын атынан Жогорку Соттун маалымат катчысы Айнура Токтошева буларды билдирди:

- Дарыгерлер менен сүйлөшүп алып атайын кылып жатат дегенди шаардык сот четке кагат. Донорго биринчи жолу жасалган экспертизада ал таза чыккан. Балким кийинки текшерүүсүндө Орусияга барып жугузуп келгендир деген маселе болуп жатат. Ошондуктан кайра экспертиза дайындалды. Судьялар үчүн деле дароо бир чечим чыгаруу кыйын.

Кыргызстанда жоопко тартуунун мөөнөтү өтүп кеткенден кийин соттук иштер кыскартылып калган учурлар өтө көп. Ага жеткирбөөгө аракет кылган Гуля 2010-жылдан бери барбаган жери, какпаган эшиги калган эмес. Акыйкатчыдан тарта Саламаттык сактоо министрлиги, президентке чейин арызданган. Азыр 4 жаштагы баласынын оң тарабы бир аз иштеп калганы менен жакшы сүйлөй албайт. Дагы да илгери үмүтүн үзбөгөн эне башка аялдардан шайырдыгы, жашоого болгон оптимисттик көз карашы менен өзгөчөлөнүп турат.

- Баламды көргөн адам ушунча оор жараатка туш болду деп ойлобойт. Күлүп жүрөт, аябай келишимдүү. Азыр жакшы жүрөт, оң колу менен бутун бир аз иштете баштады. Бирок сүйлөй элек. Ошентсе да жакшы. Бишкектеги дарыгерлерге рахмат, абдан көп эмгек сарпташты. Баланы сууктан, башка нерселерден абайлап турам. ВИЧтин дарыларын окуп чыксам аябай коркунучтуу, чынында адам ВИЧтен өлөбү же дарылардан өлөбү билбейм. Апам менен жашайбыз. Баламдын атасы жакында кырсыктан каза болду.

Көп жылдарга созулган соттук иштердин кыстартылып кетиши Кыргызстанда кеңири жайылган тажрыйба. 2007-2009-жылдары Оштун Ноокат районундагы ВИЧ жуккан 10 чакты баланын ызы-чуусу да көпкө созулган. Алар үчүн күнөөлүү делген дарыгерлер кыска мөөнөткө шартуу кесилип, айрымдарына жаза пул гана салынганына энелери нааразы болуп келет.

Өткөн жылы Ошто жүргүзүлгөн изилдөөдөн кийин дагы 147 балага так ушул жылдары ВИЧ жуктурулганы аныкталды. Кыргызстан боюнча 2013-жылдын 1-октябрына карата 488 баладан ВИЧ табылды. Республикалык СПИД борборунун маалыматына ылайык, алардын 313ү же 64 пайызы илдетти медициналык мекемелерде жуктурушкан.

XS
SM
MD
LG