Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:51

Укук коргоочулар Кыргызстандагы убактылуу кармоочу жайларда жана тергөө абактарында кыйноолордун саны кескин өскөндүгүн белгилешти. Бирок андай учурлардын бар экендигин тастыктаган бийлик органдары аталган мүнөздөмөнү аша чапкандык катары баалашты.


Кыйноолорду иликтөө кыйынбы?

Укук коргоочулар шектүү деп кармалган адамдарды кыйноого алган учурларды иликтөөнүн натыйжасыз жүрүп жаткандыгын айтып чыгышты. Убактылуу кармоо жайларындагы жана тергөө абактарындагы мындай учурлардын көпчүлүгүнүн бети ачылбай калгандыгы анын санынын кескин өсүшүнө түрткү болуп жаткандыгы белгиленди.

Азиза Абдрасулова
“Кылым шамы” укук коргоо борборунун жетекчиси Азиза Абдрасулова кыйнап көрсөтмө алуу учурлары өзгөчө быйыл күчөп кеткендигине токтолду:

- Мына мисал үчүн биздин уюм тарабынан эле 2009-жылы жүздөн ашуун ушундай мазмундагы арыздардын негизиндеги фактылар катталган болчу. Быйыл болсо күндө эле чырылдап чалып жатышат. Биз мындай негизде кайрылган арыздарды карап, иликтеп үлгүрбөй жатабыз. Буга менимче өлкөдөгү саясий туруктуулуктун жоктугу, апрелдеги жана июнь окуяларынын кесепеттери ушуга жол ачып койду. Убактылуу кармоо жайларындагы жана тергөө абактарындагы кыйноолордун сексен пайыздан ашууну ички иштер органдарынын жана улуттук коопсуздук тармагынын кызматкерлерине туура келет.

Көйгөй жана кайдыгер мамиле

Бирок убактылуу кармоо жайларындагы жана тергөө абактарындагы кыйноолордун кескин күчөгөндүгүн тартип коргоо органдарынын өкүлдөрү жокко чыгарышты.

Башкы прокурордун орун басары Сумар Насиза кыйноо аркылуу көрсөтмө алган айрым учурлардын бар экендигин айтып, бирок аны жапырт мүнөзгө өттү дегенге негиз жоктугуна токтолду. Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, үстүбүздөгү жылы тартип коргоо органдарынын кызматкерлерине карата отуз кылмыш иши козголгон.

Турсунбек Акун
Акыйткачы Турсунбек Акун бийлик органдарынын көз карашын тең бөлүшүп, бирок маселеге көз жумду мамиленин бар экендигин да кошумчалады:

- Андай фактылар жок деп бийлик органдары аны четке какпай эле турат. Бирок айрым укук коргоочулар айткандай ал жапырт мүнөздө болуп жаткан жок да. Кыйноого байланышкан бир катар фактыларды иликтеп жатабыз. Бирок андай учурларды өтө эле көп болуп кетти деп, ошол бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү көбүртүп-жабыртып жатышпайбы. Алар ушундай жыйындарды пайдалануу менен Кыргызстанды жаманатты кылууга кызыкдар болуп жатышкансыйт. Бир жагынан прокуратура, ички иштер жана коопсуздук органдарынын жетекчилеринде да айып жок эмес. Алар ар бир катталган фактыны аягына чейин иликтеп, жыйынтык чыгарып турушса болмок. Анын ордуна алар бул маселеге кайдыгер карап, көз жумдулук кылган учурлар да болуп жатат. Биз эми бири-бирибизди жөн эле сындай бербей ушул маселени канткенде жөнгө салабыз. Ошону чечсек жакшы болмок.

Ырайымсыз мамиленин ыкмалары көп

Кайсы бир кылмышты моюнга алдырууда же башка бирөөгө каршы көрсөтмө алууда кыйноонун түрдүү усулдары колдонула тургандыгы айтылды. Укук коргоочулар ошол эле учурда кыйноого алынгандар ал тууралуу арыздана албай келишкендигин мисал келтиришти. Буга кыйноого алынган адамдардын ички иштер органдарына караштуу убактылуу кармоо жайларында көпкө чейин камалып тургандыгы себеп болгондугу белгиленди.

Дүйнөнүн бир нече өлкөлөрүндө кыйноолорго каршы жыйындар өтүп турат.
Азиза Абдрасулова
аталган жайларда колдонулган кыйноолордун түрлөрү советтик мезгилдегиден айырмасы жок экендигин кошумчалады:

- Өтө коркунучтуу кыйноолордун түрлөрү: катары кабыргасынан илип коймой, бир канча саатка муздак душтун алдына отургузуу, тамандарына таяк менен уруу, тырмагына ийне сайуу жана башына желим пакет кийгизип тумчуктуруу сыяктуу аракеттер кирет. Мына ушулардын бардыгы айрыкча улуттук коопсуздук кызматынын тергөө абагында колдонулат. Анткени ал жак коомчулуктан толук жабык. Ал жакта эмне болуп жаткандыгы боюнча маалымат алуу өтө эле кыйын. Андагы тергөө абагынын абалы керек болсо прокуратура органдарынын көзөмөлүнөн да четтеп кеткен. Муну биз башкы прокурор менен сүйлөшкөндө ал киши да моюнуна алды.

"Алсыздын акыркы ыкмасы"

Ошол эле учурда актоочулар кылмышка шектелгендерди коргоодо жана алардын кыйноого алынбашын көзөмөлдөөдө алардын аракеттери натыйжа бербей жаткандыгын белгилешти. Актоочулардын кыйноого алуу фактыларын иликтөө боюнча чара көрүүгө чакырган өтүнүчтөрү прокурорлор жана соттор тарабынан жоопсуз калган учурлардын көп экендиги эскертилди.

Ошондой эле актоочу Нурбек Токтакунов кылмыштын бетин ачууда кесиптик деңгээли төмөн тергөөчүлөр менен оперативдүү кызматкерлер кыйнап моюнга алууга көнүп алышкандыгын мисал келтирди:

- Мына азыр ушундай кырдаал болуп калды. Милиция кызматкерлери же айрым тергөөчүлөр кармалгандарды уруп-сабап эле моюндарына алдыра коюшат. Кыйноо аркылуу моюнга алдыруу эң оңой жол. Эгерде ал чыныгы кылмышкер болгондо да бул усул колдонулбаш керек. Бирок өтө татаал кылмыштарды жасагандар менен бул ыкманы колдонуу натыйжа бербейт. Бирок көпчүлүк оперлер менен тергөөчүлөр кылмыштын бетин ачуунун башка жолдорун билишпейт. Күч колдонуп моюнга алдыруу күчтүү кызматкерлердин иши эмес. Алар акыл парасат менен далил чогултуп айыбын моюнуна койот.

Жыйналыштын аягында кыйнап көрсөтмө алуу учурларын ооздуктоо үчүн мыйзамдык чараларды иштеп чыгуунун жолдору талкууга алынды. Кыйноого алган учурлардын бетин ачуу жана аларды иликтөөнү тереңдетүүгө багытталган төгөрөк үстөл жыйыны БУУнун адам укугу боюнча жогорку комиссарлыгы тарабынан уюштурулду.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG