Линктер

Кыргызстандын Жогорку Соту укук коргоочу Азимжан Аскаровдун иши жаңы жагдайларга байланыштуу 11-июлда кайра каралып башталарын билдирди.

Ушул жылдын апрель айында Бириккен Улуттар Уюмунун адам укуктары боюнча комитети кыргыз бийлигин Аскаровду абактан бошотуп, сот өкүм жокко чыгарууга чакырган. Бул сунушту эл аралык коомчулук жана жергиликтүү укук коргоочулар кубаттап чыккан. Аскаровду күнөөлүү деп эсептеген тарап эгер ал бошотулса нааразылык чыгаарын эскертүүдө.

Жогорку Соттун маалымат катчысы Айнура Токтошеванын маалымдашынча, жаңы ачылган жагдайлар боюнча укук коргоочу Азимжан Аскаровдун ишин кайра кароо тууралуу айыпталуучу тараптын арызы канааттандырылды. Алгачкы соттук жараян 11-июлга белгиленди:

- Жогорку Сотко жаңы ачылган жагдайлар боюнча ишти кайра карап чыгуу боюнча адвокатынын жана өзүнүн арызы келип түштү. Жогорку Соттун жазык иштери жана административдик укук бузуу боюнча соттук коллегиясы Аскаровдун ишин 11-июлда карайт. Процесс ачык болот.

Ушул жылдын апрель айында Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча комитети Аскаров абактан бошотулуп, аны айыптаган өкүм жокко чыгарылышы керек деп билдирүү жасаган. Анда укук коргоочу мыйзамсыз камалганы, кыйноого туш болгону, сот адилеттүү чечим чыгарбаганы жана өзүн коргоого мүмкүнчүлүк берилбегени, абакта оор шартта отурганы айтылган. Бул билдирүүнү эл аралык жана жергиликтүү адам укугун коргоочу уюмдар кубаттап чыккан.

“Бир дүйнө-Кыргызстан” укук коргоо кыймылынын жетекчиси Төлөкан Исмаилова Кыргызстан БУУнун сунушун аткарууга милдеттүү экенин айтууда:

- Бул адамга каршы мамлекет куугунтуктоонун бүт курал-жабдыгын колдонгон. Мыйзамсыз камаган, кыйнаган. Ушул алты жылга жакын убактан бери бир дагы сот акыйкаттуу болгон эмес, соттун форматына туура келген эмес. БУУнун адам укуктары комитети айткандай, аны сөзсүз түрдө бошотуу керек. Биз Жогорку Соттун чечимин чыдамсыздык менен күтөбүз. Бул азыркы бийликке акыйкат болобу же болбойбу деген саясий экзамен.

Муруну баш прокурор Кубатбек Байболов Азимжан Аскаров бошотулушу керек деген пикирге кошулбайт. Бирок убагында эң катаал жаза берилип калган, мындан улам анын иши кайра каралышы керек деп эсептейт:

- Азимжан Аскаровду бошотуу керек дегенине мен кошула албайм. Бирок иш кайра каралышы керек дегени туура. Албетте Аскаровдун кыймыл-аракетинде кылмыштын белгилери бар. Бирок ал үчүн өмүр бою эркинен ажыратуу өңдүү эң жогорку жаза жок. Мен ага эң оор жаза берүүгө каршы болгом. Маселен, адам өлтүрүүгө катышкан, калайман башаламандык уюштурган деп айтып жатышпайбы. Бирок биздин мыйзам боюнча бул кылмыштарга 20, 25 жыл беришибиз мүмкүн. Бирок эң жогорку жаза каралган эмес. Маселе ушунда болгон. Бошотулсун деген пикирде эмесмин. Бирок иш кайра каралышы керек.

Маркум милиция кызматкери Мыктыбек Сулаймановдун жубайы Чынара Бечелова Аскаровдун анын күйөсүн мыкаачылык менен өлтүрүүгө катышканынан күмөн санабайт. Ал Аскаровдун бошотуу аракети жүрүп жатканын айыптап, эгер абактан чыгарылса нааразылык чыгаарын эскертти:

- Эмне мебептен эле бир тараптуу эле анын кыйналганын айтышат? Эгер Аскаров чыга турган болсо, анда дагы туруксуздук болот. Эмне бийлик ошону каалап жатабы? Себеби адамдар азыр ушундай кыжырдануу менен отурат. Жакын адамыңды мыкаачылык менен өлтүрүп кетүү - өтө оор нерсе. Биз алты жылдан бери араң отурабыз.

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда жашаган Азимжан Аскаров 2010-жылы июнь коогасына байланыштуу камакка алынган. Ага “улут аралык жаңжалды козуткан, калайман башаламандык уюштурган жана адам өлтүрүүгө аралашкан”, деген айып тагылып, өмүр бою эркинен ажыратылган.

XS
SM
MD
LG