Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:41

Аскаровдун ишин кайра кароо сунушталууда


Азимжан Аскаров абакта. 2011-жылдын декабры.
Азимжан Аскаров абакта. 2011-жылдын декабры.

Өмүр бою эркинен ажыратылган укук коргоочу Азимжан Аскаровдун адвокаттары анын ишинде жаңы жагдайлар табылганын айтып, Башкы прокуратурадан кайрадан тергөө жүргүзүүнү өтүнүүдө.

Башкы прокуратура “Бир дүйнө-Кыргызстан” укук коргоо кыймылынын жетекчиси
Төлөйкан Исмаилованын өтүнүчүнүн негизинде Азимжан Аскаровдун иши боюнча жаңы жагдайлар иликтене баштаган. Бирок өткөн айда Баш прокурордун орун басары Людмила Усманова өз токтому менен тергөө тобунун ишин токтоткон. Усманова мындай токтомду чыгаруу менен мыйзамдын бир нече нормаларын бузду, - деди укук коргоочу:

- Бул ишке биз 8-апрелде дагы кайтабыз. Биз Азимжан Аскаровдун, ошол эле убакта маркум Сулаймановдун да тагдырын ойлоп жатабыз. Анткени аны өлтүргөн киши да табылышы керек. Сот бүттү деп эле баарын жаап койгон болбойт. Башкы прокуратура өзүнүн ишин так аткарбай жатат.

Исмаилованын айтымында, эгерде иш боюнча жаңы жагдайлар пайда болсо ар бир соттолгон адам ишти кайрадан каратууга толук укугу бар. Бирок Аскаровдун ишин кароодо Баш прокуратура буга көз жумууда. Азимжан Аскаровдун адвокаты Валерьян Вахидов анын токтомду жокко чыгаруу боюнча арызын караган Октябрь райондук соту бүгүн Башкы прокуратуранын өтүнүчүнүн негизинде кийинки жараянды 8-апрелге дайындады. Вахидов учурда абакта жаткан Аскаровдун саламаттыгы улам начарлап баратканын кошумчалады:

- Жашы 60тан өтүп калды, түрмөдө күн жок, тамак-аш жакшы эмес. Абалы начар. Бутум, жүрөгүм ооруп жатат дейт.

Азимжан Аскаров 2010-жылдагы июнь коогалаңында Жалал-Абадда башаламандык уюштурган, милиция кызматкерин өзгөчө мыкаачылык менен өлтүрүүгө катышкан деген айып менен өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган. Жабырлануучулар жана милиция кызматкерлери Аскаров кандуу кагылышка активдүү катышкан деген ойлорун айтып келет. Бул иш боюнча өлкө башчысына да көп сандагы кайрылуулар келип түшкөн. Бирок мындан эки жыл мурун Германияга болгон сапарында президент соттун ишине кийлигишпесин айткан. Былтыр дагы Бельгияга сапары учурунда Алмазбек Атамбаев журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып мындай деген:

- Мен Аскаровдун эбак эле эркиндикте болушун каалайт элем. Анткени мен президент болгон бир жыл тогуз айдан бери Аскаров тууралуу гана угуп жатам. Бирок андай болуш үчүн далилдер керек да. Эки милиция кызматкери өлтүрүлгөн, баштарын кесип, өрттөп жиберишкен. Ошол эле учурда так Аскаровду көрсөткөн күбөлөр бар. Анын күнөөсү жоктугу тууралуу ушул тапта далилдерди алган жокмун, кайрылуулар гана бар.

Атамбаевдин мындай билдирүүсү соттун чечимине таасир этти деп Кыргызстандагы укук коргоочулар кеңеши тарабынан сынга алынган.
Бир катар эл аралык уюмдар, жергиликтүү жана эл аралык укук коргоочулар Аскаровго карата чыгарылган өкүм акыйкатсыз болгонун, тергөө учурунда ал кыйноолорго кабылганын, мыйзам бузуулар болгонун айтып келет.

"Аскаровдун иши кайра каралсын"
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:35 0:00


Аскаров жакында эле өзүнүн күнөөсүз экенин “калп аныктагыч” менен текшерүүнү суранып, БУУга, АКШ, Германия жана Франциянын Кыргызстандагы элчиликтерине, ЕККУга, омбудсменге, адам укуктары боюнча эл аралык уюмдарга жана жалпыга маалымдоо каражаттарына кайрылуу жолдогон. Бирок Баш прокуратура калп аныктагыч деген түшүнүк мыйзамда жок экенин айтып, бул аракет Аскаровго эч кандай жеңилдик алып келбей турганын билдирген.
  • 16x9 Image

    Жанар Акаев

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти. "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. 2009-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG