Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:03

Сардана: Кыргыз сахнасында бийлесем


Сардана Сайдакулова
Сардана Сайдакулова

Сардана Сайдакулова Якутиядагы таланттуу балериналардын катарында. Ал мындан 40 жыл мурун өнөр артынан кеткен журтташыбыз Эсен Сайдакуловдун кызы.

Сахна... Жагымдуу музыка ыргагында буттун учу менен басып, абада ак куудай калкыган балерина. 28 жаштагы Сардана бул образды жаратуу үчүн кандай түйшүк тартканын көрүүчүлөрдүн баары эле аңдай бербейт. Тынымсыз машыгуу, чыңалган нерв...

- Көпчүлүгү балет сонун өнөр деп ойлошот. Өнөр адамдары сахнага дайыма жылмайып чыгат эмеспи. Көшөгө артында кандай кайгырып турса да, эл алдында кабагы жарык. Балетте бийлөө үчүн күчтүү эрк керек, тоодой эмгек жумшайсың. Таңдан кечке машыгасың, жыгыласың, денең ооруйт, ыйлайсың... Ушундай түйшүк менен көз жоосун алган бий даярдалат, - дейт ​Сардана Сейдакулова.

Якут элинин таланттуу балериналарынын катарында жүргөн Сардана бий өнөрүнө бармактайынан аралашкан. Сахна менен дем алып, ансыз жашоосун элестете албайт.

- Сахнага чыкканда бардык кыйынчылык унутулат. Көрүүчүлөрдүн шатырата кол чаап колдогонун эч нерсеге алмаштырбайм. Көбүнчө алдыңкы партияларды аткарам. Ошолордун ичинен "Жизелде" образ жаратканыма сыймыктанам. Ийгиликтер дагы алдыда. Мен буга ишенем. Кандай кесип болбосун аны сүйүш керек.

Аккан арыктан суу агат

Адам баласына кесиби, аркалаган өнөрү капысынан келип калбайт эмеспи. Сардана эмнеге балетти тандап калганына кызыктык.

- Мен беш жашымда эле көркөм гимнастикага баргам. Көркөм гимнастикадан спорттун чеберимин. Ата-энемдин баскан изи менен кеттим. Мен төрөлгөнү балет менен жашап, балет менен чоңойдум. Анткени апам, атам дагы Саха Республикасынын эмгек сиңирген артисттери. Тактап айтканда, ушул өнөрдү аркалашат. Мага ушундай тагдыр буюрганына кубанычтамын.

Сардана мындан 40 жыл мурун тагдыр буйругу менен Якутияга кеткен журтташыбыз ​Эсен Сайдакуловдун кызы. Эсен аба Кемин районунун кулуну. Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайын аяктаган. Өткөн кылымдын 70-жылдары Кыргызстанга якутиялык артисттер турне менен келгенде аларды ээрчип кеткен экен. Саха Республикасынан өмүрлүк жарын жолуктуруп, якут элине күйөө бала болгон. Учурда жубайы Мария да Якутия театрында балетмейстер. Экөө тең Саха Республикасынын эмгек сиңирген артисттери наамын алган. Уулу Нурлан күч органдарында эмгектенет.

Журтташыбыз маал-маалы менен үй-бүлөсүн алып Кыргызстанга келип турат. Сардана Сейдакулова азыр кырыз балетинен кабардар эмес. Бирок "келечекте Кыргызстанда да өнөрүмдү тартууласам" деген изги тилеги бар.

- Кыргызстанда туугандарыбыз көп. Чоң атамды аябай сагындым. Ушул жайда буюруса барам. Кыргызстанга эс алганы эле келип кетем. Кыргыз балети жөнүндө анча кабардар эмесмин. Кыялымда кандайдыр бир фестивалдын шаңы менен барып, өнөрүмдү элиме тартуулагым келет.

Кыргызстанда жаштар театрга барбай калганы көп айтылат. Сарданадан Якутиядагы балет, театр күйөрмандары жөнүндө сурадык.

- Якутияда эл балетти жакшы көрөт десем болот. Бардык спектаклдерибиз зал толо эл менен өтөт. Ооба, бул бир жылда эле келе калган жемиш эмес. Адегенде көрүүчүнүн көркөм искусствого болгон табитин ойготуу керек. Якутияда жаштар менен кызматташып, аларды театрга тартып келүүгө аракеттер көрүлгөн. Азыр мунун баары жолго салынып келатат.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG