Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:05

Качкынбаев: облус башчысына муктаждык жок


Сейтек Качкынбаев коомдук өнүгүү жаатында уюштурулган семинарлардын биринде.
Сейтек Качкынбаев коомдук өнүгүү жаатында уюштурулган семинарлардын биринде.

Район, шаар жана облус башчылыгына коомго белгилүү эмес кишилердин дайындалышы саясий элитаны мокотуп жатабы? Жергиликтүү аткаминерлерди дайындоодо өнүгүү эмес, саясат роль ойноп калдыбы?

"Азаттыктын" ушул жана башка суроолоруна “Демократ” партиясынын төрагасы Сейтек Качкынбаев жооп берди.

“Азаттык”: Жетекчилик кызматтарга коомго белгилүү эмес, ийгиликтүү иштери жок кишилердин дайындалышы - экономикалык-социалдык маселелердин чечилбей калышында негизги ролду ойноп жаткан жокпу?

Качкынбаев: Жалпысынан алганда, бул системанын оң жана терс жактары бар. Бирок, азыркы мезгилде Кыргызстан үчүн губернатор институтунун кереги жок.

Өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү азыр керек эмес. Себеби, азыр айыл өкмөтү маанилүү жергиликтүү орган болуп калды. Айыл өкмөт башчысы шайлоо менен келген, легитимдүү мамлекеттик кызматкер. Район акими, облус жетекчиси жөн эле статисттин эле кызматын аткарышууда. Мындайча айтканда, бийликтин аймактагы көзөмөлдөөчү органы деп сыпаттама берсек болот.

Айыл өкмөттөрүнө түздөн-түз басым өткөрүүгө мыйзам боюнча алардын акылары жок. Юридикалык жактан алганда, айыл өкмөт башчылар күчтүү. Себеби, алар шайланышкан. Район жана облус башчылары дайындалып жатышпайбы. Андыктан, элдин добушу менен келген кишиге буйрук бере албайт. Алар жөн эле уюштуруу иштери менен алектенишип, статистика менен гана алпурушуп отурушат.

Андан тышкары, шайлоодо бийликтеги партияны колдоого элди үгүттөөчү орган десек да болот.

“Азаттык”: Бүгүнкү заман талабына ылайык, жергиликтүү бийликтин башчысы кандай сапаттарга ээ болушу керек?

Качкынбаев: Бул маселеде көп нерсе өкмөт башчынын абийиринде. Анүстүнө, район же облус жетекчилери кандай критерийлер менен тандалары боюнча аныктама да жок. Бул жагы элге белгисиз.

Жалпы түшүнүк катары алганда, алар жергиликтүү проблемаларды чечүүдө ишбилгилигин, башкаруучулук сапатын көрсөтө алган адам болууга тийиш. Кандай багытта иш жүргүзүү керектигин көрсөтө алган лидерлик сапаты болушу шарт.

“Азаттык”: Саясий элитанын улам мокоп барышына бийлик өзү жол ачып жатат, деп айтууга мүмкүнбү?

Качкынбаев: Бул аябай өкүнүчтүү. Эгер бийлик абийир менен иштеп, буга жол койбосо жакшы эле. Сиздин сурооңузга “ооба” деп жооп берүүгө негиз бар.

XS
SM
MD
LG