Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:09

Гүлүмдүн жапон күйөрмандары (видео)


Жапон тилинде ырдаган кыргыз ырчысы Гүлүм Касымбаева.
Жапон тилинде ырдаган кыргыз ырчысы Гүлүм Касымбаева.

Мекендешибиз Гүлүм Касымбаева учурда Жапонияда концерт коюп жүрөт. 18-сентябрда башталган гастролдук туру 1-октябрда аяктайт.

Алыста жүргөн Касымбаева Окаяма шаарында өткөн чоң концертинен түшкөн каражатты Кыргызстандагы азиз балдарды дарылоого которот.

27-сентябрда мекендешебиз Токиодо өтө турган “Борбордук Азия жана Жапония” симпозиумунда Кыргызстандын атынан ырдайт.

Гүлүм Касымбаеванын эки көзү тең начар көрөт. Кичине кезинен ырчы болууну каалаган азиз кыз алгач музыкалык орто окуу жайынан кийин Опера жана балет театрынын алдындагы студияда, СССРдин Эл артисти Кайыргүл Сартбаеванын классында эки жыл билим алган. Андан соң Улуттук консерваториянын эстрадалык кафедрасын аяктаган. Алты жылдан бери жапон ырларын ырдоону өздөштүрүп, учурда ондон ашуун ырды аткарып жүргөн мекендешибиз буга чейин Күн чыгыш өлкөсүнүн музыкасына кантип кызыгып калганын “Азаттыкка” айтып берген:

- Биздин Азиздер жана дүлөйлөр коомуна Жапониядан Мацуда-сан деген ыктыярчы келген. Ал менин чыгармачылыгымды угуп, жактырып, жапончо ырдап көрчү деп сунуштап, сөздөрүн жазып берген. Биринчи ырды бир жума ичинде ырдап чыгып кайра угузсам абдан жактырып “кудум эле жапондордой акценти жок ырдайт экенсиң” деп мактады. Анан бул тилде ырдай баштадым.

Гүлүм Касымбаева бул маектин соңунда келечекте жапон өлкөсүндө концерт берүү тилеги бар экенин айткан. Ал тилеги орундалган ырчы концерт коюп жүргөн жеринен телефон аркылуу өзүнүн сезимдери менен бөлүштү:

- Мени аябай жакшы сезимдер курчап турат. Анткени ар бир шаарда концертибиз аншлаг менен өтүп жатат. Элдин кол чабуусунан, мени коштоп ырдашкандарынан алар мени кандай деңгээлде кабыл алганын сезип жатам. Абдан жакшы эмоцияларды байкап жатам. Негизи бул концерттер эки өлкөнүн достук мамилесин бекемдөөгө көп салым кошот деп ойлойм. Жапондор биздин кыргыз ырларды сурап жатат. Учурда үч кыргыз ырын, үч жапон ырын өзүнчө диск кылып сатып жатабыз. Аларга айрыкча “Эсимде”, “Энеме” деген ырлар аябай жакты.

Гүлүм Касымбаева ушул жылдын 8-март күнү Жапонияда өткөн 18 өлкө катышкан “Ырдайлы жапон ырларын” Эл аралык сынагында гран-прини жеңип алган эле. Ошондон кийин бул гастролдук тур уюштурулуп, мекендешибиздин жапон шаарларында концерт коюшуна шарт түзүлгөн.

“Жапон-кыргыз биримдиги" уюмунун негиздөөчүсү Ибарат Самакова Касымбаева Окаяма шаарында өткөн чоң концертинен түшкөн каражатты Кыргызстандагы көзү начарларды дарылоо үчүн которорун билдирди:

- Гүлүм Окаяма шаарында өткөн эң чоң концертти “Кайрымдуулук концерти” деп атады. Ал жерде миң кишилик концерт бердик. Билеттерди сатуудан түшкөн каражаттар Кыргызстандагы көзү азиз балдардын операциясы үчүн сарпталат деп жапондор план түзүп жатат. Гүлүм Кыргызстанга келгенден кийин артынан кайрымдуулук концертинен түшкөн каражат жөнөтүлөт. Учурда Бишкектеги операция боло турган балдардын тизмесин түзүп, даярдап жатабыз.

Ибарат Самакова Гүлүм Касымбаева эки көзү начар көргөнүнө карабай алдыга чоң максаттарды коюп, буга чейин да кайрымдуулук иштерин жасап келгенин белгиледи. Кыргызстандык ырчы буга чейин да жапон аткаруучусу Мита Ре менен Токиодогу концертке чыгып “Кыргыз кызы сүйгөнүм” аттуу ырды аткарган.

"Азаттыктын" архиви: “Жан дүйнө” радио түрмөгүндө жапониялык ырчы Мита Ре жана Гүлүм Касымбаеванын чыгармачылыгы тууралуу маек. Жапон ырчысы “Кыргыз кызы сүйгөнүм” аттуу ыры менен кыргыз угармандарына таанылган. 01.09.2015

“Кыргыз кызы сүйгөнүм”
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:47 0:00

  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору. Зайырбек Ажыматов 2020-жылы 29-апрелде 44 жашында каза тапкан. 

XS
SM
MD
LG