Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:55

"Эл аралык комиссиянын негизги миссиясы - окуяны калыс иликтеп жана өз ара жарашууга көмөктөшүү" - деп билдирди 2010-жылкы июн окуяларын иликтеген эл аралык көз карандысыз комиссиянын башчысы Киммо Килюнен.

2010-жылдын июнундагы этностор аралык кагылыш - "аскердик кылмыш же геноцид эмес" деп белгилеген эл аралык комиссиянын башчысы Киммо Килюнен Кыргызстандын өкмөтү өткөн жылы июнда өз жарандарын коргоо боюнча милдеттерин өтөй албаганын да баса эскертти.

Ошону менен катар Киммо Килюнен кыргыз бийликтери эл аралык баяндаманын бир катар жерлерине макул болбосо да, комиссиянын сунуштарын мындан ары эске ала турганына канааттанганын билдирди.

Бийлик үчүн күрөштүн кесепети

Эл аралык көз каранды эмес комиссия июнь окуяларынын чыгыш себептерин 7-апрелден кийин бийлик алмашуудан келип чыккан саясий күрөштүн туундусу катары сыпаттады.

Аталган комиссиянын төрагасы Киммо Килюнен этностор аралык кагылышууга алып келген окуялардын себептерин "этноулутчулдуктун элементтерин колдонуу менен ишке ашкан саясий фанатизм" деп атады:

Киммо Килюнен
- Бул коогалаңдын чыгышынын бирден-бир себеби – ал этноулутчулдукту колдонууга таянган күчтөрдүн саясий фанатизми. Мунун бардыгы качан башталгандыгын так айтуу кыйын. Бирок өткөн жылы 7-апрелден кийин саясий боштук орун алган учурда кырдаал кескин күчөгөн. Биз бул окуя боюнча негизги үч саясий күчтүн аракеттерин талдадык.

Биринчиси, бул бакиевчил клан же алардын жактоочулары, экинчиси, Убактылуу өкмөттүн тарабындагылар жана үчүнчүсү, өлкөнүн саясий турмушуна өзбек коомчулугунун активдүү катышуусун уюштургусу келген өзбек тектүү саясатчылар жана алардын колдоочулары
.

Эл аралык иликтөө комиссиясы июнь коогалаңынын жети жүздөн ашуун жабырлануучулары, күбөлөрү жана катышуучулары менен баарлашкан. Ошондой эле миңден ашуун ар түрдүү мүнөздөгү документтер, аудио жана видео материалдар чогултулган.

Коогалаңда жабыркагандардын 75 пайызын өзбек тектүү жарандар жана жыйырма беш пайызга чукулун кыргыздар түзө тургандыгы белгиленген. Баяндамада кылмыш жоопкерчилигине тартылгандардын саны боюнча теңчилик сакталбагандыгы сынга алынган.

Этностук кыргын эмес – кагылыш

Бирок Киммо Килюнен негизги тыянакты жыйынтыктап келип, бул кагылышууну бир этностук топтун экинчисине карата кыргыны катары баалоого болбой тургандыгын белгиледи:

- Биз болуп өткөн коогалаңды эл аралык гуманитардык укуктун алкагында карап, баалай турган болсок, бул мамлекет тарабынан ишке ашырылган аскердик кылмыштарга кирбейт.

Ошондой эле эл аралык гуманитардык укуктун көз карашы боюнча муну кыргын катары баалоого болбойт. Бирок 11-13-июнь күндөрү орун алган айрым жагдайлар, же башкача айтканда өзбек тектүү жарандар жашаган райондорго жасалган чабуулдарды адамзатка каршы кылмыштар катары кароого негиз бар. Анткени бул боюнча жетиштүү материалдар бар. Мындан сырткары коогалаңдан кийин да адам укугун бузган көп учурлардын катталгандыгы бизге белгилүү.

Ошондой эле эл аралык комиссия баяндамасында 7-апрелден кийинки бакиевчил жана Убактылуу өкмөттү колдогон саясий күчтөрдүн ортосундагы тирешүү этносаясий түс алып кеткен учурларын белгилеген.

Мындан сырткары өзбек тектүү лидерлердин өзбек коомчулугунун саясий активдүүлүгүн уюштуруу аракеттери экинчи бир тараптын кыжырын келтиргендиги көрсөтүлгөн.

Анткен менен Киммо Кильюнен өзбек тектүү саясатчыларынын "жикчил (сепаратисттик) маанайын тастыктаган далилдер жок" деген пикирин да айта кетти:

К.Батыров
- Биз автономия тууралуу маселени олуттуу иликтеп көрдүк. Анткени ушуга байланыштуу имиштер коомчулукта аябай эле көп болуп, ал окуялардын учурунда чоң ролго ээ болгон. Муну мен жакшы түшүнөм. Анткени 20 жыл мурун өзбек коомчулугунан чыккан кайсы бир кыймыл автономия маселесин көтөргөн. Мына ошондуктан адамдардын эсинде койулган ал талап сакталып калган.

Бирок биз К. Батыров баштаган өзбек лидерлеринин митингдерде сүйлөгөн сөздөрүн иликтеп отуруп сепаратизмди же автономия талап кылгандыгын көргөн жокпуз.


Мындан сырткары эл аралык комиссия Кыргызстандын өкмөтүнө бир катар сунуштарды берген.

Анда негизинен этносаясий кырдаалды көзөмөлдө кармоо, этностук ар түрдүүлүктү камсыздоо жана өлкөдө этностук топтордун маданий кызыкчылыктарын камсыз кылган өнүктүрүү саясатын иштеп чыгуу маселелери камтылган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG