Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:55

"Азаттыктын" "Ыңгайсыз суроолор" берүүсүнүн кезектеги чыгарылышы Ош коогалаңынын келип чыгышын, кесепетин иликтеген Улуттук комиссиянын жыйынтыгына арналды.



Талкууга катышкандар:




Улуттук комиссиянын мүчөсү Жыпар Жекшеев








Убактылуу өкмөттүн вице-премьер-министри Азимбек Бекназаров









“Азаттык”:
Жыпар мырза, бүтүмдө 5-6 адамдын аты аталган жана “күч органдары Ош окуяларында жетиштүү чараларды көрбөй койгон” деп жазылган. Ушул бүтүм кайсы фактыларга негизделип айтылды?

Жыпар Жекшеев: Ар бир мамлекетте кандай кырдаал түзүлбөсүн, кандай кайгылуу окуя болбосун, биздин башыбызга да келип калды Ош окуясы, сөзсүз түрдө эң биринчи кезекте мамлекеттин, өкмөттүн башында турган жетекчилер жооптуу болот.

“Азаттык”: Ошол мезгилде бийликте Убактылуу өкмөт болчу.

Жыпар Жекшеев: Албетте Убактылуу өкмөттүн башына аябай чоң сыноо түштү. Себеби бул үчүнчү ирет болуп атат, ар бир 20 жылда кайталанып атат. Мурун союздун убагында союздук бийлик башкарчу, саясаттын баары Москвада жүргүзүлчү, ал убакта Кыргызстандын бийлиги эч нерсе чеччү эмес. Бул жолу эгемендүү мамлекет болгондон кийин чоң сыноо Убактылуу өкмөттүн шыбагасы сыяктуу болуп, ушулардын түйшүгү болду.

Албетте ушунчалык стандарттуу болбогон чечим кабыл алууга чындыгында кудурети жеткен жок. Себеби алдын ала кайгылуу окуя ушунчалык деңгээлде, масштабда болуп кетерин эч ким биле да, көзү ачыктык кыла да албайт эле. Бирок абдан көп маалыматтар түшүп турган. Айрым ММКлар аркылуу, ошол эле коопсуздук кызматы аркылуу.

“Азаттык”: Коопсуздук кызматынан тогуз жолу кат түшкөн деп жатат. Бүгүн ал парламентте айтылды.

Жыпар Жекшеев: Ал Убактылуу өкмөттүн дарегине түшкөн тогуз кат. Жергиликтүү бийликке жыйырма чакты, мэрияларга 6-7 маалымат, эскертүүлөр түшүп турган экен. Ошонун баарын тең Убактылуу өкмөт чогулуп, чечкиндүү план иштеп чыгып, ошого алдын ала чараларды көрсө, балким булардын дарегине бүгүнкүдөй доомат коюлбайт эле. Чара көрүлбөй Убактылуу өкмөттүн чар-жайыт иштеп калгандыгында. Балким трагедияны токтото албайт эле, бирок жасалган иштер көрүнбөй калды.

“Азаттык”: Азимбек мырза, Улуттук комиссиянын бүтүмү менен макулсузбу? Мисалы Исмаил Исаков сотко берем деди. Сиздин жообуңуз кандай?

Азимбек Бекназаров: Биринчиден, мен сотко бербейм. Себеби Улуттук комиссия өзүнүн көз карашын, өздөрүнүн мүмкүнчүлүгүнө жараша жыйнаган далилдери менен жыйынтыгын чыгарды. Бирок булардын чыгарган тыянагын бир тараптуу, толук эмес деп эсептейм. Анткени изилденген эмес. Өздөрү айткандай көчөдө жүргөн фактылар менен гана жыйынтыктап койгондой болуп калган.

Азыр эле Жыпар байке айтып атпайбы, тогуз жолу келген деп. Кыргызстандын элине бир катты көрсөтүңүзчү, же бүгүн парламентте “10-июндан 11-июнга караган түнү улут аралык согуш болот деген мындай документ келген экен” деген бир документти көрсөтө алдыңарбы?

Жыпар Жекшеев: Албетте.

Азимбек Бекназаров: Бүгүн ала келбейсизби?

Жыпар Жекшеев: Парламенттен көрсөттүк да.

Азимбек Бекназаров: Ушул жерге алып келбейсизби?

Жыпар Жекшеев: Бул көрсөтүүдө андай максат болгон жок.

Азимбек Бекназаров: Мен Убактылуу өкмөттүн мүчөсү катары эч убакта мындай документ келгенин көргөн эмесмин. Эгер келген болсо кимге жөнөтүлгөн экен ал, Бекназаровго, же Исаковго жөнөтүлгөн бекен?

Жыпар Жекшеев: Убактылуу өкмөттүн дарегине жөнөтүлгөн.

Азимбек Бекназаров: Кимге? Убактылуу өкмөттө 14 киши бар.

Жыпар Жекшеев: 14 кишинин ар бирине эмес. Убактылуу өкмөттүн бирөөнө келет да.

Азимбек Бекназаров: Кимге, так айтпайсызбы?

Жыпар Жекшеев: Жетекчилерге келет да.

Азимбек Бекназаров: Отунбаевага келиптирби?

Жыпар Жекшеев: Мүмкүн Отунбаевага келген.

Азимбек Бекназаров: Кандайча мүмкүн? Сиз билбейсиз. Ошол кагазды көрдүңүз. Бул жерде жыйынтыгында жазып атасыңар, Каптагаевге деп. Ушундай кат кимге келиптир? Сиз өзүңүз көрдүңүзбү?

Жыпар Жекшеев: Бизде баарыбызда бар. Ошондой коопсуздук кеңешине да келген. Роза Исаковнанын дарегине келген.

Азимбек Бекназаров: Роза Исаковнанын дарегине болсо, ылдый жагына ким кол койгон экен?

Жыпар Жекшеев: Ылдый жагына Дүйшөбаев кол койгон экен.

Азимбек Бекназаров: Анда эмне үчүн сиз бул жерге баланчанчы күнү Дүйшөбаев Отунбаевага жөнөтсө да чара көрүлгөн эмес, же болбосо эмне үчүн мен 2-декабрда силерге көрсөтмө бердгенде менден сураган жоксуңар? Мына 9 кагаз келген экен, сиз билесизби десеңиз, “жок, биринчи жолу көрүп атам” деп мен айтат элем да. Ошондо мүмкүн силердин жыйынтыгыңар объективдүү, ар тараптуу болмок. Менин пикиримди угат элеңер да, тактайт элеңер. Бүгүн парламентте такталбай Каптагаевдин кеңсесинде жатып калган, ошондо комиссияда тактайт элеңер. Эмне үчүн комиссия тактаган жоксуңар муну?

Жыпар Жекшеев: Бизде баары такталуу. Ошон үчүн биз корутундуда бардыгын келтирип атабыз. “Ыңгайсыз суроолорго” документтерди алып келе турган болсок, менде бир чемодан документ бар.

Азимбек Бекназаров: Менде 20 чемодан документ бар. Сиздер “Бекназаров, Исаков, Шерниязов, Дүйшөбаев күнөөлүү” деп атасыздар. Ушунун бешөөнүн үчөөнө кат келген бекен Дүйшөбаевден?

Жыпар Жекшеев: Азимбек Анаркулович, мен айтып коеюн, бул корутундуда Убактылуу өкмөттүн ичинде бүт коомчулук, бүт кыргыз эли билет эле, силер күч структурасына, сот системасына, прокуратурага куратор катары баарын тескеп, тейлей алган эмессиңер деген корутунду чыгарып атабыз.

Азимбек Бекназаров: Сот системасынын эмне тиешеси бар?

Күмөндүү жоопкерчилик

“Азаттык”: Жыпар мырза, Убактылуу өкмөт да жоопкерчилик алыш керек деп айтып жатасыздар. Эмне себептен анда бардык Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнө күнөө койгон жоксуңар, 5-6 адамга гана койдуңуздар?

Жыпар Жекшеев: Себеби баарын эле түшүнүп, көрүп турбадыкпы, ким кайсы иш менен алек болуп атты. Кээ бирөө конституциялык реформа деп, мисалы Текебаев башынан-аягына чейин Конституция менен отурду. Атамбаев экономикалык блокту тейлеп атты, бирок бир жерден аны да комиссия түзүп, бардык коопсуздук иштер боюнча куратор деген экен, бирок токтомун биз карап көрсөк, ал жерде эч кандай механизми жок, аны кандай түрдө алып барат, анын баарын биз текшерип чыктык. Ошол эле убакта милдетти мойнуна алып, 87 азаматыбыздан айрылып, революциядан кийин Убактылуу өкмөт бийликке келгенден кийин…

Азимбек Бекназаров: Атамбаев күч блоктун кураторусуң деген жок дегенде токтом бар бекен?

Жыпар Жекшеев: Аны күнүгө эле сыналгыдан берип атпадыбы.

Азимбек Бекназаров: Жок, документ бар бекен?

Жыпар Жекшеев: Азимбек Анаркулович, өзүңүз бир канча жолу маалымат жыйынында “мен бүт күч органдарына, сот системасына куратормун” деп канча жолу айттыңыз, элдин баары укпадыбы.

Азимбек Бекназаров: Кайсы жерден, таап бериңизчи ошону?

“Азаттык”: Сиз танып атасыз.

Азимбек Бекназаров: Мен жоопкерчиликтен качпайм. Бирок силер айтып атасыздар, куратор болгон деп. Күч структуранын жетекчилери мага баш ийген эмес. Биринчи күндөн тарта прокуратура, финполиция, сот, токтом менен бекитилген. Силер ушул токтомду окудуңарбы жок дегенде.

Жыпар Жекшеев: Бизде баары тең бар.

Азимбек Бекназаров: Анан кантип “куратор Бекназаров” деп жазып атасыңар?

Жыпар Жекшеев: Өзүңүз айтып атпайсызбы.

Азимбек Бекназаров: Экинчиден, Бекназаровго, кураторго ушундай окуя болот деген жашыруун кагазды көрдүңөрбү?

Жыпар Жекшеев: Өзүңүз бир канча жолу элдин, журналисттердин алдында айткансыз. Буга элдин баары күбө. Азыр телекөрүүчүлөрдүн баары муну эсинен чыгара элек.

Азимбек Бекназаров: Эгерде ошол кураторлор иштебей үйүнө бекинип жатып алса, мүмкүн мен Убактылуу өкмөттүн мүчөсү катары саясий, тарыхый жоопкерчиликти алып барса баргандырмын. Бирок бул силер айткандай документалдуу түрдө мени куратор кылып койду дегенди билдирбейт. Силер документке таянып иштегиле.

“Азаттык”: Сиз саясий, моралдык жоопкерчилик деп айтып атпайсызбы. Сиз ушуга макулсузбу? Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү бардыгы күнөөнү мойнуна алыш керекпи?

Азимбек Бекназаров: Жыпар Жекшеевичке, башка комиссиянын мүчөлөрүнө да мен келгенде айткам, “бул окуя үчүн, бардык кемчилик үчүн, 7-апрелде тынчтык жолу менен легитимдүү бийлик келгенге чейин бардык моралдык, саясий күнөөнү биз мойнубузга алабыз” деп. 14 Убактылуу өкмөттүн мүчөсү 7-апрелде муну айтып чыкканбыз.



Кечеңдеген жыйынтык

“Азаттык”: Ош окуяларынан кийин эмнеге бир да күч органдарынын жетекчилери кызматынан кеткен жок, өздөрүн күнөөлүү деп сезсе?

Азимбек Бекназаров: Кызматтан кетирүү Бекназаровдун компетенциясына кирбейт. Менин компетенцияма кирсе башкача болмок. Менин компетенцияма кирген бир нече адам кызматынан кеткенин жакшы билесиңер.

“Азаттык”: Сиз Байтемир Ибраевди айтып жатасыз да, ал кызматтан кеткенде "мени менен кеңешпей койду" деп айттыңыз эле. Роза Отунбаева сиз менен ар бир кызмат боюнча кеңешчү беле?

Азимбек Бекназаров: Мен тейлеген орган боюнча айтып атам. Мисалы мен ИИМди айткан жокмун да, Шерниязовду кетиргенде мен унчуккан эмесмин. Мен өзүмдүн чегимди билем. Бирок мен куратор болуп, жоопкерчиликти алган жериме, мына прокуратура, сот органдарына мен ар дайым жоопкерчиликти тартып келдим, ар дайым элдин алдына отчет берип келдим. Бирок мен тейлебеген жерге кадр маселелерин башка кишилер чечип, күндүр-түндүр алмаштырып аткан жерге менин кандай тиешем бар?

“Азаттык”: Азимбек мырза, тактап коеюнчу, сиз күч органдарына мен куратор болгон эмесмин, мен сот, прокуратура системасын көзөмөлдөп аткам деп айтып жатасыз.

Азимбек Бекназаров: Документалдуу түрдө.

“Азаттык”: Жыпар мырза, улуттук комиссияда иштеп жүргөндө, иликтөө жүрүп жатканда сиз канча жолу Ошко, Жалал-Абадга бардыңыз?

Жыпар Жекшеев: Эки сапар барып, Ош, Жалал-Абадда болдум. Өтө чоң жаңжал болгон жерлердин баарын иликтеп, ошол жерде жумалап жатып, бүт бийлик структураларынын, күч органдарынын жетекчилерин, ошондой эле өтө кайгылуу окуялар болуп, эл өлгөн жерлерде, өзбектер, кыргыздар жашаган жерлерде, эң жаңжал болгон жерлердин баарына барып, күбөлөр менен да сүйлөштүк. Андан тышкары диний кызматкерлер менен да сүйлөштүк, эмне үчүн мечитте азан чакырып түн ортосунда ушундай болду, кыскасы биз эч кимди калтырган жокпуз, бир канча жолу баарын тең сурап чыктык.

“Азаттык”: Улуттук комиссиянын отчетуна ишеним кичине тайызыраак болуп атат. Кечеңдедиби, билбейм. Комиссиядан Азиза Абдрасулова биринчи чыгып кетти, Князев чыкты. Кийин Нурбек Токтакунов кол койбой койду. Андан тышкары парламенттик шайлоонун алдында улуттук комиссиянын мүчөлөрү бир нерседен корккондой болду. Анын үстүнө анын жетекчиси өзү парламенттик шайлоого аттанып алды деди. Ушул жүйөлөр сизге кандай угулат?

Жыпар Жекшеев: Жок, эч ким корккон жок. Мен ачык эле айтайын, Орозо башталганда, түштүктө көпчүлүгү мусулмандар болгондуктан, алардын сезими менен ойнобойлу, алардын Орозого болгон ниетин бузбайлы деп токтотконго мажбур болдук. Андан кийин дароо эле шайлоо өнөктүгү башталып кетти. Биз сурай турган, биз маектешип жооп ала турган саясатчылардын көпчүлүгү шайлоо өнөктүгү менен алек болду. Ошол эле Абдыганы Эркебаев да “Ак-шумкар” партиясынан кетти. Эми шайлоонун аякташын күттүк. Шайлоо бүтөрү менен “өкмөттүн коалициясы түзүлсүн” деп бизден көп саясатчы суранды. Аны да күттүк.

“Азаттык”: Эмнеге күттүңүздөр? Себеби сиздин жыйынтыгыңар так, анык болсо, ал жакшы таасирин берет эле, эч кандай жаман таасирин бербейт да.

Жыпар Жекшеев: Эң башында, Ош, Жалал-Абадга командировкага чыгардын алдында бир сыйра жазуу түрүндө маалымат алганбыз, оозеки көбү менен маектешкенбиз. Бирок биз барып көрүп келгенден кийин бизде көп суроо туулду. Ошонун баарын кайра тактоо иретинде, кайра бир сыйра сурамайынча биз улуттук комиссия болгондон кийин жеңил-желпи тыянак чыгарбайлы дедик. Ошондуктан коалициянын биринчиси түзүлбөй калгандан кийин экинчисин күткөн жокпуз, дароо ишке кириштик.

“Азаттык”: Азимбек Бекназаровдун уулу отчетуңуздарда түзмө-түз күнөөлөнүп жүрөт. Ушул тууралуу кыскача айта кетсеңиз.

Жыпар Жекшеев: Русланды да комиссияга чакырып, маектешип сурадык. Албетте ал жаштарга координатор болойун деп патриоттук сезими менен барган. Жалал-Абадда комендант болуп турган Кубат Байболовго кайрылган экен. Байболов ага күбөлүк жазып бериптир. Ал жагында сөз жок. Бул мекенчил, патриоттук азамат экени көрүнүп турат.

“Азаттык”: Ага кандай дооматтар коюлду?

Жыпар Жекшеев: Куралдарды тартып алган кээ бир жерлерде катыштыгы бар деген маалыматтар бар. Мен дагы бир жолу айтайын, документтердин баарын көтөрүп келип, жайнатып койгон жокмун бул жерде. Бирок маалыматтарды кайсы жактан бергенин биз айтып бере алабыз. Азимбек Анаркулович өкмөттүн мүчөсү, бүт Кыргызстан билет. Баласы түздөн-түз ошол иштерге аралашып калганы бизге катуу тийди.

“Азаттык”: Азимбек мырза, уулуңуз ошол күндөрү эмне менен алектенип жүргөн?

Азимбек Бекназаров: Биз 12-июнда элдик кошуун тууралуу декрет кабыл алгандан кийин уулум ошол жерге бир топ жаштар менен кеткен. Министр Болот Шерниязовдун коомдук кеңешчиси болгон. ИИМдин астынан кеткен. Муну мен билем. Анткени Шерниязов айткан, "балаңыз кетип атат, жаштарды Жалал-Абадга жиберип атабыз" деп. Ошол жакка барып Кубат Калбекович менен кошо иштеп жүрдү.

“Азаттык”: Эмне себептен “курал таратканга тиешеси бар” деп баяндамага кирип калды?

Азимбек Бекназаров: Эмне үчүн бир тараптуу деп айтып жатам? Улуттук комиссия деп улук атын алып жүргөн эмес, бул кайсы бир саясатчынын гана көз карашындагы документ болуп калган.

“Азаттык”: Тактап айтсаңыз, кайсы саясатчынын?

Азимбек Бекназаров: Аны өздөрү жакшы билет.

“Азаттык”: Биз, угармандар, көрөрмандар билбейбиз.

Азимбек Бекназаров: Убакыт келет, улуттук комиссия жыйынтык чыгарганына 1-2 күн болбой туруп бүгүн көп нерселер парламентте ачылбадыбы. Дагы убакыт өтөт, улуттук комиссия кимдин ырын ырдаганы да ачыкка чыгат. Мен ага ишенем.

Бирок сиз азыр суроо бергенде бул киши жооп бербей койду, мейли, акыйкат улуттук комиссия болсо, убактылуу өкмөттүн саясий жоопкерчилик алган 14 эле мүчөсү бар, эмне үчүн аларга “сен эмне иш кылдың, сен кайда элең” деген суроолорду берген жоксуңар? Анткени саясий жоопкерчиликке тартылган аракетсиз, бекинип жатып алгандан жоопкерчилик болот. Сиз Эркебаевдин өзүнөн “ушул күндөрү кайда болдуң” деп сурадыңызбы? Ошол кан төгүлүп атканда, 426 бечара өлүп атканда Эркебаев өзү кайда болгон экен?

“Азаттык”: Сиз билесизби аны?

Азимбек Бекназаров: Бул айтсын да. Эмне үчүн Бекназаров, Дүйшөбаев, Исаковду карайт да, калгандарын эмнеге иликтеген эмес?

Жыпар Жекшеев: Аябай жаныласың, Азике. Биз убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн баарын сурадык, ал эмес президентти кабинетинде үч саат сурадык.

Азимбек Бекназаров: Билем, сураган жоксуңар, алдына барып отурдуңар, бүжүрөп.

Жыпар Жекшеев: Бүжүрөп отурган жокпуз. Аны айта берсе болот да.

Азимбек Бекназаров: Билем да мен, ошол жерде болгом.

Жыпар Жекшеев: Биздин комиссиянын мүчөлөрүнөн сураңыз. “Мен эч качан үч саат сурак берген эмесмин” деп президент өзү да айтты.

Азимбек Бекназаров: Мен Эркебаев убактылуу өкмөттүн мүчөсү жөнүндө айтып атам, андан сурадыңарбы, кайда болуптур ошол күндөрү, айтып берсинчи. Комиссия тактасын, Кыргызстандын эли билсин.

Жыпар Жекшеев: Бардыгы тең эле учуп барып, ал жерде элдин астына чыгып эле…

Азимбек Бекназаров: Барган эмес.

Жыпар Жекшеев: Андай болгон жок.

Азимбек Бекназаров: Эмне иш кылыптыр анда?

Жыпар Жекшеев: Өкмөттүн ичинде иш кылып атты да. Суроону Азимбек Анаркулович береби, же Аида, сен бересиңби?

Азимбек Бекназаров: Дагы айтып коеюн, силерге сентябрга чейин деп мөөнөт берилген Указ менен, эмне үчүн сентябрга чейин бүткөн жоксуңар?

Жыпар Жекшеев: Аны айтып бербедимби.

Азимбек Бекназаров: 28-декабрда резиденцияда убактылуу өкмөттү таратуу декретине Абдыганы Эркебаевич да кол койду. Бир жерлерде “мен убактылуу өкмөттөн чыгып кеткем” деп айтат. Чыкпай эле ошол күнү убактылуу өкмөттүн мүчөсү катары кол койду. Мен ошол жерден да сурадым, “улуттук комиссиянын жыйынтыгы качан чыгат, биз ушуну угуп кетсек жакшы болот эле, анткени силерди Жогорку Кеңеш, же азыркы өкмөт түзгөн эмес, убактылуу өкмөт, президент түзгөн” деп. “Эч ким жазбай, мен өзүм жалгыз жазып атам” деп айтты. Эгер Абдыганы Эркебаевич жалгыз жазып атса, 28-декабрда эч ким жардам бербесе, бул киши кат жөнөтүп атат Каптагаевге 11-январда, “прошу поручить соответствующему отделу администрации президента перевести текст на государственный язык” деп. Мен билгенден ал кыргыз тилчи, адабиятчы, ал жазса жалаң кыргызча жазат, мен билем. Эмне үчүн орусча жазып, которуп бер дейт? Мен муну Абдыганы Эркебаев жазган корутунду экенинен да шегим бар.

Элге ким ок ачкан?

“Азаттык”: Жыпар мырза, аталган 5-6 адам азыр кызмат ордун ээлешпейт. Мисалы Исмаил Исаков депутат, мамлекеттик кызматта эмес. Сиздер мамлекеттик кызматтагыларга тийишкен эмессиздер. Ушуга кандай жооп бересиздер?

Жыпар Жекшеев: Дагы бир жолу айтып атам, ошол жерде түздөн-түз коогалаңды басуу үчүн өздөрүнүн милдетин алган өкмөттүн мүчөлөрү жөнүндө сөз болуп атат. Өкмөттүн бардык мүчөлөрүн эмес, ал жерде кимиси кызматта, кимиси кызматтан кетти деп тандаган жокпуз.

“Азаттык”: Ошондой сезим калтырып атат, кызматтан кеткендерге көө сыйпап, алар эч нерсе кылалбайт дегендей.

Жыпар Жекшеев: Мисалы мен өкмөттүн мүчөсү болсом, мен элдин астында, жүздөгөн адам өмүрүнөн ажырап, миңдеген адам жаракат алып атса, ушунчалык чоң трагедия болуп атса кыргыз элинин башына келгенге менин моралдык укугум жок. Элдин алдында кечирим сурашым керек, же болбосо мен татыксыз экем деп отставкага кетишим керек. Андай Кыргызстандын тажрыйбасында болбойт экен. Апрель революциясында убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү баары элдин астына митингге чыгып кечирим сурашкан. Ал эми Ош окуясында андай кечирим элдин астына угулган жок.



“Азаттык”: Чындап эле угулган жок. Сиз ММКлардын алдына чыгып кечирим сураган жоксуз да?

Азимбек Бекназаров: 15-июнда биздин күнөөбүз бар деп биз кечирим сурадык. Роза Исаковна интервью берип “убактылуу өкмөт күнөөлүүбүз, биз жоопкерчиликти алабыз” деп айтты.

Бул кишинин суроосунан тайсалдап эле качып атасыңар. Мына мен документ ала келдим, 13-апрелде силер үстүртөн карадык, эч нерсе жок экен деген. Эмне үчүн эч нерсе жок? Комиссияга тапшырма берилип атпайбы. “Имеющиеся противостояния среди различных группировок мусульманского духовенства создают предпосылку для возрастания противоречий религиозной сферы в межнациональных отношениях” деп. Анан атайын комиссия түзүлүп атат. Комиссиянын төрагасы Атамбаев болуп атат, мүчөлөрү Исаков, Алымбеков, Дүйшөбаев, Ибраев, Чотонов, Жапаров. Мына ушул жерден комиссиянын төрагасы Атамбаевдин күнөөсү бар, же жок деп бир ооз айтпай атасыңар.

Жыпар Жекшеев: Телекөрүүчүлөргө көрсөтүп койоюн, 3-4 пункттан турган убактылуу өкмөттүн токтому, башка андан ары эч нерсе айтпайт. Кандай механизм, кандай булардын укугу бар – эч нерсе жазылбайт. Жөн гана токтомду кабыл алып коюшкан, ары жагында эмне болорун эч ким билбейт.

Азимбек Бекназаров: Бекназаров жөнүндө жок дегенде ушундай документ барбы, көрдүңөрбү?

Жыпар Жекшеев: Сиздики сот, прокуратура боюнча бар да.

Азимбек Бекназаров: Болду, болду.

“Азаттык”: Азимбек мырза, сиз өзүңүз улуттук комиссияга келдиңиз, анан азыркы айтып жаткан маалыматыңызды эмне үчүн эрте айтып берген жоксуз?

Азимбек Бекназаров: Берилген булардын колунда. Бул киши жок болчу, булардын колунда бар.

Жыпар Жекшеев: Азимбек Анаркулович, муну мен көрүп алып таң калдым. Бул токтомдун негизинде эч кандай укугу чектелген эмес, эч кандай укугу белгиленген эмес.

Азимбек Бекназаров: Ушундай токтом да жок да мага. Анан мени кантип күнөөлүү деп атайсыңар?

Жыпар Жекшеев: Азимбек Анаркулович, сиз өзүңүз айттыңыз, прокуратураны сиз тейлеп аттыңыз. Прокуратура тиешелүү жетекчилерге керек болсо иш козгош керек болчу. Биринчи кезекте “эмне үчүн чара көргөн жоксуңар” деп жетекчилерге. Андай кылган жок да эч ким. Сиздин күнөөңүз ушунда.

“Азаттык”: Сиз “Жаңы агым” гезитине 7-апрелде көзгө атаарлар кармалганы жөнүндө маалымат бергенсиз. Кийин алар жок болуп чыкты. Андан кийин Ош окуяларында сиз бар деп айткан жоксуз, бирок бүгүн парламентте…

Азимбек Бекназаров: 15 снайпер боюнча азыр деле иштер жүрүп атпайбы, снайпер ошолор. СГОдогу мылтык аткан снайпер болуп эсептелди. Снайпер деген Бекназаров жана Жекшеевдин адамы эмес, курал алып терезеден атса ошол снайпер. Снайпердик курал менен аткан 15 адамга жоопкерчилик тагылып, азыр сот жүрүп атат. Бирөө жакында каза болду.

“Азаттык”: Ошол такталганбы? Улуттук комиссия апрель окуяларын да иликтейт да.

Жыпар Жекшеев: Ал мамлекеттик комиссия болчу. Дагы бир жолу эскертип коеюн, биз эч качан тартип коргоо органдарын, тергөөчүлөрдү, прокуратураны алмаштырбайбыз. Биздин максат саясий баа берүү, ошонун себептерин иликтеп чыгуу жана ошого жараша сунуштарды киргизүү. Болду, ушул гана максат.

Азимбек Бекназаров: Мен дагы тактап айтайын, биздин маалымат каражаттары снайпер деген сөздү элге “бул чет өлкөдөн келген жалданма снайпер болсо керек” деп жеткиресиңер.

“Азаттык”: Биз эмес, саясатчылардын айтканынан улам ушундай сөздөр чыгат да.

Азимбек Бекназаров: Ал андай болбойт. Снайпер болот, стрелок болот, патрулчу болот. Ошондой кишилер кармалды. Жоопко тартылып атат. Сот алардын күнөөлүү, же күнөөлүү эместигин аныктайт деп айтканбыз.

“Азаттык”: Парламентте бүгүн Эркебаев айтып атат, Ош окуяларында 9 көзгө атаар жок деп. Ошол эле мезгилде Дүйшөбаев чыгып бар деп атат. Ушундай дал келишпестиктерди кандай түшүнсө болот?

Жыпар Жекшеев: Дүйшөбаев бүгүн парламенттин алдында ошону тастыктап туруп айтты. Керек болсо фамилияларына чейин көрсөтүп берем.

“Азаттык”: Аны такташ керек беле, жок деген бүтүмү болуп атпайбы, эл ишенет да, дарбыйт да ошол маалыматтан улам.

Жыпар Жекшеев: Мурун революциядан кийин Азимбек Анаркулович айтпады беле, ушунча снайперлер кармалды деп.

“Азаттык”: Мен ошондон улам айтып атам, алар барбы, жокпу белгисиз.

Жыпар Жекшеев: Фамилиясы, аты-жөнү ачык айтылбай турса, коомчулук бизде чыдабайт да. Ошон үчүн жөн эле сөз боюнча калдыбы деген, анын баары чындык деп Дүйшөбаев бүгүн тастыктап атат.

Азимбек Бекназаров: Тергөөнүн жашырындуулугу бар. Баланча-түкүнчө аткан экен деп айтып койсоң, ошол күнү өлгөндөрдүн туугандары аны тытып жеп кетпейби. Көп нерсени түшүнүш керек. Тергөөнүн, кылмыш иштин өзүнүн закону бар, ошол закондун чегинде жүрөт. Коомчулук снайпер десе эле Чеченстандан келген экен деп чыгып атат.

Тарыхы татаал коогалаң

“Азаттык”: Ош окуяларын баштаган үчүнчү күч деп жүрөт. Так айта аласызбы, ошол үчүнчү күч кимдер?

Азимбек Бекназаров: Аны бул кишиден сурагыла.

“Азаттык”: Негизги жыйынтыкты дагы бир кайталап кетсеңиз, Ош окуясы эмнеден башталган?

Жыпар Жекшеев: Ош окуясы 2010-жылы болгон жок, 1963-жылы, 1990-жылы болгон.

“Азаттык”: Ал узун окуя.

Жыпар Жекшеев: Жок, баары бир эле процесс. Мен ачык эле айтып атам, бүгүн да айтам, өзбек калкынын диаспорасынын ичинде сепаратисттик топ бар, алардын лидерлери бар. Өзбек элинде эч күнөө жок. Алардын максаты акыры жүрүп отуруп түштүктө автономия түзүү. Ошондон булар эч баш тарткан жок. Себеби 90-жылдары туура баа берилген эмес. Бир дагы Кыргызстандын жетекчиси ошону мойнуна алып, күнөөлүмүн деп отставкага кеткен эмес. Ошол боюнча жымсалданып, баары жабылып калган.

“Азаттык”: Сепаратист деп конкреттүү кайсы лидерлерин айтып жатасыз?

Жыпар Жекшеев: Азыркы качып жүргөн лидерлери. Ошол эле Батыров.

“Азаттык”: Ал өзү автономия, сепартизм деген сөздөрдү айтканбы, ал далилденгенби?

Жыпар Жекшеев: Далилдер бар. Алар телевидение аркылуу эмес, өзбектер жыш жашаган жерлерге барып алып жыйындарды, чогулуштарды кылган. Ошону уккандар бизге далилдеп беришти. Биз акыры жүрүп автономия түзүшүбүз керек деп айткан. Бүт элге угузбай айтса да ич ара ошого даярданышкан.

“Азаттык”: Жыпар мырза, мен сиздин интервьюларыңызды окуп чыктым. Улуттук комиссия ишин жаңы баштаганда эле өзбек лидерлеринин ошондой сепаратисттик максаттары бар болгон деп айтып чыккан экенсиз. Анда иликтөөгө негизделбей эле айтып чыккансызбы, же маалыматтар бар беле?

Жыпар Жекшеев: Менде көп эле маалымат бар болчу. Улуттук комиссия ишин баштай электе эле мен өзүмчө анализдегем. Мисалы, эмне себептен 10-июнга чейин чет мамлекеттен, ар кайсы жерден келип Ошко журналисттер үчүн тренинг өткөрүшөт? Эмне үчүн ошол окуянын алдында Жалал-Абадда Орусиядан журналисттер жайнап келишет? Эмне үчүн саясатчылар келет? Анан кыргыздар турган жерге барып алып, референдумдун астында кадимкидей Убактылуу өкмөттү жамандап, Кыргызстан парламенттик республика болбойт, анда силер өлдүңөр, эки мамлекетке бөлүнүп жок болосуңар деп ачыктан ачык айтат? Эмне үчүн айрым мамлекеттердин расмий бийликтери ар кайсы жерде эл аралык чоң форматтарда сүйлөп, түздөн-түз Кыргызстандын ички иштерине кийлигишет? Булардын баары кокустук эмес. Эмне үчүн 10-июнда Ташкенде саммит башталат? Андан сырткары эмне үчүн дүйнөлүк ММКлар окуя болуп, башталардан оозуп кетип ушундай кабарларды берип, “геноцид болуп атат, кыргыздар өзбектерди курутуп атат, кырып атат” дейт? Мунун баары даярдалган да.

“Азаттык”: Сиз бир жактуу болду деп ойлобойсузбу, алдын ала сепаратисттер бар деп, анан улуттук комиссия кийлигишип. Ушул окуяны акыйкат талдадыңызбы?

Жыпар Жекшеев: Мен өзүмдүн жеке оюм катары калдым, комиссиянын корутундусуна кирген жок, бирок мен саясатчы катары, Кыргызстандын жараны катары ал оюмдан артка тартпайм дедим.

“Азаттык”: Азимбек мырза, 2010-жылкы Ош окуялары боюнча Жыпар Жекшеевичтин айтканына макулсузбу?

Азимбек Бекназаров: Мен Жыпар Жекшеевичке макулмун. Мунун түбү кылымдардан бери келатат.

“Азаттык”: Бирок конкреттүү айтсак.

Азимбек Бекназаров: Конкреттүү айтайын, кыргыз бийлиги, кыргыз саясатчылары, өзбек сепаратисттери да эмес, кыргыз жакшылары, кыргыздын мыктылары күнөөлүү. Советтер Союзуна чейин деле бир топ биздин чоң-чоң аткаминерлер Боронбай бий, Шабдан, Байтик, бир топ атакелер орустарга жагынуу саясатын жүргүзүп, кыргыздарды экиге бөлүп келген. Кыргыздар бөлүнүп келген.

Кыргыздын душманы кыргыз болот. Советтер Союзу учурунда деле, эмне деген кыргыздын Тыныстановго окшогон патриот адамдарыбыздын баарын ким жеди? Кыргыз жеди. Эмне үчүн мен айтып атам? Кыргыз өз жерине өзү ээ болуп, кыргыз саясатын жүргүзбөсө ушундай окуялар боло берет.

“Азаттык”: Рахмат.
  • 16x9 Image

    Аида Касымалиева

    Азаттык+ телепрограммасынын алып баруучусу, продюсери (2005-2009), Москвадагы кабарчысы (2011). 2012-жылы "Москвада калган ый" даректүү тасмасы "Бир дүйнө" кинофестивалында "Ачылыш" наамына татыган. Бишкек гуманитардык университетинин журналистика бөлүмүн 2005-жылы аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG