Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:06

Жазуучу, легендарлуу парламенттин депутаты Казат Акматов июнь каргашасынын бир жылдыгына байланыштуу адамгерчилик, сабырдуулук, гуманизм тууралуу “Азаттыкка” маек курду.

- Июнь каргашасына бир жыл толду. Бул окуяда адамдын акылына келбеген нерселер болуп кетти. Эмне үчүн адамдар бири-бирине ушундай мамиледе болду, жырткычтай көрүнүштөр да орун алды?

- Быйыл өлгөн адамдардын жылдыгы, ашы болуп атат. Жөнөкөй адамдар андайга өзү барбайт, эч убакытта барбайт. Азыр ортодо чагымчылдар, бузукулар көбөйүп кетпедиби. "Хизб-ут Тахрирлер" жүрөт, сепаратисттер, андан кийин Курманбек Бакиевдин бийлик талашкан адамдары кошулуп кетти. Ошентип төрт-беш бузуку күчтөр ушул окуяны абдан күчөтүп жиберди.

Адамдардын аң-сезимине, мээсине таасир эткен бузуку сөздөрдүн күчөп кеткени ушул трагедияга алып келди. Ал болбогондо кыргыз менен өзбек кошуна урушуп тим болот болчу. Аны ошол жердеги өздөрүнүн аксакалдары эле тыйып коёт болчу. Бул саясий, этностук кырсык болду.

- Сиз "адамдар өздөрү барбайт эле, чагымчылдар жасады" деп атасыз. Ошол чагымчыл сөздөрдү айткандар деле адамдар да. Ошондон улам адамгерчилик, сабырдуулук деген сезимдер жок болуп баратыбы деген да ойлор пайда болууда...

- Азыр бүткүл дүйнөдө нравалык, моралдык нормалар азайып жокко чыгарылып баратат. Азыр мыкаачылык, террор, бири-бирин өлтүрүү, секс, порнография деген жалаң залалдуу, адамдардын ичинде жаткан зыяндуу сезимдердин бардыгы ойгонуп атат. Аны атайын жасап аткан бүткүл дүйнөлүк күчтөр бар.

Ал - глобалдаштыруунун авторлору, алардын аты-жөнү белгилүү болбосо да коом, уюмдары белгилүү. Аларга экстремисттик уюмдар да кошулуп кетти.

Кыскасы адамзат моралдык кризиске баратат, анын зыяны ар бир адамга тийип атат. Биздин эле, өзүбүздүн колубуздагы балдар бизди, ата-энесин, мугалимин укпай телефонунан кыйноо, зордуктоону жана башкаларды көрүп атышат. Күндүр-түндүр көрүшөт. Бузукулар мына ошондой жол таап алышкан.

- Соңку кездерде гумандуулук, толеранттуулук, сабырдуулук жана бири-бирине күйүү, түшүнүү деген сөздөр жокко эсе болуп калды окшойт. Эми жаштарды сиз айткан жолдон кантип кайтарып алууга болот?

- Жөнөкөй адамдарды кайра кайрып алса болот. Эл арасында сүйлөгөндөр ушулар жөнүндө көбүрөөк айтып жандандырса болот. Улуттар арасында да өзүнүн сыйы бар. Бирок бузуку күчтөр аны дагы бир беш-он жылдан кийин эле бузуп таштап, массанын аң-сезимин буруп кетип атат. Бул – адамзаттын глобалдык, психологиялык, нравалык кырсыгы.

- Бир жыл бою ар кандай жараштыруу, элдештирүү иштери жүрүп келди. Кечээ эле өлкө түштүгүндө ар кайсы улут өкүлдөрү жети токоч бышырып, куран окушту. Ушундай иш-чаралар ынтымактын калыбына келишине таасирин тийгизе алабы?

- Сырткы иштер деле анча-мынча таасир этет. Адамдын ички дүйнөсү жабык нерсе, аны эч ким ача албайт. Бул капкагын ача коюп карагандай чака эмес. Ошентсе да акырындап өзгөртөт.

Бири куран окутканда экинчиси катышып, бири-бирин конокко чакырып, ошентип отуруп жайдан барып ачуунун деми чыгат. Бул нерсе бир эле күндө боло койбойт. Бирок күн сайын, саат сайын аракет кыла бериш керек.

- 20 жыл мурда кудум ушундай эле окуя болгон. Эми окуянын кайра кайталанбашы үчүн эмнелерди жасаш керек, кайталанбайт деп ким кепил боло алат?

- 1990-жылы болгон кан төгүүдө мен аралашып жүргөм. Анда КДК жаңы уюшулуп, биринчи курултайы болгондон бир жумадан кийин Ошто согуш башталды. Ошондо бизден көрүштү, анда Компартия бар эле. Анда Апаз Жумагулов премьер-министр, Шеримкулов ЦКнын катчысы эле.

Үчөөбүз ОМОН алып Ошко учуп бардык. Ошто “Ак каркыра”, “Ош аймагы, “Ынтымак” деген жаштардын уюмдары бар болчу. Алар КДК менен байланышып иштеп жүрчү, бирок КДК Ошто түзүлө элек болчу. Ошентип Ошто кан кечип жүрдүк. Анда кагышкан, бирок мынчалык мыкаачылыкка барган эмес.

Чатактын башы, анан аягы болот да. 90-жылы жер талаштан чыккан. Азыр бул сапар экстремисттердин автономия жана өзбек тилине өзгөчө макам берүү деген ураандан келип чыкты.

Өзбекстандын Анжиян, Наманган, Фергана облустарында жашап аткан бир миллион кыргыздар автономияны, кыргыз тилин сурап атса анда адекваттуу кылып сураса болот. Көрсө 25-30 жылда адамдын аң-сезиминде өткөн окуя унутулуп, көп курч нерселер өчүп калат экен.

Калыс болуш керек. Азыр күнөөлөнүп аткан Кадыржан Батыровдор, экстремисттер калыс болбой жатпайбы. Ошол кезде Батыров жашыраак болсо керек. Анын баарын унутуп, кан төгүлөт деп ойлобой оозуна келгенди оттой берет экен да. Эми качып жүрөт. Кантсе да алардын да тарых алдында жооп берчү кези келет.

“Бир колуңдун ачуусун экинчи колуң менен бас” дейт, ушундай кылып ачууну басыш керек, элдешиш керек. Дүйнөдө мамлекеттер ортосунда, эл, этнос аралык миңдеген согуштар болгон. Бирок аягын элдешип анан жашайт, антпесе жашоо жок. Кошуна кошунага, эл элге калыс болуш керек.
XS
SM
MD
LG