Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:45

Кыргызстанда июнь коогалаңы боюнча алты түрдүү корутунду жарыяланды. Ал корутундунун бирөөсүнүн автору болгон эл аралык комиссиянын төрагасы Киммо Килюненди парламент Кыргызстанга келүүгө тыюу салды. “Азаттыктын” “Арай көз чарай” талкуусу мына ушул маселеге арналды.

Талкууга катышкандар:

Жогорку Кеңештеги “Ата Журт” фракциясынын мүчөсү Жылдыз Жолдошева, президенттин парламенттеги өкүлү Азимбек Бекназаров жана “Акыйкат” партиясынын лидери Аликбек Жекшенкулов.

“Азаттык”: Киммо Килюнендин корутундусу жарыяланып, ал дүйнө жүзүнө таратылып кеткенден кийин кыргыз парламентинин тескери баасынын таасири болобу, "жоо кеткен соң кылычыңды ташка чап" дегендей болуп калбайбызбы, Жылдыз айым?

Жылдыз Жолдошева: Тилекке каршы эл аралык комиссиянын азыркы төрагасы Киммо Килюненге мандатты биздин республикабыздын президенти Роза Отунбаева тапшырган. Ал мезгилде парламент жок болчу.

Экинчиден, парламент баа берген жок. Бааны мандатты берген президент бериш керек. Азыр парламенттик бийликке өттүк деп атпайбызбы, бирок толук кандуу парламенттик бийлик боло элек. Ошондуктан легитимдүү бийликтин бир бутагы болгондон кийин, элдин атынан президент жана парламент сүйлөй ала тургандыгына байланыштуу албетте депутаттар өзүнүн көз карашын айтыш керек. Ошон үчүн бүгүн бул маселе талкууга алынды.

“Азаттык”: Азимбек мырза, Килюнендин комиссиясы эмне максатта жана ким тарабынан чакырылган эле?

Азимбек Бекназаров: Президент тарабынан июлда БУУга кат жөнөтүп, Кыргызстанда июн коогалаңында кыргыз улутундагылар өзбек улутундагы адамдарга геноцид жасады, же аскер кылмыштарын жасады деп байма-бай Батышта да, КМШнын алкагында да, биздин Кыргызстанда да маалыматтар, тегерек үстөлдөр боло бергендиктен президент Отунбаева эл аралык комиссия келип ушундай болгон бекен, ошону өзүңөр кирип иликтеп кеткиле деген.
Биздин парламенттик комиссия Киммо Килюнен менен жолукканда сүрөттөрдү көрсөтүп, баарын айтканда, ал эч нерсе дей албай отуруп калган.


Эл аралык уюмдар тынбай “бизди Кыргызстанга киргизбей жатат, ал жерде геноцид болду” деген кыргыз улутуна бир тараптуу айыптарды койо баштаган. Ошол себептен президент “Кыргызстан эл аралык жоболордун принциптерин туу тутунат, керек болсо киргиле, адам укугу сакталат, геноцид, аскерий конфликт, адамзатына каршы кылмыш болбогондугун өз көзүңөр менен көргүлө” деген максатта жол берген.

“Азаттык”: Геноцид болгон жок деген бүтүмдү чыгарышты, бирок адамзатына каршы кылмыш болгон деп айтып жатышат. Чакыртпай койгондо натыйжа кандай болмок, Аликбек мырза?

Аликбек Жекшенкулов: Менин оюмча, чакырардын астында адистер, дипломаттар, эксперттер, саясий коомчулук менен чогуу баарын өзү изилдеп, анан далилдерди алып туруп чакырыш керек болчу.

Азыр сиз айткандай “жоо кеткенден кийин кылычын ташка чапкандай” болуп атат. Бирок жаңы Конституция боюнча парламент эл аралык комиссиянын жыйынтыгына өзүнүн баасын бергенге толук укуктуу.

Парламент эмоцияга алдырып коюптур. Эми четке кагып, сунуш кабыл албайт деп туруп эле, мисалы биздин улуттук конгресс ушундай чечимге келген, биз “расмий бийликти эл аралык комиссиянын сунушун четке какканга чакырабыз” деп эле коймок.

“Азаттык”: Персона нон-грата ашыкча болуп кеттиби?

Аликбек Жекшенкулов: Дүйнөлүк практикада шпиондорду, же өтө чоң кылмышкерлерди ошондой кылат. Азыр болсо талаш-тартыш. Бул тышкы саясаттын башаламандыгы болуп атат. Дегеле тышкы саясий кадам жасаганда жети жолу өлчөп, бир кесиш керек.

Күмөн жараткан ойлор

“Азаттык”: Азимбек мырза, юристтер, саясатчылар, дипломаттар кеңешип, андан кийин комиссияны чакырса болмок деп айтып жатпайбы. Ушундай кеңешүү болду беле?

Азимбек Бекназаров: Кеңешсе кеңешкендир. Сентябрда расмий комиссия түзүлүп ишин баштады. Ал убакта биз конституциялык талаада жүрүп калдык. Президент толук кандуу президент катары иштеп жаткан. Президенттин алдында кеңешчилери, юристтери болгон, бөлүмдөрү, министрликтер толук кандуу иштеп аткан.

Бизге Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнө маалымат катары айткан, кандай дейсиңер, "бүт эле өзбек улутун геноцид кылды" деген күч алып кетти, өз көздөрү менен көрүп кетишпейби деп. Азыр айтып атышпайбы, максатына жеткен жок деп. Тескерисинче, Батыш өзү жыйынтык чыгарып, аскер кылмышы, геноцид болбогондугун тастыктап кеткенден кийин өздөрү бир аз уят болуп солгуй түштү.

Ал эми адамзатына каршы кылмыш деген боюнча биздин өзүбүздүн мыйзамдардын чегинде бир топ адамдар өмүр бою түрмөдө отура турган жазасын берип атат. Адамзатына каршы кылмыштын эл аралык соттун 7-беренесине ылайык биз өкмөттүн атынан аларга ошол кылмыштын белгилери жок деп так жазып бердик.
Биздин толук ыйгарым укугубуз бар, биз суверендүү мамлекетпиз, өзүбүздүн тагдырыбызды өзүбүз чечишибиз керек.


Жылдыз Жолдошева: Мен билем, айрым Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү Кадыржан Батыров менен соодалашкан. Асылбек Текебаев баш болуп К.Батыровдор барып Тейитте экс-президент Бакиевдин ата конушун, кыргыздын желегин өрттөшкөн. Ушул кылмыш иштери эки улуттун ортосуна от жагууга мүмкүнчүлүк берген.

Ал эми эл аралык комиссия келсин дегенди мен билген эмесмин, мен чакырган эмесмин. Эмне үчүн парламент ушундай деп айтып атат, эмоционалдуу деп атышпайбы, чынында эле Киммо Килюнен ошого алып барып койду. Мисалы колуна биздин президент мандат бериптир, ошончо материалдарды да биздин тартип коргоо органдары берди да. Алар жашыруун материалдарды алышты. Киммо Килюнен фин болсо, 400 миңге жакын “Чөөнүн убактысы” деген китеп Финляндиядан чыгып атат.

Аны берген “Геноцид фактылары” деген тасмаларды чыгарбадыбы. Киммо Килюненге берилген документтердин негизинде алар даректүү тасма чыгарышты. Бул шпионажга кирет.

Экинчиден, Киммо Килюнен мындай деп жазат, “кыргыздар 1960-жылы түндүктөн түштүккө көчүп барган. 1960-жылга чейин ал жерде бир дагы кыргыз жашаган эмес" деп. Мен таң калдым, бул Киммо Килюнен финляндиялык болсо, биринчи президенти мырза Маннергейм 1906-жылы Курманжан датка менен Алайда жолугушуп атат. Финляндиянын борбор шаары Хелсинкидеги улуттук чоң музейинде бир бурчу турат.

Ал эми кечээ көрсөтүлгөн, мен даярдаган даректүү тасма ошол Киммо Килюнендин жардамы менен чыккан тасмаларга жооп. Убактылуу өкмөттүн кээ бир мүчөлөрү аларды сындап койсок азыр мага капа болуп аткандыр. Сындагандык эмес, болгон фактыны көрсөтүп койсок алар капа болбошу керек.

Ушуну менен биздин жетекчилерди бир жакка чакырып кала турган болсо, ушул даректүү тасманы колдонушат. Ушул жерде Батыров баштаган өзбек сепаратисттик күчтөр кантип 100 миң доллар которуп, тополоңду баштагыла деп, өзбек улутундагы жаштарды провокацияга алдыртып, кагылышуу болгону көрсөтүлгөн. Эч качан бул жерде карапайым кыргыз да, өзбек да күнөөлүү эмес. Бул жерде саясатчылар жана Батыров баштаган топ күнөөлүү.

“Өз тагдырың колуңда”

“Азаттык”: Килюнендин комиссиясынын корутундусун Европа Биримдиги жана АКШ колдоого алды. Комиссиянын сунуштарын аткаруу зарылдыгын өкмөткө эскертти. Парламент болсо караманча каршы чыкты. Мамлекет, бийлик туңгуюкка кириптер болуп калган жокпу?

Аликбек Жекшенкулов: Мен парламенттин чечимин колдойм. Анткени отчетун биз да окуп чыктык, ал жерде көп нерсе туура эмес, бир тараптуу жазылган. Азимбек Анаркулович, юрист катары жакшы билесиз, азыр адамзатка каршы кылмыш менен геноцид бирдей эле. Миллиондогон кишини фашисттик режим концлагерге жоготкондон кийин адамзатка каршы деп юридикалык процессте да айтылган. Ошондуктан жалпы биздин мамлекетибизге, жалпы кыргыз элинин аброюна чоң шек келтирип атат.

Бул жерде маалыматтык согушту башынан эле уттурдук. Ошону расмий бийлик билиш керек болчу. Тилекке каршы андай болбоптур. Азыр эми АКШ болобу, Евросоюз болобу, ага карабай биздин тагдырыбызды кыргыздар чечиш керек.
Батыш өзү жыйынтык чыгарып, аскер кылмышы, геноцид болбогондугун тастыктап кеткенден кийин өздөрү бир аз уят болуп солгуй түштү.


Биздин толук ыйгарым укугубуз бар, биз суверендүү мамлекетпиз, өзүбүздүн тагдырыбызды өзүбүз чечишибиз керек. Ошондуктан бул жерде эмоцияга алдырбай, бүгүн акыркы чекитти президент коюш керек.

“Азаттык”: Бул жерде тактап коюш керек, орусчасында “против человечности” дегенде бул адамзатына эмес, адам заттыгына дегендейби?

Азимбек Бекназаров: Жок, юридикалык термин боюнча адамзатына каршы кылмыш деп эсептелинет.

“Азаттык”: Президент өзүнүн баасын береби, ушундай ою барбы?

Азимбек Бекназаров: Президент өзүнүн баасын берди. Батышта, АКШда мамлекеттин өкмөтү деп расмий бийликти эсептейт. Биз илгерки совет учурундагыдай кылып парламент, президент деп бөлүп атпайбызбы. Аларда АКШнын өкмөтү дегенден кийин эле бардык бийлигин түшүнөт.

Мандат берип атканда, кыргыз өкмөттүн комментарийи дегенде азыркы биздин расмий бийликтин комментарийи деп түшүнүп атышат. Ошондуктан парламент бүгүн баа берилген жок деп атпайбы, парламент талкуулап, токтом алып, баа берди, алардыкын жокко чыгарды, кыргыз өкмөтүнүн комментарийин колдоду. Анткени кыргыз элин күнөөлөп атпайбы. Килюненге бир улутту, бир элди күнөөлөгөнгө ким укук берди? Убактылуу өкмөттү күнөөлөсүн, мейли биз күнөөлүүбүз, мойнубузга алалы, бирок элди, мамлекетти күнөөлөгөнгө укугу жок. Ошондуктан мен ойлойм, бул - шпиондуктан да жаман нерсе.

Жылдыз Жолдошева: Бүгүн парламент өзүнүн позициясын ачык көрсөттү. Президент да телевидение аркылуу элге өзүнүн позициясын билдирип коюш керек. Себеби мандатты президент берген. Алар кыргыз элине доо кетирип атат.

Ошол эле мезгилде Киммо Килюнен эл аралык котормочуларын бүт өзбек улутундагылардан алган, алардын үйлөрүндө жашаган, чайын ичкен, башкасын да алса керек деген ой кетти.

Анын үстүнө ал кыргыз жарандарынын ичинен жабыр тарткандардын бири менен да сүйлөшкөн эмес. Биздин парламенттик комиссия Киммо Килюнен менен жолукканда сүрөттөрдү көрсөтүп, баарын айтканда, ал эч нерсе дей албай отуруп калган.

Кечээ Ө.Текебаев суроо берип атпайбы, эгерде бул тасмада тастыкталбаган маалымат болсо ким жооп берет деп. Бир кыргыздын жигити чыгып мен жооп берем деген жок. Эмне Ош коогалаңы болгону жалганбы, мен жооп берейинчи деп жоопкерчиликти алдым. Алар эмнени талап кылган? Кыргызстандын түштүк аймагында өзбек автономиялык облусун түзүү, анын жетекчилигине сөзсүз өзбек улутунун өкүлүн дайындоо.

Талаптар жана фактылар тиреши

“Азаттык”: Сизде бул боюнча фактылар барбы?

Жылдыз Жолдошева: Фактылар бар. Кадыржан Батыров өзү болом дептир. Ал өзүнүн жеке кызыкчылыгын ойлоп, өзбек автономиясына жетекчи болом деп өзбек элин ушундай абалга алып келди. Биздин болсо айрым Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү өзүнүн жеке кызыкчылыгын ойлоп, кыргыздын элин ушундай акыбалга алып келди.

Мурдагы президенттер Акаев менен Бакиев шайлоо учурунун алдында өзбек диаспорасынын жетекчилери менен соодалашып атып ушундай абалга алып келди деп тасмада айтылып атат.
Эч качан бул жерде карапайым кыргыз да, өзбек да күнөөлүү эмес. Бул жерде саясатчылар жана Батыров баштаган топ күнөөлүү.


Экинчиси, өзбек тилине мамлекеттик тил деген статусту берүү, кыргыз тилинин статусу менен бирдей деңгээлде болуп, бүт мамлекеттик мекемелердеги документацияны өзбек тилинде жүргүзүү, мамлекеттик мекемелерди жана күч органдарында өзбек улутундагы жарандардын кызматка алуунун санын көбөйтүү, республикалык деңгээлде мамлекеттик жетекчилигин өзбек улутунан дайындоо, анысы аз келгенсип, бүт мектептердин окуу программасына өзбек тилин киргизип, аны чет тили катары окуусун дейт. Ушунун баары тең жөнөкөй карапайым калкка кереги жок. Автономиясыз эле алар аябай жакшы жашап атышат.

Өзбек тилинде 133 мектеп, университет, театрлар бар, кайсы тармактарды караба өзбек жетекчилери бар. Ошон үчүн өзбек эли да билиш керек, К.Батыровго окшогон мен лидермин дегендерге алар провокацияга алдырбаш керек. Кыргыздар да шайлоого келгенде улуттун атасын туура тандай билиш керек.

“Азаттык”: Сиз факты бар деп атасыз. Бир дагы комиссия автономия сураган деген фактыны далилдеп айткан жок. Аликбек мырза, сизге ушундай кезиктиби?

Аликбек Жекшенкулов: Сунуш катарында өзбек диаспоранын жетекчилери тарабынан айтылган. Бүгүнкү күндө Килюнен келди, кетти. Эмне үчүн чекитти Отунбаева коюш керек? Анткени журт энеси чакыргандан кийин, биринчи четке кагып туруп, далилдеп бериш керек. Күч органдары менен сүйлөштүм, күнү-түнү жүрүп стабилдүүлүктү араң сактап калды, ошолорду күнөөлөп атат. Бул туура эмес. Анткени бул биздин эгемендүүлүгүбүзгө, мамлекетибизге чоң шек келтирет.

Жылдыз Жолдошева: Биз кайраштыралы деген оюбуз жок. Азыр түштүктө кыргыз да, өзбек да муну ким жасаганын түшүнүп калды.

“Азаттык”: Эл аралык комиссиянын юридикалык чечим чыгаруу укугу болгон эмес. Бирок ал корутундуга негизденип, кыргыз бийлигин сотко берүү мүмкүнбү?

Азимбек Бекназаров: Жок, ал комиссияга андай укук берилген эмес. Бирок комиссиянын бир жактуу чыгарган чечимине таянып, айрым сепаратисттер эл аралык сотторго кайрылышы мүмкүн.
Президент да телевидение аркылуу элге өзүнүн позициясын билдирип коюш керек. Себеби мандатты президент берген.


Аликбек Жекшенкулов: Эл аралык коомчулукта биз маалымат жагынан уттурдук. Эгер эртеңки күндү ойлосок, кайра маалыматтарды айтып, жанагы тасмаларды эл аралык коомчулукка көрсөтүш керек.

Биз кыргыз эли илгертеден бери абдан сабырдуу элбиз. Буга жөнөкөй эл күнөөлүү эмес, буга саясатчылар күнөөлүү. Ошон үчүн азыр иш-чара менен баарын тынчытып, стабилдүүлүккө алып келип, бүгүнкү дипломаттар эл аралык аброюбузду кантип көтөрөбүз деп ойлонуш керек.

Жылдыз Жолдошева: Ушул тасманы биз англисчеге, орусчага которуп, биздеги чет өлкөдөн келген элчиликтерге, донорлорго, Евросоюзга, ЕККУ, баарына таратып беребиз. Азыр бул тасманы керек болсо телевизордон бүт элге көрсөтүш керек. Себеби ал ушунчалык калыстык менен тартылган.

Кыргыз ойлоп атат кыргыз эле каза тапты деп, өзбек ойлоп атат өзбек эле каза болду деп. Андай эмес, эки тараптан тең жабыркады, эки тараптан тең мыкаачылыкка жол берилген, эки тараптан тең бирдей адамдар каза болду. Ошон үчүн эгер биз элибизди ойлосок, ушунун баарын көрсөтүшүбүз керек.

“Азаттык”: Рахмат.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG