Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:41

Июнь коогасы боюнча айыпталып, чет өлкөгө качып кеткен Кадыржан Батыров Кыргызстандагы мал-мүлкү таланып-тонолуп кеткенин айтып чыкты.

Кыргызстандын прокуратура органдары болсо анын дооматтын четке кагууда. Башкы прокурордун орун басары Нурлан Жээналиев Кадыржан Батыровдун башкаларга каттаттып, мүлкүн жашырып калуу аракеттеринин бети ачылганын жана жакында сот чечим чыгарса ага таандык деп саналган 28 объект мамлекетке өткөрүлөөрүн жарыялады.

Батыров: талап, талкалап бүтүрүштү

Кадыржан Батыров Жалал-Абад шаарындагы, Сузактагы, Ноокендеги жана Базар-Коргондогу ага таандык мүлктүн көпчүлүгү жеке адамдардын пайдасына бөлүштүрүлүп, алар аркылуу үчүнчү бирөөлөргө сатылып кеткенин билдирди. “Азаттыкка” маегинде Батыров соттун өкүмү менен мамлекеттин карамагына өткөрүлсүн деген ишканалардын кагаз акцияларынан башка анда колго илинерлик буюм-тайым же мал-мүлк калбаганын белгиледи.

Мындай талап-тоноолор 2010-жылдагы июнь окуясынан кийин эле башталганын айткан Кадыржан Батыров өткөн эки жыл аралыгында анын ишканаларына таандык мүлк эбак эле башка бирөөлөрдүн менчигине айлангандыгына мындайча токтолду:

- УКМКнын кызматкерлери экскаваторлорду, тракторлорду сатып жиберишкен. Соода жана медициналык жабдууларды университеттин кампасына алып келип киргизип койсок, ошонун бардыгын милиция, атайын кызмат, прокуратура баш болуп талап-тоноп кетишиптир. Арсланбабга чакан ГЭС курабыз деп 1,5 километр жүздүк жети жүз диаметрдеги металл түтүктөрдү дагы чыгарып, талкалап, сатып бүтүрүштү. Эгерде мамлекетке өткөзө турган болсо, ошонун бардыгын мыйзам чегинде каттоого алып туруп, мамлекеттин карамагына өткөзүп алышпайт беле. Алардын андай жол менен өткөзүү ниети жок.

Ошол эле кезде учурда Швецияда башкалап жүргөн Батыровдун Кыргызстандагы ишенимдүү өкүлдөрү ага таандык тиешелүү мүлктү мамлекеттин карамагына өткөрүп алуу боюнча иш-чараларга катыштырылбай жатканына даттанды. Ал өзү жакын туугандарына катталган мал-мүлк Батыровго таандык деген негиз менен атайын каттоого алынып, бул боюнча сот иштери аталган тараптын кызыкчылыгын эске албастан жүрүп жатканын белгиледи.

Кадыржан Батыров менчик укугу одоно бузулгандыгын айтып даттанган анын ишенимдүү өкүлдөрүнө карата коркутуп-үркүтүүлөр жана куугунтуктоо болгонун да билдирди:

- “Достук” акционердик коомунун жетекчиси жанагы мүлктү мыйзамсыз талап-тоноп жатасыңар деп арызданса аны прокуратурага чакырып, коркутушуп, жогору жакка жолдогон арызыңды кайтарып ал деп куугунтукка алып, басым көрсөтүп жатышыптыр. Биздин жигиттер соттун кайда, кантип өткөнүн деле билишкен жок. Булар өздөрү кызыкдар тарапты чакырбастан эле өзүм билемдик менен ар кандай сот чечимдерин чыгартып алып жатышат. Бизден мына ошол тергөө, же сот иштерине бир дагы адам адвокат, же жөн эле юрист катары катыша алган жок.

Көз боёмочулуктун “көчүрмөсү”

Бирок Батыровдун койгон дооматтарын прокуратура органдары четке кагууда. Тескерисинче, Батыров учурунда мал-мүлкүн башка бирөөлөргө мыйзамсыз каттаткан бир канча фактылардын бети ачылганы белгиленди.

Жергиликтүү мамлекеттик каттоо органдары кезинде Батыровго таандык байлыктын көпчүлүгүн жасалма кожоюндардын атына жазууга көмөктөшүп, анын кесепетинен анын мал-мүлкүн же ишканалардагы акцияларын мамлекетке алуу жагы татаалдашып кеткен.

Мына ошондуктан алгач аталган мүлктүн 2010-жылга чейинки чыныгы кожоюндары ким болгону жана андан кийин менчик ээлери кандайча алмашып кеткени изилденип чыккан. Иликтөө материалдарында анын көпчүлүк мүлкү 2005-жылга чейин Батыровдун өзүнө катталса, кийинки беш жылда ар кайсы адамдардын наамына жазыла баштаганы аныкталган.

Башкы прокурордун биринчи орун басары Нурлан Жээналиев Батыровдун мүлкүн изилдөө иштери 2010-жылы үстүртөн иликтенгендиктен аны мамлекетке алуу жагы кечеңдеп келгенин белгиледи:

- Сот аткаруучулар менен прокурорлор чогуу барып, анын кайсы жерде кандай менчиги болгону жана ал кийин кимдерге катталып, же өтүп кеткенин тактоо боюнча чоң иштерди жасады. Ага чейин Батыровдун мүлкүнө камак койулсун деген эле жалпы документ кабыл алынып, бирок конкреттүү тастыктоо болгон эмес экен. Ошонун айынан ага таандык болушу мүмкүн деген мүлктүн көбү табылбай жаткан. Жыйынтыгында анын мүлкүн мамлекетке өткөрүү иши мына ушундай мөөнөткө кечеңдеди. Бардыгын тактап-тастыктап туруп, биздин балдар сотко өткөрүп беришти. Азыр Батыровдун адамдары менен келишип алып, кандайдыр бир жеке кызыкчылыктагы иштерди жасоого мүмкүн эмес. Мүмкүн андай иштер мурда болсо болгондур.

Кадыржан Батыровдун июнь окуясы боюнча кылмыш иши сотко өтүп, өкүм чыкканга чейин анын мал-мүлкүн изилдеп чыгуу жана камакка алуу маселеси күн тартибине койулбайт деп эсептешет айрым адистер. Ал эми Батыровдун кылмыш иши бир жылдан ашуун тергелип, былтыр күзүндө гана сот өндүрүшүнө берилген. Соттун бул боюнча тиешелүү чечими чыккандан кийин гана мүлктүн менчик ээсин изилдеп, аныктоого дагы бир жылдай убакыт кеткен.

Жалал-Абад облусунун ошол кездеги прокурору Каныбек Турдумамбетов Батыровго таандык болушу мүмкүн деп шектелген мүлктөргө камак койуу кезинде мыйзам чегинде жүргүзүлгөн деп эсептейт:

- Мына ошол оор күндөрдө ар кандай кыйынчылыкка карабастан тергөө тобу Батыровдун мамлекеттик каттоодо расмий катталган мүлкүнүн бардыгына камак койгон. Анан ал тизме канчалык толук же толук болбогонун ошондогу тергөө тобундагы кызматкерлер менен такташ керек. Аны тактап, кимдир бирөө мыйзам бузганын азыр деле аныктап чыгууга болот. Негизи соттун өкүмү чыкканга чейин эле сот аткаруучулар же тергөөчүлөр Батыровдун мүлктөрүн каттоодо бурмалоого жеке кызыкчылыктан улам жол берүүгө мүмкүн эмес. Анткени ал учурда эч кандай сот боло элек болчу. Ал эми 2011-жылы соттон кийин кимдер экскаваторлор менен тракторлорду сатканын билбейм.

Парламент иликтейт

Бирок чындыгында эле Батыровго тиешелүү мүлктүн көпчүлүгү 2010-жылы июнь окуясынан кийин башка адамдардын наамына көп жазылган фактылар бар экени парламентке да белгилүү болгон. Мындай иштер Батыровдун өзүнүн жакын адамдарынын колу менен ишке ашканы же башка бирөөлөр аны ээлеп алуу максатында ага түрткү болгону белгисиз. Бирок ага таандык айрым мүлктүн июнь окуясынан кийин эле Салижан Шарипов сыяктуу адамдарга катталышы мындай иштер менен көпчүлүк учурда Батыровдун адамдары алектениши мүмкүн деген ойго жетелейт дешет айрым серепчилер.

Кандай болгон учурда да менчик укугун мыйзамсыз каттоого алган мамлекеттик органдар жана ага буюртма бергендердин бети ачылууга тийиш деп эсептейт Жогорку Кеңештин депутаты Токон Мамытов:

- Батыровго таандык мүлк башка бирөөлөргө катталып, алардын расмий ээлигине өтүп кеткени аныкталып отурат. Ошол боюнча биз укук коргоо органдарына тапшырма бергенбиз. Мына ошол кездери жергиликтүү бийликтин кандай органдарынын ичинен кимдер арткы мөөнөт менен мүлктөрдү каттоого алууга жол бергени аныкталууга тийиш. Ага жогортон ким уруксат же көрсөтмө берген? Мына ошонун бардыгын иликтеп чыгып, тиешелүү жооптуу кызматкерлердин бетин ачышыбыз керек. Муну сентябрь айынан баштап кайрадан карай баштайбыз.

Изин сууткан ишканалар

Кадыржан Батыров 2010-жылдагы июнь окуясынын башкы күнөөкөрү катары айыпталып, аны сот өмүр бою эркинен ажыратууга сыртынан өкүм чыгарган. 2011-жылы чыккан ал сот өкүмүндө Батыровдун мал-мүлкүн мамлекет пайдасына чегерүү талабы көрсөтүлгөн. Бирок расмий түрдө ага Жалал-Абаддын Сузак районундагы чакан жер тилкеси гана катталган болуп чыгат. Батыров атындагы "Эл достугу" университети, "БатырАвиа" компаниясына таандык ИЛ-76 жана ЯК-40 тибиндеги төрт учак, “Достук” акционердик коому, медициналык клиника, Жалал-Абаддагы “Шабдалызар” базары, эки миң баш кой-эчки менен үч жүздөн ашуун кара мал кармаган фермалары жана гектарлаган жер тилкелери иликтөө учурунда жакын туугандарынын атына жазылгандыгы аныкталган.

Аталган мүлктүн көпчүлүгүн 2010-жылдагы этникалык кагылыштан кийин эле, 15-июнь күнү космонавт Салижан Шариповдун наамына өткөрүлгөн. Ал өзү аталган мүлктү Батыровдун мурдагы жубайынан биржа аркылуу сатып алганын айткан болчу. Ал эми Кадыржан Батыров жубайы Карамат Батырова менен ажырашып кеткени белгиленген. Жакында эле сот аталган ажырашуу жасалма жүргүзүлгөн деген негизде чечимин чыгарды.

Жалал-Абад облустук сотунун төрагасынын экономикалык иштер боюнча орун басары Эдил Чаканов сотто аталган алды-сатты келишимдердин мыйзамдуулугун аныктоо маселеси караларына токтолду:

- Акциялар Батыровдун аялынын атында болуп жатат. Анан мына ошол акциялардагы анын үлүшүн бөлүп алуу боюнча өзүнчө сот иши болот. Анан бардык мына ушуга окшогон иштердеги Батыровдун мүлктөрүн баштапкы абалына кандайча алып келебиз деген маселенин үстүндө иштеп жатабыз. Бул жерде биз мына ушун бардыгы Батыровдуку экен деп эле мамлекетке өткөрүп сала албайбыз да. Ошондуктан алгач Карамат Батырова менен Салижан Шариповдун ортосундагы алды-сатты келишимин, анан Карамат Батыровага мүлктү өткөрүп берүү боюнча документтер жокко чыгарылууга тийиш.

Тергөөнүн материалдарында Батыровдун карамагындагы “Достук” акционердик коомуна караган Ноокендеги “Айылчарба химиясы” ишканасы 2010-жылы анын жакындарынын бири Журобой Сайпидиновго катталганы аныкталган. Ал адам 2010-жылдагы парламенттик шайлоодо “Республика” партиясынын райондук координатору болуп иштеп берген. Мындай мисалдар ондоп саналаарын айткан изкубарлар Батыровдун мүлктөрүн анын ишенимдүү адамдарына мыйзамсыз каттоого алууга жергиликтүү жана борбордук бийлик өкүлдөрүнүн катышы болушу мүмкүн деп шектенишет.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG