Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:55

Ак үйдөн сотторду ким тескейт?


Изилдөөлөрдө Кыргызстанда сотторго ишеним аз экени айтылып келет.

Изилдөөлөрдө Кыргызстанда сотторго ишеним аз экени айтылып келет.

Депутат Канатбек Исаев президенттик аппараттын кызматкерлери соттордун ишине кийлигишип, башкарып жатканын айтып чыкты.

Президенттик аппарат мындай маалыматтарды четке кагып, депутатты жалган маалымат таратканы үчүн айыптоодо.

Жакындан тарта бийликке каршы билдирүүлөр менен чыгып жаткан депутат Канатбек Исаевдин айтымында, өлкөдөгү маанилүү иштер боюнча сот чечимдери Ак үйдүн көрсөтмөсүз кабыл алынбайт:

- Тилекке каршы, биз укуктук мамлекетти дагы деле кура албай жатабыз. Соттор өз алдынча чечим чыгарбай эле, Ак үйдөгү бөлүм башчы Манас жана анын орун басары Алмаз деген жигит кандай телефон чалса, ошондой чечим чыгарышат. Мен тамаша-чынга салып да айттым, мынча сотко айлык төлөбөй эле кыскартып катчыларды калтырып койбойлубу деп. Анткени сот мыйзамдын негизинде чечим кабыл албаган соң алардын эмне кереги бар? Бүгүн буйрутма иштер менен эч күнөөсү жок же күнөөсү далилденбеген адамдар узак мөөнөткө кесилип кетип жатканын көрүп жатабыз.

Исаев президенттин кадр саясатын сынга алды

Жогорку Кеңештеги “Кыргызстан” фракциясынын депутаты Канатбек Исаев президент Алмазбек Атамбаевди кадр саясатына байланыштуу Баш мыйзамды бузуп жатат деп айыптады.

Депутат атаган адамдар президенттик аппараттын сот реформасы жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы Манас Арабаев жана УКМКнын алдындагы Коррупцияга каршы күрөш мекемесинин кызматкери Алмаз Маткасымов экени белгилүү болду. Маалыматтарга ылайык, Маткасымов Коррупцияга каршы күрөш кызматынан президенттик аппаратка убактылуу жөнөтүлүп, иштеп келген.

Исаев Ак үйдөгү бул кызматкерлердин көрсөтмөсүн аткарбаган судьялар кызматтан айдалып жатканын кошумчалады.

Бирок президенттик аппарат депутат Исаевдин билдирүүсүн четке кагууда. Мамлекет башчынын аппаратынын сот реформасы жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы Манас Арабаевдин “Азаттыкка” билдиришинче, эл өкүлү айткан дооматтар негизсиз:

- Мен Алмаз Маткасымов аттуу адамды тааныбайм. Биз кандайча буйрук бере алабыз? Ар бир судья президенттин жарлыгы менен дайындалган жана Конституция боюнча эч кимге көз каранды болбой иштейт. Канат Исаев баарына эле асылып жатат. Балким Башкы прокуратура ага карата кылмыш ишин жандандырганы үчүн ушундай кадамга барып жатабы, мен түшүнбөй жатам.

Президенттик аппараттан Алмаз Маткасымов аттуу адам иштебей турганын билдиришүүдө. Айрымдар аны турмушта жок “мифтик каарман” деп атап жиберишти.

Деген менен депутат Исаевдин билдирүүсү буга чейин айтылып келген сөздөргө кайрадан жем таштады. Буга чейин айрым маалымат каражаттары Алмаз Маткасымовду сот системасынын "көмүскө куратору" деп атап, президенттин мурдагы кеңешчиси Икрамжан Илмиянов менен жакын мамиледе экенин жазып келишкен эле.

Ошондой эле Алмаз Маткасымов президенттик аппарат 2013-жылы түзгөн соттордун жоопкерчилигин көтөрүү боюнча эксперттик топтун мүчөсү болгону тууралуу документтерди көрүүгө болот. УКМК болсо Маткасымов деген кызматкер тууралуу маалымат берүүдөн баш тартты.

Жогорку Соттун алдындагы Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова депутат Исаевдин айткандарын тастыктоодо. Анын айтымында, соттор үчүн Ак үйдүн буйругусуз иш кылуу кыйынга турат:

- Соттордун көз карандысыз боло албай жатканындагы эң негизги маселе - Ак үйдүн кийлигишкени. Эң көп президенттин аппараты кийлигишип, көрсөтмө берет. Муну көпчүлүк соттор ачык айта албай келет. Тескерисинче, татаал, бийликтин кызыкчылыгы бар иштерде судьялар Ак үйдөн качан чалат, эмне деген буйрук берет деп күтүп отурушат. Аларга болсо сот системасы менен иштеген кураторлор телефон чалышат.

Клара Сооронкулова.

Клара Сооронкулова.

Ал эми Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер боюнча комитетинин төрага орун басары Алмамбет Шыкмаматов соттордун көз карандысыздыгын камсыз кылуу аракети көрүлгөнү менен, аны ишке ашыруу кыйын болуп жатканын моюнуна алат:

- Эми президенттик аппарат менен УКМКда сотторду караган куратор бар экенин өлкөдө 360 сот болсо баары билет. Резонанстуу иштер боюнча ар бир судьянын үстүнөн бирден куратор шайланат. Анан алар кандай чечим кабыл аларын көзөмөлдөп турат.

Кыргызстандын бийлиги көп жылдан бери сот системасын реформалоо милдетин алдыга коюп, аны ишке ашырууга аракет кылганы менен, коомдо сотторго ишеним жок деген пикир дагы эле күчүндө.

Президент Атамбаев сот реформасын аягына чыгаруу үчүн Баш мыйзамды өзгөртүү зарылдыгын белгилеген эле.

Оппозиция болсо саясий эрк жетишпей жатканын билдирип, сот реформасын ишке ашырбаганы үчүн президентти жана анын командасын сындап келет.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG