Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:39

Апта: Исраиловдун миссиясы, Трамп салган дүрбөлөң


Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Улан Исраиловду 11-ноябрда ИИМдин жамаатына тааныштырды.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Улан Исраиловду 11-ноябрда ИИМдин жамаатына тааныштырды.

Узап бараткан жумада Кыргызстанда өкмөттүн жаңы курамы бекитилди. “Кыргызстан” фракциясынын мурунку лидери президентти Конституцияны бузду деп айыптады. Кошмо Штаттарда президенттик шайлоодо Дональд Трамп жеңишке жетишти.

Жансакчынын жаңы миссиясы...

Узап бараткан жумада Кыргызстанда жаңы өкмөт түзүлдү. Жогорку Кеңеш өкмөт башчылыкка Сооронбай Жээнбековду жана ал сунуштаган өкмөт курамын бекитти. Өкмөттү дайындоо боюнча президенттин жардыгы да дароо чыкты.

Жаңы өкмөттүн курамында Иички иштер министрлигине сунушталган Улан Исраилов менен Юстиция министрлигине көрсөтүлгөн Уран Ахметовдун талапкерлиги парламентте жана коомчулукта кызуу талаш-тартыш жаратты. 37 жаштагы Уран Ахметовдун эксперттик кызматтан министрликке чукул көтөрүлүүсү таңдануу жана суроолорду жаратса, Улан Исраиловдун парламентте элементардык суроолорго жооп бере албашы анын компетенттүүлүгүн чоң күмөнгө салды. Мурун президенттин жансакчысы болгон Исраилов акыркы кезде өтө чоң ылдамдык менен тартип коргоо системасында жогорку кызматтарга көтөрүлүп, соңунда ички иштер министри болуп дайындалды.

“Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев парламентте Улан Исраиловго бир катар суроолор менен кайрылды:

- Эми мына реформа жүргүзөбүз деп атасыңар, реформа жүргүзүүдөгү төрт артыкчылык берген багытты айтыңыз?.... Жооп жок. Колунан жетелеп иштетесизби Сооронбай Шарипович?

Улан Исраиловго чейин ички Иштер министрлигин беш-алты ай Кашкар Жунушалиев жетектеди. Бирок анын ишмердүүлүгүн 1-ноябрдагы милиция күнүнө утурлай, тартип сакчыларына жаңы батирлердин ачкычтарын тапшырып сындаган президент Алмазбек Атамбаев “ички иштер министрлигиндеги реформаларды жүргүзүүнү” өз колуна алаарын билдирген эле:

- Албетте, азыр деле милициянын ичинде “крысалар”, айбандар көп. Ички иштер министрлигинин башкы аппараты өтө эле кеңейип кеткен. Канча министр келди, реформа кылгандын ордуна баягы эле жолго салып баратышат. Буга катардагы милициянын күнөөсү жок, реформанын жүрбөй жатышына жетекчилер күнөөлүү. Системаны тазалаш керек, Кашкардын (Министр Кашкар Жунушалиев - ред.) колунан келбесе, мен өзүм тазалайм.

Президенттин 31-октябрдагы сөзү

Быйылкы жылы июль айында Коргоо кеңешинин жыйынында тартип коргоо органдарын реформалоонун концепциясы жактырылган. Анда Ички иштер министрлигин реформалоого өзгөчө көңүл бурулган. Министрликтеги башкармалыктарды жоюп, ордуна көз карандысыз кызматтарды түзүү каралган. Маселен, Коомдук коопсуздук кызматы, Миграция жана экстремизмге каршы күрөшүү кызматы, Криминалдык милиция жана ИИМдин ички коопсуздугу кызматын түзүү сунушталган. Милицияга кызматкерлерди контрактык негизде кабыл алууну киргизүү да реформанын маанилүү бир бөлүгү аталган. Кашкар Жунушалиев мына ушул реформаны ишке ашырууда батылдык кылганы байкалган эмес. Бир жагынан, СССРдин мезгилинде калыптанган Ички иштер министрлигинин системасын өзгөртүү жеңил эмес, экинчи жагынан мекеменин ичинде да катуу каршылыктар болоору турган иш.

Эми парламентте жөнөкөй суроолорго жооп бере албаган жаңы министр Коргоо кеңешинде жазылган реформаны механикалык түрдө аткарууга киришеби деген суроо жаралат.

Канаттын кагылышуусу...

Узап бараткан жумада “Кыргызстан” фракциясынын мурунку лидери Канатбек Исаев менен бийлик ортосунда курч кармаш тутанды. Эки ай мурун мындай алай-дүлөйдөн эч нерсе кабар бербей, Исаев көпчүлүк коалициянын лидерлигине шайланган эле. Андан кийин коалиция ыдырап, күтүүсүз жерден Канатбек Исаев көпчүлүк коалиция эле эмес, өзүнүн “Кыргызстан” фракциясынын лидерлигинен да кол жууп калды.

Исаев президенттин кадр саясатын сынга алды

Жогорку Кеңештеги “Кыргызстан” фракциясынын депутаты Канатбек Исаев президент Алмазбек Атамбаевди кадр саясатына байланыштуу Баш мыйзамды бузуп жатат деп айыптады.

Исаевдин ишинин тескери кетүүсү муну менен эле чектелбей, ага каршы козголгон кылмыш иши кайра жанданышы менен коштолду. Башкы прокуратура Канатбек Исаев Токмок шаарынын мэри болуп турган кездеги кылмыш иштер кайра текшериле баштаганын ырастады.

Бийликтин мындай аракети Канатбек Исаевдин жаалын келтирип, ал 9-ноябрда президентке түз чабуулга өтүп, мамлекет башчысын Конституцияны бузду деп айыптады:

- Конституциянын гаранты президент деп айтабыз. Эгер өзү Конституцияны бузуп жатса кантип кепил болот? Баш мыйзамдын 63-беренесинин 3-пунктунда так жазылып турат: президент өз ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырган мезгилде саясий партияга мүчөлүгүн токтото турат жана саясий партиялардын иштерине байланыштуу кандай гана аракеттер болбосун токтотот деп жазылып турат. Президент бул беренени аткарып келе жатабы? Албетте, жок.

Исаев ошондой эле Алмазбек Атамбаев КСДПнын өкүлдөрүн жогору кызматтарга дайындаганын санап чыкты. Президенттин терс иштерин тизмектөөдө Алмазбек Атамбаев парламенттик шайлоо жараянына каражат берүү менен катышканын өзү далилдеди деди:

- Акаев Жанарга акча каражаты менен шайлоодо жардам бергенбиз дейт. Президент өз сөзү менен шайлоо жараянына аралашканын далилдеди. Президенттик ишке киришип жатып Кудайдын жана элдин алдында Кыргыз Республикасынын Конституциясын так аткарууга ант берем деген эле. Конституциянын 63-беренсинин 3-пунктун одоно түрдө бузуп жатпайбы. Жогорку Кеңеш буга баа бериш керек деп ойлоймун.

Президенттик аппараттан Канатбек Исаевдин айыптоосуна жооп берилип, ал “чылгый саясат” жана ага козголгон кылмыш ишке байланыштуу “сотторго басым” катары бааланды. Президенттик аппараттын басма сөз кызматынын өкүлү Алмаз Үсөнов:

- Бул жерде чылгый саясаттан бөлөк эч нерсе жок. Балким ал өзүнүн кадрлары бийлик органдарында аз деп ойлоп жатса керек. Тартип коргоо, укук коргоо органдарына таарынычы бар болуш керек. Ошол эле учурда мүмкүн сотторду коркутууну көздөп жаткандыр.

Бул жерде Канатбек Исаевдин бийликке каршы чабуулу да, бийликтин ага каршы кылмыш ишинин козгоосу да - эки тараптын тең саясий абалын, бийлигин оппонентке каршы колдонгонун көрсөтөт. Маселен, Канатбек Исаев президент Атамбаевдин Конституцияга каршы келген иштери тууралуу бийликтин ыдыгынан кийин гана парламентте депутат катары үн катса, ал эми бийлик буга чейин жабылган ишти кайра ачып, анын ыгында болбогон саясатчыга кысым көрсөтүүдө.

“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев да тартип коргоо органдарынын басымын көрүп жатканын белгилеп, Улан Исраиловдун Ички иштер министрлигине келиши менен кысым дагы күчөйт деп билдирүүдө.

Ал эми учурда Өмүрбек Текебаев Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраевдин арызы менен Биринчи май райондук сотунда жооп берүүдө. Бишкек шаарынын мэри “Ата Мекендин” лидеринин “Манас” жабык акционердик коомундагы коррупция жана президент Атамбаевге Койташтагы жердин сатылышы боюнча билдирүүсү ар-намыс, беделиме доо кетирди деп, сотко кайрылган. Текебаевге ал бир миллион сом доо койгон. Бул доо арыз Биринчи май райондук сотунда 4-ноябрдан тарта карала баштады.

Узап бараткан жумада Кыргызстандагы 22 шаардык кеңештерге шайлоо үчүн үгүт өнөктүгү башталды. Мурда маалымдалгандай, 22 шаардык кеңештин баарына КСДП гана өз талапкерлерин көрсөтүүгө жетишти. 21 шаардык кеңешке “Республика-Ата –Журт”, 20 шаардык кеңешке “Өнүгүү-Прогресс” партиясы көрсөттү. Шаардык кеңештерге шайлоону келерки жылы боло турган президенттик шайлоого даярдык катары да баалоого болот. Шаардык кеңештерге шайлоо 11-декабрда өткөрүлөт. Бул күнү Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум да болот.

Президенттик шайлоого даярдыкты баштаганын белгилүү саясатчылардан мурунку өкмөт башчы Темир Сариев жарыялаган. Президенттик шайлоо алдында биригүү жөнүндө Адахан Мадумаров, Камчыбек Ташиев жана Акматбек Келдибеков ортосунда сүйлөшүү жүрүп жатканы маалымдалды. Адахан Мадумаров сүйлөшүүлөр башка саясий күчтөр менен да жүрүп жатканын ырастады:

- Кыргызстанда кайдыгер эмес кишилердин баары биригип жатабыз, кудай буйруса. Бүгүнкү маскаралыкка, баарын өзүмбилемдикке, кыргыз каада салтына, кыргыз маданиятына, кыргыз тарыхына кайдыгер эмес кишилердин баарын оппозиция деп койсо болот. Көптөгөн-көптөгөн кишилер биригели деген аракетти жасап жатабыз, кудай буюрса. Бул сүйлөшүүлөрдүн ийгиликтүү жүрүшүнө жана тездешине бүгүнкү бийликтин ар бир жасаган туура эмес, копол, олдоксон, сабатсыз жасаган кадамдары түрткү болуп берип атат.

Адахан Мадумаров

Адахан Мадумаров

Буга чейин “Бүтүн Кыргызстан”, “Ар-намыс” жана “Аалам” партиялары шайлоо системасын өзгөртүү багытында биргеликте иш алып барууну чечишкенин жарыялашкан.

Трамп салган дүрбөлөң...

Ошентип, Кыргызстан президенттик шайлоого жакындап баратса, дүйнөдөгү эң кубаттуу мамлекет 8-ноябрда президенттик шайлоосун өткөрдү.

Ал шайлоодо АКШ саясат таануучуларынын жана социологдорунун Хиллари Клинтон жеңишке жетишет деген сурамжылоо, божомолдору терең жаңылыш чыгып, Дональд Трамп утуп чыкты. АКШнын таасирдүү маалымат каражаттарынын Хиллари Клинтонго тартышы, Трампты “мокочо” кылып көрсөтүүсү да өзүнүн максатына жетпеди. Алар калкты Трампка каршы муюта алышпады.

Дональд Трамп менен Барак Обама.

Дональд Трамп менен Барак Обама.

Дональд Трамп АКШнын кызыкчылыгын биринчи орунга коем, өлкөнү кайра улуу кылам деген ураан менен жеңишке жетишти. Дүйнөдөгү эң кубаттуу жана таасирлүү өлкөнүн ички саясатка, өзүнүн улуттук кызыкчылыгына басым жасаган мындай бурулуш учуру дүйнөлүк коопсуздук жана глобалдык соода алакаларын өзгөртүү мүмкүнчүлүгү менен көңүл борборунда болууда.

Биринчиден, АКШнын Европа жана Азиядагы союздаштарынын тынчы кетүүдө. Алар Трамптын "союздаштар АКШ коопсуздугун камсыз кылганы үчүн төлөшү керек же өздөрүнүн коопсуздугун өздөрү камсыз кылышы керек" деген тышкы саясаттагы орчун позициясынан камтама болушууда.

АКШдагы шайлоодо Дональд Трамп жеңди

Дональд Трамптын тарапкерлеринин кубанычы койнуна батпай турат. АКШда алгачкы шайлоо өнөктүгү башталганда көпчүлүктүн күмөн саноосуна туш болгон Трамп эми президент болуу үчүн жетиштүү добуш топтоду. Дагы төрт штаттын жыйынтыктары келип түшө элек болсо да, республикачыл талапкер шайлоочулар коллегиясынын 276 добушуна ээ болууда. Президент болуу үчүн 270 добуш жетиштүү болмок.

Экинчиден, Дональд Трамптын соода жана өнөр жай саясатын АКШнын улуттук кызыкчылыктарына гана жараша жүргүзүү убадасы көп өлкөлөргө терс таасирин тийгизе тургандай. Мындай өзгөрүүдөн АКШ менен активдүү соода жүргүзгөн кошуна мамлекеттер, өзгөчө Кытай чочулайт.

Кытай менен АКШнын соода алакасынын көлөмү өткөн жылы 560 миллиард долларга жакындаган. Анын ичинен, Кытайдын АКШга экспорту 409 млрд доллар болсо, импорту 148 млрд болгон. Көрүнүп тургандай, Кытай пайдасына үч эсеге жакын тескери сальдо бар. “Биздин акчаны Кытай алып кетүүдө” деген Дональд Трамптын күйүп-бышуусунун себеби ушул жерде жатат. Эгерде АКШ ички базарын коргоо максатында Кытай товарларына кошумча төлөм киргизе турган болсо, анда Кытай экспорту үчүн жакшы эмес жагдай түзүлөт. Бул албетте Бээжинди чочулатат.

Үчүнчүдөн, Дональд Трамптын Орусия менен тил табышып кетүүсүнөн Европа Биримдигиндеги бир катар мамлекеттердин, аны менен катар өзгөчө Украинанын чочулоосуна негиз бар. Маселен, Европа Биримдиги азыркы кездеги Орусияны “тарбиялоо” аракети түккө турбай калуусунан чочуласа, Украина колдоочусуз калуудан коркот.

Расмий Киев шайлоо өнөктүгү учурунда Трампты жекиргендердин сап башында болуп, Хиллари Клинтонго өзгөчө таянып алганы белгилүү. Ага жараша талапкер кезинде эле Дональд Трамп АКШга келген Украина президенти Петр Порошенко менен жолугушуудан баш тарткан. Эгерде Трамп Орусия менен келишип кетсе, анда Украина азыркы саясатын өзгөртүүгө, Орусия менен тил табышууга аргасыз боло баштайт. Ошентип, Трамптын президенттикке шайлануусу глобалдык өзгөрүүлөрдү жаратуу мүмкүнчүлүгү менен көңүл борборунда болууда.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG