Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:51

Кадр саясаты: калпыстык же таңкыстык


Кыргыз өкмөтүнүн мүчөлөрү
Кыргыз өкмөтүнүн мүчөлөрү

Парламенттеги оппозиция чечүүчү кызмат орундарына көрсөтүлгөн кадрлардын көпчүлүгү кесиптик даярдык, ишбилгилик жана тазалык сыяктуу талаптардан алыс экенин айтып чыкты.

Талдоочулардын баамында, соңку өкмөт курамы бийликке берилгендиги жана ишенимдүүлүгү сыяктуу критерийлер менен гана тандалган. КСДП фракциясынын жетекчиси мындай дооматты четке кагып, жаш, энергиялуу жана кесипкөй адистер жогорку кызматтарга көрсөтүлдү деп ишендирди.

Реформа милдети Исраиловго тапшырылды

Өкмөт курамынын үчтөн бири гана алмашып, калган мүчөлөрү кызмат орундарын сактап калышты. Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев жаңы курамга кирбей калды. Буга чейин президент Алмазбек Атамбаев ички иштер органдарын реформалоо кечеңдеп жатканын сынга алган.

Күч түзүмдөрү реформаны кыскартуудан баштайт

Күч түзүмдөрү реформаны кыскартуудан баштайт

Укук коргоо органдары арасында өз ара түзүмдөр алмашканы менен жогорку бийлик тепкичтеринин айтканынан чыкпай, мыйзамды так сактабаса эч кандай реформа жыйынтык бербей турганын айткандар бар.

Бирок Кашкар Жунушалиевдин ордуна Атамбаевдин мурдагы жансакчысы Улан Исраиловдун келиши ички иштер органдарындагы реформанын келечеги туурасында коомчулукта эки анжы ойду жаратты.

Өкмөт башчысы Сооронбай Жээнбеков парламентте буга чейинки министрге дооматы жоктугун айтып, бирок реформа кечеңдегендиктен аны алмаштырууга туура келгенин айтты:

- Эми мен ал кишини жаман дебейм. Ал жакшы киши. Мен ал адамдын ишинин сапатына же адамдык сапатына жаман нерсе айта албайм. Бирок тармактагы реформаны ишке ашыруу жагы кечеңдеп кетти. Биз ал кишиге койгон талап аткарылбай, иш артка кеткени үчүн аны алмаштырууга туура келди.

“Өз кишилердин” өзгөчөлүгү эмнеде?

Президент Алмазбек Атамбаев мөөнөтү бүтөрүнө бир жыл калганда чынында эле ички иштер органдарын реформалоону каалап жатабы же анын башка көздөгөнү барбы деген суроо кабыргасынан коюлуп турат. Анткени президент буга чейин да өзүнүн жакын чөйрөсүндөгү адамдарды чечүүчү кызмат орундарына койгон.

Буга серепчилер азыркы өкмөттө да кызмат ордун сактап калган УКМК төрагасы Абдил Сегизбаевди, башкы прокурор Индира Жолдубаеваны, президенттик аппараттын мурдагы жетекчи орун басары, азыркы БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекованы, УКМК төрагасынын орун басары, дагы бир мурдагы жансакчы Болот Сүйүнбаевди жана жакында эле президенттин кеңешчисинен КСДП партиясынын штабын жетектөөгө кеткен Икрамжан Илмияновду мисал келтиришүүдө.

Өкмөт өкүлүнүн кадыры канча?

Өкмөт өкүлүнүн кадыры канча?

Кыргызстанда саясий адистер жергиликтүү бийлик жетекчилери айрыкча шайлоо алдында өзгөчө мааниге ээ болорун айтып келишет.

Коомдук активист Сапар Аргынбаев президент соңку мезгилде өзүнө ишенимдүү кадрларды чечүүчү кызмат орундарына койдуруп жатканын белгиледи:

- Буга чейин КСДП жогорку кызмат орундарына кадрларды алып келип эле, кайра жарым жылдан кийин кетирип жатты. Анан эми аларды туура эмес дайындоо болсо аларды көрсөткөн жактын дагы жоопкерчилиги болушу керек да. Анан эми кадр саясатында жоопкерчилик жок болуп, соңку мезгилде өзүнүн тегерегинде жүргөн ишенимдүү делген кишилерди жогорку кызматтарга койобуз деп жанталашып жатышат. Анан эми койгон кишилери болсо ушулар. Чынында кадр саясаты өлдү. Мурда кандай болсо, ошондой эле болуп калды окшойт...

Өмүркулов: бийликке тажрыйбалуу жана жаш кадрлар тартылууда

Жаңыдан дайындалган ички иштер министри Улан Исраилов 2013-жылы Бишкектин Свердлов райондук ички иштер бөлүмүн, анан Ички иштер министрлигинин 7-башкы башкармалыгын жетектеп жүрүп, УКМКнын коррупцияга каршы күрөшүү кызматын башкарууга келген.

Президент мындан сырткары өзүнүн жарлыгы менен Улуттук гвардиянын кол башчысы Мирбек Касымкуловду чек ара кызматынын төрагалыгына дайындады. Бул адам 2010-жылы Жаныш Бакиев жетектеген мамлекеттик күзөт кызматынын даярдоо борборун башкарып, 7-апрелде аянттагы кан төгүү окуясы боюнча күбө катары сурак берген. Юстиция министри болуп дайындалган жаш кадрлардын дагы бири Уран Ахметов буга чейин президенттик аппаратта жана өкмөттүн укук бөлүмүндө иштеген. КСДП фракциясынын жетекчиси Иса Өмүркулов президенттин жакындары кызматка коюлуп жатат деген дооматты четке какты:

- Азыр эми өкмөттүн жеке курамын карап көрсөңүздөр. Жалаң кесипкөй, тажрыйбалуу, жаш жана ишбилги адистердин талапкерлиги көрсөтүлүп жатат. Алардын арасынан үч-төрт министр жаш жана келечектүү кадрлардан. Биздин депутаттардын арасынан дагы экөө мына ушул өкмөттүн курамына кирип жатышат. Ошондуктан биз бул жолу тажрыйбалуу, кесипкөй жана жаш кадрлардан турган өкмөттү курап, аны азыр бекитүүнүн астында турабыз. Биз бул кадрларды башкаруучу коалиция жана өкмөттүн башчысы Сооронбай Жээнбеков менен кеңешип туруп, тандап, анан сунуштадык.

Өнүм бербеген өкмөт мүчөлөрү кайрадан кызматта

Анткен менен “Республика – Ата-Журт” фракциясынын жетекчиси Өмүрбек Бабанов ишбилгилигине эмес, президенттин колдоосуна таянган кадрлар эле кайра өкмөт мүчөсү болуп кайрадан ордуларында калып жатканын сынга алды:

- Сооронбай Шарипович, сөздүн ачыгы мындай болуп жатат да. Президент Алмаз Шаршенович өкмөтүңүздөрдү колдоп жатат. Анан ошонун негизинде айрым өкмөт мүчөлөрү эркелеп жүрүшөт да. Бирок эркелей турган мезгил бүттү. Анын да чеги бар. Мына жаныңызда төрт орун басарыңыз отурат. Сиз менен жети ай иштеп, экономикага жооп берген биринчи орун басарыңыз Абулгазиев отурат. Бул киши аталган кызматка татыктуу эмес. Ал ушак менен алектенбей, экономика менен иштесе туура болот эле. Мындан башка мурдагы транспорт министри жети ай иштеп, азыр коррупцияга аралашканы боюнча айтылып жатат. Ошол үчүн өкмөт башчысы сиз өкмөт мүчөлөрүнө андай мүмкүнчүлүк бербей, көзөмөлдөсөңүз.

160 миллион калкы бар рынокко чыгабыз деп, кайра тескерисинче, азыр өзүбүздүн 6 миллиондук рыногубузду тарттырып жибердик. Азыркы өкмөттө экономиканы мыкты билген жана иш алып бара ала турган өкмөт мүчөлөрү жок болуп жатат.
Бакыт Төрөбаев

Ошол эле кезде Евразиялык экономикалык биримдикке кирүүнүн шарттарын иштеп чыгууда жана анын аткарылышын көзөмөлдөөдө аткарылган жумуштун сапаты депутаттарды канааттандырбады.

“Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын жетекчиси Бакыт Төрөбаев буга байланыштуу кызмат орундарын сактап калган кээ бир өкмөт мүчөлөрүнүн ишмердигине баа берилбей калганын кошумчалады:

- Мына Олег Панкратовду мына ушул иштерди аткарат деген ишеним менен мурда дагы вице-премьер-министрликке дайындаган элек. Бирок бул киши убада кылгандай азыр Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдиктин рыногуна чыга алган жокпуз. 160 миллион калкы бар рынокко чыгабыз деп, кайра тескерисинче, азыр өзүбүздүн 6 миллиондук рыногубузду тарттырып жибердик. Мына ушул жетишкендикпи? Азыркы өкмөттө экономиканы мыкты билген жана иш алып бара ала турган өкмөт мүчөлөрү жок болуп жатат.

Анткен менен өкмөт башчысы Сооронбай Жээнбеков буга макул эмес. Анын айтымында, Панкратов жана Абулгазиев сыяктуу кайрадан дайындалган өкмөт мүчөлөрүнүн ишмердигине баа бергенге азырынча убакыт келе элек:

- Азыр Панкратов бул биримдик боюнча иштерди алып баруу үчүн керек. Бул иштер аягына чыккандан кийин төрт вице-премьердин бирин жойгонго макулмун. Бирок азыр биримдиктин техникалык регламентин толук иштеп чыкмайынча бизге Панкратов керек. Ошондон соң анан биз айыл чарбасын кайра иштетүүнү кеңейтип, сыртка экспортко чыга турган ишканаларды кепилдик фондунан каржылоону баштайбыз. Чакан жана орто ишкердикти колдоо боюнча дагы насыялоо үчүн азыр акча издеп жатабыз.

Ошол эле учурда парламенттик оппозиция сунушталган өкмөт мүчөлөрүнүн ишмердиги үчүн тиешелүү тараптардын жоопкерчилигин бекитүү маселесин көтөрдү. Бирок ал кандай мыйзам жолу менен жөнгө салынары айтылган жок. Мындан сырткары мыйзамга ылайык, чек ара кызматынын жана коргоо комитетинин төрагалары Башкы штабдын сунушу жана президенттин жарлыгы менен дайындалат. Бул күч түзүмдөрүнүн буга чейинки жетекчилери Алибаев менен Кенжисариев жакында эле аскер кампасынан ири өлчөмдө курал-жарак жана ок-дары жоголгон окуя боюнча сөгүш алган болчу.

Исраилов Текебаевдин суроосуна жооп таппады

Исраилов Текебаевдин суроосуна жооп таппады
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:25 0:00

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG