Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:45

Президент Алмазбек Атамбаевдин жансакчыларынын жооптуу кызматка дайындалып жатышы коомчулукта ар кыл пикирлерди жаратты.

Президент Алмазбек Атамбаев 1-июнда жансакчысы Дамир Мусакеевди Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин жетекчи орун басары даражасындагы 9-кызматтын жетекчиси кылып дайындады.

Мындан мурдараак эле эки жансакчысы аталган органдагы жогорку кызматка келген. Ал арада Law watch бейөкмөт уюмунун иликтөөсү боюнча, УКМК коррупцияга баткан мекеме деп табылды.

Дамир Мусакеев президент Алмазбек Атамбаевдин жанында жүргөн жансакчы болгон. Мындан улам ал айрыкча журналисттик чөйрөгө жакшы таанымал. УКМКнын 9-кызматы президент, өкмөт башчы, Жогорку Кеңештин жана Жогорку Соттун төрагалары өңдүү мамлекет жетекчилеринин, стратегиялык маанидеги объекттердин коопсуздугуна жооп берет.

Мындан он күндөй мурун эле өлкө башчыны кайтарган дагы бир жансакчы Болотбек Сүйүмбаев УКМКнын төрага орун басары рангындагы Улуттук коопсуздуктун коркунучтарын талдоо жана аныктоо кызматынын башчысы болуп дайындалган. Үч ай илгери президенттин мурдагы жансакчысы Улан Исраилов аталган комитеттин Коррупцияга каршы күрөш кызматынын башчылыгына келген. Ага чейин Исраилов Ички иштер министрлигинин 7-башкармалыгын жетектеп жаткан жана атайын кызматта такыр иштеген эмес.

Жансакчылар Алмазбек Атамбаевдин өтө берилген, аябай берилген адамдар деп дайындалып жатат. Ал эми кесипкөйлүк, тажрыйбасына көңүл бурулган жок.

Мындан улам президенттин кадр саясаты коомчулукта дагы талкуу жаратты. Былтыр атайын кызматтын башчысы болуп мурунку президент Аскар Акаевдин маалымат катчысы Абдил Сегизбаев болгондо да нааразылык айтылган эле.

Атайын кызматтардын генералы Артур Медетбеков тажрыйбалуу, ишбилги, бул кызматта көптөн бери иштеп келаткан кадрлардын дайындалбай жатканын сынга алды:

- Кадрларды алмаштыруу маселеси чоң саясатка айланып кетти. Жансакчылар Алмазбек Атамбаевдин өтө берилген, аябай берилген адамдар деп дайындалып жатат. Ал эми кесипкөйлүк, тажрыйбасына көңүл бурулган жок. Ишти мыкты билген, УКМК, ИИМде иштеген кадрлардын көбү сыртта эле калып калды. Болбосо алардын көбү бир-эки тил билет, эки-үч жогорку билими бар, ошол тармакта 15-20 жыл иштеген, өзүн көрсөткөн. Бирок алар президенттин же дагы башка жогорку жетекчилердин жакын адамдары эмес, өмүр бою баш көтөрбөй адал иштеп келген.

Коопсуздук кеңешинин катчысы Темир Жумакадыров жансакчылардын жогорку кызматтарга дайындалганына байланыштуу айтылган дооматтардын баарын четке какты:

Темир Жумакадыров

Темир Жумакадыров

- Мен, сиз, же дагы башка адам чекисттердин баарына жооп бере албайт. Эми ал жерде кээ бир пикир болуп жаткандыр. Бирок бул биздин коомубуздун ачыктыгынын белгиси. Мисалы, ошол эле Коррупцияга каршы күрөш кызматы жалгыз гана чекисттик жумуш эмес. Бул жерге да кесипкөйлүк керек. Ошондуктан чечим туура болгон. Кандай гана мамлекеттик органдын башчысы тууралуу чечим болбосун, анын эки жагы болот. Мисалы, ошол эле Улан Исраиловду колдоп жаткан кол астындагы кызматкерлери, чекисттер бар. Эмне үчүн биз алар тууралуу айтпайбыз?

Конституцияга ылайык келбеген Антикоррупциялык кызмат дегенди ачып коюшту. Бул кызмат болсо мамлекеттин ичиндеги майда иштерге кийлигишип кетти.

Ал арада Law watch бейөкмөт уюмунун иликтөөсү боюнча Кыргызстанда УКМК эң коррупцияга баткан орган деп табылды. Уюм 700дөн ашуун ишкерди сурамжылаган. Анда бизнеске мамлекеттик органдар киришет, көмүскө калкалайт, кийлигишет, коркутуп-үркүтүп тымызын үлүш алып турат дегендердин сап башында атайын кызмат турат деген тыянак чыгарылган. Буга чейин аткезчилик жол менен алынып бараткан товарды коштоп жүргөн атайын кызматтын өкүлдөрү кармалганы тууралуу маалыматтар жарыяланып жүргөн. Бул иликтөө тууралуу УКМК азырынча комментарий бере элек.

Жогорку Кеңештеги Социал-демократтар фракциясынын депутаты Абдывахап Нурбаевдин айтымында, күч органдары боюнча айтылган дооматтардын негизи бар:

- Көп жылдан бери эле фискалдык органдар кийлигишкен ушундай маселе бар. Коррупцияга каршы күрөш кызматы деп түзүлдү, бирок бул кызмат өзүнүн ыйгарым укуктарын ашыкча колдонуп жатат. Бирок мурункудай чоң басым жок. Бирок ушундай окуялар катталып жатат. Биздин ишкерлер дагы юридикалык жактан билимдүү, сабаттуу болгондо көп нерсеге жол бербейт эле. Маселенин эки жагын караш керек. Мен ишкерлер бирикмесинде көп жыл иштедим. Мыйзамсыз жол менен, аткезчилик кылып тезирээк киреше таап байыгысы келгендер бар. Ошондуктан биз коррупцияны азайтуу үчүн көп нерсени электрондоштуруп, адамдардын аралашуусун азайтышыбыз керек.

Коомчулукта чекисттердин жүрүм-туруму боюнча да бир топ сын-пикир айтылганы менен, атайын кызматтын реформасы тууралуу дээрлик сөз болбойт. Анын алдындагы Коррупцияга каршы күрөш кызматы жемкорлукка баткан деген мамлекеттик органдарды тизмектейт, бирок ал тизмеге Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетти кошпойт.

Чолпонбаев: УКМК бир адамга эле кызмат кылууда

“Азаттык” УКМКнын учурдагы абалы боюнча коомдук ишмер, эмгек сиңирген юрист Мукар Чолпонбаевге бир нече суроо узатты.

“Азаттык”: Мукар мырза, суроо Law watch бейөкмөт уюмунун иликтөөсү тууралуу болмокчу. Аталган уюмдун сурамжылоосунда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет коррупцияга баткан мекеме деп табылган экен, ушундай пикирге сиз кошуласызбы?

Мукар Чолпонбаев

Мукар Чолпонбаев

Мукар Чолпонбаев: Мен муну толук колдойм. Бул жерде эң негизги маселе ар бир укук коргоо органдарынын аттарынын аталышы ар башка болуп жаткандан кийин алардын атайын аткара турган иши бар. Ошондуктан УКМК, ИИМ жана прокуратуранын аткара турган иштеринин бири-биринен айырмасы асман менен жердей болушу керек. Мисалы, азыркы Коопсуздук комитети мурда КГБ деп аталчу, алар ак көйнөгүнүн жакасын булгабастан ишкерлер, мамлекеттик ишмерлер менен мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн иштешер эле. Ал эми милиция кылмыш кылган адамдар менен иш алып барышы керек. Мындайча айтканда, эки орган эки башка жумушту кылчу. Азыр болсо органдардын функциялары бирдей. Бири-биринен айырмаланбай, экөө бирин-бири жеп койду.

УКМКнын негизги тапшымасы улуттук жана жалпы коопсуздукту көзөмөлгө алышы керек. Ал эми иш жүзүндө Конституцияга ылайык келбеген Антикоррупциялык кызмат дегенди ачып коюшту. Бул кызмат болсо мамлекеттин ичиндеги майда иштерге кийлигишип кетти. Ондон ашык адам бир адамдын иш бөлмөсүнө кирип алып, сабап, өлтүрүп койгондун өзү – бул мамлекет үчүн чоң кылмыш.

“Азаттык”: Президент Алмазбек Атамбаев жансакчысы Дамир Мусакеевди Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин 9-кызматынын жетекчиси кылып дайындады. Бул президенттин УКМКга барып, ар кандай бөлүмдөрдү жетектеп жаткан акыркы үч айдагы үчүнчү жансакчы болуп жатат. Демек УКМКны коррупциядан тазалоо биринчи максат эместей көрүнөт?

Мукар Чолпонбаев: УКМК – бул жалпы мамлекет, эл үчүн кызмат кылышы керек. Ошол үчүн ал жакта тандалган адистер гана иштеши керек. Бизде болсо бул кызмат жеке бир адамдын кызыкчылыгына өтүп кетти. Алсак, мамлекет башчысынын жеке ишенимине кирген адамдар гана УКМКга барып, жеке бир адамдын кызыкчылыгын коргоп калып жатат. Ошондой эле милиция менен атайын кызматтын функциялары аралашып кеткенден кийин башка органдар кандай коррупцияга малынса, УКМК дагы ошондой эле коррупциялашып кетти. Керек болсо УКМКда өзгөчө ыйгарым укуктар болгондуктан, бул мүмкүнчүлүк комитетти өзгөчө коррупцияга кептеп таштады.

“Азаттык”: Демек, кадр тандоо критерийи чеберчилик негизде эмес, ишеним аркылуу болуп жаткан экен да?

Мукар Чолпонбаев: Кеп ошондо жатат. Эгерде мамлекеттин кызыкчылыгы эмес, бир адамдын кызыкчылыгын коргош керек болсо, анда адистердин кереги жок, ошол бир адамга чыныгы берилген адамдарды алып келүү керек болуп жатпайбы. Ушул максат азыр толук бойдон аткарылып жатат. Бир эмес азыр үч жансакчысы жетекчиликке барды. Жансакчы деген адис жок. Ошолорду УКМКнын жооптуу кызматтарына алып баруунун өзү ачыктан ачык коопсуздук комитетинин деңгээли кайсы жакка баратканын көрсөтүп жатат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG