Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:41

Кыргыз-казак депутаттарынын жолугушуусунан соң “Ак жол” чек ара бекетинде “жашыл коридор” ачылмай болду.

19-октябрда Бишкекте кыргыз-казак парламентарийлеринин экинчи биргелешкен отуруму ишин аяктады. Анда чек ара жана миграция маселелери талкууланып, “Ак жол” чек ара бекетине жүргүнчүлөр өтүүчү кошумча коридор ачуу боюнча чечим кабыл алынды.

Анткен менен казак тарап Бажы биримдигине мүчө экендигин негиз кармап, башка бир топ маселелерди жалгыз чече албасын ишарат кылды.

Негизги көйгөй: чек ара, миграция

Кыргыз-казак парламенттер аралык комиссиянын экинчи отурумунда Казакстандагы кыргыз мигранттарынын жана чек ара бекеттериндеги абал тууралуу сөз болду.

"Чалдобар" бекети

"Чалдобар" бекети

Айрыкча Бажы биримдиги күчүнө киргенден кийин “Ак жол” бекетинде түзүлгөн кырдаал негизги талкууга айланды. Парламентттер аралык комиссиянын теңтөрагасы, Жогорку Кеңештин вице-спикери Асылбек Жээнбеков эки өлкөнүн парламенттер аралык экинчи отурумдун жыйынтыктары тууралуу буларды билдирди.

- Парламенттер аралык комиссиянын жыйынтыгы боюнча, “Ак жол” бекетинде жүргүнчүлөр үчүн "жашыл коридор" сыяктуу өткөрмө пункт ачылат. Жүк ташуучулар өзүнчө, жөн-жай жүргүнчүлөр өзүнчө өтөт. Бирок жылдын аягына чейин жүктөрдү алып өтүүнү башка бекетке которобуз. Кудай буйруса, эмдиги жылга чейин бул маселелер толук чечилет деп ишенебиз.

Бул корридор ноябрда ишке кирери маалым болду. Ал эми Казакстандагы кыргыз мигранттары тууралуу кандайдыр бир жетишилген натыйжа боюнча депутаттар маалымат беришкен жок.

"Айыптын баары Бажы биримдигинде"

Казак тарап көтөрүлгөн маселелердин баарын жайгарууга куштар экенин, бирок Бажы биримдигине мүчө болгондугуна байланыштуу жеке өздөрү чечип койо албасын айтышты.

Казак парламенти - Мажилистин вице-спикери, кыргыз-казак парламенттер аралык комиссиянын теңтөрагасы Жанибек Карибжанов:

- Казакстан Бажы биримдигине киргенге чейин бул маселелерди биз эки тараптуу гана чечип келгенбиз. Азыр болсо биз Бажы биримдигинин талаптарын эске алышыбыз керек.

Бажы биримдигиндеги өз шериктерибиз менен кеңешип, келишип чече турган маселелер болуп калды. Бүгүнкү көтөрүлгөн маселелерди чечүүнү Казакстан каалабай жаткан жери жок. Бул биздин Бажы биримдигине мүчө экендигибизге жана аткарууга милдеттүү болгон тиешелүү милдеттерибиз бар экендигине байланыштуу болуп жатат. Кыргызстандын да Бажы биримдигине кирүүгө арыз бергени бул жерде да айтылды. Анда баары жеңил болот эле. Бирок ага карабай, ал күндү күтпөй эле биз тиешелүү маселелерди чечкенге аракет кылмакчыбыз.


Ушул эле маселени казакстандык башка бир депутат Ермуханбет Оморов да баса белгиледи:

- Баары мыйзамдуу түрдө болушу керек. Муну биз депутат катары эстен чыгарбашыбыз зарыл. Бизди эл-журт карап турат, ошон үчүн мыйзамды бузбаган жолдорду табышыбыз керек. Анын үстүнө Казакстан Орусия жана Беларус ортосундагы Бажы биримдигине кирди. Биздин жасап жаткан иштерибизди ал шериктерибиз да карап отурушат. Анткени Бажы биримдигинин тышкы чек арасы "Кордай" болуп калды.

Соодагерлердин абалы өзгөрбөйт

“Ак жол” чек ара бекетинде ачыла турган "жашыл коридор" чек арадагы маселени биротоло чечип салбасын эки тараптын өкүлдөрү тең белгилешти. Ал эми отурумга катышкан Бажы кызматынын өкүлү Шайлоо Мамбеткожоев “жашыл коридор" ачылгандан кийин деле жүк ташуучулардын жана соодагерлердин абалы жакшырбасын билдирди.

- Жүргүнчү өзүн үчүн 50 кило кийим-кече же башка бир буюм алса, анда өтсө болот. Ал эми өндүрүш же коммерция кылам деген ниеттеги товары болсо, анда аны бажы төлөмсүз өткөрбөйт.

Казакстан, Беларус жана Орусия түзгөн Бажы биримдиги быйыл июль айында күчүнө киргенден тарта соодагерлердин чек арадан өтүүсү кыйындаган. Бажы биримдигине кирген өлкөлөрдүн шартына ылайык, адамдарга 50 килодон гана жүк алып өтүүгө уруксат берилип, андан ашса бажы төлөмүн төлөө киргизилген.

Бул биримдиктин олчойгон бажы салыгынан качкан соодагерлер товарларды 50 килодон ашырбай таңып, аны жалданган адамдардын күчү менен чек арадан өткөрүп жатышкан болчу.

Жүк ташуучулардын көптүгү “Ак жол” бекетинде адамдардын тыгынын пайда кылып, жөн-жай жүргүнчүлөрдүн да ары-бери өтүүсүн оорлоткон. Бирок казак тарап 15-октябрда 50 килого жетпеген коммерциялдык негиздеги жүктөрдү алып өтүүгө жана бир адамдын кайра-кайра чек арадан өтүүсүнө да тыюу салган чечим чыгарды.


XS
SM
MD
LG