Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:42

Казак чек арасы зомбулук чордону болууда


Кыргыз-казак чегиндеги Казакстандын Кордой өткөрмө бекети, 2009-жылдын 22-июлу.

Кыргыз-казак чегиндеги Казакстандын Кордой өткөрмө бекети, 2009-жылдын 22-июлу.

Расмий Бишкек Кордойдо казак чек арачылары кыргызстандык жарандарды уруп-соккон учурларын иликтеп, күнөөлүүлөрдү жазалоону Казакстандан талап кылат.

Кыргызстандын бийлиги чек ара өтмөктөрүндөгү өз жарандарынын абийирине жана ар-намысына доо кетирген көрүнүштөргө чечкиндүү чаралар көрүлө турганын убада кылды.


Кыргыз паспортун “соткага” алмаштырам деп...

Казакстанга киргенден кийин кайра бери жакка чыгарбай кармап алышып, токмоктоп, баш-көзүнө уруп, паспортун тартып алышыптыр. Анан кийин паспортун жаңы чөнтөк телефон алып келип берсең анан беребиз деп, бербей коюшуптур...
Тазагүл Эгембердиева


Кийинки мезгилде соодагерлердин товарларын чек арадан алып өтүү менен алектенген кыргызстандык жүк ташуучулар казакстандык чек арачылардын ур-токмогуна алынган учурлар көбөйдү.

Маселен, жакында эле баткендик Заирбек Саитов чек арадан башына жаракат алган. Ал үй-бүлөлүк шартына карап, кыска дарылануудан кийин айылына кетүүгө аргасыз болду. Анын жубайы Тазагүл Эгембердиева урганы аз келгенсип мамлекеттин менчиги болгон Заирбектин паспортун казак чек арачылары тартып алгандыгын айтып берди:


Чек арадан жүк ташыган кыргызстандыктар.
- Казакстанга киргенден кийин кайра бери жакка чыгарбай кармап алышып, токмоктоп, баш-көзүнө уруп, паспортун тартып алышыптыр. Анан кийин паспортун жаңы чөнтөк телефон алып келип берсең анан беребиз деп, бербей коюшуптур. Заир кичине дарылангандан кийин таенебиз өтүп кетип, айылга келе бердик. Башынан жаракат алып калып, азыркы учурда “башым ооруп жатат” деп жүрөт. Эми баш-аягыбызды жыйып алсак, дарыгерлерге көрсөтөбүз.


Чек ара кордугу жогору жакты да козгоду


Президенттин кеңешчиси Султан Айжигитов кыргыз-казак чек ара өткөрмөлөрүндөгү мындай көйгөйгө жогорку деңгээлде көңүл бурула тургандыгына токтолду. Ал мындан ары чек арачылар менен бажычылардан турган атайын топ жеринде абалды көзөмөлдөп, андагы мыйзам бузууларды каттоого алаарын белгиледи. Султан Айжигитов Казакстандын бийлигинен чек арадагы ур-токмоктун себептерине бир жактуу карабай, айыптуу кызматкерлерди жазага тартууну талап кылды:

Кыргыз-казак чек арасындагы өткөрмө бекет.

- Алар биздин жарандарга төңкөп, Казакстандын чек арачылары ошол жабырлангандардын орой жүрүш-турушунан улам аргасыз күч колдонушкан деп түшүндүрүп жатышат. Бирок кандай болгондо да казак чек арачылары ур-токмоко алганга акысы жок болчу. Ошондуктан ким ургандыгы аныктала турган болсо алар сөзсүз жазага тартылышы керек.
Кол көтөрүп коркуткан учурлар казак чек арачылары үчүн кадимки көнүмүш адатка айланып калыптыр. Бул туурасында билип туруп, ал жактын укук коргоо органдары реакция жасабагандыгы кызык... Нурипа Муканова


Чек ара өткөрмөлөрүндөгү мазактоо, уруп-сабоо жана кордоо фактыларын “Коррупцияга каршы ишкер кеңеш” уюму каттоого алып, бул боюнча жарандардын арыздарын кабыл алган. Кордойдогу кордоого алынган учурлар боюнча ондогон фактылар каттоого алынганы менен алардын айрымдары гана арыз жазууга батынышкан.

Аталган уюмдун баш катчысы Нурипа Муканова казакстандык чек арачылардын кыргыз жарандарын токмоктогон учурлары боюнча бир дагы кылмыш иши козголбогондугуна таң калды:

- Казакстандын чек арачылары эч кандай мыйзамга таянбастан туруп эле жарандардын паспортторун тыткан, же алып койгон, акчасын бербей койгон жана биздин жарандардын денелерине залака келтирген бир нече учурлар катталган. Бул боюнча өтө оор жаракат алышкан төрт адамдан арыз түштү. Анын бири кечээ эле (27-сентябрда) болгон экен. Кол көтөрүп коркуткан учурлар казак чек арачылары үчүн кадимки көнүмүш адатка айланып калыптыр. Бул туурасында билип туруп, ал жактын укук коргоо органдары реакция жасабагандыгы кызык. Ошол эле кезде алардын жарандары биздин аймакка тоскоолдуксуз, кемсинтүүсүз жана басмырлоосуз эле кирип-чыгып жатышат.


Унчукпаган макулдукпу?


Бул көйгөй мамлекеттер аралык маселе болгондуктан Кыргызстандын укук коргоо органдары кандайдыр бир чара көрүүгө алсыз экендигин айтып, алакан жайышты. Атайын кайрылуу жолдонгону менен аталган маселени кароону Казакстандын элчилиги дагы жоопсуз калтырган.
Бизди Бажы биримдигине мажбурлап сүйрөштүн кереги жок. Биздин өкмөт ага кирүү ниетин ачык айтып жатпайбы...Султан Айжигитов


Кыргызстандын чек ара көзөмөлүн уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Мелис Памиров жагдайды иликтөөгө байланышкан кайрылууларын казакстандык чек арачылар тоготушпай жаткандыгына токтолду:

- Казакстандын чек ара өкүлчүлүгүнө мына ошол акыркы түшкөн арыздардын негизинде толук маалымат жибергиле деп кат жөнөткөнбүз. Бирок ушул күнгө чейин жооп келе элек. Июль айында Абдыманап Нышанов деген жарандын токмоктолгондугу боюнча арыз түшүп, биз бул боюнча учурунда кайрылуу жибергенбиз. Ага жооп 28-августта келди. Анда да видео байкоо жабдуулары тургандыгына карабастан андай уруп-согуу тастыкталбагандыгы жазылган.

Кыргыз-казак чегиндеги өткөрмө бекет. Чалдовар, 2011-жылдын 16-сентябры.
Чек арадагы бул жагдай расмий Астананын көмүскө макулдугу менен жүрүп жатпасын дегендер да аз эмес. Анткени бул аракеттер Кыргызстанды Бажы биримдигине кирүүгө мажбурлоонун жолу болушу мүмкүнбү деген суроолор да кабыргасынан койулду.

Бул боюнча журналисттердин суроосуна жооп берген Султан Айжигитов ушундай божомол бар болгону менен аны тастыктай турган далилдер жок экендигин айтты:

- Суроо болуп жатпайбы, бул Кыргызстанды Бажы биримдигине мажбурлап сүйрөп кирүүнүн жолу болуп жүрбөсүн деген. Андай божомолдор дагы бар. Бирок канчалык ошондой экендигин далилдеш керек. Анан дагы бизди мажбурлап сүйрөштүн кереги жок. Биздин өкмөт Бажы биримдигине кирүү ниетин ачык айтып жатпайбы. Бирок анын минус-плюстарын иликтеш керек деген башка маселе бар.

Адистер былтыр 7-апрелден кийин жабылган кошумча чек ара өткөөлдөрү калыбына келмейин абал өзгөрбөй тургандыгын айтышууда. Казак өкмөтү жакында бул маселени карап көрөрүн айткан менен бирок аны батыраак чечүүгө шашыла элек.

Кыргыз-казак чек арасында он бешке жакын чек ара өтмөктөрү бар болсо, учурда анын жарымына жетпегени гана ачык режимде иштеп жатат.

Тасмада: "Азаттыктын" кабарчысы да Кордой бекетиндеги окуяга күбө болуп, аны уюлдук телефонуна тартып алган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG