Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:46

Такталган чек аранын чыры


Кыргыз-казак чегиндеги чек ара мамысы. Таластын Көк-Сай айылы, 22-март, 2013.

Кыргыз-казак чегиндеги чек ара мамысы. Таластын Көк-Сай айылы, 22-март, 2013.

Кыргыз-казак чек арасын демаркациялоо боюнча мамлекеттер аралык комиссия Бишкекте сүйлөшүүлөрүн баштады.

Беш күндүк жолугушуунун биринчи күнүндө Таластагы Көк-Сай аймагы боюнча маселе көтөрүлөөрү айтылган. Ай башында таластыктар “чек аранын ушул жердеги тилкеси казак тарапка бөлүнүп калган” деп нааразы болуп, коңшуларга кетчү сууну буушкан эле. Бүгүнкү жолугууда бул талаш жердин тагдыры кандай талкууланды?

Чоң-Шынаадан чоң талаш чыкты

Кыргыз-казак чек арасын демаркациялоо боюнча сүйлөшүүлөрдүн биринчи күнүндө таластыктар “туура эмес бөлүнгөн” деп келаткан Таластагы Көк-Сай аймагынын статусу талкууланды. Ал тууралуу өкмөттүн чек ара аймактарын өнүктүрүү жана чек араны тактоо боюнча бөлүмүнүн башчысы Курбанбай Искандаров буларды билдирди:

- Жолугушууда ар кандай сунуштар айтылып жатат. Бирок бүгүнкү жыйындан бир чечим тууралуу айтуу кыйын. Алдыда дагы бир нече күн уланат, ошондон кийин гана белгилүү болот. Азыр жолугушуу жүрүп жатат, андагы чечимге жараша документтер кабыл алынмакчы.

Таласта Казакстандын төрт бурчтуу болуп Кыргызстанга кирип турган жерин Чоң-Шынаа дешет. Ал 2001-жылы түзүлүп, 2008-жылы ратификацияланган келишим боюнча Казакстанга өткөн. 2012-жылкы макулдашуу боюнча Чоң-Шынаанын Кыргызстанга кирип турган учун Кыргызстанга берип, Кыргызстанга караган эки тарабын казактарга берүү чечилген. Анда көлөмдө айырма болбойт, азыр кирип-чыгып турган чек ара түздөлүп калат.

Ал жердеги Көк-Сай, Кайнар айылдарынын эли болсо Чоң шынаа совет учурунда ансыз да кыргыздарга карачу деп нааразы. Мунун айынан так ошол казактардын Чоң шынаасын кесип өткөн сууну 10 күндөй бууп турушту. Көк-Сай айылынын тургуну Расул Насирдинов талаптарын санап өттү.

- 2012-жылы болгон мыйзамсыз жер алмашуу токтотулушун, жүзүнчү чек ара чекитиндеги чек ара мамылары такталышын, Чоң-Шынаанын Кыргызстанга кайтарылышын, чек араны мыйзамсыз бөлгөндөрдүн жазаланышын талап кылабыз. Жүзүнчү чек ара чекитиндеги мамылар келишимде айтылгандар менен дал келбейт.
Тасмада: талаш чыгарган чек ара



Артка жол жокпу?

Мамлекеттер аралык комиссияга кирген кыргыз өкмөтүнүн өкүлдөрүнүн айтымында, казактар мыйзамга ылайык өз үлүшүн алган. Бөлүштүрүү 1931, 1960-жылдардагы чек араны бөлгөн документтерге негизделген. Күч түзүмдөрү боюнча вице-премьер-министр Токон Мамытов келишим ратификацияланып, маселеге чекит коюлуп калганын айтууда.

- Биринчиден, келишим – мөөнөтсүз, экинчиден, “келишим денонсация кылынбайт” деп жазылган. Бул маселени канча көтөрүп чыкпайлы, кимибиз көтөрүп чыкпайлы мыйзамсыз болот. Кара-Буурага барганда да силердин талабыңар туура эмес болуп калат, ал Кыргызстандын да, эл аралык да мыйзамдарга каршы келет деп айткам.

Деген менен көксайлыктар менен кайнарлыктардын айтымында, 2001-жылы кабыл алынган келишимдеги тактоолор 1931, 1960-жылдардагы документтерге дал келбейт. Алар ошондой эле 2008-жылы ратификацияланган келишимде так ушул жерлер мамлекеттер аралык комиссиянын кароосуна калтырылган, андыктан комиссиянын азыр муну артка кайтаруу укугу бар деген жүйөнү карманышууда.

1926-жылкы тактоолор боюнча архивдик документтери бар көксайлык Айткул Тайлаков буларды айтып берди:

- 1926-жылы Калининдин буйругу менен кыргыз-казак жерлерин аныктоо боюнча комиссия түзүлгөн. Ошондогу документтердин баары бизде турат, ага ылайык, азыркы Чоң-Шынаадагы 4500 гектардан ашык жердин баары биздики болгон. Кыргыздар тараптан комиссияны Шнайдер деген жетектеген. Ат менен, жөө, Кытайдан Өзбекстанга чейин кыргыз-казак чек арасын эки жыл такташкан. 1926-жылдагы шартта иштеп баарын бүтүргөн ошол адамдарга мен эстелик тургузгум келет. Азыркылар жакшы шартта да барышпайт.

Анан ошол тактоолор боюнча, 1931-жылдагы чек ара документтери түзүлгөн. Жергиликтүүлөр алмаштырылып жаткан жерлерден бир нече канал өткөндүктөн, маселенин түбү суу талаш дешет. Ал эми кыргыз расмийлер такталып, кол коюлган жерден чуу чыгарууну кайсы бир кызыкчылыгы бар адамдардын планы катары атоодо.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG