Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:31

“Мен башка элдердин босогосун эки улуттук ыйык нерсе менен аттайм, бул “Манас” жана Мухтар Ауэзов” – бул сөздөр Чыңгыз Айтматовго таандык.

Казактын классик жазуучусу Мухтар Ауэзов кыргыз адабиятына опол тоодой салым кошкон. Айрыкча, “Манас” эпосун иликтеп, жайылтуудагы эмгеги ат көтөргүс. 8-апрелде Жусуп Баласагын атындагы улуттук университетте Мухтар Ауэзовду эскерүү кечеси өттү.

Кыргыз жана казак. Кылымдар бирге жашаган Орто Азиянын эгиз эли. Совет доорунда мына ушул эки элдин тарыхын, салт-санаасын, тилин бурмалоого көп эле аракеттер болгонуна тарых күбө. Анын эпкини “Манас” эпосуна да тийгенин профессор Бүбүйна Орузбаева жыйын учурунда мындайча эскерди:

- Согуштан кийин Мухтар Ауэзов баш болгон окумуштуулар “Манасты” басмага даярдай баштаган. Ага чейин эпостун 1000 жылдыгын өткөрүү демилгесин көтөрүшкөн экен. Анан ошол кезде, 1949-жылы Кытайда элдик революция болуп, Мао Цзэдун Кытай элдик республикасын түздү. Советтик бийликтин элирме жагын ушундан көргүлө. Ошондон көп өтпөй “Манас” эпосуна асылуу башталды. Кытайлар менен урушкан жеринин баарын Саякбай Каралаевге калмак кылып айттырып, кайра жаздырышты. Мен анда жаш элем, Мухтар Ауэзов эпосту биринчи болуп коргоп чыкканы эсимде.

Мухтар Ауэзовдун музейи

Мухтар Ауэзовдун музейи

Бул бороондун башталышы гана болчу. Эмки кезекте эпосту муунтуу аракети күтүп турган. Казактын чыгаан уулу Мухтар Ауэзов мына ошол саясатка биринчилерден болуп каршы чыккан. 1952-жылы Фрунзеде өткөн жыйында ал “Манас” эпосун төшү менен коргогонун профессор Ниязбек Шаршеев мындайча белгиледи:

- Бул киши 50-жылдардагы “Манас” эпосунун айланасындагы чатакка биротоло чекит койгон. Ошол кезде эпосту ашкере динчил, улутчулдук маанайда деп сындагандар көп болгон. Мухтар Ауэзов ал жарлыктын баарын четке кагып, “чыныгы элдик эпос” деп айтып чыккан. Бул анын кыргыз маданиятына кошкон эң чоң салымы. Экинчиден, Мухтар Ауэзов - эки элдин орток жазуучусу. Анын “Абай жолу” романын кыргыз окурмандар ушул кезге чейин колдон түшүрбөй окуп келет.

Мухтар Ауэзов “Манас” эпосуна Ташкенттеги Орто Азия университетинде аспирантурада окуп жүргөн кезде кызыгып, иликтей баштаган. Көздөгөн максатын ишке ашыруу үчүн 1930-жылы Кыргызстандын борборуна, ошол кездеги Фрунзеге келген.

Жазуучу кыргыз интеллигенциясынын алгачкы карлыгачтары менен таанышып, ал тургай айрымдары менен дос болууга үлгүргөн. 1937-38-жылдары репрессияга кабылып, атылып кеткен акын жана тарыхчы Белек Солтоноевдин кол жазмасынын Мухтар Ауэзов сактап калганын жазуучу Кеңеш Жусупов айтып отурду:

- Мухтар Ауэзов кезинде Касым Тыныстанов, Жусуп Абдрахманов, Белек Солтоноев менен жакшы мамиледе болгон. Белек Солтоноев Кеминдеги үйүнө бир канча жолу конокко чакырган экен. 1936-жылы репрессия желаргысы башталганда Белек Солтоноев 1000 беттик кол жазмасын Мухтар Ауэзовго табыштап, ал Казак илимдер академиясына тапшырыптыр. Кийин кызы аркылуу бул жакка алынып келди. Мухтар Ауэзовдун кыргызга кылган мындай жакшылыктарын санай берсек оголе көп.

Мурат Ауэзов

Мурат Ауэзов

Кыргыз менен казак. Илгери бул эки эл биринин башына кут консо, экинчиси кубанып, тескерисинче, башына иш түшсө, кабыргасы кайышчу тура. Тилекке каршы ортодогу мамиле акыркы кезде сууп, эки эл бири-биринен алыстап бараткансыйт. Жазуучунун уулу Мурат Ауэзов эскерүү кечеде кыргыз-казак ынтымагын бекемдөө керектигин, ага маданият гана данакер болорун айтты:

- Тарыхты карасак, казак-кыргыз кыйын кезеңде бири-бирин коргоп, колдоп турган. Ал ынтымакты кийин биздин аталар улантты. Эсимде, бала кезде ата-энем менен Ысык-Көлгө көп келчүбүз. Көбүнчө Түгөлбай Сыдыкбековдун үйүндө конок болоор элек. Кыргызга болгон жылуу сезим ошол кезде калыптанган десем болот. Албетте акыркы кезде казак-кыргыз ортосундагы маданий байланыштар мурдагыдай болбой, солгун тартып кетти. Биз аны кайра жандантуубуз керек. Экономика, соода - бул өлүү нерселер, бүгүн бар, эртең жок. Ал эми маданият түбөлүктүү.

Мурат Ауэзов муну менен катар “Манас” бул кыргыз-казактын орток дөөлөтү экенин белгиледи:

- “Манас” эпосу - бул казак-кыргыздын орток байлыгы. Мухтар Ауэзов ошону түшүнүп, Москванын чабуулунан коргоп калган. Бул тууралуу Чыңгыз Айтматов кийин жакшы эскерүү жазган.

Мухтар Ауэзов 1897-жылы 28-сентябрда Семей уездиндеги, Чынгыз болуштугунда (азыркы Чыгыш-Казакстан облусу, Абай району) туулган. Жаштайынан орус тилинде окуп, кийин Санкт-Петербург университетинин филология факультетин бүтүргөн. Ташкенттеги Орто Азия университетинде, аспирантурада окуп жүргөн кезде “Манас” эпосуна кызыгып, иликтей баштаган. Казак адабиятынын классикасына айланган “Абай жолу”, “Көк серек”, “Енлик-Кебек” ж.б. чыгармалардын автору.

  • 16x9 Image

    Санжи Туйтунова

    “Азаттыктын” Бишкек бюросунун кызматкери, веб-редактор. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университеттин бүтүрүүчүсү.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG