Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:00

Казакстан өткөн бир ай аралыгында 473, 5 тонна жашылча-жемишти Кыргызстанга кайтарды. Анын ичинен 330,86 тоннасы керектөөчүлөрдүн саламаттыгы үчүн коркунучтуу өсүмдүк илдети менен жабыркаган деп көрсөтүлгөн.

Калган 142, 63 тонна айыл чарба продукциясы жасалма сертификат менен чек-арадан алып өтүү учурунда кармалып, артка кайтарылганы туурасында Казакстандын айыл чарба министрлиги билдирүү жарыялады.

Быйыл 4-июлдан ушул күнгө чейин казак чек арасынан Кыргызстандын айыл чарба продукциясы кармалган. Андагы болгар калемпири, шабдалы, алма, өрүк, жүзүм жана картөшкө “Казакстандын фитосанитардык талаптарына жооп бербейт” деген негизде Кыргызстанга кайтарылды.

Бирок Кыргызстандын Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы казак тарап ар кандай шылтоо менен товарларды артына кайтарып жатканын белгиледи.

Тонналаган жемиш тоокко жем болобу?

Мындан сырткары жараксыз лабораториялык сертификаттары менен катталган 142 миң тоннадан ашуун айыл чарба продукциясы чек арадан киргизилген эмес.

Анткен менен Кыргызстандын ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын башчысы Калысбек Жумаканов бул жагдай боюнча Евразиялык экономикалык комиссияга арыз жолдоно турганын белгиледи:

- Бардыгын текшерип, айыл чарба продукциясына мыйзамдуу документтерди даярдап берген күндө деле кээ бир жерде биздин ишкерлерди токтотуп алышып “мынча акча бересиң, болбосо түшүрүп калабыз” деп коркуткан учурлар болуп жатат. Аларга акча бергени ары өтүп кетип, бербегени кармалган жагдайлар бар. Биз бул тууралуу казак тараптын өзүнө кат менен кайрылып да көрдүк. Мына ошондой түшүнүксүз мамилелер болуп жатат. Биз жакында боло турган Евразиялык экономикалык комиссиянын жыйынына бул маселени коюп, өзүбүздүн жүйөнү келтирип, жооп алалы деп чечтик. Кээде биздин ишкерлерден да кемчилик кеткен учурлар бар. Ишкерлер товарды лабораториядан өткөрбөй эле, сертификаты жок алып кирип алып, кармалган учурлары дагы бар. Биз бул маселени жөнгө салууга тийишпиз.

Биримдик “соода согушун” токтото албайбы?

Буга чейин Казакстан 4-майда Кыргызстандан кирип жаткан картөшкөгө чектөө койгон болчу. Буга Казакстандын фитосанитардык талаптарын бузууга байланышкан 79 факты катталганы себеп болгон эле. Мына ошол убактылуу чектөө алынып салынгандан кийин казак тарап 4-июндан баштап ташып киргизилген картөшкөнү текшерүүдө жалпысынан 52 фитосанитардык эреже бузуу катталганын айтып чыкты. Анын ичинен 41 факты өсүмдүктөрдүн илдети менен байланыштуу экени жарыяланды.

Бирок кыргызстандык айыл чарба тармагы боюнча адис-эксперт Манас Саматов муну саясий басым деп атап, мындай маселени жөнгө салуудагы Евразиялык экономикалык биримдиктин жарамсыздыгын мисал келтирди:

- Бул жөн эле жасалма түрдө түзүлгөн саясий маселе. Булар совет доорунда деле, ага чейин деле Кыргызстандан кирген айыл чарба продукциясын ылгабай эле жеп келишкен. Анан калса, биздин жашылча-жемиш сапаты, экологиялык тазалыгы жагынан башкалардыкынан ашса ашат, кем калбайт. Бир гана кемчилиги - бирдей өлчөмдөгү жана бирдей түстөгү стандартка туура келбей калышы мүмкүн. Экономикалык биримдиктин талаптары дегендин өзүндө дагы саясат жатат. Бул жөн эле шылтоо. Алардын талаптарын карап алып, “чек арадан киргизеби же жокпу" деп дайыма эле мына ушинтип сагалап отура бербей, бул саясий уюмдан чыгып, башка рынокторго чыгууга аракет жасоо зарыл. Ал үчүн айыл чарба продукциясынын сапатын жакшыртып, талап кылынган көлөмдөгү жашылча-жемишти өндүрө билишибиз керек.

Лабораториялардын таңсыктыгы

Өз кезегинде казак тарап Кыргызстанга лабораториялык көзөмөлдүн начардыгы жана айыл чарба өсүмдүктөрүнөн табылган илдеттерди жоюунун алсыздыгы тууралуу билдирүү жөнөткөн. Азыркы кезде Кыргызстанда фитосанитардык коопсуздукту көзөмөлдөй турган эки гана лаборатория бар.

Айыл чарба министри Турдуназир Бекбоев учурда эл аралык стандарттагы лабораториялардын курулушу башталганын айтты:

Бардыгын текшерип, айыл чарба продукциясына мыйзамдуу документтерди даярдап берген күндө деле кээ бир жерде биздин ишкерлерди токтотуп алышып “мынча акча бересиң, болбосо түшүрүп калабыз” деп коркуткан учурлар болуп жатат.

- Ошто 15-августка чейин жаңы лаборатория түп орду менен курулуп бүтөт. Бишкекте болсо өзүбүздүн мурдагы лаборатория толук оңдоп-түздөөдөн өтөт. Мунун бардыгын Орусиянын өкмөтү каржылайт. Мындан башка да Түп менен Кара-Буурадагы эки лабораторияны куруп берүүгө Казакстан убада берген болчу. Бул максатта казак өкмөтү бизге 1 миллион 200 миң доллар бере турган болгон эле. Бирок мына ошол каражатты күтсөк, ушул күнгө чейин берилген жок. Биздин өкмөт башчы казак тарапты күтүп отура бербей, аталган лабораторияларды курууну өзүбүздүн күчүбүз менен баштай берүүгө тапшырма берди. Бул үчүн бюджеттен 26 миллион сом каралган.

Ошол эле кезде бул тармак боюнча адис-эксперттер атайын фитосанитардык лабораториялардын курулушу боюнча маселе көтөрүлгөнүнө үч жыл болгонуна карабастан, анын ушул күнгө чейин белгисиз себептер менен кечеңдеп жатканынан кеп салышууда.

Ошол эле кезде Казакстан менен Орусия Кыргызстандан чыккан айыл чарба продукциясы Евразиялык экономикалык биримдиктин талабына жооп берүүгө тийиш деген жүйө менен товарлардын чек арадан эркин өтүшүнө улам чектөө киргизип келет.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG