Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:27

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев31-майда Казакстанга барган иш сапарында Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешке мүчө мамлекет башчыларынын жыйынына катышты. Анда уюмдун ишмердигине тиешелүү бир топ маселелер талкууланды.

Уюмга мүчө болуудан Кыргызстан эмне тапты? Айыл чарба азыктарын эмне үчүн сыртка сата албай жатабыз? Ага кошуналардын жасалма каршылыгы себеп болуудабы же Кыргызстандын уюмдун стандарттарын аткара албагандыгы тоскоол болуудабы?

“Арай көз чарай” талкуусуна Айыл жана суу чарба министрлигинин жооптуу кызматкери Жумабек Асылбеков, Кыргызстандын мурдагы айыл чарба министри Карыпбек Асанов жана фермер Марат Мүсүралиев катышты.

"Азаттык": Марат мырза, Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдигине кол койгонуна май айында бир жыл болду, августтан баштап расмий чек аралар ачылды. Ошондон бери кыргыз айыл чарба ишкерлери эмне олжо тапты? Мурдагы жылдарга салыштырмалуу өзгөрүү барбы? Азык-түлүк товарларын сатуу көлөмү көбөйдүбү?

Марат Мүсүралиев: Евразиялык экономикалык биримдикке (ЕАЭБ) кирер алдында Кыргызстан үчүн абдан жашкы болот деген сөздөрдү укканбыз. Айыл чарба өндүрүүчүлөрү үчүн жакшы шарттар түзүлөт дешкен. Андан бери бир жыл өттү, баарын көрдүк. Өз товарларыбызды сата албай калдык, тескерисинче, сырттан кумшекер, ун азыктары агылып кирип, биздин базарларды ээлеп алгандыктан кыргыз өндүрүүчүлөрү кыйналып жатат. Жумуртка аткезчилик жол менен келип, базарды каптап кетти. Бир жыл мурдагыга чейин биздин Сокулуктагы мал базардын негизги кардарлары казактар болчу. 10-15-жылдан бери жылкыларыбызды казактар сатып алышчу, баалар жогору болчу. Акыркы бир жылдан бери Казакстанга мал сатылды дегенди уккан, көргөн да жокмун.

"Азаттык": Жумабек мырза, Кыргызстандын айыл чарба товарларынын ачык сыртка чыга албай жатканына негизги себеби эмнеде болууда?

Жумабек Асылбеков: Биз азыр базар шартында жашап жатабыз. Ошондуктан биздин ички базарыбыздагы баалар кошуналарыбыздын баасына көз каранды. Казакстанда бир-эки жыл мурда жылкынын баасы кымбат болчу, азыр Кыргызстандагы баа менен бирдей болуп калды. Биз мурдагы жылдарга салыштырганда өткөн жылы айыл чарба азыктарын көп өндүрдүк, учурда алардын баарын сатып бүтүрдүк. Беш жыл мурдагыдай картошкабызды чуңкурга төккөн жокпуз...

"Азаттык": Карыпбек мырза, ЕАЭБге кирердеги үмүт-тилектерибиздин орундалбай, ишке ашпай жатканынын себептерин сиз эмнеден көрөсүз?

Карыпбек Асанов: Албетте, соода кылуу мейкиндигибиз көбөйдү, үмүттөр, ишенимдер көп эле, тилекке каршы, андай болбоду. Биринчи себебин биздин өзүбүздүн даярдыгыбыздын жоктугунан көрөм. Бир эле мисал айтайынчы, Аламүдүндө күнүнө 50 бука соё турган эт комбинат курулду. Аны сырье менен камсыз кыла турган структура түзүлгөн жок. Биздин чарбалар майда, бытыранды.

Евразия уюмунун рыногуна жетиш үчүн тийиштүү стандарттарга жооп беришибиз керек. Айталы, күнүнө 50 баш бука союш үчүн жылына 7500 бука союлуп туруш керек. 7500 буканы союш үчүн 15 миң бука байлоодо туруш керек. 15 миң буканы бериш үчүн 30 миң асыл тукум уюбуз болушу керек. Кыргызстанда ушундай иштерге даярбызбы? Биз ушул багытта иштешибиз керек болчу. Орустар айтмакчы, биз паровоздун алдына түшүп алып кетип баратабыз.

Логистикалык борборлорду куруп койдук деп мактанабыз. Аны кайсы продукция менен толтурабыз? Ал үчүн ири-ири чарбаларды түзүшүбүз керек. Илгери короо-короо уй, кой айдап жүрчүбүз. Ошондуктан кооператив чарбаларды түзмөйүнчө өнүгүүгө эч мүмкүн эмес.

"Азаттык": Жумабек мырза, Кыргызстан ЕАЭБдин талаптарына ылайык ветеринардык лабораториялар, фитосанитардык көзөмөл маселелерин, ага керектүү жабдууларды чечип алдыбы?

Жумабек Асылбеков: Убагында лабораторияларды куруу боюнча демилгелер болгондо айрым саясатчылар каршы болушкан, ошол себептен ал башка жакка көчүп кеткен. ЕАЭБге кирбегенде биз лабораторияларды кура алмак эмеспиз. Бизге Орусия 200 миллион доллар акча бөлүп берди. Ошонун негизинде эки фитосанитардык лабораторияларга жаңы жабдыктарды алып келип, эл аралык аккредитациядан өтүп, тиешелүү сертификаттарды алдык. Ошондой эле жаңы жабдуулары менен эки ветеринардык лаборатория ишке берилди. Дагы беш лаборатория куруу пландалууда.

"Азаттык": Марат мырза, Орус-кыргыз өнүгүү фонду Кыргызстандын ЕАЭБдин талаптарына ылайык, келген өндүрүш тармактарын өнүктүрүү үчүн иштейт деди эле. Кыргызстандын айыл чарбасына бул фонд колдоо көрсөтүп жатабы, болсо кайсы долбоорлордо иштеп жатат?

Марат Мүсүралиев: Мен өзүм бул фондго кайрылган жокмун. Башка жактан укканыма, теледеги клиптерине караганда жакшы эле иштеп жаткандай сезилет. Ошол эле учурда фонддо иштеген айлык- маяналардын кору бир миллион долларды тегерегинде деп укканда башка суроо жаралат...

Карыпбек Асанов: Фонд насыя берүү пайыздарын төмөндөткөнү менен шарттарын абдан катуу кылып койгон. Мисалы, 1000 кой сатып алуу үчүн сенин колунда бир миллион сомдук коюң болуш керек экен. Ошону күрөөгө коюп анан алат экенсиң. Бул деген байларды кайра байытып, кедейлерге таптакыр кол жетпеген нерсе болуп жатпайбы. Бизде 9 миллион гектардан ашык жайыт бар, анын мүмкүнчүлүгүн пайдаланбай жатабыз, ал кудай берген байлык. Аны пайдалануу үчүн көп сандаган малы бар ири-ири чарбаларды уюштуруу зарыл. Кайра иштетүү ишканаларын ачуу керек. Товарларыбызды тийиштүү стандарттарга жооп бере тургандай кылып чыгаруу керек, анткени колубуздан келбесе эч кимге таарына албайбыз. Күнөө өзүбүздө.

Орус-кыргыз фондунун акчасы аэропортко да берилиптир. Анын акчасы Кыргызстандын ЕАЭБге стандарттарына көнүп, өздөштүрүп кетүү үчүн, өнүгүү үчүн берилиши керек эле. Кыргызстандын ЕАЭБ өлкөлөрүнө чыгара турган экспорттук потенциал жеңил өнөр жайы менен айыл чарбасы десек болот. Акчаны да ушул тармактарга салыш керек.

Жумабек Асылбеков: Бүгүнкү күнү орус-кыргыз фондунан көбүнчө кайра иштетүү тармагына, мал чарбасын өнүктүрүүгө алып жатышат. Мурда насыя пайыздары 12 болсо, азыр 5ке чейин төмөндөгөн. Дыйкандар “Айыл банк”, РСК банкы аркылуу насыяларды ала алышат. Өкмөт тарабынан “Айыл чарбасын колдоо-4” деген программа иштелип жатат, аны да Орус-кыргыз фонду аркылуу каржылоо каралып жатат.

Карыпбек Асанов: Кыргызстанда айыл чарбасынын ээси жок. Элдин 65 пайызы эмгектенген айыл чарбасынын тагдырына жооп бере турган киши барбы?

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG