Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:10

Чех инвестициясынын келечеги арсар


Чехия парламентинин спикери Ян Гамачек баштаган делегация Бишкектин Жеңиш аянтындагы "Өчпөс отко" гүл коюу аземине катышкан. 16-март, 2016-жыл

Чехия парламентинин спикери Ян Гамачек баштаган делегация Бишкектин Жеңиш аянтындагы "Өчпөс отко" гүл коюу аземине катышкан. 16-март, 2016-жыл

Кыргыз өкмөтү Чехия менен болгон инвестициялык макулдашууну бекитүүнү токтотууга ниеттенип жатканы тууралуу маалымат тарады.

Мындан улам өкмөт чакан ГЭСтерди курууга тендер жарыялоо чечимине келди. Бул тууралуу Экономика министрлигинин инвестиция тартуу агенттигинин маалымат-талдоо бөлүмүнүн башчысы Уран Чекирбаев билдирди. Бирок муну экономика министринин орун басары Алмаз Сазбаков төгүндөп, маселе жакында караларын белгиледи. Өкмөттүн маалымат саясаты бөлүмү чакан ГЭСтерди куруу боюнча кызматташуу жолу аныкталат деп оңдоо киргизди. Мындай карама-каршы маалыматтан соң талдоочулар Европадан инвестиция тартуунун келечеги бүдөмүк экенин айтышууда.

Бийликтин карама-каршы позициясы

Экономика министрлигинин алдындагы инвестицияларды тартуу агенттигинин маалымат-талдоо бөлүмүнүн башчысы Уран Чекирбаев өкмөт Чехия менен чакан ГЭСтерди куруу боюнча инвестициялык макулдашууну убактылуу токтото турууну тапшырганын билдирди. Анын айтымында, буга аталган долбоорго катышууга бир катар башка компаниялардын дагы кызыкчылыгы бар экени себеп болду. Бирок ал кайсы компаниялар экени ачык жарыяланган эмес. Өкмөт аппаратынын маалымат саясаты бөлүм башчысы Толгонай Стамалиева бул кабарга бир аз оңдоо киргизди:

Чехия парламентинин депутаттар палатасынын төрагасы Ян Гамачек (ортодо) жана Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев. 16-март, 2016-жыл

Чехия парламентинин депутаттар палатасынын төрагасы Ян Гамачек (ортодо) жана Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев. 16-март, 2016-жыл

- Эртең өкмөттө жыйналыш болот. Анда чехтер менен чакан ГЭСтер боюнча кызматташуунун эки түрүнүн бири аныкталат. Биринчиси-ГЭСтерди курууга тендер жарыяланса, экинчиси- инвестициялык макулдашуу аркылуу болот. Бул жерде кызматташуунун формасы гана аныкталат. Сынак дагы жарыяланышы мүмкүн. Эми ага башка кандай компаниялар катыша турганы боюнча азырынча маалымат жок.

Кыргызстанга чет элдик инвестиция тартуу абадай зарыл болуп турган чакта Чехия менен инвестициялык макулдашууну токтотууга байланыштуу эртең мененки маалымат коомчулук бүйүрүн кызытты. Түштөн кийин экономика министринин орун басары Алмаз Сазбаков министрликтин бөлүм башчысы Чекирбаев тараткан маалыматты кайра төгүнгө чыгарды. Бирок Алмаз Сазбаков бул маселе жакында чечилерин айтуу менен гана чектелди:

- Бүгүн эртең менен ошол маалымат интернетке чыкканда биз ага аябай таң калдык. Иликтеп көрсөм, биздин министрликтин бөлүм башчысы маалыматты анчейин түшүнбөй эле кол коюп агенттиктерге өзүмбилемдик менен таратып салыптыр. Чехтер менен кызматташуу алдыга жыла берет. Азырынча сүйлөшүүлөр токтогон жок. Өкмөт муну токтотуу боюнча токтом чыгара элек. Азыр кызматташуу формасы дагы аныкталбай турат. Мында сөз ошол тууралуу болуп жатат. Ага кандайдыр бир тоскоолдуктар болгонун билбейт экем.

Кысымга кабылган кыргыз бийлиги

Буга чейин Кыргызстан Чехия менен Орто-Токой, Папан, Киров жана Төрткүл суу сактагычтарына, андан башка ири дарыялардын алабына кубаттуулугу 158 МВт болгон чакан ГЭСтерди курууну макулдашкан эле. Бул чакан ГЭСтерди курууга чехиялык эки компания 190 миллион доллар жумшоону убада кылган. Бирок талдоочулардын баамында, министрликтеги жана өкмөттөгү эки ача позиция долбоордун келечегин бүдөмүк абалга кептеп койду.

Эмил Үмөталиев

Эмил Үмөталиев

Мурдагы экономика министри Эмил Үмөталиев бул жагдайдын пайда болуу себебин Орусиянын геосаясий кызганычы менен байланыштырды:

- Европа экономикасынын жетишкендиктери жана алар колдонгон технологияга өтүү биздин эл чарбабыздын өнүгүшүнө чоң салым кошмок. Биз өнүккөн демократиясы бар өлкөлөр менен кызматташмайынча мурдагы көз карандылыктан жана колониалдык басмырлоодон чыга албай жүрө беребиз. Эгемендикти бекемдөөнүн ордуна мурдагы кожоюндун айтканына моюн сунуп, багынып жатканыбыз өкүндүрөт. Бул деген артка карай кадам. Өзүбүздүн эгемендик менен улуттук кызыкчылыкты коргошубуз зарыл.

Бул долбоорду ишке ашыруу демилгеси быйыл март айында чех парламентинин өкүлчүлүгү Кыргызстанга келгенде көтөрүлгөн. Ошол тушта Орусия Өзбекстандын карызын кечип, аны менен мамилесин жакшыртканы кабарланган. Көп өтпөй өзбек чек арачылары Кыргызстанга кирип келип, Аксы - Ала-Бука жолун бөгөп алышкан эле. Бул окуя Кыргызстандын Орусия менен ГЭСтерди куруу боюнча макулдашууну бир жактуу жокко чыгарганы менен байланыштырылган. Анткени Орусия кризиске байланыштуу Кыргызстанда ГЭСтер долбоорун ишке ашыруу кечеңдеши мүмкүн экенин эскерткен. Мына ушуга байланыштуу талдоочулар арасында кыргыз өкмөтү Кремлдин кыйыр кысымынан улам Чехия менен энергетикалык долбоорду токтотууга аргасыз болууда деген пикирлер үстөмдүк кылууда.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG