Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:41

Мигранттын тили кыска


Мигранттар көп учурда өз укуктарын билишпейт.
Мигранттар көп учурда өз укуктарын билишпейт.

Казакстан, Орусияда иштеп, бирок маңдай тери менен тапкан акысын ала албай жүргөндөр Таласта ондоп саналат. Тийиштүү мекемелер алар өз укугун билбеген үчүн ушундай кырдаалга туш болоорун айтып келет.

Манас районунун Кызыл-Жылдыз айылынын тургуну Гүлзира мындан үч жыл мурун жолдошу менен Казакстандын Жамбул облусуна иш издеп кеткен. Бирок маңдай тери менен тапкан акчасын ала албай, жада калса кайтып келгенге каражат жок, араң дегенде келишкен экен.

- Мындан үч жыл мурун ушул айылдан бир аял менен Казакстанга кеткенбиз. Ал өзүм карап турам деген. Мал багып иштеп жүргөнбүз, башында барганда карышкыр жесе эт комбинатка төгөбүз деп сүйлөшкөнбүз. Бирок бизди төлө деп кыйнады. Алып барган аялды такыр көргөн жокпуз, качып кетти.

Гүлзиранын жолдошу ден соолугуна байланыштуу Кыргызстанга кетип калган. Ал эми Гүлзира карышкыр жеп кеткен малды ордуна коюу үчүн 5 ай бою акысыз иштеп бергенин айтат:

- Жолдошум ооруп кетип калды, мени болсо койо бербей коюшту. Ошентип 5 ай ал жакта калдым. Жолдошум келем деген болчу, бирок келген жок. Ал апрелде кеткен, мен сентябрда келдим. Ага чейин ашпозчу болуп иштедим.

Гүлзиранын жолдошу Мидин мал багып жүргөн күндөрүн эскергиси келбейт:

- Кыскача айтканда ал жак тор да, жибергиси келбейт. Ооруганда айла жок койо беришти. Тапкан мээнетинди бербейт. Бир тыйын акчасын көрсөткөн жок, жүрө бересиң.

Кызыл-Жылдыз айылы Казакстан менен чектешкенденби, айтор коңшу өлкөгө барып иштегендер арбын. Алардын биринин жолу болсо, бириники болбойт тура.

Атын атагысы келбеген ушул эле айылдын тургуну, 2001-жылы Казакстанда иштеп жүрүп колунан айрылганын кеп салат. Ал деле иштеген айлык акысынын бирин алса, бирин албагандыгын айтып берди.

- 2001-жылы комбайнда иштеп жүрүп колумдан айрылдым. Башында айлыгымды төлөп жүрдү, кийин унутта калдым. 2006-жылы кой бактым, ал жактан деле башында төлөп, кийин акчамды бербей койду.

Сыртка иш издеп кетип, бирок жабыр тарткандардын кимисине кайрылбайын, көпчүлүгү өз укуктарын коргобогондуктарын айтышат.

Талас шаарындагы “Айкөл” атуулдук демилгелерди өнүктүрүү борбору бир нече жылдан бери мигранттар менен иштешип келет. Аталган уюмдун программалык кеңешчиси Гүлнара Камалдинованын айтымында, аларга өз укугунан кабарсыз болуп, жабыр тарткандар кайрылышат экен.

- Бизге Казакстанга барып, айлыктарын алалбай, таяк жеп, качып келгендер кайрылат. 2007-жылдан бери 189 түз байланыш кызматы менен иштеп жатабыз. Жабыр тарткандарды таап, бул жакта эле иштөө үчүн сварка, курулуш станокторду сатып берип жатабыз.

Чет жакка чыккандардын кемчилиги – алардын мыйзамсыз жолдор менен кетип жатканында. Бул тууралуу Талас облустук эмгек, ишке орноштуруу жана миграция башкармалыгынын башчысы Адылбек Шабданов билдирди.

- Сыртка чыгып жаткандардын кемчилиги – мыйзамдуу кетпегенинде, укуктарын билишпейт. Алар кетип баратып укугу жөнүндө маалымат алышпайт. Биздин максат – аларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, мыйзамдар менен тааныштыруу. Бирок ошого карабай эле тайке-жээн болуп эле ээрчишип кетип жатышпайбы.

Мага жолуккан мигранттардын кимиси менен сүйлөшпөйүн, ала албаган акчасын өндүрүү үчүн тартип коргоо органдарына кайрылбагандыгын айтышат.

Талас облусу Казакстанга чектеш болгондуктан ал жакка барып кыска мөөнөткө иштегендер арбын. Расмий маалыматтарга ылайык, үстүбүздөгү жылдын алты айында эле 2400гө чукул таластык чет өлкөгө иш издеп кеткен. Бирок расмий эмес сандар мында бир кыйла көп болгону айтылып келет.

XS
SM
MD
LG