Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:47

Кумтөр: Оторбаев үмүт арткан "лорддор" ким?


Lord Clanwilliam, Martin Graham, 13April, 2015
Lord Clanwilliam, Martin Graham, 13April, 2015

Жогорку Кеңештеги коалициялык көпчүлүк келаткан жума күнү премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин сунушун талкуулаганы турат.

Өткөн аптада өкмөт башчы Кумтөр маселесин Кыргызстандын кызыкчылыгында чечүүнүн жаңы жолун сунуштаган. Буга британиялык ишкерлердин “Центерра голд” компаниясынын жетекчилигин алмаштыруу тууралуу кайрылуусу себеп болгон. Өкмөт кызыкдар болуп жаткан “Центерра голддун” директорлор кеңешине келе турган ыктымал жети талапкер ким жана алардын кандай кызыкчылыктары болушу мүмкүн?

"Алар мыкты адистер"

«Центерра Голд» боюнча премьер-министр Жоомарт Оторбаевге кат жолдогон британиялык ишкерлер Мартин Грехэм жана Лорд Клэнвильям Oracle Capital Group компаниясын жетектешет. Мындай маалыматты “Азаттыкка” аталган компаниянын Лондондогу кеңсесинен тастыкташты. Компаниянын өкүлү Антон Давиденконун билдиришинче, алар каржы тармагында ийгиликтүү иш алпарган белдүү адистер:

- Мартин Грехэм башкармалыктын башчысы жана Байкоочу кеңештин төрагасы, ал эми Лорд Клэнвильям Байкоочу кеңештин мүчөсү. Ошондой эле бул адам биздин компаниянын алдындагы кайрымдуулук фондду да жетектейт. Алар өз иштеринде мыкты адистер. Алар тууралуу сайтта көрсөтүлгөн маалыматтардын баары туура.

Компаниянын расмий сайтындагы маалыматка караганда, Мартин Грехэмдин Лондон экономикалык мектебин бүтүргөндүгү жана Лондон фондулук биржасында узак мезгил эмгектенген. Лорд Клэнвильям болсо, кеңсеси Лондондо жайгашкан Eurasia Drilling Company мунай компаниясын жетектейт. Бул компания Орусияда мунай өндүрүү тармагында иш алып барат. Ал эми Oracle Capital Group инвестициялык консалтинг, активдерди башкаруу боюнча кызмат көрсөтөт.

Премьер-министр Жоомарт Оторбаевге 30-мартта аталган эки адамдан кат келген. Алардын негизги максаты Кыргызстандын 33% акциясына “Центерранын” дагы 18% акциясын кошуп, 51% акцияга ээ болуу менен “Центерра голддун” жетекчилигин алмаштыруу. Оторбаев мына ошолорго ишенип, алар менен биргелешип, “Центеррада” каалагандай бийлигин жүргүзүп келаткан Ян Аткинсонду компания жетекчилигинен оодарууну көздөгөн:

Жоомарт Оторбаев
Жоомарт Оторбаев

- Азыркы убакта “Центерранын” директорлор кеңешин жана менеджментин алмаштырууга аракет кылышыбыз керек. Азыркы убакта биз “Центеррадан” кетпешибиз керек. “Центерранын” активдери жакшы. Бирок ал башка мамлекеттерде.

Аталган эки адамдын сунушунун негизинде Оторбаев “Центерра голддун” директорлор кеңешине дагы беш чет өлкөлүк жарандын талапкерлигин көрсөткөн. Алардын катарында Канада жарандары Боб Букан жана Мария Черновалова, АКШ жарандары Питер Холодный жана Павел Скитович, Казакстан жараны Дияр Канашев болгон. Бул жарандардын басымдуу көпчүлүгү Орусия олигархтарына таандык компаниялар менен кызматташкан адистер экени аныкталды. Бирок акыркы экөө Кыргызстанда Кумтөр боюнча кызуу талкуулар башталып кеткен соң “Центерра голд” боюнча өкмөт сунушунан баш тартканы кабарланды.

Өкмөттү экиге бөлгөн сунуш

Аталган сунуштун айынан кыргыз өкмөтүнүн ичинде пикир келишпестиктер жаралып, Мүлк фондунун төрагасы Дүйшөн Ирсалиев жана “Кыргызалтындын” башчысы Токон Мамытов кызматтан кетти.

Ошондуктан Оторбаев “Центерра голддун” директорлор кеңешине сунуштаган чет өлкөлүктөр кимдер жана аларга ишенүүгө болобу деген суроолор жаралды.

“Кыргызалтын” ишканасынын кызматынан кеткен жетекчиси Токон Мамытов бул адамдар боюнча күмөндүү суроолор арбын экенин айтууда. Мамытовдун пикиринде, бул чет элдик жарандар кимдер, алардын аркасында кимдер турушу мүмкүн деген суроолорго кыргыз тарап жетиштүү жооп алган жок:

Токон Мамытов
Токон Мамытов

- Премьер-министр Жогорку Кеңеште да, өкмөттө да бул адамдарды тааныбайм, көргөн эмесмин деп ачык айтты. Алар интернет аркылуу эле мага жана көпчүлүк коалиция жетекчисине кайрылыптыр деп гана айтты. Ошондуктан Кыргызстан үчүн маанилүү болгон Кумтөр кени боюнча интернет аркылуу келген катка ишенип эле иш кылуу туура эмес. Эгер Кыргызстандын Британиядагы элчилиги же ал өлкөнүн расмий органдары жиберген кат болсо бир жөн. Туруп эле кайсы бир ишкерлер биздин кызыкчылыкты коргойт деген кичине туура эмес болобу деген шек турат. Анын үстүнө ал адамдар тууралуу айрым маалыматтар жарыкка чыгып атат. Алардын бири кайсы бир кечеде бир адамды тапанча менен атып салып, дагы бирөө кайсы бир өлкөнүн элчиси менен баратып, чуулгандуу автокырсыкка учураган экен. Ошондуктан алардын баарын териштирүү керек болчу.

Чекитти коалициялык көпчүлүк койобу?

Бирок премьер-министр Жоомарт Оторбаев өткөн аптада парламентте сүйлөгөн сөзүндө Кыргызстандын укук коргоо органдары аталган адамдар боюнча маалыматты изилдеп жатканын, азырынча мыйзамга каршы келген иштери деле аныкталбаганын билдирген.

Теңизбек Бөлтүрүков
Теңизбек Бөлтүрүков

Ошентсе да, тоо-кен боюнча эл аралык адис, учурда Казакстандагы “Ланкастер групп” компаниясынын аткаруучу директору болуп иштеп жаткан Теңизбек Бөлтүрүков бул маселеге абдан дыкат мамиле кылуу керектигин эскертүүдө:

- Бул адамдардын ким экенин жакшылып караш керек. Балким алардын артында ошол эле “Центерранын” учурдагы жетекчилиги турушу мүмкүн. Алар ушундай жол менен жаңы оюнду баштап жатышы да ыктымал. Бирок мен мурдатан эле айтып келгендей, “Центерра голддун” жетекчилигин, менеджменттин - президентин, директорлор кеңешинин төрагасын жана аткаруучу директорун алмаштыруу зарыл. Ушул үч адамды алмаштырмайынча, кандай катыштагы үлүш болбосун Кыргызстандын кызыкчылыгына иштетүү кыйын. Колдон келсе кайсы бир британиялыктарды койбой, кыргызстандыктардын өзүн коюу керек.

Ошентип, эки жылдан бери чечилбей келген “Кумтөрдүн” маселесине жакын арада да чекит коюлушу кыйын болуп турат. Анткени учурда парламент да, өкмөттүн бир катар мүчөлөрү да премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин сунушуна муюбай тургандай. Ал эми Жогорку Кеңештеги коалициялык көпчүлүк болсо келаткан жума күнү өкмөт башчынын сунушун талкуулаары белгилүү болду.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG