Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:20

“Кумтөрдүн” экологияга тийгизген зыянын аныктоо үчүн чет элдик экологдор кендеги он чакты шектүү жайдан лабораториялык анализ алып кетти.

Андан мурдараак кенди казып жаткан канадалык ишкананын ишмердиги менен мамлекеттик комиссия баштаган топ таанышып келген.

Өткөн аптада Кумтөр кенин курамына комиссия мүчөлөрүнөн тышкары көз карандысыз эксперттер, жергиликтүү калк өкүлдөрү, ишкана жетекчилиги жана журналисттер кирген топ кыдырып чыкты. Топтун башында Мамлекеттик комиссиянын жетекчиси, экономика жана антимонополия саясаты министри Темир Сариев менен “Кумтөр оперейтинг компани” ишканасынын башчысы Майкл Фишер баштап жүрдү. Бул топ “Кумтөрдүн” экологиялык өңүтүнө маани берди. Жок болуп бараткан мөңгү, келечеги кооптуу уу зат таштандылары, ар кайсы жерде топтолгон, жер алдына кирип кетип жаткан кен топурактарына аралашкан мөңгү суулары жөнүндө сөз болду.

Кыргызстандын капчыгы

“Кумтөр” – Кыргызстанда иштеп жаткан жалгыз ири алтын кени. Ага жараша кыргыз экономикасынын башкы таянычы. Ал деңиз деңгээлинен 4200 чакырым бийиктикте жайгашып турат. “Кумтөрдү” эксперттер постсоветтик өлкөдөгү эң кубаттуу жана уникалдуу алтын кен деп эсептеп келатышат. Азыр канадалык ишкана бул жерде саатына 700 тонна кенди иштетип, анын ар бир тоннасынан 3-4 граммдан алтын чайкап, суткасына 2 килограммга жакын алтын чыгарып, анын акчалай эсеби 140 миллион сомдон ашат.

Бул тууралуу биз “фабриканын жүрөгү” деп аталган көзөмөлдөөчү бөлмөгө киргенибизде ишкана менеджери Руслан Рыскулов айтып берди:

- Эки килограмм - 70 унций. Бүгүнкү акча менен эсептегенде (бир унцийи)1780 доллар болот. Ошондо саатына 120 миң доллар келип турат.

Кенден чайкалып, таза алтынга айландырылганга чейинки жумуштарды беш-алты цех аткарып, алардын ишин эң жогорку технологиядагы компьютерлер менен жабдылган көзөмөлдөөчү бөлмөдө операторлор байкап турушат. Фабриканын ичин жагымсыз жыт ээлеп, тыштан баргандар ага оңойлук менен чыдабайт. Бирок жумушчулар көнүп бүтүшкөн жана аны зыяндуу дегендерге макул эмес. Алардын бири – Руслан Рыскулов комиссия мүчөлөрүнүн мындай дооматына теригип да кетти.

Дегеле фабрикада биз жолуктурган кызматкерлердин биринен да экологиялык зыяндар же каржылык-социалдык өксүктөр боюнча чеки кепти уккан да, кем-карчын көргөн да жокпуз. Ишкананын президенти Майкл Фишердин айтымында, фабрикада карьерде иштегендерди кошкондо жалпысынан бир нөөмөттө 1700 киши эмгектенет. Алардын беш пайызы чет элдиктер. Фабриканын бүгүнкү жагдайы мына ушундай.

Кенден чыпкаланбай чыккан суу коркунучу

Анткен менен кендин өзүндөгү жана анын айланасындагы жагдай: тоо, мөңгү, дарыялардын келечеги биринчи кезекте экологдордун баш оорусуна айланып тургандыгын бул жолку сапар дагы бир ирет тастыктагандай болду. Көз карандысыз экологдор комиссиянын башчыларына эң эле кооптуу саналган жерлерди көрсөтүштү. Алардын катарында сай-сайлап агып жаткан суулар.

Эколог - окумуштуу Исакбек Торгоев менен көз карандысыз эксперт Динара Кутманованын ишендиргендерине караганда, бул суулар шахтадан жана кенден бошотулган топурактан сарыгып чыгат жана тазаланбаган калыбында Нарын бассейнине кирген куймаларга, дарыяларга кошулат. Бош топурактын жыйырма пайызында оор металл калдыктары калат жана ал сууга тийгенде кислоталуу заттарды бөлүп чыгарат. Ошого карабастан, ишкана техникалык экономикалык негиздемедеги эрежелерден четтеп, сууну чыпкалабай туруп коё берүүдө деп эсептешет:

Кенден чыккан суу.

Кенден чыккан суу.

- Бул кендин уникалдуулугу ушунда – бүгүн эле миллиард тоннадан ашык кенден бошотулган топурак бар. Компания тааныгандай, анын 20 пайызы - кислота жаратуучулар. Эгер аларды суу каптаса кислота булактары пайда болот. Ишкана жабылгандан кийинки экологдорду, адистерди тынчсыздандыра турган проблема дал ушул. Ишкана жабылган маалда бүтүндөй Борбор Азия калкы иче турган Нарын дарыясынын башатындагы мөңгүлөрдүн жанына төгүлгөн бош топурак 2 млрд. тоннага жетет.

Ишкананын тескерисинче, бул сууда кислоталуу эмес, щелочтуу заттар бар, бул заттар акыркы жылдары табийгый жол менен топтолууда жана анын зыяны жок деген тыянагы бар. Бул тууралуу чогулгандарга ишкана жетекчиси Майкл Фишер айтты:

- Мен бул сууда кислота кошундулары бар дегенге макул эмесмин. Бул агынды чынында щелочтуу. Ал экологияга, саламаттыкка зыян келтирбейт.

Давыдов мөңгүсүнүн өмүрү кыскарды

Давыдов мөңгүсүнүн узундугу үч чакырымга созулат. Окумуштуулардын эсебинде ал ири мөңгүлөрдүн катарына кирбейт, бирок, бул мөңгү 100 млрд. куб. таза сууну миң жылдан бери бир калыпта сактап келаткан. Азыр эми адистер мөңгүнүн үч-төрт жылдык гана өмүрү калганын, буга кенди иштетүүдө өндүрүштүк эрежелер сакталбай калгандыгы себеп болгонун айтып жатышат.

Динара Кутманованын айтымында:

-Техникалык экономикалык негиздеме боюнча булар музду өзүнчө, бош топуракты өзүнчө жыйышы керек эле. Албетте, мөңгү кирдеп, суунун булагы катары өзүн жоготту. Бул жаратылышка олуттуу зыян.

Фабрикада иштетилип, кенден ажыратылган бош топурак Давыдов мөңгүсүн бойлой кош тоо болуп жатат. Мурда асман мелжип турган көк мөңгүнүн үстү бүгүн кара көк тартып, кичирейип баратканы көзгө даана байкалат.

Талкаланган мөңгү.

Талкаланган мөңгү.

Майкл Фишер комиссия мүчөлөрүн бошотулган топуракты төгүүдө экологиялык коопсуздук эске алынган деп ишендирүүгө аракет кылды. Мындан ары ишкана бошотулган топуракты башка өрөөнгө ташууну болжоп жатканын кошумчалады:

- Ишкана акырындык менен мөңгүнү Сары-Төргө ташуу үчүн жол салууну пландап жатат. Азырынча бул жакка ташуу токтотулду.

Эксперттер Давыдов мөңгүсүн бойлото төгүү дагы эле уланып жатат деген күдүк ойдо калышты. Алардын айтымына караганда, кен жаткан жердин үстүндөгү музду Давыдов мөңгүсүнүн боюна, кенден бошогон топуракты Сары-Төр аймагына ташуу 1994-жылкы техникалык-экономикалык негиздемеге киргизилген. Аны ишке ашыруу аракети эми араң, коомчулуктун кысымы башталганы колго алынууда, бирок ал план качан ишке ашары али бейдарек дешет талдоочулар.

Мындай жагдайдын түзүлүшүнө экологдор биринчи кезекте ошол кездеги бийлик төбөлдөрүн айыпташууда. Исакбек Торгоевдин билдиргенине караганда, бошогон топуракты музга төгүү планы болгон эмес. Бийликтин пайдакечтигинин айынан жең ичинен соодалашуу жүрүп, тиешелүү мекемелердин уруксаты менен 1994-жылы көп чыгым коротула турган баштапкы жобо өзгөрүп кеткен. Кендин экспертизаланбай туруп, пайдаланууга берилишинин айынан Кумтөр чыры чубактын кунундай чубалып келатат дейт адис.

Жоголгон алтын тоо

Кумтөр кенинин дагы бир өзгөчөлүгү – алтындын жердин үстүнөн, ачык казылып алынып жатышы. Бир тоонун ордундай жер бүгүн тегерете казылып отуруп, жердин энинен кыйла ылдыйлап кетиптир. Кумтөр казыла баштагандан бери ошол жерде иштеп жүргөн адистердин бири “бул жер тиги тоодой эле кадимки тоо болчу” деди жанындагы тоолорду көрсөтүп.

Кенди көздөй жылган муз.

Кенди көздөй жылган муз.

Анткен менен жаратылыш да өз мыйзамдарын киргизип жаткан сыяктуу. Маселен, кендин күн чыгыш тарабынан карьерди көздөй муз жылып кетип, кенчилер ордун алмаштырууга туура келиптир. Биз сүйлөшкөн жергиликтүү кенчилердин бири муз баскан жерден тоннасынан 12 граммдан алтын алынып келгенин айтты.

Карьерде иш тынымсыз уланып жатат. Эксковатор чапчып салган карылуу унааларга музду өзүнчө, кени бар топону өзүнчө тындырбай жүктөп жатат. Муз төгүлүп жаткан бетке барганыбызда экологдор биздин көңүлүбүздү жердин алдын көздөй жол таап, ар кайсы жерден жылжып кирип жаткан агындыларды көргөзүштү. Бул саркындылардын курамында кислота бар деп ишендиришти.

Ишкана "банкрот" болсо таштандылар кантет?

Кумтөрдөгү эң талылуу маселелердин бири – уу зат калдыктарын сактоочу жай. Кен казуу токтогон маалда анын көлөмү 110 млн. куб метрге жетип, уу зат калдыктарын сактоочу эң ири жайга айланат. Азыр анын көлөмү 60 млн. куб метрге жетиптир. Ал ар кандай кырсыктарга туруштук бергидей кылып бекемделип жаткандыгын ишкана жетекчилиги комиссияга айтып берди. Ишкана ар кандай жаратылыш кырсыктарын, анын ичинде акыркы кездери суусунун көлөмү эки эсеге көбөйдү делип жаткан Петров көлүнүн ташуу коркунучун алдын алып, беш метр бийиктиктеги дамба куруу камылгасын да көрүп жатыптыр. Калдык жай 8 баллдык жер титирөөгө туруштук берет дешти.

Кен калдыктарын сактоочу жай.

Кен калдыктарын сактоочу жай.

Ошентсе да адистерди калдык жайдын фабрика ишин токтоткондон кийинки абалы тынчсыздандырат. Кыргызстан бул проблема менен жалгыз күрөшүп калбаса экен деп кооптонгон адистер таштанды жайдын үстүн жабуу, концервациялоо, рекультивациялоо маселесине бийликтин көңүлүн айрыкча бурууга ынтызар.
Макулдашууга ылайык, жалпы эле кендин аймагын рекультивациялоо, башкача айтканда бардык козголгон жерлерди жаап, өз калыбына келгидей ыңгайга жеткирүү жараянын ишкана кен казылып бүтөөрдөн эки жыл мурун башташы керек. Бирок адистер ар кандай тобокелчиликтер эсепке алынган эмес деп, кокус ишкана андан эртерээк өзүн банкрот деп жарыялап салса, Кыргызстан чоң апаатка кабылат деп жатышат. Бул маселе кыдыруу маалында тараптар ортосунда кызуу талашты жаратты.

Маселен, эксперт Кутманованын маалыматына караганда, ишкана рекультивация иштерине 37 миллион доллар бөлүшү керек болсо, өткөн он жети жылда болгону 11 миллион доллар бөлгөн.

Майкл Фишердин билдиргенине караганда, рекультивация маселеси менен эл аралык Лорекс фирмасы алектенет:

- Мен сиздердин кенди жабуудан кийинки рекультивация маселеси боюнча тынчсызданууңуздарды түшүнөм. Мен дагы сиздерден рекультивация планыбызды мыйзамга ылайык кайра карап, даярдоого убакыт беришиңерди суранам. Бул маселени адистердин катышуусунда анализдесек, силер да өзүңөрдүкүн сунуштасаңар.

Ошентип бир күндүк сапарда мамлекеттик комиссия баштап барган топ Кумтөр алтын кенинин аймагындагы экологиялык жагдайга көз салып чыкты. Топту баштап барган мамлекеттик комиссиянын төрагасы, министр Темир Сариевдин айтымына караганда:

- Комиссиядагы эң чоң тармак – экологиялык техникалык топ. Алар жакын арада жыйынтыгын бергенден кийин Кумтөрдүн жетекчилиги менен ар бир коюлган дооматтар боюнча сүйлөшөбүз. Кайсы дооматтарды кабыл алып, кандай шартта жоёт, кайсы дооматтарга макул эмес – ошонун негизинде жыйынтык чыгарабыз. Эң башкысы – экологиялык лабораториянын жыйынтыктары. Эл аралык лабораториянын анализдеринде булардан чыгып аткан сууда ошол айтылып аткан оор металлдар бар, алар келечекте мамлекеттин жаратылышына зыянын келтирет деп жазылса, биз анын бардыгын комиссиянын жыйынтыгына киргизебиз.

Мамлекеттик комиссия Словениядан жана Германиядан жалдаган көз карандысыз лаборатория 11-12-октябрда Кумтөр ишканасынын аймагынан анализ үчүн чогулткан заттардын тыянагын келерки бир ай ичинде чыгарып, комиссияга тапшырууну убада кылууда.

Бул тууралуу макала даярдалып жатканда комиссиянын мүчөсү, эколог Калия Молдогазиева “Азаттыкка” билдирди.

Ошентип парламентте ратификацияланып, Конституциялык соттун чечими менен бышыкталган Кумтөр кени тууралуу эл аралык макулдашууга түзөтүү киргизүүнүн жолун кыргыз өкмөтү экологиялык проблемалар аркылуу табуу далалатында. Бирок айрым көз карандысыз эксперттер кыска мөөнөткө эсептелген бир жолку текшерүү эл аралык сотко чейин жеткиргидей негиздүү тыянакты берерине анчалык ишенбей турушат. Темир Сариевдин Жети-Өгүз районунун эли менен жолугушууда айткандарына караганда, саясий чайкоочулукка айланган Кумтөр маселесин териштирүү оңой болбой жаткандай. Буга чейин айтылып, жазылып келаткан дооматтар негиздүү аргументтер менен далилденсе, алардан арылуу, Кумтөр кенинин мамлекетке пайдасын арттыруу, ага тоскоолдук кылган жооптуу кызматкерлердин жоопкерчилигин кароо, эл аралык сотторго кайрылуу сыяктуу бардык мыйзамдуу аракеттер жасалат деп ишендирди. Мына ушундай дымагы бар комиссия ишин ноябрдын кап ортосу ченде жыйынтыктап, тыянагын Жогорку Кеңештин кароосуна берүү ниетин билдирүүдө.

Канадалык “Кумтөр оперейтинг компани” ишканасынын ишмердигин текшерүү комиссиясы ушуну менен алтынчы ирет түзүлүп отурат. Мындан мурдагы депутаттык комиссия ушул эле экологиялык проблемаларды негиз кылып, Кумтөр ишканасын улутташтыруу демилгесин көтөрүп чыккан. Парламенттеги көпчүлүк бул демилге ишке ашса Кыргызстан эл аралык деңгээлдеги соттук териштирүүлөрдө утулуп калат деп, ишкананы дагы бир ирет мамлекеттик деңгээлде текшерип чыгууну жаңы комиссияга жүктөгөн.

Кумтөрдүн экологиялык абалынан сүрөт баян


  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG