Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:37

Орусияда Муса Мураталиевдин «Бурхан жана Мария» китеби жарык көрдү. Китептеги эки романда миграция, тарых, дин, өзгөргөн замандагы адамдар ортосундагы алака, анын ичинде жалгыздык темасы бир каармандын тагдыры аркылуу жаңыча чагылдырылат.


Кыргызды канатына калкалаган карга

Карга дегенде адатта кадимки эле канаттууну, анан кызыл-тазыл шырдакдагы оюну эстейбиз.

Көрсө бул оюну жок болуп кеткен КАРГА деген кыргыз уруусун эстеп жүрсүн деп, тээ жер каймактагандан бери карай, энелер кыздарына эстеликке келтирип келген турбайбы!




Мен кыргыздын карга жана башка азыр биз билбеген уруулар тууралуу бул саптардын авторуна жүз миңдеген кыргыз мигранттары жашаган Москвада жолуктум.

Москвалык жазуучу, журналист Муса Мураталиевдин ондогон роман, аңгеме, жомоктору жана макалалары ондогон тилдерге которулган.

Муса Мураталиев "Бутпарас" китебинин бет ачаар салтанатында жазуучу Олга Озерова менен, 2011-ж.

Муса Мураталиев "Бутпарас" китебинин бет ачаар салтанатында жазуучу Олга Озерова менен, 2011-ж.

Муса Мураталиев: Бул карга уруусу маселен бугу, сарбагыштар менен жашташ келет. Башкача айтканда, эң байыркы урууларыбыз болгон.

Жазуучунун айтымында, карга уруусу каман, суртайган деген кыргыз уруулары сыяктуу эле тарыхтын түпкүрүнө түшүп кеткен:

Муса Мураталиев: Шырдакта карга деген ою бар эмеспи. Кечээ жакында көргөзмөдөн Курманжан Датка өз колу менен сайган сайманы көрдүм. Туштук окшойт, ошол туштукта да карга оюсу жүрөт. Мындайча айтканда, бүт түштүк, түндүк кыргызга (бирдей) тараган оюу. «Эсте калсын, эстеп жүрүшсүн» деп кыргыздар карганы оюга салган.

Биздин замандын артыкбаш адамы

Карга тууралуу айтылган «Манас айтуучу» романы 2011-жылы Орусияда жарык көрдү.

Ал буга чейин көптөгөн повесть-аңгемелери ондогон тилдерге которулган Муса Мураталиевдин автобиографиялык чыгармасы. Баш каарманы – горбачевдук Кайра куруу доорунда эрезеге жеткен таланттуу Бек Мырза.

Тоо койнунда туулуп, кыргыз ооз эки чыгармачылыгы эне сүтү менен канына сиңген Бек Мырза Москвадагы Адабият Институтунда окуп жүргөндө «Манас» эпосун акын курсташы Юрий Устага орусчалап беш жыл түшүндүрүп айтат.

М. Мураталиев Москвадагы кыргыз жаштары менен, июн, 2011-ж.

М. Мураталиев Москвадагы кыргыз жаштары менен, июн, 2011-ж.

Бек Мырза бирок 30 жыл ичинде Юрий досун кыргыздар канчалык байыркы жана нарктуу эл экенине эч ынандыра албайт. Кийинчерээк ашынган улутчул болуп кеткен Юрий акыры Бек Мурзанын өзүн «Сага окшогондорго бүгүнкү күндө орун жок, кыңк этпей жүрсөңөр, балким бөөдө өлүм болбойсуң» деп кекетет.

Бек Мырза Манастан өткөн айкөлдүк менен досунун кээр сөзүн көңүлүнө албайт. Бирок ал өзүн жалгыз сезет, анткени киндик каны тамган Чеш-Төбөгө барса да, аялы башка улуттан болгондуктан, өз туугандары өгөйлөшөт. Америкага кетип калайын дейт, ортодо акчасын шыпырып кеткен шылуундардын айынан бул тилеги да таш кабат. Акыры түн ичинде үйүнө келатканда кырма баш улутчулдар сабап кетишет.

Акылы ашып, адамгерчилиги ташып турса да, кайда жүрсө бөтөн адам болгон Бек Мырзанын образы ошентип өз заманынын артыкбаш адамдынын деңгээлине ачылат.

«Манас айтуучу» Муса Мураталиевдин СССР кулагандан кийинки 20 жылга чукул тыныгуудан кийин жарык көргөн «Идол и Мария» же «Бурхан менен Мария» китебиндеги кош романдын бири.

Жазуучунун неберелери, аманат сүрөт, 2011-ж

Жазуучунун неберелери, аманат сүрөт, 2011-ж

«Бурхан менен Мария» бүгүн Орусиядан тышкары Казакстанда, Европада, Америкада орус тилдүү адабият сатылган дүкөндөрдө сатылып жатат.

«Бурхан менен Мария» китеби 2 миң нуска менен орусиялык «Зебра Е» басылмасында жарык көрдү.

Чеш-төбөлүк Бурхан

Кош романдын экинчиси - «Бурхан менен Мария» бурхан куурчагын койнуна катып, тээ Ат-Башынын Чеш-Төбөсүнөн келген мигранттар жана алардын Москвада жашаган Бек деген тууганы туурасында.

Мигранттар алыс жерде сүт чачып, майлап-сүттөп, кеңешип-таңашкан Бурхан куурчак турмушта болгонбу же ойдон чыгарылганбы?

Муса Мураталиев: Ойлоп табылган деп айтса да болот, бирок ошого таканчыктай турган фактылар да бар. Бүгүнгө чейин элеттик кыргыздарда Теңирге, отко сыйынуу, отту сыйлоо, сууга сыйынуу, шамалды сыйлоо, тоого сыйынуу бар. Ошонун баары теңирчиликтен келет. Куурчагыбыз элес болсо, ал ошонун артындагы шаани ошол диндер пайда боло электеги теңирчиликти эске салат. Ошон үчүн мигранттар жүрөгүнө катып жүрүшөт. Себеби кыргыздын дини байыртадан болгон. Диндер кийин пайда болсо, кыргыздар ага чейин эле жашап өзүнүн дини болгон.

Романда Бектин үйүндө 30 чакты жердеши көп айлар жашайт, көбү короо шыпырат, бири чемпион болот, экинчиси байып кетет, үчүнчүсү кызганычтан киши өлтүрөт. Алар Бурхан менен кээде кеңешсе, кээде тепсендиде калтырышат. Бектин аялы топураган көп кишиге чыдабай, кетип калат...

«Манас айтуучу»
(романдан үзүндү)

Шырдакта калган "карга"

Шырдакта калган "карга"

«Карга кыргыздын улуу уруусу эле. Ошол себептен анын ээлеген жери башка уруулардыкынан алда канча кең болгон. Карганын аркасы тийип, кыргыз баласы жер, суу, жер, жарык дүйнө, дагы канча жыргалга жеткен экен.. Аларды жараткан карга болгон дешет!

Карга кыргыздарга жарыкты эң артында алып берген. Элден мурда Карга бут коерго жер жаратат. Анан ичерге суу жаратат. Өсүмдүк, айбанат, адам баласын жаратат. Бирок айлана караңгы боюча кала берет.

Түндүгү чүмкөлүү үйдүн ичиндей асман дайыма бүркөө болуп турган. Ошол түнөргөн түндө туш-тушка жарык чачкан Карга болгон. Анын жүнү алоолонгон жалындай күндүр-түндүр жанып турчу экен.

Жарыкты эңсеген адам баласы, айбанат анын артынан ээрчип жүрчү болот. Ошондо алардын ар бирине жарыгын тийгизүү үчүн Карга асманга учуп чыгып, жерге конбой жүрүүгө аргасыз болот. Тоо таштын бир капталын жарык кылса экинчи капталы калып, кыйналат. Айласы кеткенде Карга бир жолу асманга аябагандай бийик көтөрүлөт. Жер жүзүндө кыбыр эткендин жарым жартыдайы Карганын жарыгын алып алкашат.

Ошондо Карга асмандын түбүнө жетмекчи болот. Канатын күүлөп, кептерди тепкени келаткан ителгидей зымырап учуп, асмандын төбөсүн карай бет алат. Ал анан кырк түнү тынбай учуп, акыры асмандын төбөсүнө чейин көтөрүлөт. Астын караса ошондо да өзү жараткан тоо-таш, суу, жан-жаныбар, макулуктар кай бирлерине жарык тийбей атканын көрөт. Аларга да жарыгын чачуу үчүн Карга асманга андан да бийик көтөрүлөт. Бирок асмандын төбөсүнө такалып жылбай калат.

Ыйык куш жез тумшугу менен асмандын төбөсүн чокуп, ое баштайт. Карга туура кырк түн бою чокуп, тумшугу ысыган кезде, асмандын төбөсүнөн жарака кетип анын артындагы күндүн боосу жерге түшөт. Күндүн ысык нуру ыйык куштун жалындай жаркыраган жүнүн куйкалай өтөт!.. Качандыр жердин үстүн жангыз жарытып турчу ыйык куштун жүнү ошол сааттан тартып капкара түскө боелуп, өзгөрүп калат».

(Үзүндүнү автор орус тилинен «Азаттык» үчүн которду.)

«Бурхан менен Мария»
(романдан үзүндү)

"Поезд токтоору менен алды болуп жерге элди узатып кошо жүрчү жигит түштү. Ага удаа жоолугу желкесине кеткен келин чыгып, жигитке док арта кетти:

- Эй, байке! Ке! Чемичке чаккыдай бирдеме бер? Жолду ката элден тапкан параңдан бөлүш – кекиртегиңе туруп калат! Эй, келе! Кургур, даттануу китебиңе пикир калтырамын!

Поездден түшүп аткан жүргүнчүлөргө көз салуу менен алек болгон жигит келиндин кебин капарына албай турду. Анда келин жигиттин алдына өтүп, текемаңдай тура калып догун улады:

Муса Мураталиев (оңдо) Кремлде кыргыз жазуучулары менен. 1986-жыл. Солдон онду карай: К. Жусупов, К. Артыкбаев, С. Жусуев, Т. Сыдыкбеков, Ч. Айтматов, З.Сооронбаева, М. Абылкасымова, Т. Касымбеков. Сүрөттү тарткан Н. Кочнев.

Муса Мураталиев (оңдо) Кремлде кыргыз жазуучулары менен. 1986-жыл. Солдон онду карай: К. Жусупов, К. Артыкбаев, С. Жусуев, Т. Сыдыкбеков, Ч. Айтматов, З.Сооронбаева, М. Абылкасымова, Т. Касымбеков. Сүрөттү тарткан Н. Кочнев.

- Байке! Сыйлыктан каңтарыласың! Китептин барагы кабат тигилүү экен, өз көзүм менен көрдүм. Беттери номурлануу экен – айыра албайсың.

Бек тосуп чыккан коногу Сарматты качан чыгат деп бериде турду. Жүргүнчүлөр аягы басылбай чыгып атса да Сармат көрүнбөдү.

- Барчы ары! – деп чачылган жигит келинге далысын сала, тетири карады. – Жолду ката бекер чай бергеним аз келгенсип эми шириңкана сурайсың! Эриң экөөңдө уят деген жок экен! Коопсуздук кызматын чакырсам, бөйдө жерден кор болосуңар!

- Чакыр, – келин маакул болду. – Азыр эрим чыгат анан акчаңы жаныңан өз колум менен алам.

Жигит унчукпай чөнтөгүнөн жүз рубл алып келинге сунду:

- Ме! Жумуруңа жукпай калсын! Экинчи көзүмө көрүнбөйсү
ңөр!

Келиндин кыйындыгы Бекти таң калтырды. Отуздарга барып калган, маңдайкы тиштерин алтындан кептеткен, кулагына алтын сөйкө тагынган жулунгун келин. Эч убакта макияжды билбиген жүзү эркектин бетиндей, кой көздөрү кытмыр карап, кишини астыртан сынап турат. Орто бойлуу. Кара чачын тарап туруп желкесине бир тутам кылып түйүп алган.

Поездден акыры Бек тосуп чыккан Сармат түштү. Кол суна утур басышып келип, көкүрөктөрүн саал тийиштирип учурашты да ал-ахвал сурашканга өтүштү. Андан соң эмеле жигитке догурунган келинди көргөзүп:

- Бу менин аялым, – деди Сармат.

Келин Сарматка кол сунуп анын артынан Соняга кол суна:
- Алма! – деп өзүн тааныштырды."

(Китеп орус тилинде чыккан, үзүндүнү автор «Азаттык» үчүн которду.)

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG