Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:34

"Эгалитэ" жаңжалдарды жөнгө салуу агенттигинин жетекчиси Татьяна Выговская чек ара, улуттар аралык мамиле жана кыргыз тили тууралуу "Азаттыкка" маек курду.

“Азаттык”: Азыр сиз жетектеген уюм кайсы маселелерди талдап жатат?

Татьяна Выговская: Биздин көнгөн ишибиз бар - бул Кыргызстандагы улуттар аралык мамилелердин абалын талдоо. Биздин анализ уникалдуу, себеби биз аны өткөрүү үчүн эч кайсы тараптан акча албайбыз, изилдөөнү өзүбүз каржылайбыз. Мамлекеттин да, донорлордун да акчасы жок.

Экинчиден, “ар кандай этностор бар жана алар өз ара каршылаш” деген көз караштан алыспыз. Улуттар аралык жаңжалдын ар биринин материалдык себептери бар, андан соң гана адамдар өздөрүн бир этнос аркылуу таанып, башкача өңүт берилип калат. Мындай өңүттөн даярдалган анализден соң, сунуштарыбыз да такыр башкача болот.

Биздин талдообуз башка ушуга окшогон изилдөөлөрдөн натыйжалуураак, себеби коркунучтарды даанараак көрсөтөт. Биз берген сунуштар колдонулган жерде карама-каршылыктар басаңдай түшөт.

Жалал-Абад, 19-май, 2010-жыл

Жалал-Абад, 19-май, 2010-жыл

Биз көңүл бурган экинчи тема - Кылмыш кодексинин 299-беренеси боюнча иштеп жатабыз. 299-берене улут аралык касташуунун отун жаккандарга колдонулат. Биз бул берене боюнча козголгон иштерди карап чыктык. Прокуратуранын бул берене боюнча берген статистикасын карасак, бул берене иштеп жатат. Бирок берене боюнча экспертиза жок.

Журналист Фарафоновдун ишинде экспертиза начар жасалып, Ferghana.ru сайтынын буулушу боюнча парламенттин гана сунуштары болду. Ошондуктан бул боюнча кандайдыр бир стандарттарды иштеп чыгып, мамлекетке жана коомго аларды сунуштаганы жатабыз.

“Азаттык”: Сиздер даярдаган сунуштардын айрымдарын уксак болобу?

Выговская: 2011-жылдын январь айында Баткен облусу боюнча даярдалган анализди алалы. Этностор аралык мамилелердин чыңалышы боюнча 10 баллдан 7 баллды бергенбиз.

Биз Ош окуяларынан кийинки жымжырттыкты улуттар аралык карама-каршылыктар чечилди деп кабыл албагыла деген кеңешибизди да айтканбыз. Ар бир жаңжалдан кийин эл баарын батыраак унутканга аракеттенет, бирок бир жаңы себеп чыкканда, кайра тутанат. Ошондуктан Баткен облусундагы кырдаалга өзгөчө көңүл бурулсун деген сунуш бергенбиз. Себеби мен айтып жаткан мөөнөт бүткөн соң, Баткен биринчи “жарылат” деп божомолдогонбуз. 12 айдан 18 айга чейин бергенбиз, өзүңүздөр көргөндөй 12 ай өттү.

“Азаттык”: Сох боюнча кырдаалда улут аралык компонент чоң ролду ойнойбу?

Выговская: Албетте. Себеби ар бир адам өзүн бир улут менен айкалыштырат, өзүн улут аркылуу тааныйт. Бул бардык өлкөлөрдө бар. Бирок улуттар аралык жаңжалдар өзүнөн өзү жаралбайт, эч бир этнос башка этносту жөн эле ал башкача болгону үчүн жаман көрбөйт.

“Азаттык”: Ал кандай башка себептер?

Выговская: Негизгиси – элдин материалдык абалы, ары-бери жүрүү эркиндиги жана жеке коопсуздук.

“Азаттык”: Чек арадан чыккан жагдайларды жөнгө салуу боюнча кандай чараларды көрүү керек?

Выговская: Мага Сох боюнча парламенттин кеңештери жакты. Демаркация жана делимитация иштерин жүргүзүү боюнча атайын өкүл дайындоо керек. Чек арадагы тилке өтө так болушу зарыл. Ошол эле учурда коомдук же көз карандысыз эксперттер кийлигишпей туруш керек.

Мамлекеттин өнүгүшү үчүн бул маселени мамлекет жана жергиликтүү эл чечип алышы керек, бул өз ара ишенимди да күчөтөт. Бирок демаркация болгондо башаламандыктар болот, себеби бул анклавда жашаган элге ыңгайсыз. Ушуну эске алуу менен чек араны так аныктоого баары бир баруу керек. Себеби бул маселени чечүүдө “көз жумган” стратегия иштебейт. Азыр бул маселени чечпей, качуу саясатын колдонсок, эки-үч жылдан кийин чоң жаңжалдарга жол беребиз.

“Азаттык”: Сиз көп маектериңизде улутчулдук эл үчүн, мамлекет үчүн жакшы деп келесиз. Эмне үчүн?

Выговская: Ооба, мен дайыма позитивдүү улутчулдукту колдойм. Бизде улутчулдук деген сөздөн кача башташты, бул сөздү жаман көрүү сезими пайда болду. Улутчулдукту фашизм менен теңөө туура эмес.

Адам өз тилин жакшы билип, өлкөсүн жакшы көрүп, кыргыз экенине сыймыктанса, бул жакшы нерсе. Улутчулдук боюнча илимий талкуулар, макалалар, элге түшүндүрүү иштери жүрүш керек.

Көбүнчө азыр улутчулдук сезимдерден уялуу, актануу байкалат. Экинчи жагы - улутчулдук сезимдерди беките берген сайын, агрессия, таарыныч пайда боло баштайт, адамдар ошондуктан чакырыктарды жасай башташат. Ош окуяларынан кийин кыргыз тарапты эл аралык коомчулук бир беткей күнөөлөп, укпай койгондуктан да кыргыздарда таарыныч сакталып калган.

Жаңжалдарды жөнгө салуудагы эң чоң маселе – кыргыз тилин үйрөнүү. Кыргыз тилин мажбурлап үйрөтүүгө мезгил жетти.

“Азаттык”: Сиз күчкө салып дегенде жаңылган жоксузбу?

Выговская: Жок, мени көптөрү бул турумум үчүн сындашы мүмкүн. Бирок мен азыр кыргыз тилин үйрөнүп жатам. Кыргыз тилин өнүктүрүү боюнча канча мыйзам иштелип чыкты, баары эле тил үйрөнүүгө шарт, методика жок деп чыгышат. Бул – калп. Бардык шарттар бар. Кыргыз тилин үйрөтөм дегендер бар, англис тилин үйрөнүүгө караганда кыргыз тилин үйрөнүү арзан. Болгону адамдар кыргыз тилин үйрөнүү муктаждыгын көрбөй жатышат, үйрөнгүлөрү келбейт.

Мамлекеттик тилди үйрөн деген талап коюлганда эле орус тилин кемсинтүү башталды деген чуу чыгат. Коомубуздагы көп карама-каршылыктар ушул тилдин айын келип чыгууда. Азчылыктар да көпчүлүк сүйлөгөн тилди үйрөнүшү керек – бул жерде жөнөкөй эле түшүнүү маселеси турат.

Мамлекеттик кызматчылар эки тилде сүйлөй алышат. Бирок ички мигранттар бир мамлекеттик уюмга барып, алар орус тилин билбесе, ал жерде отурган кызматкер кыргыз тилинде сүйлөбөсө, адамдар мамлекеттен кызматты кантип алат? Ошондуктан буга чейинки жумшак стратегия менен кыргыз тилин өнүктүрүү мүмкүн эмес.

“Азаттык”: Өткөн жума Жогорку Кеңеш кыргыз тилин билбеген жеке тарапка 1000-2000 сом өлчөмүндөгү айып пул төлөйт, ал эми юридикалык тарап 5-10 миң сом төлөйт деп аныктады. Демек сиз мындай кадамдарды колдойсузбу?

Выговская: Мен юридикалык тарап катары эч кандай маселени көргөн жокмун. Иш-кагаздарын кыргыз тилинде алып баруу оңой эле. Финансылык документтер эбак эле которулган, инструкция эки тилде болушу керек – аны аткаруу колдон келет.
  • 16x9 Image

    Аида Касымалиева

    Азаттык+ телепрограммасынын алып баруучусу, продюсери (2005-2009), Москвадагы кабарчысы (2011). 2012-жылы "Москвада калган ый" даректүү тасмасы "Бир дүйнө" кинофестивалында "Ачылыш" наамына татыган. Бишкек гуманитардык университетинин журналистика бөлүмүн 2005-жылы аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG