Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:30

Адвокаттын соттогу кеңсеси тонолду


“Арстанов ИКО” адвокаттык кеңсеси Ленин райондук сотунун ичинде жайгашкан.
“Арстанов ИКО” адвокаттык кеңсеси Ленин райондук сотунун ичинде жайгашкан.

Ленин райондук соту жайгашкан имараттагы жеке адвокаттык компанияга таандык иш кагаздарды уурдап кетишти.

Кызматкерлердин айтуусунда, соттук процесстерге байланыштуу бардык кагаздар менен кошо стол-стул, сейфтеги акча бир түн ичинде жоголгон. “Азаттыкка" маалым болгондой, жеке компания менен имаратка ээлик кылган Жогорку Соттун алдындагы Сот департаментинин ортосунда ижарага байланыштуу пикир келишпестик бар.

Адвокаттык иш жүргүзүү укугуна ээ “Арстанов ИКО” компаниясы 13 жылдан бери Ленин райондук сот имаратынын ижарага алган бир бөлмөсүн ээлечү. 22-сентябрда эртең менен жумушка келген кызматкерлер чакан бөлмөнүн ичинде төрт дубалдан башка эч нерсе калбаганын көрүп, милицияга кайрылган.

Кубатбек Арстанов (ортодо)
Кубатбек Арстанов (ортодо)

Компаниянын өкүлү Кубатбек Арстанов мүлктөрүнүн жоголушуна Сот департаментинин тиешеси бар деп шектенүүдө. Муну адвокат алар жайгашкан бөлмө Сот департаментинин балансында экендиги менен түшүндүрөт:

- Түндө келип документтерди, буюмдарды чыгарып кеткен кантип болсун? Кимдин колунан келет? Керектүү кагаздардын баары жок. Мына бүгүн канча маанилүү соттук процесстер болмок эле. Бардыгы үзгүлтүккө учурады.

Окуянын чоо-жайын билүү үчүн ошол эле имаратта жайгашкан Ленин райондук сотунун төрайымы Аида Сейдакматовага кайрылганыбызда, жеке адамга таандык адвокаттык мекеме ушул кезге чейин эч кандай ижара акысын төлөбөй жүргөнүн айтып, Сот департаментинин чечимине ылайык, бөлмө мурда эле бошотулушу керектигин белгиледи:

- Негизи бул имарат Сот департаментине таандык. Эми бизге бөлмө керек болуп калып атайын буйрук берилген. Негизи бул адвокаттар 2003-жылдан бери ушул жерде отурушчу. Бирок ал кезде бөлмөлөр жетиштүү эле. Азыр билесиңер реформа деген уланууда. Ошондуктан курам да кеңейип, бизге кошумча жай керек болду. Калган маселени Сот департаменти менен чечишип асын.

Ондогон адвокаттар иштеген фирманын жетекчиси Жумабек Арсланов ишти атайын келишимдин негизинде жүргүзүп келатканын төмөндөгүлөр менен негиздеди:

Ээн калган адвокаттардын кеңсеси
Ээн калган адвокаттардын кеңсеси

- Биз мурда ушул соттун аймагынан жер алып имарат салганбыз. Ленин райондук сотунун мурдагы жетекчиси Канат Турганбаев менен ошол кезде келишим түзгөнбүз. Анда биз имарат куруп берип экинчи кабатын силерге беребиз астыңкы кабатында биз отурабыз деп сүйлөшкөн болчубуз. Ижара төлөбөйт деген калп. Ошондон бери каптал жагына 2000 долларга дарбаза салып бердик. Кароолчу, жарыгына акча берип эле келе жатабыз.

Имаратка ээлик кылган Сот департаментинин башчысы Рустам Ибраимовдун пикирин угуу аракетибизден жыйынтык чыкпады. Ал фирманын өкүлү Кубатбек Арслановду "Азаттыктын" кабарчысынын көзүнчө сөгүп, иш бөлмөсүнөн кууп чыкты, жагдайды түшүндүрүүдөн баш тартты. Ибраимов 13 жыл мурун түзүлгөн келишимди жокко чыгарарын убада кылды:

Адвокаттын айтуусунда, Сот департамент башчысынын ушундай маанайда кабыл алуусу биринчи жолу эмес. Көрсө, эки күндөн бери адвокаттардын жоголгон буюм-тайымдарынын дайынын кыйкырык ызы-чуунун айынан билүү мүмкүн болбой жатыптыр. Эми адвокаттар тобу сот аркылуу акыйкаттык издерин айтышууда.

XS
SM
MD
LG