Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:55

А.Мамбеталиев: “Ата Мекен” коалиция башында турса болмок


“Азаттыктын” таңкы түз обосунда серепчи Аскарбек Мамбеталиев коалиция түзүү аракеттерине баасын берди.

Азаттык”: Социал-демократтарга коалиция түзүү үчүн берилген 15 жумушчу күнү да бүтүп баратат. Ушул аптада алар коалиция түзө албаса президент кийинки кезекти “Ата Мекен” партиясына берет. Кандай ойлойсуз, социал-демократтар апта соңуна чейин коалиция түзүүгө жетише алабы? Коалициянын курамы кандай болорун болжолдосок болот?

Аскарбек Мамбеталиев: Мен кечээ сиздердин программадан Социал-демократтардын бир мүчөсүнүн интервьюсун угуп калдым. Анын айтканы боюнча “азыр бир партиядан башка үч партия менен сүйлөшүү жетилип калды, түзөбүз” дегендей кылды. Ошондуктан түзүп калуусу да мүмкүн. Эгер булар түзө албай калса “Ата Мекенге” өтөт. Ал эми “Ата Мекен” сөзсүз түзөт деп ойлойм.

“Азаттык”:
Ал эми анын курамы кандай болушу мүмкүн? Кандай комбинация сизге көбүрөөк жагат? Кайсы вариант көбүрөөк пайдалуу деп ойлойсуз?

А.Мамбеталиев: Азыр көрүп атасыз, эгер КСДП коалиция түзө албай калса анда алардын саясий аброюна чоң доо кеткен жатат. “Эгер булар ички күчтөр менен тил табыша албаса, ички күчтөр менен компромиске бара албаса, анда тышкы күчтөр менен, чоң мамлекеттер менен кандай иштейт” деген маселе жатат. Ошондуктан булар бийликтен кулатылган эски режимдин адамдары менен да биригүүгө даяр болуп жатат.

Бул жерде биз “Ата Журтту” айтышыбыз керек. Бирок азыр эптеп коалиция түзүп алганы менен кийин анын келечегине коркунуч болушу мүмкүн, эгер КСДП чындап принципиалдуу партия болбосо. Ошондуктан азыр булар кыска мөөнөттөгү зарылчылыкты эске алып “Ата Журт” менен деле коалиция түзүп кетүүлөрү мүмкүн. “Ата Журт”, “КСДП”, “Республика” болушу ыктымал. Анткени “Ар-намыстын” жетекчиси Феликс Кулов премьерликтен башкага макул болбой атпайбы.

“Азаттык”: Сиздин өзүңүзгө коалициянын кандай болгону жагат? Курамы кандай болгондо пайда көбүрөөк болот эле?

А.Мамбеталиев: Менин оюмча бир нерсени баса айтышыбыз керек. Мына сиздер көрдүңүздөр, мурдагы бийлик режиминин кулашына “Ата Мекен” партиясы чоң роль ойноду. Анын үстүнө булар партия катары калыптанган. Башка партияларды жөн эле топтоп деп атап койсо болот. “Ата Мекен” партиясынын өз идеологиясы бар.

Мен чын айтайын, социалисттик идеологияны жактабайм. Бирок “Ата Мекендин” бир жакшы жери, булар түптөлүп келаткан социализмдин идеологиясын алып келатышат. Буларда кандайдыр бир идеология бар, жөн эле папке талашуу эмес. Партия сыяктуу касиеттери бар. Анын үстүнө булардын арасында башка партиялардан айырмаланып билимдүү кадрлар да бар. Ошондуктан кандай гана коалиция болбосун “Ата Мекен” башында турса көбүрөөк жакшы өзгөрүү болмок деп ойлойм.

“Азаттык”: Коалиция түзүүдө тышкы күчтөрдүн таасири тууралуу көп эле айтылып келатат. Ошол эмне болгон тышкы күчтөр? Бул жердеги башкы оюнчулар кимдер болуп атат? Чындап эле тышкы күчтөрдүн таасири болуп атабы?

А.Мамбеталиев: Тышкы күч дегенде бул жерде негизги күч эле Орусия болуп атат. Башка тышкы күч деле жок бизге катуу киришкен. Мисалы, Европа, Америка ачык эч кимди колдогон жок. Жалгыз гана Орусия колдоп, киришип атат. Менин оюмча бул жерде Орусиянын деле, башка мамлекеттердин деле таасири анчалык болбойт болчу, эгерде биздин өзүбүздүн эле жетекчилердин кошоматчылыгы болбогондо.

Бул жерде эми эң башкысы эле папке талаш болуп атат. Эки позицияга, премьерлик менен спикерликке, үч кочкор бирдей көз артып, эч кимиси ал орундарды башкага ыраа көргүсү келбей атат. Ошол себептүү ары-бери чуркап атышат. Бул жерде Орусиянын эле колу бар, башка күчтөрдүн кийлигишип атканын мен көрө элекмин.

“Азаттык”: Рахмат.

XS
SM
MD
LG