Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:48

Акыркы мезгилде залкар манасчылар Сагынбай Орозбак уулунун, Саякбай Каралаевдин вариантындагы "Манас" эпосунун академиялык басылмалары, Жусуп Мамайдын Манастын сегиз мууну тууралуу китептери жарык көрдү. Окумуштуулар жалпы жонунан аталган эпостун сексенге жакын варианты бар экенин айтып келишет.

Маалыматтарга караганда булардын ичинен Саякбай Каралаев эпостун мурдатадан элге кеңири белгилүү болуп келген бардык бөлүмдөрүн баштан аяк толук айтып жана жаздырып калтырган жалгыз манасчы. Буга чейин чыккан китептерде Каралаевдин ошол мурасы коммунисттик идеологияга ылайык алымча-кошумча менен жарык көргөн. Быйылкы 120 мааракесине карата залкар манасчынын “Манас”, “Семетей”, “Сейтек” үчилтиги жарык көрдү. Аталган үчилтикти түзгөндөрдүн бири академик Абдылдажан Акматалиев бул жолу Саякбай Каралаевдин варианты эч кандай өзгөртүүсүз чыкканын белгилейт:

- Өз кезегинде Саякбай Каралаевдин китеби беш том болуп чыккан. Бирок анда Советтик идеологияга байланыштуу бир канча жерлери кыскарып калган. Биз ошол жерлерин толуктап, жарым миллиондон ашык сапты кайра бастырдык. Кандай жазылса, так ошондой кылып берип жатабыз.

Абдылдажан Акматалиев.

Абдылдажан Акматалиев.

Акматалиев муну менен кошо Сагынбай Орозбаковдун варианты биринчи жолу 180 миң сап көлөмдө жарык көрүп, китептер кеңири түшүндүрүүлөр, илимий макалалар менен жабдылганын айтууда. Совет мезгилинде идеологияга байланыштуу кыскарып калган окуялар, эпизоддор кошумчаланган, бурмаланган, оңдолгон саптар өткөн кылымдын 20-жылдарында жазып алынган түп нускалар менен салыштырылып киргизилген.

Окумуштуунун айтымында, Сагынбай Орозбаковдун варианты 40-жылдарда өз алдынча темалар коюлуп чыга баштаган. 1952-жылы өткөн “Манас” эпосуна байланыштуу Бүткүл союздук конференцияда Орозбаковдун варианты пантюркисттик, панисламисттик жана диндик идеяларга жык толгон деген жыйынтыкка келишкен. Эгемендик алгандан кийин Чыңгыз Айтматовдун баш редакторлугу жана баш сөзү менен Сагымбайдын “Манасы” 4 том болуп чыккан. Ал эми 9 томдук 1992-жылы башталып, окурмандарга 2014-жылы 9-декабрда жетип отурат.

Үч варианттагы айырмачылык

Окумуштуу, манасчы Талантаалы Бакчиевдин билдиргенине караганда, учурда кичинеси, чоңу болуп Манас эпосунун сексенге чукул варианты бар. Илимде бул варианттардын көлөмдүүсү катары Саякбай Каралаевдин үчилтиги, Сагынбай Орозбак уулунун “Манас” бөлүмү, Жусуп Мамайдын Манастын сегиз урпагы тууралуу калтырган мурасы белгиленип, окулуп, изилденип жүрөт. Бардык эле варианттардын өзөгү бир болгону менен окуяларды сүрөттөө, тизмектөө ыкмасы ар башка. Тактап айтканда, аталган варианттарда ар бир манасчынын жеке чеберчилигине, жашап өткөн дооруна карата бир нече өзгөчөлүктөр камтылган.

Кытайлык кыргыздардан чыккан манасычы Жусуп Мамай.

Кытайлык кыргыздардан чыккан манасычы Жусуп Мамай.

- Мен жогоруда айткандай бирин экинчисинен кем көргүм келбейт. Ар бири ошол кездеги өзүнүн дүйнө таанымына жараша Манас айтып, акырындап өздөрүнүн варианттарын иштеп чыккан. Мисалы, Сагынбай атабыз өз мезгилинин билимдүү кишиси экен. Ошол учурдагы “Тоту нааме”, “Искендер нааме” , "Бабур нааме” деген китептерди окуган киши болуптур. Дин боюнча билими терең киши болгондуктан Манас эпосунун төрттөн бири ислам дининин тарыхына арналган. Бул дагы өзгөчөлүк. Биз аны диний түшүнүгү үчүн күнөөлөй албайбыз. Саякбай Каралаев болсо өзү кезинде атуулдук согушка катышкан киши болгон. Ошондуктан анын вариантында согуштук сценалар көп. Ал эми Жусуп Мамай Жуңго кыргыздарынан 1862-жылы чогултула баштаган “Манас” материалынан көрөңгө алып, өзүнүн Жусуптуку деп айта турган вариантын калыптандырган.

Талантаалы Бакчиев муну менен кошо "Манасты" окуп чыгуудан же угуудан мурун ошол манасчынын же жалпы эле Манас дүйнөсүнүн табиятын түшүнүү керек экенин белгилеп кетти.

Эпос оп тарткан доорлор

Окурмандар арасында эпостун кээ бир варианттарында ишенгенге болбой турган окуялар да баяндалып кеткени айтылып келет. Маселен, Сагынбай Орозбак уулунун вариантында Манасты Батыш менен кармаштырып, Наполеон менен согуштурган сценалар бар. Манас таануучу Сүйүнбек Дүйшөнбиевдин айтымында, мындай окуялар ошол окуяны айтып жаткан манасчынын дүйнө таанымына, доор ыргагына, керек болсо андагы саясатка байланыштуу кошумчалана берген:

Манасчы Саякбай Каралаев.

Манасчы Саякбай Каралаев.

- Сагынбайдын вариантында Манас бешинчи чабуулунда орустарга каршы аттанат. Орустардын аскер башында ошол элдин баатыры Илья Муромец турат. Бул деген Орозбак уулунун орус жомокторун өздөштүргөнүн кабар берет. Ошол эле учурду бул манасчынын вариантында Белгия, Дания, Германия, Австрия, Австралия сыяктуу мамлекеттер учурайт. Демек, манасчынын аталган өлкөлөр боюнча маалыматы болгон. Ошол эле учурда Ленин өлгөндөн кийин эпоско Ленин тууралуу кошок да киргизилген.

Сүйүнбек Дүйшөнбиевдин пикиринде, мындай көрүнүштөр Манас эпосу сенек эместигинен, дагы деле калыптануу жолунда экендигинен кабар берет. "Ал бир нече доордун окуяларын өзүнө оп тартып, жуурулуштуруп жүрүп отурган, ошондуктан бир нече варианттары келип чыккан", - дейт манас таануучу.

Муну менен кошо Сүйүнбек Дүйшөнбиев Манас эпосунун үч негизги вариантынын көркөмдүк жактан айырмачылыктарына да токтоло кетти:

- Саякбай Каралаев менен Сагынбай Орозбак уулунун варианттары көркөмдүк жактан Жусуп Мамайдын вариантына караганда жогору турат. Ошол эле учурда Жусуп Мамайдын варианты ал кишинин кайсы системада бийлик кылган өлкөдө жашап жатканына байланыштуу өзгөртүлгөн. Кытай менен болгон кармаштар бурмаланып кеткен.

Манасчы Рыспай Исаковдун пикиринде, "Манастын" академиялык басылмаларындагы чындыкка дал келбеген окуяларды окурман өзү иргеп алышы керек:

- Ошондуктан академиялык басылма деп аталып жатпайбы. Ал кандай айтылса, ошондой берилет. Манасчы кээде ошол кездеги угармандарга жараша айтып коюшу мүмкүн. Ошондуктан бир жолу айтылып, жазылып алынган "Манасты" ошол айтуучунун өз варианты деп айтканга болбойт. Маселен Радлов “менин алдымда манасчы Манасты ак падышадан уруксат суратып, анан Чоң казатка жөнөттү” дейт. Бул албетте чындыкка дал келбейт. Ал манасчы тек гана ошол кезде келген коноктун көңүлүнө карап айтып койду да.

Рыспай Исаков анткен менен залкар манасчылардын мурастары кандай айткан күндө да улуттун рухий байлыгы катары кала берет деп эсептейт.

Улуттук илимдер академиясы тарабынан басмага сунушталган Сагынбай Орозбаков менен Саякбай Каралaевдин китептери жеке демөөрчүлөрдүн колдоосу менен жарык көргөн.

  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору.   

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG