Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:12

Максим Бакиев күрөөгө бошотулду


Максим Бакиев ("Азаттыктын" архивиндеги сүрөт.)
Максим Бакиев ("Азаттыктын" архивиндеги сүрөт.)

Лондондо 12-октябрда кармалган Максим Бакиев сот башталганга чейин камактан күрөөгө бошотулду.

Максим Бакиевдин күрөөгө бошотулганын Кыргызстандагы Британ элчилиги тастыктады. Маалыматка ылайык, ал апта сайын полицияга убагында келип көрүнүп турууга, белгилүү жерде жашоо жана түнөө милдетин алып, дипломаттык жана улуттук паспортунан убактылуу баш тартуу менен күрөөгө бошотулган.

Кыргызстандын тышкы иштер министрлигинен да муну тастыктап, бирок “объективдүү себептерге байланыштуу” деген жүйөө менен комментарий берүүдөн баш тартышты.


Кыргызстан Максим Бакиевди өткөрүп алуу жолдорун издөөдө


Өлкөнүн Башкы прокуратурасы болсо Максим Бакиевди Кыргызстанга экстрадициялоо боюнча болгон документтер даярдалып жатканын гана билдирип жатат. Башкы прокурордун орун басары Людмила Усманованын “Азаттыкка” билдиришинче, учурда Максим Бакиевди Кыргызстанга өткөрүп алуунун бардык мыйзамдуу жолдору изделүүдө:

Максим Бакиевге издөө салынганы тууралуу Интерполдун сайтындагы жарыя, 6-май, 2010.
Максим Бакиевге издөө салынганы тууралуу Интерполдун сайтындагы жарыя, 6-май, 2010.

- Кыргызстан менен Улуу Британиянын ортосунда жарандарды экстрадициялоо боюнча макулдашуу жок болгондуктан Британия Максим Бакиевди АКШга өткөрүп берген соң Башкы прокуратура конкреттүү аракеттерди көрө баштайт. Биз буга чейин Улуу Британияга жөнөткөн бардык документтер АКШга жөнөтүлөт жана тергөө ишине биздеги маалыматтар аркылуу көмөктөшүүгө аракет кылабыз.

Усманованын айтымында, Кыргызстан менен АКШнын ортосунда деле жарандарды түзмө-түз экстрадициялоо боюнча келишим жок. Бирок эки өлкө ортосунда кылмышкерлерди өткөрүп алууга жол берген эл аралык келишимдер бар. Мына ушуга таянып, кыргыз бийликтери Максим Бакиевди өткөрүп алууга үмүт артырууда.

Ал ортодо АКШнын Кыргызстандагы элчилиги Максим Бакиевге бул өлкөнүн Юстиция департаменти “баалуу кагаздар менен мыйзамсыз операцияларды жасаган жана мыйзамдуулукту орнотууга тоскоол болгон” деген айып койгонун, бул күнөөлөр далилденсе узак мөөнөттө абакка кесилээрин билдирип чыкты. Алар кенже Бакиевди Кыргызстанга экстрадициялоо боюнча өтүнүчкө жооп берүү азырынча эртелик кылаарын айтып жатышат. Бирок элчилик өкүлдөрү Бакиев алгач АКШда жазасын алышы керектигин эскертүүдө.

Маселен, АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин пресс-атташеси Сюзанна Вуд “Азаттыкка” сүйлөп жатып, буларды билдирди:

- Мен Максим Бакиев эгер күнөөсү далилденсе мындай жаза мѳѳнѳтүн өтөгөн соң эмне болоору тууралуу айтып, "кызыл кулактык" кыла албайм. Тактай кетчү нерсе, АКШнын статустук жана жалпы укук сотунда ага коюлган айыптарга жооп бериши керек деген жалгыз себептен улам гана мындай процесс үчүн демилге көтөрүлдү.


Саясий соода болобу?


Ошол эле учурда АКШ Максим Бакиевди Кыргызстанга өткөрүүнү саясий соодалашуунун куралы катары колдонбойбу деген суроо кыргыз коомчулугунда кызуу талкууланууда. Мурдагы тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов мындай соодалашуу мүмкүн экенин четке какпайт:

- Мындай соодалуушун болушу толук мүмкүн. Анткени учурда дипломатия прагматизимге өтүп, сен мага кандай пайда келтирсең, мен сага ошону жасайм деген форматта болуп жатпайбы. Мындан улам мындай соодалашуу болушу толук мүмкүн.

Бирок Максим Бакиевге тагылган айыптарды иликтеп чыккан социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Эдил Байсалов мыйзам бузуп, миллиондогон долларга ыплас жол менен туйтунган Бакиевди АКШ кандай болбосун Кыргызстанга өткөрүп бербей эле, өзүндө жазалайт деген пикирде. Ошондуктан Байсалов Кыргызстандын күч органдары Максим Бакиевди Кыргызстанга алып келүүдөн мурун, анын Кыргызстандагы кылмыштарын далилдесе пайда көбүрөөк болушу мүмкүн экенин белгилейт:

- Максим Бакиев өзүнүн өнөктөшү Евгений Гуревич экөө 2010-жылдын апрелинен соң да мурдагы адаттарын таштабай, АКШда мурда уурдаган жүз миллион долларын тегеретиш үчүн биржа махинацияларын жасап, инсайдерлик соода деп аталган операцияларды кылышкан экен. Анан калса, бул кылмыштарды жасап жатканын түшүнүп туруп, буларды жаап-жашырууга аракет кылышты деген айып тагылууда. Бул Америка мыйзамдары менен өтө эле чоң кылмыш. Бул үчүн 10-15 жылдан жогору мөөнөткө кесилет. Ошондуктан АКШнын мыйзамдарын бузганы үчүн ал жакта кесилет, бизге кезек деле жетпейт. АКШ Кыргызстанга берели деген күндө деле биздин укук коргоо органдарына ишеним төмөн болгону үчүн БУУ баштаган уюмдар каршы чыгат. Ошондуктан биз болгон аракетибизди ушул соттун эсебинен Максим Кыргызстандын элин сыздатып чыгарып кеткен жүз миллиондогон долларды кайтарып алууга жумшообуз зарыл.


Кылтакка кантип илинди?


Ошол эле учурда Эдил Байсалов Максим Бакиевдин кармалышы АКШнын айрымдар айтып жаткандай Кыргызстанга таасирин күчөтүү максаты менен эмес, дүйнө боюнча кулач жайган каржылык көз боёмочулуктун бети ачылышы менен байланыштырат. Анын айтымында, буга чейин АКШ күч органдары Максим Бакиевдин бизнестеги өнөктөштөрүнүн бири, апрель ыңкылабынан мурда Кыргызстандагы MGN Group компаниясынын башчысы болгон Евгений Гуревичтин изине түшүп, андан кийин Максим Бакиевди кылтакка илген:

Евгений Гуревичтин Бишкектеги учуру, 14-октябрь, 2009.
Евгений Гуревичтин Бишкектеги учуру, 14-октябрь, 2009.

- АКШнын ФБР баштаган коопсуздук, тергөө органдары Гуревичтин мыйзамсыз операцияларын байкап калып, анын изине түшкөн. Анан Гуревич бул кылмышка шектүү катары кармалган. Гуревич өзүнө тагылган күнөөдөн кутулуш үчүн тергөө менен кызматташып, негизги күбө катары Максим Бакиевдин иштерин, схемаларын ачыкка чыгарган.

Чындыгында эле буга чейин Евгений Гуревичтин Италиянын сотуна өз ыктыяры менен келип, сот алдына жооп берип жатканын Италиянын Borsa Italiana сайтына таянып, "Фергана" агенттиги жазып чыккан. Италияда болсо Гуревичке кылмышкерлердин мыйзамсыз киреше алуусуна эл аралык экспертиза жана байланыштары аркылуу жардам көрсөтүп, ири компаниялардан акча алып, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү менен да бөлүшүп турган деген айыптар тагылган.

Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу, ошол тушта президентке караштуу Өнүктүрүү, инвестиция жана инновация боюнча борбордук агенттиктин жетекчиси Максим Бакиев 12-октябрда Лондондо Улуу Британиянын күч органдары тарабынан кармалган. Британия ал АКШнын өтүнүчүнүн негизинде кармалганын билдирүүдө.

Апрель ыңкылабына чейин өлкө экономикасынын кан тамырын кармап турат делген Максим Бакиевге Кыргызстандын Башкы прокуратурасы тарабынан шериктери менен бирге миллиондогон долларлык мамлекеттик каражатты өз кызыкчылыгына пайдаланган жана апрель окуясынан кийин өлкөдө болгон кутумчул окуяларга тиешеси бар деген айып тагылып, ага эл аралык издөө жарыяланган.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG