Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:05

13-майда Лондондо сот Максим Бакиевди АКШга экстрадициялоо өтүнүчүн карамак. Ага жетпей, 9-майда Кошмо Штаттардын Юстиция департаменти Максим Бакиевге каршы ачылган кылмыш иш кыскарганын билдирип, себебин түшүндүргөн жок.

Вашингтондогу Жоржтаун университенинин улуттук коопсуздук боюнча профессору, адвокат Кристофер Свифт АКШда Максим Бакиевге каршы кылмыш иштин кыскарышына негиз берчү укуктук себептерге токтолду:

- Максим Бакиевди АКШга экстрадициялоо тууралуу талап – ФБРдеги атын ачык айткысы келбеген булактын айтымында, ал кылмыштуу кутумга катышкан деген маалыматка негизделген болчу. Ал айыптар Нью-Йорктун Бруклиндеги прокурору тарабынан коюлган жана интернетте дагы жарык көргөн. АКШнын укуктук системасында кимдир бирөөгө айып тагуу - аны жазага тартууга караганда алда канча жеңил. Айып тагуу үчүн тигил же бул киши кылмыш кылган деген негиздүү көрсөтмөнүн өзү эле жетиштүү, ал эми жазага жыгуу үчүн ошол көрсөтмөнүн майда-чүйдөсүнө чейин далилдеп, тастыктоо керек, башкача айтканда бул деңгээлде жогорку стандарттагы талаптар аткарылышы шарт. Азырынча АКШнын Юстиция министрлиги түшүндүрмө бере элек, андыктан, албетте, так айтуу кыйын. Балким америкалык атайын органдардын жазага тартуу үчүн жетиштүү далилдери жок болуп чыкты. Балким америкалыктар Максим Бакиевди АКШда кылмыш жазасына тартуу үчүн экстрадициялоо ишинде британ бийликтери менен тил табыша алган жок. Кошмо Штаттардын Юстиция департаменти менен Британиянын прокуратурасы бир келишимге келе албай коюшу дагы мүмкүн. Азырынча эмне үчүн америкалык бийликтер Максим Бакиевдин ишин жаап салганы тууралуу мындан башка негиздерди көрө албай турам.

- Максим Бакиевди кылмышка аралашкан деген ФБРдин агентинин документин баарыбыз окуганбыз. Ондон ашуун барактан турган атайын иликтөөдө анын баалуу кагаздар менен финансылык көз бойомучулукка барганы фактылар менен көрсөтүлгөн эле. Ошол документ, Евгений Гуревич, Али Тайиб Мунир сыяктуу күбөлөрдүн түздөн-түз көрсөтмөсү америкалык сот үчүн жетиштүү далил деп саналбайбы?

​- Азырынча мен билбейм. Америкалык прокурорлор жазага тартуу үчүн аларда жетиштүү далил жок деген чечим кабыл алышты. Кимдир бирөөгө федералдык деңгээлде айып такканда, соттун курамындагыларды, анын ичинде башкы судьяны ушул адам кылмыш кылган, ал үчүн толук далилдер бар деп ынандыруу керек. Ал эми сот процессинде экинчи тарап - коргонгон жак дагы өзүнүн далилдерин алып чыгат. Эгерде ал адамдын адвокаттары күчтүү далилдерди келтирсе, прокурорлор үчүн ишти утуп чыгуу кыйын болуп калат. Демек, айып тагуу бул процесстин бир жактуу гана башталышы, ал эми экинчи тарап процесске киргенде – иш татаалдашат. Максим Бакиевдин ишинде балким ФБР менен Юстиция министрлигинде жетиштүү далил болбой калышы дагы мүмкүн - бирок мен дагы кайталайм, азырынча биз расмий деталдарды биле элекпиз.

- ФБРдин Максим Бакиевге каршы ишти кайра козготууга мүмкүнчүлүгү барбы?

- АКШ менен постсоветтик өлкөлөрдүн укуктук системалары бири-биринен өтө айырмаланат. АКШда болсо ФБР ишти иликтеп, кылмыш фактыларын аныктап, анан Юстиция министрлигинин алдындагы прокурорго өткөрүп берет. АКШнын укук системасында бир жасаган кылмыш үчүн кайра-кайра жазага тартууну алдын алган эреже бар. Андыктан ФБРдин мурунку иликтөөсү боюнча Максим Бакиевге кайра иш ачылбайт. Эгер АКШ өкмөтү Макcим Бакиевге каршы кайра кылмыш иш ачтыргысы келсе, анда башка жаңы негиздерди алып чыгышы керек. Ал жаңы кылмыш иши болот. Эгерде азыркы иштин жаңы жагдайларын алып чыкса, анда ал фактылар анын кылмыш жасагандыгын урунттуу ченемде (мурдагы иштен күчтүү негиздер менен) көрсөтүшү абзел.

- Максим Бакиевдин адвокаттары америкалыктарга анын кылмышка тиешеси жоктугу тууралуу ФБРдин расмий иликтөөсүнөн күчтүү негиздерди таап чыгып, көрсөтүп, аны куткарып чыгышты десек болобу?

- Албетте, Максимдин адвокаттары мүмкүн болгон негиздердин баарын АКШнын өкмөтүнө документтештирип көрсөттү, ага байланыштуу америкалык тарап ишти жабышы мүмкүн. Иштин дагы бир өңүтү - Максим Бакиевдин адвокаттары британ сотуна анын кылмышка тиешеси жоктугу тууралуу фактыларды берди, анын негизинде британ соту болсо америкалыктарга кайрылып, ишти жабууну өтүнгөн болушу дагы мүмкүн. Бул адвокат катары менин жеке божомолдорум гана. Адатта, бул процесске тиешеси бар эки өлкөнүн расмий органдарынын (АКШнын Юстиция министрлиги менен Британ прокуратурасы) ортосундагы сүйлөшүүлөр менен макулдашуулар өтө купуя формада өтөт. Коомчулукка эки тараптын макулдашуусун тастыктаган акыркы чечим гана айтылат.

- Эми Максим Бакиев укуктук жактан кандай макамда?

- Британ соту анын саясий башпаанек сураган арызын карап жатат. Бул болсо таптакыр башка укуктук суроолор камтылган, таптакыр башка иш. Буга чейин дагы ага каршы кылмыш иш менен анын башпаанек сураган жарандык иши эки башка процесс болчу жана эки башка укуктук нукта чечилмек. Мени адвокат катары кызыктырган суроо - Максимге каршы АКШда ачылган кылмыш иштин көлөкөсү анын Британияда саясий башпаанек сураган арызына карата 1954-жылкы Эл аралык конвенция колдонулабы, же жокпу деген суроо.

- Бул иште британ өкмөтүнүн ролу кандай болду деп ойлойсуз?

- Саясий, дипломатиялык өңүттөн алганда, Кыргызстан Британия менен иштеше бериши абзел. Ошондой эле Британия дагы Ооганстанда аскерий курамы тургандыктан жана жалпы эле Борбор Азиядагы кызыкчылыктары үчүн Кыргызстан менен алакасын уланта берет. Албетте, азыркы тапта Кыргызстандын британ бийликтери менен саясий, дипломатиялык мамилеси Максим Бакиев менен тыгыз байланышып калды. Ал эми Британияда Максим Бакиевдин маселеси - соттун карамагындагы иш. Аны британ өкмөтү эмес, британ соту карап, өз алдынча чечим кабыл алат. Андыктан Максим Бакиевге башпаанек берүү же баш тартууну британ соту чечет, бул маселеге британ өкмөтүнүн кийлигишүүсүн Британиянын укуктук системасы чектейт. Британиянын сот системасы көз карандысыз – чечимди саясатчылар эмес, сот өзү чыгарат. Чечим кантип кабыл алынаарын кыргызстандыктар түшүнүүсү зарыл, британ өкмөтү бул маселеге эч кандай таасир эте албайт, Британиянын мамлекеттик системасы ошондой түптөлгөн.

- Максим Бакиевге каршы кылмыш иштин жабылышында эч кандай саясий өңүт жокпу? Америкалыктардын иш жабылды деген чечими Лондондогу соттун алдында жарыяланышы эч кандай шек жаратпайбы?

- АКШнын өкмөтү кеңири тармакташкан, өтө чоң система. Анда он миңдеген адамдар 30дан ашуун министрлик менен мекемелерде иштешет. АКШда бийликтин вертикалдык башкаруу системасы түзүлгөн. Министрликтердин кандай чечимдерди кабыл алып, иш жүргүзүүсү – ошол тиешелүү мекеменин иши. Административдик институттар бири-биринин ишине кийлигишип, чечим чыгарууга таасир эте алышпайт. Ошол эле учурда мамлекеттик машиненин чоңдугунан АКШда өкмөттүк мекемелерди координациялоонун жөнөкөй системасы жок. Андыктан Юстиция департаментинин чечими менен Мамлекеттик департамент эл катары эле маалымдар болот. Ошол эле учурда Мамлекеттик департамент үчүн маселенин саясий жагы канчалык маанилүү болсо, Юстиция департаменти үчүн маселенин укуктук жагы ошончолук маанилүү. Ал эми АКШ Максим Бакиевди колдонуп, Кыргызстан менен “саясий оюнду” ишке ашырууда деген бул жөн гана чайкоочулук. Юрист катары мени кызыктарган нерсе – чечимдин кайсы маалда жарыяланганы эмес, Максим Бакиевге каршы коюлган айыптардын оордугуна карабастан, ал ишти кыскартууга кандай фактылар негиз болду? Коргонуучу тараптын кылмыш ишти ачууга негиз болгон фактыларды жокко чыгарган кандай фактыларды таап, алып чыкканын билүү маанилүү.
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, веб-редактор. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG