Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:20

“Форбс” журналы орусиялык олигарх, маркум Борис Березовский Кыргызстандагы 2005-жылкы ыңкылапты даярдоого Курманбек Бакиевге беш миллион доллар бергенин, ал акчасы үчүн кийин Жерүй алтын кениндеги үлүштү алганын жазып чыкты. "Форбстун" журналисти жана иликтөөнүн автору Илья Жегулев "Азаттыкка" маек курду.

«Азаттык»: Сиз макалаңыздын Кыргызстанга тиешелүү бөлүгүндө ысымын атабаган адамга таянып жатасыз, ал канчалык ишенимдүү булак?

Жегулев: Макалада бизге маалымат берген булак ишенимдүү жана ал Кыргызстан боюнча иштерге түздөн-түз, активдүү аралашкан адам. “Форбсто” болсо биз жазган маалыматты тастыктоочу бардык фактылар жетиштүү. Биз бул макаланы жазууга бир ай сарптадык. Эми кыргыз журналисттерине бул ишти иликтөөгө жакшы шарт түзүлдү.

«Азаттык»: Тастыктоочу документтер барбы?

Жегулев: Березовский тууралуу казганда эч кандай документтер чыкпайт. Анын иштери документтерге байланыштуу болгон эмес. Ал бардык сүйлөшүүлөрдү оозеки жүргүзгөн. Ал эми расмий документтер биз Жерүй боюнча жазгандарды ансыз да тактап турат. Себеби, 2006-жылы Бакиевдер Жерүйдү иштеткен Oxus Gold деген британиялык ишканадан лицензиясын тартып алып, Global G.O.L.D. Holding Gmbh деген компанияга “батыш инвесторлоруна” берилди деген негизде расмийлештирген. Калганы оозеки түрүндө түзүлгөн.

«Азаттык»: “Глобал голд” Жерүйдүн үлүшүнө ээ болгондон кийин Березовский өзү Кыргызстанга жашыруун келип кетиптир деген ызы-чуу чыгып, парламенттик иликтөөлөр жүргөн, бирок тастыкталган эмес. Сиздин макалада 2006-жылдын 29-июлунда Березовский Бишкекке келип кеткен деп айтылат. Сиз бул фактыны кайдан алдыңыз?

"Кыргыз долбоор" гана ийгиликтүү аяктаган, материалдык жактан алганда да Кыргызстандагы ыңкылап - Березовскийдин эң пайдалуу долбоору...
Жегулев: Макаланы даярдап жатып, кыргыз журналисттери менен сүйлөштүм. Кыргыз тарап Орусиянын Башкы прокуратурасына бул боюнча кайрылышканда, Березовский Кыргызстанга келгенин Орусиянын Башкы прокуратурасы тастыктаган. Бирок Березовский Кыргызстанга келбеген күндө деле, бул маанилүү факт эмес, себеби ага чейин эле сүйлөшүүлөр өтүп, эки тарап келишимге келген.

«Азаттык»: Березовский 2005-жылкы Кыргызстандагы ыңкылапка беш миллион доллар сарптаганын сиздин булак даана айттыбы?

Жегулев: Ооба.

«Азаттык»: Березовский бул долбоорлорду ишке ашырууда эмнени көздөгөн, материалдык кызыкчылыктыбы же саясатка таасир этүүнүбү?

Жегулев: Березовскийдин ар бир саясий долбоору, албетте, ага финансылык пайда алып келиши керек эле. Бирок бул жерде бир гана акча кызыкчылыгы болгон эмес, ал "түстүү ыңкылаптар" аркылуу Орусиядагы азыркы режимге сес көрсөтүүнү каалаган.

«Азаттык»: Бул макалага кирбей калган Кыргызстан боюнча дагы кандай жагдайлар бар?

Жегулев: Березовский Лондондо жашап жүргөндө бир нече саясий долбоорлорду баштаган, Орусия, Украина, кыйыр түрдө Грузия жана Беларустагы ыңкылаптарды уюштуруу аракеттерин көргөн. Бешөөнүн ичинен "кыргыз долбоор" гана ийгиликтүү аяктаган, материалдык жактан алганда да Кыргызстандагы ыңкылап - Березовскийдин эң пайдалуу долбоору.

«Азаттык»: Березовский менен Максим Бакиевди көп байланыштырып келишет. Березовский Жерүй боюнча сүйлөшүүлөрдү Максим Бакиев менен жүргүзгөнбү же президент Бакиев мененби?

Жегулев: Сүйлөшүүлөр Курманбек Бакиевдин өзү менен жүргөндөй. Березовский Максим Бакиев менен кийинчерээк байланышкан, алардын ортомчусу Бадри болгон. Березовскийдин өзүнүн айтканына таянсак, “кыргыз долбоор” Бадриге тиешелүү болгон. Бирок Березовский бул жерде жөн эле кууланып жаткандай, бардык ишти Бадри Патаркацишвили аткарган күндө да, идея Березовскийге таандык болгон. Макаланы даярдап жатканда биз Курманбек Бакиев менен байланыша алган жокпуз. Орусияны кызыктырган бардык маалыматты таптык, калган сырды Курманбек Бакиев билет. Биз ага кайрылдык, бирок жооп ала алган жокпуз.
  • 16x9 Image

    Аида Касымалиева

    Азаттык+ телепрограммасынын алып баруучусу, продюсери (2005-2009), Москвадагы кабарчысы (2011). 2012-жылы "Москвада калган ый" даректүү тасмасы "Бир дүйнө" кинофестивалында "Ачылыш" наамына татыган. Бишкек гуманитардык университетинин журналистика бөлүмүн 2005-жылы аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG