Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:25

Кыргызстан санарипке өтүүдө кечигип жатат


Санарипке өтүү боюнча өкмөттүк комиссиянын мүчөсү Эрнис Мамырканов 2012-жылы кабыл алынган 15 жободон турган иш-пландын бири да аткарылбаганын айтат.
Санарипке өтүү боюнча өкмөттүк комиссиянын мүчөсү Эрнис Мамырканов 2012-жылы кабыл алынган 15 жободон турган иш-пландын бири да аткарылбаганын айтат.

Кыргызстанда санарип берүүгө өтүү боюнча негизги маселелер чечиле электиги өкмөттүн жыйынында айтылды.

26-апрелде өткөн өкмөт жыйынында премьер-министр Жоомарт Оторбаев орун басарларына ыкчам аракеттерди көрүүнү тапшырды.


2015-жылы санарипке өтпөй калсак эмне болот?


Расмий Бишкек кол койгон эл аралык келишимге ылайык, 2015-жылы Кыргызстан толугу менен санарип берүүгө өтүшү керек. Болбосо Ысык-Көл менен Нарындан башка облустардын баарында телеканалдар көрсөтүлбөй калышы ыктымал.

Санарип берүүгө өтүү үчүн өкмөт быйыл 100 миллион сом бөлгөн. Негизи 550 миллион сом керектиги айтылган. Премьер-министр Жоомарт Оторбаев 26-апрелде өкмөттүн жыйынында санарипке өтүүгө даярдыкты сынга алып, белгиленген иштерди мөөнөтүндө бүтүрүүнү орун басары Элвира Сариевага тапшырды.

Санарипке өтүү боюнча өкмөттүк комиссиянын мүчөсү Эрнис Мамыркановдун айтымында, 2012-жылдын этегинде өкмөт 15 жободон турган иш-план кабыл алган. Азырга чейин анын дээрлик баары аткарылган эмес:

- Мисалы санариптик коммерциялык көрсөтүүлөр да болушу керек да. Ал боюнча сынак уюштурулуп, сынактын жобосу бекитилиши керек эле. Ал жобону кабыл алаарын алды, бирок лицензия боюнча жаңы мыйзамда сынак тууралуу жобо кирген эмес. Мындан улам ал жобо ишке ашпай калды. Ушунун негизинде 15 пункттун бири да аткарылган жок деп жыйынтык чыгара берсе болот.


Мамырканов кыргыз өкмөтү 2015-жылда санарип берүүгө өтүүгө үлгүрбөй калышы ыктымалдыгын белгиледи. Мындан улам кошумча план керектигин, коңшу өлкөлөр чек арадагы жыштыктарды өчүрүп коюшу мүмкүндүгүн айтат:

- Мамлекеттик байланыш агенттигинин эсеби боюнча, Кыргызстан Тажикстан, Өзбекстан жана Казакстан менен чек арасында жолтоо болушу ыктымал деген 210 сигнал өткөргүчтү өчүрүшү керек болот экен. Анын ичинде 33 сигнал өткөргүч жеке компаниялардыкы. Ошондо Нарын менен эле Ысык-Көлдөгү жыштыктар жолтоо болбойт экен. Ошондуктан 2015-жылы 17-июнда Өзбекстан, Тажикстан жана Казакстан “бул жыштыктарыңар бизге жолтоо болуп жатат, өчүргүлө” дей турган болсо, биз сөзсүз өчүрүшүбүз керек. Ошол жыштыктагы телеканалдар ошол өрөөндөрдө көрсөтпөй калат. Ошондой коркунуч бар.


Ар ким алына жараша...


Санарип берүүгө өтүүгө ЭлТР коомдук телеканалы да кам көрүп жатат. Аталган телеканалдын жетекчиси Султан Жумагулов ар кандай себептерден улам даярдык кеч жүрүп жатканын кеп кылды:

- Себеби тажрыйба жок. Азыр көбү кандай болоорун билбейт. Бирок арга жок өтөбүз. Ресурстар чакан. Көп маселелердин башы ачыла элек. Көп нерселерди биз өзүбүз да жакшы түшүнө элекпиз. Бирок даярданып жатабыз. Өкмөт кичине кечигип болсо да акчаларды бөлүштүрүп жатат. Телеканалдардын контенти негизги роль ойнойт деп жатышат, ошон үчүн баарыбыз эле жанталашып жаңы программа, жаңы долбоорлорду чыгаралы деп жатабыз. Жарышка ар ким өзүнүн колундагы ресурс менен чыгат го. Негизи чоң эле каражат керек болот.


Кыргызстанда санарип берүүгө өтүү пилоттук долбоор ирээтинде 2008-жылы Баткенде башталган. Санариптик чагылдыруучу мунара жабдууларын орнотууга мамлекеттик казынадан 58 миллион сом жумшалган болчу. Облустук телеканалдын жетекчиси Мамажан Бердишев аймактардагы маселелерге токтолду:

- Транспорт министрлиги, “Кыргызтелеком” бардык жерге санарип берүүлөр үчүн жабдууларды орнотушу керек. Ошол жерден маселе чыгышы мүмкүн. Облустук телеканалдарда контентти толтуруу боюнча маселе чыгышы мүмкүн. Имараты жок, материалдык-техникалык базасы начар облустук телеканалда контентти толтуруу тууралуу сөз да болушу мүмкүн эмес. Бул өтө оор. Биз азыр алты сааттын эки саатын гана өз күчүбүз менен толтуруп жатабыз. Ал эми калганында ар кандай продакшн студиялардын көрсөтүүлөрүн беребиз.


Кыргызстан санарип берүүгө өтүү боюнча эл аралык келишимге 2006-жылы эле кол койгон. Ага ылайык, 2015-жылдын жайына чейин өтүү тууралуу милдеттеме алган.

XS
SM
MD
LG