Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:31

Карыпбеков: ЖМКларды жайына коюшса...


Илим Карыпбеков
Илим Карыпбеков

Маалымат жана басма сөз күнүн утурлай серепчи Илим Карыпбеков өлкөдөгү сөз эркиндигинин абалы тууралуу суроолорго жооп берди.

- Медиа адистер эч бир маалымат каражаты мамлекетке көз каранды болбой, өз алдынча болушу керек деп айтып келишет. Жакында болсо Жогорку Кеңеш 5-каналды өзүнө каратып алды. Муну менен тескери процесс жүрбөй элеби? Деги эле учурда басма сөз эркиндигинин абалы кандай?

- Мен ошол көз карандысыз серепчилердин айтканына макулмун. Деги эле мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттары болбош керек. Мамлекет да өзүнө жалпыга маалымдоо каражаттарын албаш керек. Себеп дегенде, мамлекет өзүнүн саясатын жүргүзүп эле, элдин саясатын жүргүзбөй калып жатат. Жалпыга маалымдоо каражаттары көз карандысыз болушу керек. А мамлекет болсо жөнөкөй жарандар сыяктуу эле өзүнүн позициясы болуп, эгер тигил же бул макаланы чагылдыра турган болсо, көз карандысыз гезитке келип мобул, же тигил макаланы чагылдырып бер деп кайрылыш керек. Мына ошондо гана тендик болот.

Ал эми бизде болсо, тилекке каршы андай жок. Тескерисинче, мынакей көрүп жатасыздар, мамлекеттик органдар өздөрүн күчтөнткөнгө, өзүнүн жеке жалпыга маалымдоо каражаты болушун каалап, көз карандысыз маалымат каражаттарынын алардын иш-аракетин чагылдырганы жакпай, биз аны башкача көрөбүз, биз аны башкача чагылдырабыз деп айтып жатышат. Бул туура эмес. Деги эле демократиялык принциптерге төп келишпейт.

- Мына ушундай аракеттердин кесепети кандай болушу мүмкүн?

- Бул биздин практикабыздан өткөн. Жалпыга маалымдоо каражатын узурпация кылып, бийлик каалаган гана маалымат кетиши керек деген багытта иш жүрүп, бара-бара бул тигил же бул жалпыга маалымдоо каражаттарын жапканга, аларды сүйлөтпөгөнгө аракет жасалышы мүмкүн.

- Жакында “Хюман Райтс Уотч” уюму кийинки президент жалпыга маалымдоо каражаттарынын ишмердүүлүгүнө тоскоол жаратып жаткан чектөөлөрдү алып, маалымат алуу эркиндигин камсыздашы керектигин белгиледи. Кыргызстанда президенттик шайлоо өттү. Жаңы бийликтин келиши менен басма сөз эркиндигинин абалы кандай өзгөрүшү мүмкүн?

- Эми бара-бара кайра жаман багытка кетет. Кыстоолор, чектөөлөр башталат. Себеп дегенде, бул ар бир революциянын көрүнүшү. 2005-жылы 24-марттагы окуялар болгондо эркин басма сөз принциптери декларация болуп, ЖМКларга аябай эле боштондук берилген болчу. Апрель окуяларынан кийин ЖМКларга деле тарыхта болбогон, эбегейсиз эркиндик берилген. Албетте, бул бийликке жакпайт. Бара-бара бийлик өзүн күчтөнтүп, өзү каалаган маалымат кетиши үчүн, өзүнүн саясаты чагылдырылышы үчүн далалаттанып, эркиндикке чектөө койгонго аракет кыла баштайт.

- Натыйжада мындай жагдайда, мурдагы каталардын кайталанбашы үчүн жарандык коом болобу, журналисттердин өздөрү болобу эмне кыла алышат?

- Эми жашоо, медиа базар муну өзү эле башкарат. ЖМКларды жайына коюшса... Мен макулмун, азыр эркиндик десе, капкаяктагы ыплас нерселерди жазып жатышат. Бирок бул бара-бара өзү эле оңолот. Өнүккөн өлкөлөрдүн баары бул жолдон өтүшкөн. Ошондуктан мен бийликти чакырып кетет элем. Мурункулардын катасын кайталабастан, эркиндикти ушул бойдон эле коюп, алардын өзүн-өзү башкарышы үчүн шарт түзүп берсе деген ойдомун.

- Кыргыз тилдүү басылмаларга көптөгөн сындар айтылып, гезиттер чегинен ашып кеткени белгиленип келет. Балким мындай чегинен ашуулар алардын чектөөгө болгон аракеттерге негиз берип жаткандыр?

- Бул жагдайды коом өзү биригип, башкарууга салыш керек. Сотко кайрылуу жолдору менен, мыйзамдын эрежелери менен болсо абдан жакшы болот. Эми административдик ресурс кийлигишип кеткенде эле бул бузулуп жатып калат. Ошондуктан мен айтып кетмекчимин, буга эми чыдамдуу болушу керек. Бул кайсы бир өнүгүүнүн жолу. Чынында эле кыргыз гезиттери өтө эле ыплас маанайын көрсөтүп алышты. Мен айтаар элем, бул кайсы бир этап. Мындан дагы өтөбүз. Бул бара-бара оңолот. Бирок административдик кийлигишүү кылбаш керек.

- Балким өз кезегинде журналисттер да кесипкөйлүгүн жогорулатышы керектир?

- Албетте, билимин, маданиятын жогорулатышы керек. Элге керектүү материалдарды жазышы керек. Ал эми коом дагы башка талаптарды коюшу керек. Азыр коом тигил же бул гезит ыплас материалдарды жазса, ошол материалды окубай, албай койбостон, аларды аркасынан кубалап барып, алганга аракет кылып жатпайбы? Ошондуктан коомубуз дагы тазаланышы керек.

- Маегиңиз үчүн рахмат!
XS
SM
MD
LG