Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:35

Кыргызстанда басма сөз эркиндиги бар экенин баса белгилеп, мактанып келатабыз. Мындан 5-10 жыл мурдагыдай гезиттерге эркиндикти байлай салгандай кырдаал азыр негизинен жумшарды. Бирок дале эркин медианы калыптоонун маселелери арбын. “Арай көз чарай” талкуусу бүгүнкү көз карандысыз медиадагы эркиндик жана жоопкерчилик маселесине арналды.

Талкууга публицист Кубан Мамбеталиев жана медиа менеджер Жаныбек Жанызак катышты.





“Азаттык”: Кылмыш кодексинен быйыл июнда жалаа деген жобо алынып салынды. Бирок ошондой болсо да азыр жарандык тартипте соттошуулар көп эле болуп жатат. Муну эксперттер өздөрү да айтышууда. “Гезит да ушинтип жазабы” деп эркин гезиттерди жактырбагандар андан бетер көп. Биздин сайттагы шеринеге түшкөн пикирлер буга күбө. Бүгүнкү эркин гезиттер эмнеден аксап жатат?

Кубан Мамбеталиев: Көбүнчө кесиптик деңгээлинен аксап жатат. Эркиндикти азыркы бийлик толугу менен берди. Бирок кээде бир аз мүчүлүштүктөр кетип калууда. Текебаевдин мисалында бир жактуу иштеп калабыз деп орус телеканалдарын жаптырбадыбы. Өмүрбек Текебаев өзү ошондой кылбаш керек эле.

Жакында alaman.kg сайтына Роза Исаковнанын атта ич кийимчен отурган сүрөтү чыкты. Алай дүлөй, же асман жер болуп кеткен жок. Роза Исаковна буга бүгүнкү басма сөз эркиндигинин чегинде эч кандай чуу кылбай, токтоо мамиле жасады. Окурман ошону чыгарган кишилерди жек көрүп калды. Кесипкөйлүк начар, эркиндик аябай сонун.

“Азаттык”: Бүгүнкү күндө эркин гезиттер абдан көп. Ошолор эмнеден аксап жатат, эмне үчүн сын көп болууда?
Коом кандай калыптанган күндө да ошону аңдыган, ошону жаза ала турган, ошону изилдей турган, маалымат үчүн жанын берген журналисттер баары бир керек.

Кубан Мамбеталиев: Эркин сөздүн тагдыры мурдагыдан да күчөп келатат. Маселе бийликте турган чиновниктерден жана эркин сөз каражаттардан, пресса менен бийликтин ортосундагы мамиледен чыгып атат. Дагы эле бийликте тургандар аракетин жасап, басма сөздүн баары тең алардын кол алдында бийлеп туруш керек. Эмне себептен парламент азыр “Бешинчи каналды” менчигине алды? Мен өнүккөн мамлекеттерде парламент өзүнүн менчик телеканалына ээ болгонун көргөн жокмун.

“Азаттык”: Медиа каражаты, аны жасаган журналист үчүн маанилүү иш кайсы, анын негизги миссиясы эмнеде, ал кимге кызмат кылыш керек?

Жаныбек Жанызак: Журналист коомго кызмат кылыш керек. Бирок басма сөздүн эң негизги кыймылдаткыч күчү ушак болуш керек. Эгерде ушак такталса, ал фактыга айланат. Эгер такталбаса, ал жалаа болуп калат. Жалааны чыгарып аткан кишинин чөнтөгү чыдаса, жалааны жаба берсин. Бизде азыр ар түрдүү багыттагы гезиттер көп, башка гезит аркылуу ошону төгүндөсө, жокко чыгарса болот. Бизде тираж жагынан начар. Айкырып аткан гезиттердин тиражы ашып кетсе 1-2 миңге жетет.

“Азаттык”: Сиз ушакка таяныш керек деп атасыз. Кубан мырза, ушак деңгээлинен чыгыш керек деген ойду айтып келген элеңиз. Мисалы, бир кезде “Асаба” гезити имиштерден туруп, эгемендиктин башталышы кезинде өзүн актаган. Бүгүнкү күндө аны актабай калды деген эксперттер абдан көп. Анын үстүнө журналистиканын өзүнүн талаптары кайда кетет? Ушак эмес, тактык, таамайлык, бейтараптык болуш керек, маалыматты тактамайынча бербеш керек деген талаптарды эмне кылабыз?

Жаныбек Жанызак: Эгерде бир нерсе чала угулуп калса, көңүлүңдө ошондой болушу мүмкүн деген болсо, сөзсүз “өрдөктү учуруш” керек.

Кубан Мамбеталиев: 19-жылдын башында “жёлтая пресса” деген пайда болгон. Бул туура, ансыз гезиттер болбойт. Лондондо мындай гезиттер сатылбайт, бекер таратылат. Ошону менен бирге ири гезиттер бар. Бизде Эшимкановго окшогон редактор керек. Бизде ошол жок болуп атат.

“Азаттык”: Бүгүн “имиш деңгээлинен чыгып кеттик, бийликтин чыдамкайлыгы керек” деп да айтышууда.

Кубан Мамбеталиев: Бийлик чыдаш керек.

Кимди ким тарбиялайт?

“Азаттык”: Шайлоого байланыштуу, байкоо жүргүзгөн эксперттер менен сүйлөштүк, кыргыз тилдүү маалымат каражаттары журналисттин этикалык кодексин аткарбай жатат. Аймактык, улуттук бөлүнүүчүлүк, бирин ала, бирин булагароочулук, чыдамсыз мамиле күч алууда деп айтышты, бул – акыркы мониторинг. Мындай көрүнүштөргө себеп болгон жагдайлар кайсылар? Каржылык көз карандылыкпы, же журналисттин билиминин, кесиптик зиректигинин жетишсиздигинен болуп атабы?

Кубан Мамбеталиев: Журналистика илим академиясы эмес, билиминин даражасы болгондой. Журналистика маалыматка, болуп аткан учурга таянат. Бүгүн жазган макала эртең эскирип калат. Орусия маалыматы бизге кирише берсин, андан эч нерсе болбойт. Бийликти сындаган гезиттер жок болсо, ал гезиттин кереги жок, ал жөн эле кол гезит болуп калат. Бийликке кошомат кылган гезиттер да бар.
“Эл менен бийиксиң, элсиз кийиксиң” деген сөздү биз чыгарган жокпуз, бул Арстанбек падышага айткан сөз.

“Азаттык”: Коомду тарбиялоочу күч ММКлар эмеспи?

Жаныбек Жанызак: Тарбиялоочу күч деп айткан таптакыр туура эмес. Журналист маалымат берүүчү күч. Маалыматтын өзөгү – ушак.

“Азаттык”: Кубан мырза, сиз Британияда жүрдүңүз. Ал жакта басма сөз жоопкерчилиги кандай жолго коюлган?

Кубан Мамбеталиев: Британияда парламенттин мүчөсү өзүнүн акчасын коротпой мамлекеттин акчасына порно кассета алса кызматынан кетет. Бир министр аялдын күйөөсү анын карточкасын алып, порно кассета сатып алган экен, 20 эле фунт турат, ошондон улам кызматтан кетти. Журналистиканын күчү ушунда. Гезиттердин баары башынан аягына чейин ушак болуп калыптырбы, ичинде аналитикасы да бар.

“Азаттык”: Мисалы, Британияда жайында Руперт Мөрдок жетектеген News of the World гезитинин журналисттери аттуу-баштуу кишилердин телефондорун тыңшады деп аябай чуу болуп, дүйнөлүк сенсация жаратты го. Ушул маселе коомчулуктун сынына кабылды. Коомчулук демек журналисттерди тизгиндеп турат деген түшүнүк. Кыргызстанда коомчулуктун ушундай көзөмөлүн калыптоо керек го. Кимди ким тарбиялайт, ММКлар коомчулуктубу, же коомчулук ММКлардыбы?

Кубан Мамбеталиев: Баары тең бири-бирине таасир этиш керек. Эгерде окурманга жакпай калса, айта турган сөзү болсо, гезитке жазсын. Журналист иттик кылса, жооп берсин.

Жаныбек Жанызак: Бир гезит 2-3 жолу ката кетиргенден кийин анын тиражы төмөндөп, банкрот болуп калышы мүмкүн. Кээде акча ролду ойноп койот.

Эркиндиктин да жоопкерчилиги бар

“Азаттык”: Азыр бийлик менен ММКлардын тирешүүсү деп койобузбу, мамилесине караганда чакан саясий топторго кызмат кылуу маалымат каражаттарына күчтүүлүк кылып жатат деген түшүнүк бар. Ушундай жагдайда ММКлардын чыныгы журналистиканын табиятына ылайык өсүп, калыптанышы Кыргызстанда мүмкүнбү?

Жаныбек Жанызак: Журналист кудай бекен, асмандан түштүбү? Маалымат барбы, берет. Эгерде maidan.kg бир нерсе жазып атса, press.kg, “Учур” турат. Бүгүнкү күндүн эң ушакчы гезит ушулар болуш керек. Мен буларды колдойт элем.

“Азаттык”: Маалымат коопсуздугу кандай болуш керек?
Эгерде бир нерсе чала угулуп калса, көңүлүңдө ошондой болушу мүмкүн деген болсо, сөзсүз “өрдөктү учуруш” керек.

Кубан Мамбеталиев: Журналист фактынын негизинде жазыш керек, ошону коом чыгарат. Ошого жараша бийликте турган адамдар туура баа бериш керек, журналисттерди алдына алып келип чөктүрүп, бийлеттирбей.

“Азаттык”: Жоопкерчилик менен эркиндикти айкалыштырууга мүмкүнбү?

Кубан Мамбеталиев: Чек жок, тил кесмей жок деп айтылган, чек жок деген нерсе. Сөз эркиндиги бизде Калыгулдан, Арстанбектен башталган. “Эл менен бийиксиң, элсиз кийиксиң” деген сөздү биз чыгарган жокпуз, бул Арстанбек падышага айткан сөз.

“Азаттык”: Ошол эле мезгилде кесипкөйлүк жагы кандай болот? Сиз "Мелис Эшимкановго окшогон күчтүү редактор жок" деп айтып атасыз. Бул эмнеден кабар берет?

Кубан Мамбеталиев: Талант деген көп болбойт, 1-2 эле болот. Эшимканов менен бирге Замира Сыдыкова чыккан.

“Азаттык”: Сөз эркиндигинин дүйнөлүк тажрыйба тастыктаган дөөлөттөрүн өздөштүрүү керек, аны сиңирүү, калыптоо керек деп келатабыз. Бул дүйнөлүк тажрыйба. Журналистиканын стандарттары бар. Өркүндөтүү жолу келатат. Ошого аракет кылып жатабыз, өткөөл учур деп атабыз. Өткөөл учурду басып өтүшүбүз керек деп атабыз. Өткөөл учур узакка созулуп кеткен жокпу?

Жаныбек Жанызак: Бүт тазаланып, маданияты да келишип, телегейи тегиз болуп турган мамлекеттерде деле “Уотергейт” окуясы болуп кетет. Коом кандай калыптанган күндө да ошону аңдыган, ошону жаза ала турган, ошону изилдей турган, маалымат үчүн жанын берген журналисттер баары бир керек. Түз жүр, же кыйшык жүр деген болушу мүмкүн эмес.
Журналист коомго кызмат кылыш керек. Бирок басма сөздүн эң негизги кыймылдаткыч күчү ушак болуш керек.

Кубан Мамбеталиев: Америкада, Европада мамлекет тараптан сыйлык берилбейт. Бизде болсо мамлекет “Алтын калем” деп берип атат. Бул эмне деген?

Жаныбек Жанызак: Бул – сатып алуу.

“Азаттык”: Журналисттерге кесипкөй мамиле керекпи?

Кубан Мамбеталиев: Кесипкөйлүк сөзсүз керек.

“Азаттык”: Кесипкөйлүк бизде аксап жаткандыгын көп эле адистер айтып жатышат, сиздер ушуга макулсуздарбы?

Жаныбек Жанызак: Жөнөкөй сөздөрдөн ката кетет, анан кайдагы кесипкөйлүктү айтабыз?

“Азаттык”: Демек барып келип эле эркин журналистиканы калыптоонун бир зарылчылыгы журналисттердин кесипкөйлүгүнө такалат экен. Биз кесиптештерибизге кесипкөйлүк мамилени каалайлы. Ар бир фактыга, ушакка да кесипкөй мамиле жасаш керек деп талкуубузду жыйынтыктайлы.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG