Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:02

Эркин деп аталганы менен иш жүзүндө кыргыз журналистикасы саясий топторго көз каранды бойдон калууда.

Кыргызстанда жергиликтүү маалымат каражаттары өткөөл мезгилди баштан өткөрүүдө жана этикалык, кесипкөйлүк жактан аксап жатат. Бул тууралуу 6-майда Бишкектеги Борбор Азиядагы Америка университетинде журналисттер, эксперттер катышкан тегерек үстөлдө айтылды.

Борбор Азиядагы Америка университетинин окутуучусу, журналист жана медиа эксперт Тимоти Кенндин айтымында, 20-кылымдын 30-жылдары бүгүнкү Кыргызстандагыдай эле, АКШда да көпчүлүк маалымат каражаттары саясатчыларга көз каранды болгон экен.

- Эгер журналист же редактор өз оюн кайсы бир саясатчы же лидердин пикири менен негиздесе, анда бул жерде чыныгы журналистика болбой калат. Муну кайсы бир саясатчы үчүн жасалган үгүт иши катары түшүнүү керек.

Маалымат каражаттары саясий топтордун куралы болуп жаткандыгын Бириккен Улуттар уюмунун өнүктүрүү долбоорунун маалымат каражаттары менен иштөө өкүлү Жылдыз Куватова да улады. Ал журналистиканын чыныгы максаттары унутта калып жаткандыгын айтты:

- Эгемендик мезгилден бери биздин журналистика саясатташып кетти. Журналистиканын эң негизги максаты – маалымат берүү жана элдин аң-сезимин көтөрүү болуш керек.

“Имиштин маалымат болууга укугу жок”

Тегерек үстөлдө ушак жана имиш деңгээлиндеги маалыматтар акыркы кездери айрым гезиттерде кадимкидей журналисттик жанр катары кирип калганы тууралуу да сөз болду. Тимоти Кенн:

- Кыргызстанда имиштерди жаңылык катары санаган журналисттер бар экен. Андайларды жаңылык катары санаш үчүн булагы тастыкталган болуш керек. Мисалы Батышта имиш деңгээлиндеги маалымат тастыкталбаган болсо ал жаңылык болуудан калат.

Басма сөз эркиндигинин дүйнөлүк күнүнө карата Кыргызстанда өткөн журналисттер-карикатурачылар арасында сынактан бир көрүнүш.
“Агым” гезитинин редакторунун орун басары Зайырбек Ажыматов да журналистика Кыргызстандагы башка тармактар сыяктуу эле өлкө эгемендик алгандан бери калыптануу мезгилин башынан өткөрүп жаткандыгын айтууда. "Андыктан журналисттерди бир тараптуу айыптоого болбойт" дейт.

- Кыргызда “эшегине жараша тушагы” деген жакшы сөз бар эмеспи. Анын сыңарындай башка тармак сыяктуу эле журналистика жыйырма жыл аралыгында жана азыр да калыптануу жолунда келатат. Бийик өнүгүү мезгилине жете элек.

Ажыматовдун айтымында, көчөнүн деңгээлиндеги ушактын маалымат катары жашоого укугу жок. Ал имиш сыяктанган маалыматтар кайсы бир булактар тарабынан тастыкталышы керек экендигин белгиледи.

Журналистикадагы тил көйгөйү

Учурдагы журналистиканын дагы бир көйгөйү катары орус жана кыргыз тилдүү жергиликтүү журналисттердин эки башка аудитория үчүн маалымат берип жатканы болгонун Борбор Азиялык изилдөө борборунун жетекчиси Айнура Сагынбаева билдирди.

- Биз бир өлкөдө жашап жатабыз. Албетте бизди бир топ нерселер бөлүп турат. Мисалы, кээ бирөөлөр аймактарда, кээ бирөөлөр шаарда жашайт. Бирок маалымат баарына жетиштүү болсо болмок.

Кыргызча маалыматтарды жалаң гана кыргыздар окуп жатат. Орусча маалыматтарды бир гана бишкектиктер окуп калууда.

Аймактарда орусча маалыматтар анчалык таралбайт. Аймактар менен Бишкек шаарын бириктиребиз десек, анда тил жагынан да иштөөгө туура келет
.

Журналистикадагы бул сыяктуу тил көйгөйү өткөн жылы болгон июнь окуясында даана байкалганы айтылды. Журналисттер маалымат берүүдө бейтарап болушу керек болсо да, айрым жагдайларда ич ара бөлүнүп, артынан элди да бөлүп жиберген учурлар болгондугу баса белгиленди.

Тасмада: "Сөзсүз сөз эркиндиги"

Басма сөз эркиндигинин дүйнөлүк күнүнө карата Бишкекте карикатуристтер арасында сынак уюштурулган. “Журналисттер” коомдук бирикмесинин жетекчиси Марат Токоев иш-чара тууралуу айтып берди. ZB

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG