Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:48

Роза Отунбаева айрым гезиттер сөз эркиндигинен ашкере пайдаланып, улуттар аралык касташууну козуткан чакырыктарга орун берип жаткандыгын айыптады.

Бул боюнча Башкы прокуратура атайын иликтөө иштерин жүргүзүп жаткандыгы белгиленди.

“Айкын саясат” гезитинин 27-апрелдеги санында Абылай Саяк тергеме ысым менен жазган автордун “Жөөттөр деп жөө калабызбы?” деген аталыштагы макаласы жарык көргөн. Аны кийин “Гезиттер KG” деген сайт орусчага которуп баскан. Анда "жөөттөрдүн кыянат иштеринен улам Кыргызстан азыркыдай оор абалга кептелди" деп жазылган.

Бул бүтүндөй бир улутту каралоо деп эсептеген президент Роза Отунбаева Биринчи радиого берген маегинде ага тынчсыздануусун билдирди:
Сөз эркиндигинин калыптанышына гезиттердин каржылык көз каранды эместиги да чоң роль ойнойт.
Мирбек Асанкарыев


- Эми ошону карап көрсөңүз абдан капа болосуз да. Биздин ошол гезиттерде улутчулдук чегинен ашып кетип жатат. Мына ушундай обу жок “жөөттөр” деген антисемиттик маанидеги сөздөр огороддогу чырмооктой эле “өсүп” кетиптир. Мунун бардыгына жоопкерчилик деген бар. Эркиндик деген бул жоопкерчилик менен удаалаш жүрүш керек.

Мыйзам боюнча, президенттин айыптоосуна жараша Башкы прокуратура иш жүргүзүүгө тийиш. Кыргызстандын башкы прокурорунун орун басары Рыскулбек Бактыбаев бул маселе боюнча зарыл иликтөө иштери башталганын “Азаттыкка” тастыктады:

- Буга укуктук баа берилет. Ага биз азыр текшерүү жүргүзүп жатабыз. Бул боюнча материалдарды эки күн мурун алганбыз.

Кысмакка алуунун сааты жакынбы?

Анткен менен прокуратуранын мындай аракеттерин “Айкын Саясат” гезитинин эмгек жамааты сөз эркиндигине кысым көрсөтүү катары кабыл алды. Алардын пикири боюнча, макаланын максаты улут аралык касташууну козутуу эмес, Кыргызстанды экономикалык каатчылыкка алып келгендердин башатында кимдер тургандыгын ачып берүү болгон.

Гезиттин баш редактору Күнболот Момоконов мамлекет башчысынын бул макалага карата мамилесин мындайча сыпаттады:

- Роза Отунбаева кечээ футбол боюнча мелдештин ачылышында “бир жылдан бери журналисттерди эч ким куугунтуктаган жок, эч кимисине кол салуу болгон жок, эмнени каалашса, ошону жазып жатат” деп ошол жерден бирди айтып, анан кайра "улутчул болуп кетишти" деп айтып жатканы калыссыздык да. Биз ал макалада эч кандай чабыштырып жибергидей козуткан маселени көтөргөн эмеспиз. Прокуратура аркылуу бизге басым жасап жатышкандыгын сөз эркиндигин кайрадан кысмакка алуу катары түшүнөбүз.

Акчага көз каранды сөз эркиндиги

Ал эми медиа талдоочулар гезиттерде улут аралык касташууну козуткан, адамдын ар-намысына жана абийирине доо кетирген макалалар көбөйүп кеткендигин жокко чыгарышпайт. Ошол эле учурда мындай көрүнүш сөз эркиндиги эми гана өнүгүп келаткан өлкөлөргө мүнөздүү экендигин эске алуу керек деп эсептешет.

Медиа талдоочу Мирбек Асанкарыев "гезиттер экономикалык жактан көз карандылыктан кутулмайын биз каалагандай эркин болушу кыйын" деген пикирде:

- Эркиндик деген бул – эркиндик. Ал бар же жок болот. Ал эми эркиндик бар болсо гана журналисттер эркин жаза башташат. Бирок ошол эле убакта алар тарабынан аша чапкан учурлар болуп жатат.

Бул эми бардык эле сөз эркинидиги эми гана өнүгүп, саясий маданият калыптана элек өлкөлөргө таандык көрүнүш. Ага карата өтө эле катаал мамиледе болуунун кажети жок. Анан калса сөз эркиндигинин калыптанышына гезиттердин каржылык көз каранды эместиги да чоң роль ойнойт. Каржылык жактан кайсы бир күчтөргө көз каранды болуп турган гезиттер ошолордун буйрутмаларын аткарууга аргасыз.


Кыргызстан эгемендик алган алгачкы жылдары Борбор Азияда сөз эркиндиги боюнча алдыңкы мамлекет катары таанылган. Бирок туңгуч президент Аскар Акаев эки редакторду түрмөгө салып, бирин-экин гезитти куугунтукка алган. Ал эми президент Бакиевдин тушунда журналисттерди сабоолор, коркутуулар күчөп, алардын айрымдары чет өлкөгө качууга аргасыз болушкан.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG