Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:25

Демократиялык жараянга салым кошкон коомдук ишмер жана жазуучу Казат Акматов мындан 20 жыл илгери кулаган Советтер Биримдиги жана анын сабактары тууралуу "Азаттык" үналгысы үчүн маек курду. "Доор ураганда (1991)" түрмөгү.

70 жылдан ашуун өмүр сүрүп, планетадагы кургак жердин алтыдан бир бөлүгүн ээлеп, бүт дүйнөнү солкулдатып турган державанын ойрон болушуна айтылуу Беловежск келишими жол ачкан эле.

Бул дээрлик үч муундук тарыхы бар коммунисттик дөөлөттү азыркы жаштар дээрлик билбей калды. Ал эми улуу муун өкүлдөрү ал кездин оош-кыйыштарын таразалап бүтө элек.

“Доор ураганда” баптеманын бет ачарына коомдук ишмер жана жазуучу Казат Акматов келди. Ал кезинде партиялык жооптуу кызматтарды аркалап, кийин коммунисттик түзүлүшкө каршы козголоңдун ири алдында жүргөн. Казат Акматов СССРдин кыргыздарга апкелген жакшылыктары жана кесепеттери тууралу кеп салды.

“Азаттык”: СССРдин кулаганына 20 жыл болот экен. Сиз эки заманда тең болгондо да кайнаган жеринде тургансыз. СССР деген сизге кандай сезим алып келет?

Казат Акматов: Адамзат тарыхында ондогон, жүздөгөн империялардын бүт баары кыйрап бүткөн. СССР эң акыркы империя болчу. Империя деген эмне? Империя деген бирөөнүн жерин басып алуу, элин кул кылуу деген эле сөз. Эми баягы бирөөнүн жерин, элин басып алган варвардык доор өттү да. СССР деген эң күчтүү коммунисттик идеянын негизинде түзүлгөн. Кайран Ленин кедей дыйкандардын бийлиги деп катуу эмгектерди жазып, анан кедей дыйкандын бийлигин орнотуп, анан СССР жасап...

24-36-жылдары СССР түзүлдү. Тиги Прибалтика, Кавказ мурда Орусиядан жогору турган элбиз дечү, алар үчүн СССР тормоз болду. Биз - Орто Азия элдери үчүн СССРдин оң таасири абдан чоң болду. 1936-жылдан баштап мектептерибиз, бала бакчаларыбыз, жогорку окуу жайларыбыз гүлдөп чыккан да. Эгерде биз СССР курамына кирбей калсак, 80 жылдагы процесс өтө узарып кетмек. Акыры бирөө басып алмак бизди. Англия деле, Түркия деле басып алмак.

“Азаттык”: Сөзүңүз оозуңузда болсун. Азыр кээ бир саясатчылар жана тарыхчылар ошондо англичандар басып алса, кыргыздар, балким, башка шартта өсүп-өнөт беле деп таңдайын такылдатып калышат...

Казат Акматов: Саясатчыларды гой, менин эле балдызым Европага барып келгенден кийин “орустардан көрө англичандар басып алса, жакшы болмок турбайбы, жезде” деп калат. Эми эмне кылабыз, тарыхый тагдырыбыз ошо экен, орустарды бизге буюруптур. Алыска сереп салсак, кыргыздар европа түстүү эл экенбиз, кийин монголдор басып алып, монголоид расасына кирдик.

Эми тарыхка наалып кереги жок. Бирөөнүн колтугунда жашоого айла жоктон келгенбиз да. Кытай басса, кантет элек, мисалы? Ошентип, орустар менен коммунисттик доордо бирге болдук да. Андан негизи кыргыз жамандык көргөн жок. Бирок ошол коммунисттик идея акыры жүрүп отуруп, тоталитаризмге айланып кетпедиби. Көрсө жасалма түрдө түзүлгөн мамлекет баары бир акыры кулайт экен. Тарыхтын мыйзамы ушундай тура.

Ошентип 90-жылдын башында алды менен Прибалтика кетти эгемендүү болобуз деп. Москва унчуга алган жок. Андан кийин Кавказ, Украина кетти. Биз болсо отура бердик, отура бердик, отура бердик. Москвада Бондаренко деген бирөө “Неизвестная республика” деген китеп жазды. Ошол китепте бизди аябай шылдыңдаган. “Булар эркиндикти билбейт, эгемендүүлүктү түшүнбөйт” деп жазыптыр. Абдан ыза болдук.

Бир күнү Абдыганы Эркебаев менен Асейин Исмаилов деген философ бар болчу, каза болуп калбадыбы, ошол экөө кирип келди, “ай, Казаке, ушинтип отура беребизби?” деп. Партконференцияда мен “кыргыз тили өнүкпөй жатат, бала бакчалар, мектеп жок, бир гана мектеп бар” деп сүйлөгөм. Анан мени улутчул деп партиядан чыгара жаздашты. Анан биз КДКны (Кыргызстан Демократиялык кыймылы – редакция) уюштурбадыкпы. 1990-жылы 26-майда биринчи съездди өткөрдүк. Ошондо 37 пункттан турган программа кабыл алдык. Ошонун эң биринчиси “Декларация о суверенитете”. Анда мен депутат болчум.

“Азаттык”: Легендарлуу депутат...

Казат Акматов: Ооба, легендарлуу, 350 депутат. Анан биздин уюмга каршы чыкпадыбы аксакалдардын бардыгы. “Буларды атып жоготуш керек” дебедиби. Бизди бир гана Түгөлбай Сыдыкбеков колдоду. Ал кишиде өтө терең түшүнүк бар экен. Ошол киши колдоп, анан биз күн сайын аянтта митинг өткөрчүбүз “Компартия кетсин” деп. Ошол митингге Түгөлбай Сыдыкбеков келип сүйлөп турду. Башка бирөө да жологон жок.

Анан КДК өзүнүн декларациясын жазып, столго таштадык, парламент болсо комиссия түздү. Башында Герман Кузнецов деген болду, вице-президент эле да. Комиссияга мен, Кулов, Баекова кирдик, ошентип 20дан ашык киши кирди. Кузнецовдун кабинетинде отуруп жаза баштадык. Биздики даяр, бирок бирөө да карагысы келбейт да, “это уличные хулиганы” деп. Менин жалгыз добушум эч нерсеге жарабайт. Бардыгы тең кол көтөрүп, тескери чечип коёт.

Анан Акаевге кирдим. “Аскар Акаевич, бул декларация баягы эле СССРдин убагындагы тоталитардык декларация болуп атат. Москвага баш ийе турган, кыргыз тилин мамлекеттик тил кылалы десек да болбой жатышат. Суверендүү саясат жүргүзөлү деген пунктту да алып ташташты” дедим.

Ошону менен биринчи декларацияга “независимость” деген сөздү киргизе албай койгонбуз. Парламенттин 90 пайызы коммунисттер болчу. Ошолорго жаккан декларация болду. Андан кийин кайра чатак баштабадыкпы эгемендик жөнүндө өзүнчө декларация кабыл алалы деп. Ошентип, 1991-жылы эгемендүүлүк жөнүндө декларация кабыл албадыкпы. Аны кабыл алгандан кийин кыргыз элинин, мындайча айтканда, 70 пайызы эркиндикти кабыл албай койду. Кайсы жерге барсак да бизди сөгөт. Суук тумшук болуп жүрдүк да. “Эмне кереги бар эле, чоң элдин колтугунда жашаган жакшы” дешет.

Аңгыча кудай жалгап СССР кулап калды. СССРдин кулашы өзү мыйзам ченемдүү көрүнүш болчу. Экономикасы токтогон. Бирок ошондо да кубанган кишини аз көрдүк. Эркиндикке, өз алдынча мамлекетке, азаттыкка чыкканга кубанбайт экен да.

“Азаттык”: Мисалы, менин атам “СССРдин тушунда жакшы эле, туруктуу айлыгыбыз, пенсиябыз, балдарыбыздын пособиясы бар эле, тынчтык болот эле” деп кейип калат. Совет заманында чоң кызматтарда иштеп калдыңыз. Үлкөн державанын кулап калганына азыр кейийсизби же кейибейсизби?

Казат Акматов: Ар нерсенин эки жагы бар. Бир жагынан алсаң, туруктуу турмушубузду жоготуп алып, азыр чакчалекей түшүп жатпайбызбы. Бирок, бул өзү - мыйзам ченемдүү көрүнүш. Ушинтип барып анан оң жолго түшөбүз. Чынында СССРдин жоюлуп кетишин арман кылгандар көп. Себеби, кичинекей болсо да айлык, кичинекей болсо да жумуш бар, бекер окуйсуң, медицина бекер. Анча-мынча пенсия бар. Айтор, өлбөстүн турмушу өтчү. Ойлонбой жашачусуң. Сен үчүн райком ойлонуп койчу. Сенде саясий көз караш деген болбойт, сындоо деген жок, чет өлкөгө чыкмай жок, машина алмай жок. 80 жылдын ичинде кыргыз ошого көнүп бүттү. Аларды күнөөлөп да болбойт.

“Азаттык”: Орусиянын саясатчылары, атап айтканда Владимир Путин эки-үч жолу өкүнүү менен белгилебедиби “СССРдин кулашы адамзаттын эң чоң каргашасы болгон” деп. Анан жакында эле айтты “СССРди жүрөгү жок адамдар эңсебейт болуш керек” дегендей. Ушундан улам кээси “СССРди кайрадан калыбына келтирүү аракети болуп атат” деп айтып жүрөт. Муну сиз кандай кабыл алып атасыз?

Казат Акматов: Империя деген кулайт. Азыр Орусия өзү империя болуп турат. Орусиянын курамындагы АССР дегендер айласы жоктон отурат. Чечен менен согушуп атканы ошого мисал? Бардыгы эркиндикке чыккысы келет экен, өзүнчө жашагысы келет экен.

Маданиятты, тилди эркин өнүктүрүш керек. Элдик дөөлөттөрдүн бардыгын эркин өнүктүрүш керек. СССРдин убагында “Манасты” окутпай койбодубу. Кыргыз тилин таптакыр жолотпой койду. Кыргыз маданиятын өчүрүп, башка маданиятты киргизди. Брежнев 19-бу, 20-съездде бир лозунг таштабадыбы. Ошондон кийин орус тилин бүт республикага орнотуп, андан кийин паспорттун баарын советтик кылабыз деп чыгышпадыбы. Анда мен ЦКда иштечүмүн. Биз күн сайын Москвадан жаңылыктарды алчубуз, бюллетень. Ошол жаңылыктарда орустардын бул саясаты бизге ачык келчү. Аны биз сыртка чыгарганга акыбыз жок болчу. Дежур болуп отурганда окуп калчубуз.

Эркиндикке чыккан майда өлкөлөр биз сыяктуу өз оокатын өзү эптеп кете албай, кыйналып атпайбы. Мына мисалы, Грузия. Саакашвили келгенден бери Грузия он эсе өстү, кирешеси да, ВВП да. Прибалтика өлкөлөрү абдан алдыга кетти. Орусиядан да алдыда. Молдова да мыкты баратат. Эң эле жаман абалда Орто Азия өлкөлөрү. Бул өлкөлөр мурда СССРдин убагында деле артта болчу. Казакстан эле кичине өнүктү.

“Азаттык”: Газы, мунайзаты бар тура, э?

Казат Акматов: Ооба да, бирок анын келечеги жок. Анын баарын сатып бүткөндөн кийин кулап калат. Бирок сырье менен Казакстан оңолуп атат. Өзбекстан да кичине бутуна туруп келатат. Тажикстан согушуп жатып, көзү ачылбай турат. Бизде болсо эки президентибиз оңдомок түгүл, талкалап кетип, биз жаман абалдабыз. Бирок Орто Азиядагы кошуналарыбызга караганда биздин кыргыз элинин саясий аң-сезими абдан өстү. Мына азыр, кудай буйруса, элибиз мындан ары жанагындай ичип-жегичтерди жолотпойт. Азыр ар бир адам бийликтеги кишини карап турат. Президентиң болобу, акимиң болобу, министриң болобу. “Кылт” эле деген жерден кармайт. Мына эл ушуга жетти.

“Азаттык”: Өзүңүз айткандай, кыргыз эли бирөөнүн канаты астында жашаганга көнүп алган экен. Азыр кыргыз калкы “өз алдынча жашап кете алам, өзүмдүн мамлекетимди коргой алам” деген жоопкер сезимге өсүп жетилди деп ойлойсузбу акыркы жыйырма жылдын арасында?

Казат Акматов: Өсүп жетилип калды. Азыр өзүнчө мамлекет болуп туруп, биз Орусия, Америка, Кытай менен мамилелешип, баары менен жакшы жашаш керек. Ансыз болбойт. Бирок эгемендүүлүктү жоготпошубуз керек. Анан мынабу ичип- жегендерди токтотуунун жолун издеп табыш керек. Ичип-жегенде эмне кылат? Бир үй-бүлөгө жете турган оокаты болсо болду да, туурабы? Анын байлыгы дүйнөгө түркүк болбойт да.

“Азаттык”: Советтер Союзунун дагы бир артыкчылык касиети катары кадр маселесин айтышат. Кадрды аскерлердей тарбиялачу эле. Азыр КПСС, комсомол тарбиялагандай кадрлар жок дешет. Көчөдөн эле келе калып, чиновник болуп отуруп калууда дейт. Мына сиз өзүңүз ошол Ак үй, Көк үйдө отурдуңуз. Комунисттер даярдаган кадрлар менен азыркы кадрлардын айырмасын салыштырып көрөсүзбү?

Казат Акматов: Айырмасы асман менен жердей. Мына мен - пенсионермин. Бир министр чакырат, дагы бири чакырат, кагаз жазып бериңизчи деп. Кагаз жаза албай калышты. Даярдыгы жок бирөөнү алып келип эле министр кылып коюп жатпайбы. Мурда ар жылына үч мертебе семинарга Алматыга, Москвага барчубуз, анан биерде. Ошол семинарда абдан такшалтышчу. Бирок ал кезде бир беткей гана Коммунисттик партиянын саясатын гана үйрөтчү.

“Азаттык”: Ошол кезде дефицит заман эмес беле. Өзүнчө буфеттер болор эле, дүкөндөр болор эле деп калышат. Ошол кез жыргал күндөр экен деп азыр эстеп каласызбы?

Казат Акматов: Андай буфет бар болчу. Армян коньягын иччүбүз. Норка шапка деген чыкканда, эсимде, соода уюму бар эле Кулатов көчөсүндө. Ошол жерге бизди кезекке тизип ЦКнын профсоюзу, эки жыл жүрбөдүмбү, норка шапка алалбай. Бул жакта болсо тамак-аш бере турган буфети бар эле. Жумасына бир жолу барчубуз, тооктун этин алчубуз. Бир бөтөлкө коньяк, бир бөтөлкө арак, бир бөтөлкө шампан, анан эт, колбаса жана башкаларды. Биз барчу эмеспиз, аялдарыбыз барчу. Муздаткычтын ичи толуп турчу. Ошонун баарын Горбачевдун кайра куруусу башталганда жабылбадыбы.

Горбачевдун кайра куруусу адегенде сөз эркиндигин киргизип плюрализм деп, анан тиги-бул болуп эле, айланайын, гезиттердин бардыгы жабалактап, КГБны шыбап атат, ЦКны шыбап атат. Анан алардын өзүнчө буфети бар деди эле аны жаап салды. Булар тээтиги жактан норка тумак алат экен деди эле аны жаап салды.

Ошентип отуруп эле Горбачевдун сөз эркиндиги адегенде КГБнын түбүнө жетти, анан коммунизмди талкалады, баарын талкалады.

“Азаттык”: Ошол Горбачевдун плюрализми Советтер Союзунун "түбүнө" жеткен турбайбы дейсизби?

Казат Акматов: Ооба, сөз эркиндиги түбүнө жетти.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG